Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Янг: Түштүк Кореяны таза система өнүктүрдү


Янг Сын Жо.
Янг Сын Жо.

Түштүк Корея азыр дүйнөдөгү бирден бир бакубат өлкө. Коррупцияга каршы аёосуз күрөшү, эң жогорку бийлик адамдарын жоопко тартууда эрктүүлүгү, байларга гана жол ачпаган шайлоо системасы өнүгүүдөгү маанилүү факторлордун бири.

Кабарчыбыз Али Токтакунов Кореяга барган учурда мурдагы депутат, Чхунчхон-Намдо облусуна жаңыдан губернаторлукка шайланган Янг Сын Жо менен маектешти.

"Азаттык": Янг мырза, Корея азыр дүйнөдөгү байманалуу мамлекет. Бирок жарым кылым мурда эле жакыр өлкө эле. Өнүгүүгө алып келген негизги факторлор кайсылар болду?

Саясий эрк, коомдун билимге умтулганы, үчүнчүдөн, чоң корпорациялардын пайда болуп, экономикага кубат беришинен улам Корея өнүгүү жолуна түштү десек болот.

Янг Сын Жо: 1950-жылдары ички дүң өндүрүм жан башына 57 доллар болчу. Экспортубуз 40 млн. долларга жетчү эмес. 1970-жылдардан тарта агездеги президентибиз Пак Чон Хи оор өндүрүшкө инвестиция салып, жан башына киреше көбөйгөн. Экспортубуз артып, мамлекетибиз ирдене баштаган. 2017-жылы дүң жыйым жан башына 29,7 миң долларга жетти. Быйыл 30 миңге чыгат. Ички дүң жыйым боюнча азыр дүйнөдө 10-орунга, 1,5 триллион долларга жеттик. Пак Чон Хи ар беш жылдыкка пландарды түзүп, мамлекетти конкреттүү жана системалуу жолго койгон президент.

Бирок өнүгүүнүн эң негизги себеби менимче, агартууга умтулуу. 60-жылдары эле 80% жаштар жогорку окуу жайларында окуган. 100 пайызга жакыны сөзсүз орто мектепти бүтүшчү. Эл тамакка, кийимге акчасы жок болсо да балдарыбыз окушу керек деп, болгон каражатын билимге салган. Андан тышкары да түрдүү себептер болушу мүмкүн. 90-жылдардын аягында башка мамлекеттерге салыштырмалуу биз биринчи жолу маалыматтык технологияларды (IT) киргизип, ал үчүн инфраструктура кура баштаганбыз. Кыскасы, саясий эрк, коомдун билимге умтулганы, үчүнчүдөн, чоң корпорациялардын пайда болуп, экономикага кубат беришинен улам Корея өнүгүү жолуна түштү десек болот.

"Азаттык": Өткөн жылы Кореянын президенти Пак Кын Хе импичмент аркылуу жоопко тартылып, быйыл отуз жылдан ашык убакытка кесилди. Андан мурдагы президент Ли Мен Бак да камакта. Мындан улам Кореяда коррупцияга каршы күрөштө кол тийгис адамдар жок дегенди түшүнсөк болобу же кийинки бийлик мурдагысын куугунтуктап жатат дегенди да билдиреби?

Түштүк Кореянын камакка алынган президенти Пак Кын Хе.
Түштүк Кореянын камакка алынган президенти Пак Кын Хе.

Янг Сын Жо: Бир пайыз да саясий куугунтук жок деп айта албайм. Ошентсе да, иштин өзөгүн айтып берейин. Пак Кын Хе жана Ли Мен Бак жакында камалышты. Мисалы, Ли Мен Бак 2007-жылы бийликке келген. Ал 2013-жылга чейин башкарган мезгилде Корей элинин демократиялык аң-сезимине сыйбаган, элдин ой-пикирине туура келбеген иштерди жасашкан. Айталы, Кореянын атайын кызматына өзүнчө эсеп ачылып, кайсы бир жашыруун максаттар үчүн акча которулуп турган. Ошондо эски, 90-жылдардагы шылуундукту жүргүзүп, азыркыга жарашпаган иштерди кылганы үчүн эми наркын төлөп жатышат.

