Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Жакшы ханды самоо – убактылуу эйфория мөмөсү


Элдик толкундоо маалы. "Ала-Тоо" аянты.
Элдик толкундоо маалы. "Ала-Тоо" аянты.

Элдик ыңкылаптын алгачкы “романтикалуу” күнү башаламандык, бийлик талашуу менен алмашкан соң, калайыктын айрым топтору күчтүү бийликти самаган пикирлерин айта башташты. Маселе – бир кишинин күчтүү бийлигиндеби же чыныгы парламенттик демократиядагы элдик күчтүү бийликтеби? Тарыхчынын блогу.

Сөз алды

Азыркы тапта "Үмүт ыңкылабы" деп алгач аталган окуялар бүдөмүк жагдайга кириптер болуп, өлкө аз жерден анархиялык аймакка айланаарда, “укук талаасына кайталы” деген ураанды оң жактан да, сол жактан да колдоп чыгышты да, бир ай ичинде Кыргызстанда шахматтагы пат акыбалына жакын кырдаал түзүлдү.

Бир жагынан, мыйзамды одоно бузуу, добуштарды сатып алуу, коркутуу, бийлик механизмин колдонуу аркылуу жетишилген Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тарабынан расмий түрдө жокко чыгарылды.

Андан тышкары партиялык тизме боюнча шайлоодогу өтүү босогосу 3 пайызга чейин төмөндөтүлүп, партиялардын атаандаш шайлоого катышуу укугун алуусу үчүн күрөө 1 миллион сомго түшүрүлдү, №2 форма деген кагазга таянып, шайлоо күнү таптакыр башка чөлкөмдөргө көчүп барып, кайсы бир партия үчүн күргүштөтүп добуш берүү ыкмасын тартуулаган усул жокко чыгарылды.

Бул – 2020-жылдын 5-октябрында дүрт этип жанган Үмүт ыңкылабынын башкы талабы эле.

Бул окуялардын “бонусу” (кошумча белеги) катары саясий камакта жаткандар жана саясий делген иш менен кармалгандар абактан чыгарылышты жана шайлоонун акыйкаттыгын камсыз кыла албай койгон президент Сооронбай Жээнбеков жаңы парламенттик шайлоолор бүткөн соң, бийликтен кете тургандыгы тууралуу убада берди.

Экинчи жагынан, Үмүт ыңкылабынын тарапкерлеринин үч уктаса түшүнө кирбеген окуялар да орун алып кетти. 6-октябрда абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра саясатка кирүү далаалатын жасап, 9-октябрда тарапкерлери менен “Ала-Тоо” аянтына келгенде, ал сыяктуу эле жаңыдан абактан бошотулган Садыр Жапаровдун колдоочуларынын таш бараңына кабылды.

А.Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги жүрүш маалында. 09.10.2020.
А.Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги жүрүш маалында. 09.10.2020.

А.Атамбаевдин жана аны жандаган Ө.Бабановдун бул жүрүшү жана Борбордук аянттагы “реванштык” митинги реформа талап кылып жаткан жаш муундардын өкүлдөрүнө орто жолдо өлчөөсүз зыян келтирди.

Бул окуялардын туу чокусу –– элдик толкундоолор жеңгенге чейин абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров Жогорку Сот тарабынан алеки саатта акталып, Жогорку Кеңеште спикер катары Канат Исаев шайланып, анын артынан убактылуу өкмөт башчы катары Садыр Жапаров шайланып, калайыкка так айтылбаган тымызын кысымдардын айынан Канат Исаев президенттик милдетти убактылуу аткаруу жүгүнөн баш тартаарын жарыялап, ал эми Сооронбай Жээнбеков өзүнө “экс-президент” макамын сактап калууну көздөп, өз арызы менен президенттик кызматынан кетип, анын арызын Жогорку Кеңеш канааттандырып, бир аз күндүн ичинде эле Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп чыга келди.

Баш мыйзамга ылайык, убактылуу түрдө өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп турган киши чукул президенттик шайлоого талапкер катары катыша албайт. Ал эми Садыр Жапаров декабрдын башында президенттин ыйгарым укуктарын аткаруудан баш тартып, келээрки жылдын башына белгиленген жаңы шайлоого президенттикке талапкер катары ат салыша тургандыгын жарыялады.

Парламент 31-өкмөттүн антын укту
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:29 0:00

Укук коргоочулар, укук адистери жана коомчулук өкүлдөрү парламенттик шайлоонун мөөнөтүн быйыл 20-декабрга белгилөө тууралуу БШКнын чечиминин сот бийлиги тарабынан жокко чыгарылышын мыйзамсыз аракет деп кыйкырып баалаган бойдон четте калышты.

Реформачылардын бир даары “мүйүздүү болом деп, кулагымдан ажырадым!” деп чыгышса, айрымдары жаңы өкмөттүк курамга ыңкылапчы жаштардын өкүлдөрү да кирди, деп тобо кылышып, Садыр Жапаровго бойкот жарыялабастан, аны менен ичтен кызматташуу майнаптуу деп калышты.

...Укуктук талаанын ханы да, ханышасы да - Конституция!
Каныбек Иманалиев

Хан керекпи, күчтүү президентпи, же парламенттик демократиябы?

Ал арада “Башмыйзамды тез арада өзгөртүү керек” деген пикирди колдогон тараптар 22-октябрда конституциялык мыйзам делген талаш-тартыштуу документти Жогорку Кеңеште сыйкырдуу ыкмалар менен кабыл алдырууга жетишти.

“Укук талаасын” эбин таап "айланып өткөн" бул документти сунуштагандар эми жаңы Башмыйзам аркылуу таптакыр жаңы укук талаасын түзүүгө элди чакырууда.

(Биз депутат Каныбек Иманалиев ташка тамга баскандай айткан: "укуктук талаанын ханы да, ханышасы да - Конституция!" деген пикирди колдоого алабыз).

Бийликтин мурдагы жемкорлугу элдик толкундоолор маалындагы бийлик органдарынын шал болуп калышына жана андан кийинки мажүрөөлүгүнө кириптер кылды; бул жагдай алмашкан соң, калайык арасында “эптеп бекем тартипти орното алчу күчтүү инсан керек!” деген талаптарды көтөргөн кишилер чындап көбөйдү.

Алар илгерки хандын бийлигин ачык самабаса да, “президент” ылакап аты менен эле хандыкты жүргүзүүгө даяр инсандарды издей башташты.

“Республика” (латынчадан “жалпы иш” деп которулат) – мамлекет белгилүү мөөнөткө эл тарабынан шайланган өкүлдөр тарабынан башкарыла турган мамлекеттик бийлик түзүлүшү. Мында укумдан-тукумга өткөн же ак сөөктөр ич ара тандап алып турган жеке (чексиз же чектелген монархиялык) бийлик болбоого тийиш.

Маалыматтарга караганда, 2017-жылы 195 эгемен өлкөнүн ичинен 159у өзүнүн бийлик мазмунун “республика” сөзү менен айкалыштырган, бирок бул мамлекеттердин бир далайында ушул сөзгө жамынып алып, “түшпөс хан” катары 20–30 жылдан бери бийлеп жаткан жана бийлигин өз урпагына өткөрүүгө жетишкен диктаторлор жана авторитардык бийлик ээлери башкарып келет. (Мунун классикалык мисалын алыс узабай эле Сапармурат Ниязов менен Гурбангулы Бердымухаммедов бийлеген пост-советтик Түркмөнстандан көрө алабыз).

“Хан” сөзүн өзүнө титул катары албай туруп, иш жүзүндө чексиз падышалыкты жүргүзүү – күчтүү президент болууну самаган далай саясатчылардын тымызын мүдөөсү жана кыялы.

Адатта, мындай системаны жактагандар “демократиялык АКШда деле күчтүү президенттик бийлик бар эмеспи!” дешет. Бирок ошол эле учурда Түркмөнстан сыяктуу президенттик башкаруудагы өлкөлөрдө сот бийлиги да, парламент да диктаторго көшөкөрлүк кылууну өзүнүн башкы милдети санаган органдарга айланганын алар айткысы келбейт.

Мисалы, 1992––2008-жылдары иштеген жана кайра 2017-жылдан кийин ишин жанданткан “Түркмөнстан Халк Маслахаты” ("Түркмөнстан элдик кеңеши” же курултайы) деп аталган орган өзүнүн иш алып баруу принциптеринин арасында демократия, айкындуулук, адилеттик, мыйзам үстөмдүгү, адам укуктарын кадырлоо ж.у.с. татынакай сөздөрдү көрсөткөн. Иш жүзүндө бул орган “бир гана Башкы” түркмөндүн, тактап айтканда, Түркмөнбашынын жана Бердымухаммедовдун элден жогорку укуктарын камсыз кылууну жүзөгө ашырат.

Өлкө парламенти (Türkmenistanyň Mejlisi – Түркмөнстан Межлиси) бир партиядан – бийликтеги Түркмөнстан Демократиялык партиясынан (аталышы кандай сонун! Баса, ал мурдагы Түркмөнстан Компартиясынын пост-советтик аталышы) гана куралган жана анын депутаттары азыр Садыр Жапаровду колдогон айрым саясатчылар жан алы калбай талап кылгандагыдай бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн шайланган.

Калыстык үчүн айта кетелик. “Биз деле мыйзам үстөмдүгүн колдойбуз! Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин эле ушундай президенттик башкаруу системасын киргизүү сунушун колдогон элек”, - деген профессор А.Акматалиев сыяктуу кадырлуу илимпоздор да бар экенин алардын “Фейсбуктагы” соңку жарыялары айгинелеп турат.

Ал эми алар адатта мисал кылчу АКШда ар кандай президентти “мыйзамсыз иш-аракетке барды го” деген шек болгону үчүн эле импимент жарыялай тургандай кылып сотко жетелөө механизми – өзгөчө кубаттуу. Президенттин айрым жарлыктарын же чечимдерин мыйзамсыз деп тапса, АКШнын соту оңой-олтоң эле ал чечимге бөгөт коё алат. Мындай чечимди чыгарган сотту эч бир президент кызматынан кетире албайт, ал түгүл мындай сот өкүлдөрү коомчулукта ого бетер кадыр-барктуу болуп, алардын ысымдары тарыхта алтын тамгасы менен жазылып калат.

Түштүк Корея да расмий түрдө президенттик республика деп саналат. Бул өлкөдөгү мурдагы тарых барактарына кайрылбасак деле, Пак Кын Хе айым (бийликте 2013—2017-жж. отурган) импичмент аркылуу мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетирилгендигинин окуясы жадыбызда турат. Парламент да, сот бийлик бутагы да Пак Кын Хе айымга жетеленип калбады, жарандык коом да аны бийликтен кетирүү талабын чечкиндүү билдирди.

Кыргызстандыктар болсо мыйзам үстөмдүгүнө чакырып, бирок конституциялык реформалар аркылуу өз бийлигин чыңдаган Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмаз Атамбаевдерден, конституциялык реформа кылбай туруп эле, учурдагы Башмыйзамды президенттик бекем бийликти сактоодо ыктуу колдонгон Сооронбай Жээнбековду кызмат учурунда көрүштү, көрмөк түгүл алардын жоруктарынан абдан жадашты.

Буга чейинки кыргыз президенттерине жагынган депутаттар Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзүп калса, 120 кишиден турган Жогорку Кеңеш деле кол балага айланаарын, парламенттин тиешелүү “оюнчулары” да, сот бийлиги да Бишкектеги Ак Үйдө жайгашкан президенттик бөлүмдөн телефон аркылуу берилчү буйруктарга көмүскө байланып келгенин кыргызстандыктар өз жон териси менен көрүштү.

Ошол эле Садыр Жапаров өзүнө таңууланган “барымтага алуу” кылмышы боюнча адилетсиз кесилгенин Ысык-Көлдүн барымтага убактылуу алынган мурдагы губернатору Эмил Каптагаев улам кайта айтканына карабастан, Ак Үйдөн тапшырма алган соттор Садыр Жапаров мырзаны кесип жиберишкен.

Эми ошол эле соттор Садырдын тарапкерлеринин каалоосуна ылайык БШКнын “парламенттик кайра шайлоо 20-декабрга белгиленсин” деген мыйзамдуу чечимин жокко чыгарып отурушат. Маселе – сот бийлик бутагынын чыныгы көз карандысыздыгынын Кыргызстанда жок экендигинде!

Эгерде Садыр Жапаров президент болуп шайлана албай калса, анда ушул эле сот бутагы анын азыркы таптагы айрым мыйзамсыз иш-аракеттерине кайтып келиши ыктымалдан алыс эмес. Демек, кайсы бир талапкер (Садыр эле эмес) президент катары шайлануу үчүн жан талашууга аргасыз болот, бул шайлоодо жеңүү аркылуу ал талапкер демократиялык баалуулуктарды колдоо үчүн күрөшөбү, же сот бийлигин мурдагыдай өз таламында укуруктоого умтулабы, бул дагы күчтүү президенттик бийлик системасы маалында белгисиз.

Ал эми болочокто президенттик бийликти чыңдоону каалаган замандаштарга кийинчерээк өздөрү болбосо да, өздөрүнүн жакындары жана үзөңгүлөштөрү ак жеринен бул кылтакка түшүп калганда, “ка-ап!” деп кечигип бармак тиштеп калбайлы, андан көрө эң ыңгайлуу жолго – чыныгы парламенттик башкарууну камсыздоого калайыкты чакыралы, деп кайрылгым келет.

Бизде азыр парламенттик башкарууну жамандагандарга айтаарым, чыныгы парламенттик демократиянын багытын алган менен, босогосуна да жакындай элекпиз. Айрымдар парламенттик демократия Батышка гана таандык көрүнүш дешет, андай болсо Ички Азиядагы азыркы демократиялык Монголияны саясий картада жана глобуста кыйла батышка жылдырып барып, Борбордук Европадагы Чехиянын жанында жайгаштырууга туура келет.

Күчтүү бийлик – бул бир кишинин кубаттуу башкаруусу эмес, чыныгы мыйзам үстөмдүгүн орноткон демократиялык башкаруу механизмдеринин күчтүү бийлиги.

Бир жолу мурдагы президент Аскар Акаев “мен эми Англиянын канышасындай эле аз бийликке ээ болуп калбадымбы!” деп каныйлаган. Садыр Жапаров болсо "президенттикке шайланып алган соң, жемкорлукка каршы күрөштү чындап баштайм!” деп шардана кылып отурат.

Ал эми парламенттик демократия – жемкорлукту тизгиндөө, экономикалык ж.б. кылмыштар үчүн жазалоо, ж.у.с. коом пайдасындагы иш-аракетти эч бир суперменге, эч бир "көзгө басар" Баатырга, эч бир Кедейканга ж президентке байлабайт, бул иш-аракетти чыныгы мыйзам үстөмдүгүнө гана байлайт, анткени бул системада ар кандай президент (же парламент тарабынан бийлиги чектелген монарх) эч качан сот бийлигине жана мыйзам чыгаруу бийлик бутагына үстөмдүк кыла албайт жана мыйзам бузду деп шектелген президенттин жана премьердин өздөрү сот жообуна оңой эле чакырылат.

Эгерде Башмыйзам баары бир өзгөрүүгө учурай турган болсо, анда мен болочокку президент Жогорку Кеңеште эле 5 жылга шайлансын жана анын ыйгарым укуктары алда канча азайтылсын; ошондой эле, бул кадыр-барктуу кызматка инсан өмүрүндө бир гана жолу шайлансын, деген сунушту киргизээр элем.

Ошондо “кайсы-бир күчтүү бийликти” самагандар бул "канаты кыркылган" президенттик шаан-шөкөттүк кызмат ордуна анча алымсынбастан, өз партиясынын жеңиши аркылуу көп партиялуу парламентке келип, германдык Ангела Меркел айым сыяктуу чыныгы өкмөт башчы болуу үчүн күрөшө баштамакчы.

Жакшы ханды, күчтүү президентти самоо – азыркы тапта коомчулуктун бир бөлүгүнүн убактылуу эйфориясынын гана түшүмү.

Катаал турмуш чындыгын жана тарыхый ачуу сабактарды ачык талкуулоо – бул эйфориядан бошонуу үчүн мыкты дары.

Өлкөбүздөгү Конституцияны учурда убактылуу гана жакшы көрүнгөндөй болуп жаткан кайсы-бир кишиге ченеп-бычпастан, болочокку муундар да авторитардык бийликтин запкысына эч учурабай тургандай адилет мамлекеттик башкаруу түзүлүшүн сунуштоо үчүн гана оңдоо зарыл.

P.S.

Эгерде кимдир-бирөө "деги Үмүт ыңкылабы" деп аталган окуянын арты эмне болду?" деп сурачу болсо, мен Өмүрбек Абдырахман агайдын бир элестүү сөзү менен кыска жооп кайтараар элем:

"Революция деген - куш сыяктуу, колуңа конгондо кармап кала албасаң, эртеси учуп кетет. Анын ордуна мурунку жана башка кузгундар конот..."

Азыркы бийликтеги саясатчылар эл үмүтүн өчүрбөө үчүн демократиячыл реформа нугунда опол тоодой кызмат кылышы керек. Эгерде алар эл мүдөөсүн өзүмчүл өңүттө бир беткей түшүнүп алышса, анда алиги зымырык куш кайта эле учуп келе берет...

Үмүт оту дагы эле өчө элек го деп турам...

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG