УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана анын жакын тарапташы делген Нургазы Анаркуловдун сурагы делген видео соцтармактарга тарады. Белгисиз булактардан тараган бул видео “75чилердин каты” боюнча биринчи ачык сот отурумунан кийин жарыяланды.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен бул мекеменин тергөө абагына эки айга камакка алынды. Адвокаты бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн кийинки соттук инстанцияга арыз берилерин, айып "кастыкты козутуу" деген негизде тагылганын билдирди.
Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Кыргыз авиакомпаниялары бул тизмеде 20 жылдан бери жүргөн.
3-июнда парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады. Президент жана Жогорку Кеңеш сунуштаган БШКнын жаңы курамына мурдагы депутаттар жана бийликке жакын адамдар кирди. Буга чейин БШКнын мүчөлөрүнүн саны азайтылып, бул органдын көз карандысыздыгына байланыштуу талкуулар болгон эле.
Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү. Ал криптовалюта жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн туруктуу орган болмокчу. Жапаров тиешелүү кеңешти былтыр түзгөн жана эл аралык Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону өзүнө кеңешчи кылып алган. Бийлик анын жардамы менен Кыргызстандын алгачкы USDKG криптовалютасын чыгарган. Аз күн мурдараак Улуу Британия Кыргызстандын дал ошол компаниясына санкция салды.
УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучунун соту 1-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланды. Буга чейин процессти ачык өткөрүү боюнча өтүнүч берилип, судья аны четке какканы белгилүү болду.
28-29-май күндөрү Астанада ЕАЭБдин саммити өттү. “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым” деп аталган жыйынга Орусиянын, Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян саммитке орун басарын жөнөткөн.
Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өсүүдө. Улуттук банктын эсебинде майга карата расмий инфляциянын көрсөткүчү 10,9% жетти. Айлык акылар инфляцияны кууп жете албай келет. Азык-түлүк баасы менен кызмат көрсөтүүнүн акысы кескин өстү.
Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун ишин адвокаты чагым деп жатат. “Ынтымак ордо” болсо мамлекет башчынын “бир да кыргызстандык коомдук кеңешчиси жок экенин” билдирди.
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү "Регион" телеканалы кожоюнун алмаштырганы белгилүү болду. Канал Ташиев кызматта турганда аны колдоп-коштоп, позициясын чагылдырып келген. Анын ээсинин алмашуусунун соңку саясий окуяларга кандай таасири бар?
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигинин жетекчиликтери менен санкцияларга байланыштуу сүйлөшүүлөр жүрүп атканын билдирди.
Улуттук олимпиада комитеттин жаңы президенти болуп 29 жаштагы Айваз Оморканов шайланды. Ал буга чейин Эл аралык хоккей комитетинин вице-президенти болуп келген жана анын олимпиада уюмунун башкаруусуна келиши - түрдүү пикирлер менен коштолду.
Караколдо Жеңиш майрамынын урматына уюштурулган концертте орусиялык “Любэ”, “Блестящие” эстрадалык топтору жана ырчы Николай Басков ырдап жаткандагы жасалгалар маалымат кызуу талкууда. Иш-чараны орусиялык олигарх Илан Шорго таандык уюм каржылаганы ачыкка чыкты.
Кыргызстанда паспорт жана башка документтер эмнеге кымбаттап жатат? Баа маселеси парламентте да көтөрүлдү.
Президент Садыр Жапаров Москвага күтүүсүз сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул Европа Биримдиги Москвага каршы санкцияларына Кыргызстанды да кошкон учурга туш келди.
Евробиримдиктин Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга да чектөө чаралары кошулду. Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, мунун кесепети деле жок экенин билдирүүдө.
Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жер талаш маселеси дагы деле аягына чыга элек. Сот аткаруучулар мыйзамсыз делген турак жайды бузууга барганда, үйдүн ээси өзүнө кол салды.
Бишкектин четиндеги Васильевка айылын аралап өткөн “Сууканал” ишканасынын техникалык каналынын үстүн жабууну жергиликтүүлөр талап кылышууда. Акыркы эки жылда беш адам каналга агып кеткен. Алардын төртөө өспүрүм балдар.
Президент Садыр Жапаров Ошто эл менен жолугушууда Ормуз кысыгынын жабык турганы Кыргызстанга да таасир этип жатканын, жер семирткичтерди алып келүүдө көйгөй жаралганын билдирди. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам кирген чектөө Кыргызстандын башка тармактарына да таасир этүүдө.
Ички иштер министрлиги саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун ишине байланыштуу эми расмий маалымат берди.
Дагы жүктөңүз