Албетте эки президент камалып, соттолуп жатканы сүйүнүп-мактанчу нерсе эмес. Өкүнүчтүү. Ошентсе да, экөөнүн камалышы Кореянын демократиялык жана коомдук өнүгүүсү үчүн, жогорку деңгээлге секирик жасоо үчүн кандайдыр бир этап деп эсептейм. Кореянын сот системасы бир кыйла көз карандысыз болуп калыптанып калган. Аны эки президент да жакшы билип, сөзсүз соттолуп, өкүм чыгарын өздөрү деле жакшы сезишет. Калыс чечим чыгарына коомдо да ишеним күчтүү болгондуктан саясий куугунтук бар дегенге кошула албайм.

"Азаттык": Бизде дал ушул сот маселеси абдан курч тема. Дээрлик бардык президенттерибиз акыйкат сот тутумун түзөбүз дегени менен сөзүн ишке ашыра албай жатышат. Соттор чечим чыгарарда жогорку бийлик адамына кылчактабай тургандын өзү эле узак жолдур. Сиздер кантип басып өттүңүздөр?

Бийликтеги элитанын өз адамын кызматка дайындашы, мураска калтырышы кыйын. Себеби ал экзаменден өтүшү керек. Экинчи фактор, элдин билими жана агартууга умтулганы. Аң-сезимдүү адамдар көбөйгөн сайын сот акыйкаттыгына, көз карандысыздыгына талап, сын күчөй берген.

Янг Сын Жо: Негизинен бизде деле сот системасы көз карандысыз болгонуна аз эле убакыт болду. 1970-80-жылдары саясий маселелерде бийликке ыңгайлуу, оппозицияга каршы чечимдер чыгып калчу. Ал эми жарандык иштерде көз карандысыз чечимдер болгон.

Бизде эки фактор бар. 60-жылдары масштабдуу мамлекеттик юридикалык экзамен киргизилген. Андан өткөндөр гана сот, адвокат же тергөөчү боло алат. Коррупция гүлдөгөн жылдары ушул юридикалык экзамен системасы калыс болуп берчү. Чынчыл, кесипкөйлөр сот боло алышкан. Ал кызматка өтүү өтө оор. Ал үчүн айрымдар он жылдап окуйт. Бийликтеги элитанын өз адамын кызматка дайындашы, мураска калтырышы кыйын. Себеби ал экзаменден өтүшү керек. Экинчи фактор, элдин билими жана агартууга умтулганы. Аң-сезимдүү адамдар көбөйгөн сайын сот акыйкаттыгына, көз карандысыздыгына талап, сын күчөй берген. Бул сот системасынын көз карандысыздыгын калыптандырууга себеп болду.

"Азаттык": Коррупция менен күрөштө президенттерге да колу жеткени менен Корея дүйнөгө үлгү көрсөтүп жатат деп жатабыз. Бирок экс-президенттердин коррупцияга айыпталганынын өзү сиздерде бул маселе абдан талылуу экенин көрсөтүп жатат да. Ошол эле маалда күрөш камоолордон эле турбасы анык. Ага чейин кандай алдын алуу чаралары бар?

Бизде каражаты тартыш адам да шайлоого катыша алат. Мамлекеттин демөөрчүлүк жардамын колдонсо да болот. Талапкер шайланып келсе же жетишерлик добуш алса, сарптаган каражатынын 90% мамлекет кайтарып берет.

Янг Сын Жо: Бизде мамлекеттик кызматкерлердин статусу бийик. Пенсиялары жогору. Өмүр узарып жаткан азыркы доордо карылар үчүн пенсия чоң жардам. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлер шылуундукка барбоого аракет кылышат.

Бул маанилүү фактор. Экинчиси - 80-90-жылдары башкарган эки президентибиз да камалып чыгышкан. Ошондо мамлекеттик кызматкерлерге президенттер камалып жатса, коррупцияга малынсак, бизди да соо койбойт деген түшүнүк чоң таасир эткен.

Мындан тышкары, бир нече жыл мурда “Ким Ен Ран” мыйзамы иштеп баштаган. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкер кимдин бирөөнүн эсебинен 30 доллардан ашык суммага тамак ичсе, наркы 50 доллардан жогору белек алса же жеке иш-чаралары учурунда 100 доллардан кымбат белек алса ал коррупция деп эсептелип, жоопко тартылат.

Дагы бир маанилүү фактор - шайлоо системасы. Мисалы мен Чхунчхон-Намдо облусунун губернатору болуп шайланышым үчүн 1,3 млн. доллардай сарпталды. Өзүмдүн болгон байлыгым 350 миң доллардан ашпайт.

Мынча чыгашаны көтөрө албайм. Бизде каражаты тартыш адам да шайлоого катыша алат. Мамлекеттин демөөрчүлүк жардамын колдонсо да болот. Талапкер шайланып келсе же жетишерлик добуш алса, сарптаган каражатынын 90% мамлекет кайтарып берет.

Ошондуктан биздеги шайлоо системасынын жакшы жагы чоң корпорациянын өкүлдөрү же байлар акчанын күчү менен шайлоодон утуп алды деген учурлар өтө аз. Бийликтин жана акчанын таасирин шайлоого кийлигиштирбөө коррупцияны жеңүүгө жана коомдун өнүгүшүнө чоң өбөлгө.

"Азаттык": Сизден ушуну сурайын деп турдум эле. Бул маселе бизде абдан олуттуу. Парламентибизде байлыгынын күчү менен шайланып келген депутаттар аз эмес. Сиз төрт жолу депутат болгонсуз, кандай жолду басып өттүңүз, депутат болуш үчүн байлык канчалык роль ойноду?

Бизде депутаттыкка акчасы аз карапайым адамдар да шайлана алат. Ал үчүн байлардан акча сураштын кереги жок. Маркум Но Му Хён жөнөкөй үй-бүлөдөн чыгып, адвокат болуп иштеп жүрүп, өз күчү менен президентикке шайланган.

Янг Сын Жо: Бул абдан маанилүү нерсе. Жогоруда мен айтып кеткен мамлекеттик квалификациялык экзамендин мында ролу зор. Анын административдик экзамендери да бар. Ошондон өткөндөр гана мамлекеттик кызматкер боло алат. Ошон үчүн байлар гана тандалбастан, акчасы жок адамдарга да мүмкүнчүлүк ачылат. Мисалы, мен жөнөкөй эле үй-бүлөдөн чыккам. Төрт ирет парламентке депутат болгом. Ошол экзаменден өтүп анан ушул деңгээлге жеттим.

Талапкер албетте өзүнүн акчасын да коротот. Мисалы, мурдагы шайлоодо депутат болуш үчүн мен 200 миң доллар сарптадым. Бирок анда да өз округуңдан 15% кем эмес добуш алсаң, акчаңдын ири бөлүгүн кайтарып алса болот деп айта кеттим. Бизде депутаттыкка акчасы аз карапайым адамдар да шайлана алат. Ал үчүн байлардан акча сураштын кереги жок. Маркум Но Му Хён жөнөкөй үй-бүлөдөн чыгып, адвокат болуп иштеп жүрүп, өз күчү менен президентикке шайланган. Мындай шайлоо системасында административдик ресурс жана акчанын күчү көп таасир этпейт. Негизи эле добушту сатып алгандарды катуу жазалаш керек. Кореяда кайсы шайлоодо, кайда, канча чыгым кетирүү керектиги бүт жазылган. Мунун баары шайлоо бүткөндө текшерилет. Чектен ашып кеткендер жазаланат. Мисалы, корей парламентинде кийин иштери иликтенип, 300 депутаттын он беш чактысы сөзсүз мандатынан ажыратылат. Бизде бул система байлар же колунда бар аткаминерлер гана депутат болуп шайланышына жол бербейт. Ушундай шайлоо системасынын калыптанышы Кореянын өнүгүүсүнө зор таасир этти.

"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат!

P.S. Котормочулук жардам көрсөткөнү үчүн Кореядагы мекендешибиз Эмил Калиловго терең ыраазычылык билдиребиз.

Сеул: "Акылдуу шаардын" сырлары
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:39 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG