Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Түштүк Корея: президентке импичмент


Кореянын парламенти
Кореянын парламенти

Түштүк Корея парламенти президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялады. Буга анын курбусун мамлекет ишине кийлигиштирип ийгени негиз болду. Парламенттин чечимине эки айга жакын убакыттан бери ар апта сайын нааразылык акциясына чыккан жүз миңдеген адамдар түрткү берди.

Импичмент маселеси каралып жатканда парламенттин алдында кайрадан демонстрация өттү. Имараттын башкы дарбазасына умтулган миңден ашуун адамды полиция араң кармап турду. Буга удаа адамдардын дагы көбөйүп кетүүсүнүн алдын алып, полиция ошол тегеректеги он көчөнү жапты.

- Биз президент Пак Кын Хеге импичмент жарыяланып, кызматынан кетүүсүн талап кылабыз. Эл өкүлдөрү коомдук пикирди эске алып, импичментти ылдам кабыл алсын деп Улуттук жыйындын алдына келдик, – деди нааразылардын бири Нам Юнг-су.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Пак Кын Хе
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Пак Кын Хе

Алар чочулагандай бар эле. Парламенттеги 300 депутаттын 200ү добуш берсе гана импичмент колдоо тапмак. Ал эми оппозициячыл жана эркин депутаттардын саны буга жетмек эмес. Ошентсе да импичментти 234, демек, Пактын партиясынан да ондогон депутат колдоду.

Түштүк Корея лидеринин коомдогу кадыр-баркы октябрдын аягынан тарта кескин түшүп кеткен. Анын алдында жергиликтүү маалымат каражаттары президенттин курбусу мамлекеттик саясатка таасир этерин айтып чыгышкан. Муну өлкөдө жума сайын өтүп турган жүз миңдеген адамдардын нааразылык митингдери коштогон. Ал арада прокуратура ишти иликтеп, президенттин курбусу Чхве Сун Силди камакка алган.

Ал аял эч бир расмий кызматта отурбаганына карабастан, президенттин сүйлөй турган сөздөрүн жазып турган, муну менен мамлекет ишине аралашып, атүгүл мамлекеттик сырларга ээ болушу ыктымал деп шектелүүдө. Андан тышкары ири корпорациялардан 65 млн доллардан ашуун акчаны опузалап өндүрүп алган деген айып тагылууда. Буга Пак Кын Хэнин да катышы болушу мүмкүн делгени менен президенттик иммунитетинен улам прокуратура ага күнөө коё алган эмес.

Курбусу эле эмес, жогорудагы иштер боюнча президенттин эки жардамчысы да кармалган.

Пак Кын Хе өткөн кылымдын алтымыш-жетимишинчи жылдары өлкөнү башкарган Пак Чон Хинин кызы. 1979-жылы ага кол салуу болуп, аялы экөө тең өлтүрүлгөн.

Пак Кын Хе ошол оор күндөрдөн бери өбөк болгону үчүн курбусу менен өтө ынак экенин, атүгүл аны эже катары көрөрүн да жашырган эмес. Бирок мамлекет ишине кийлигиштирип жибергени үчүн элден кечирим сураган.

Кореяда тууганчылык, тааныш-билиш деген жат көрүнүш. Өздөрү ишенип добуш берген адамды башка бир адам башкарып жүргөнүнө аябай кыжырланышты.
Нурсултан Алтыбаев

Сеулда окуган кыргызстандык студент Нурсултан Алтыбаев президенттин кечирим сураганы жүз миңдеген элди жибите алган жок дейт:

- Кореяда тууганчылык, тааныш-билиш деген жат көрүнүш. Өздөрү ишенип добуш берген адамды башка бир адам башкарып жүргөнүнө аябай кыжырланышты. Экинчиден, кызматта жок эле адам мамлекеттин бардык сырын, керек болсо атайын кызматтын жетекчиси билбеген нерселерден бери билген болушу мүмкүн деп ушуга ачууланышты. Алданып калганын эл моюнуна алып, кайдыгер эместигин көрсөтүп көчөгө чыгышты. Ошончо миллион кишини эч бир күчтөр чыккыла деп чакырык таштаган эмес. Баары өз каалоосу менен аянтта жүрүштү.

Бул арада президенттин милдетин аткаруу өлкөнүн премьер-министри Хван Гё Анга жүктөлдү. Бирок Пак айым ушуну менен эле кызматынан кетип калбайт. Эми парламенттин чечимине алты ай ичинде Конституциялык сот баа бериши керек. Ал эми андагы тогуз кишинин алтоо Пак Кын Хеге лоялдуу адамдар экени айтылат.

2004-жылы да Түштүк Корея парламенти ал кездеги президент Но Мун Хенге импичмент жарыялаган. Бирок чечимди Конституциялык сот четке каккан. Анда бул кадамды коомчулук да колдобой, оппозиция парламенттеги үстөмдүгүнөн кыянат пайдаланды деп кабылдаган эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG