Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

Болжурова: Биринчи айымга жакпай кызматтан кеткем


Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

«Азаттык» радиосунун «Бийлик сырлары» берүүсүнүн бул жолку коногу педогогика илимдеринин доктору, профессор, коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова болду.

Интервьюда ал СССРдин биринчи президенти Горбачевдун сырдуу каты, Майрам Акаева менен мамилеси, Билим берүү министринен кетишинин себептери, бир үй-бүлөдөн эки министрдин чыгышы тууралуу кенен кеп кылат. Маекти Бакыт Орунбеков алып барды.

“Азаттык”: Ишенгүл Садыковна, совет заманындагы мамлекетти башкаруу, кадрларды даярдоо, дайындоо ж.б. тажрыйбаларды азыркы учурга колдонсо болобу?

Ишенгүл Болжурова: Биз эч качан өз тарыхыбызды танбашыбыз керек. Биз баарыбыз ошол советтик системадан чыктык. Социализм кыргызга, Кыргызстанга көп пайда алып келген. Социализм тушунда кадрларды адегенде электен көп өткөрчү. Катардагы лаборантты эле министр кылчу эмес. Бир партиянын мүчөсү болгону үчүн министрликке “статс-катчы” кылып дайындаган эмес.

Мамлекеттик кызматка келген адам ар бир тепкичти басып өткөн. Кадр эл менен тил табыша алабы, жүрүм-туруму кандай, билими күчтүүбү, саясатты түшүнөбү деп ж.б. сапаттарына карап, дыкат тандашкан.

Шаардагы кадрларды айылдарга, айылдан чыккандарды шаарга жиберишкен. Шаарда өскөн адис колхоз-совхоздогу абалды, элеттиктердин жашоо-шартын билсин, турмушту үйрөнсүн деген максаттар болгон.

Биздин улуу инсандарыбыз И. Раззаков, Т. Усубалиев, С. Ибраимов ж.б. катардагы кызматкерден республиканын жетекчиси болгонго чейин бардык тепкичтерди басып өткөн. Акырында Москвадан электен өткөрүп анан кызматка дайындашкан. Ошондуктан социализм мезгилинде мамлекеттик кызматка өтө таланттуу, билимдүү кадрлар дайындалган. Ошол тажрыйбаларды бүгүн да колдонсо болот.

“Азаттык”: Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан кийин туңгуч президент Акаев чет өлкөгө биринчи сапарын эмне үчүн Америкага жасаган деп ойлойсуз?

Ишенгүл Болжурова: Аскар Акаев 1991-жылы 20-октябрда чоң делегация менен Америка Кошмо Штаттарына барган. Ошол сапардын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстандын күндөрү өтмөк.

Бул сапардын артында бир сыр бар. Ал кезде Американын СССРдеги элчиси Роберт Страус деген болгон. Ошол элчиге СССРдин ал кездеги президенти Горбачев АКШнын президенти Бушка Акаев аркылуу бир кат берип, аны кабыл алып коюуну элчиден өтүнөт. Жыйынтыгында Буш Акаевди кабыл алат.

Акаев Кыргызстан демократияны тандаганын, рынок экономикасын өнүктүрө тургандыгын, адам укугу корголорун чечмелеп айтып берип, Бушту абдан ынандырат.

Протокол боюнча 15 мүнөт болсо, Буш Акаев менен 45 мүнөт сүйлөшөт. Бул окуяны дипломаттар, журналисттер чоң жетишкендик, сенсация катары жазышкан. Анткени Американын президенти чет өлкө лидерлерин көп убакыт коротуп кабыл ала бербейт.

“Азаттык”: Сиз 2002-жылы билим берүү министри болуп турганда күтүлбөгөн жерден арыз жазып, кызматтан кеттиңиз, аны Кыргызстандын ошол учурдагы биринчи айымы Майрам Акаева менен мамилеңиздин бузулушу менен байланыштырсак болобу?

Ишенгүл Болжурова: Ооба, болот. Бул окуя учуп бараткан кушту атып жибергендей эле болгон. Бир күнү ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаев чакырып, “кызматтан кетүү тууралуу арызыңызды жазыңыз” деди. “Эмне үчүн жазам?” дедим. “Сиз жакшы эле иштеп жатасыз, бирок бир кишиге жакпай калдыңыз”, - деди.

Алдыда президент Акаевдин Польшага расмий сапарынын алкагында делегация мүчөсү катары барып, эки документке министр катары кол коймокмун.

Жөнөрдүн алдында аэропортко келсем, тышкы иштер министри Аскар Айтматов “сиз барбай калдыңыз, кайра кете берсеңиз болот” деп калды. Майрам Акаева менин барышымды каалабай жатканын айтты.

“Мен кетпейм, Аскар Акаевге жолугуп, көзүн карап, анан кетем” деп тура бердим. Президент келди, жубайы Майрам Акаева мени жаман көзү менен карап самолетко түшүп кетти. Аскар Акаевич болсо, “Ишенгүл, сен жакшы иштеп жатасың, сенин ордуңа Аскар Айтматов кол коюп коет, барып ишинди уланта бер” десе болобу...

“Азаттык”: Учурунда президент Акаевдин чечимдерин өзгөртүп коюуга биринчи айымдын таасири күчтүү болгонбу?

Ишенгүл Болжурова: Болгон, аны элдин баары эле айтып жүрүшөт. “Аскар Акаевичке эртең менен кирсем макул деген, кечинде чечими өзгөрүп калды, кечинде макулдаштык эле эртеси башка документке кол коюлуп калды” деген учурлар көп эле болгонун угуп жүрдүк.

“Азаттык”: Ишенгүл Садыковна, президент Акаевдин башкаруу заманында бир үй-бүлөдөн эки министр – жолдошуңуз Кулубек Бөкөнбаев жана сиз министр болдуңуз, бул фактыны кандай баалайсыз, кандай чечмелейсиз?

Ишенгүл Болжурова: Биз үчүн бул кызматтарга келүү тоодон түшө калган нерсе эмес эле. Ал кызматтар аталарыбыздан калган эмес, же ал орундарды акчага сатып алган эмеспиз.

Кулубек Жоомартович өз тармагынын чоң адиси, чоң окумуштуу, 24 китептин автору, экология боюнча көп проблемаларды чечкен. Көп жылдар Кыргызстандын илимдер академиясында иштеген, элдик көзөмөл комиссиясында көп эмгек кылган киши.

Ошол жерде Аскар Акаевич менен да иштешкен, ал кишинин потенциалын президент жакшы билген десем болот. Кулубек Жоомартович менден мурда министр болду, ал кеткенден кийин мен министр болдум.

“Орус тили жана адабияты” деген ат менен иштеп жаткан катардагы окуу жайды Бишкек гуманитардык университети деген абройлуу жогорку окуу жайына айланткан менин көп жылдык эмгегимди президент, анын айланасындагылар туура баалашты окшойт, анан министр болууга ишеним артышса керек деп ойлойм.

Биз ал учурдагы президентке жагалданып, бирдеме тартуулап кызмат сураган эмеспиз.

Маекти толугу менен видеодон көрсөңүз болот.

Ишенгүл Болжурова: “Биринчи айымга жакпай кызматтан кеткем”
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:47 0:00

XS
SM
MD
LG