Мурдагы аткаминер 7-апрелге чейин жана ошол күнү кабыл алынган чечимдердин ишке ашпай калган жагдайлары тууралуу кеп салды. Каныбек Жороев түпкүлүгүндө зарыл болгон, бирок тобокелчиликтери ойлонулбаган олдоксон саясаттын айынан башкарууну реформалоо, жеке инвестицияларды тартуу жана тарифтерди көтөрүү саясаты калктын кайсы бир катмарынын нааразылыгын жаратканын айтты. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиев чыңалууну жайгаруу үчүн "Максим Бакиев тарифтерди көтөрүү боюнча чечимдерди балким, кайра карап чыгууга барышы керек беле?" деп ой толгойт. Ошол кездеги бийлик абалга туура баа берип, кырдаалды жөнгө салууга чечкиндүү чараларды көрө албай калганын моюнга алган президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси муну кийинки бийликтерге сабак болчу саясий жагдай катары сүрөттөдү. Каныбек Жороев жарандык кызматтын өкүлү болгонуна карабастан 7-апрель окуясы боюнча соттолуп, мөөнөтүнөн мурун шарттуу бошотуунун негизинде жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп, 2017-жылы эркиндикке чыккан.
Каныбек Жороев: Апрель окуясы жүрөгүмдү өйүп келет
Тектеш
Чыгарылыштар
-
Апрель 07, 2024
“Апрель окуясына калыс баа бериле элек”
-
Февраль 12, 2024
“Садырбаевдин таланты аны таасирдүү саясатчы кылды”
-
Декабрь 01, 2023
Базарбеков: УКМК сот ишинин сапатына жооп бере албайт
-
Ноябрь 06, 2023
"Кутумдун натыйжасында кызматтан кеткем"
-
Октябрь 28, 2023
Мусаев: Усубалиевдин конокко барганын көргөн эмесмин
-
Сентябрь 24, 2023
“Атамбаев "Дос" түшүнүгүн саясий брендге айланткан”