Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Корея: президенттин тагдырын парламент чечет


Түштүк Корея президенти парламент жол-жобосун иштеп чыкса, кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди.

26-ноябрда Сеулда Пак Кын Хэге каршы кезектеги ири митинг өткөн болчу.

Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе өз тагдырын Улуттук кеңешке тапшырды.

- Менин келечегиме байланыштуу болгондун баарын, анын ичинде ыйгарым укуктарымдын мөөнөтүн кыскартуу маселесин парламенттин колуна тапшырам.

Ошол эле учурда Пак кандай учурда кызматынан кетерин да айтты:

- Эгер башкаруучу жана оппозициялык партиялар башкаруудагы боштукка жана пикир келишпестиктерге жол бербеген, стабилдүүлүктү камсыздай турган тартипти иштеп чыгышса, мен отставкага кетем.

Эми эл өкүлдөрү президенттин өтүнүчүнө ылайык, аны маалынан эрте кетирүүнүн жол-жобосу менен күнүн белгилеши керек.

Пак Кын Хенин бийлик мөөнөтү 2018-жылы февралда аяктамак. Бирок, акыркы айыптоолор аны кызматтан кетирчүдөй болуп турат.

Түштүк Кореянын президентин жарга такашууда

Түштүк Кореянын президентин жарга такашууда

Түштүк Кореяда ушул дем алыш күндөрү президент Пак Кын Хенин кызматтан кетишин талап кылган төртүнчү ири нааразылык акциясы өттү.

Президенттин отставкасын талап кылган митингдердин акыркысы ишембиде өттү. Уюштуруучулар ага 1,5 миллион киши катышканын айтышууда. Нааразылык акциялары бир айдан ашуун убакыттан бери уланууда. Ага келгендер бир нече жүз миңден кем боло элек.

Нааразылыкка Пак Кын Хэнин эч бир расмий кызматта отурбаган жакын курбусу президенттин сүйлөй турган сөздөрүн жазып берүү менен мамлекет ишине аралашып, атүгүл мамлекеттик сырларга ээ болгон, андан тышкары ири корпорациялардан 65 млн доллардан ашуун акчаны опузалап өндүрүп алган деген айыптоолор түрткү болду.

Ушул айыптоолордон соң президенттин эки жардамчысы жана курбусу Чхве Сун Сил кармалган. Аларга бийлик укугун кыянат пайдалануу, көз боемочулук боюнча айыптар тагылууда. Прокуратура бул иштерге катышы барын айтканы менен, кызматтык иммунитетине байланыштуу Пак Кын Хэге айып тагыла элек.

Бул арада парламент президентти суракка алчу атайын иликтөө тобун түзө алары эскертилүүдө. Прокуратуранын буга чейинки далилдери ошол топтун колуна өтөт. Сеулдук юрист Юн Ен Гын:

- Эгер прокурорлор кайсы бир жогорку мамлекеттик кызматкерди мыйзам бузууга аралашты деп эсептесе, бирок иликтөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда парламент атайын мыйзам менен бир катар юристтерден турган көз карандысыз прокурорлор тобун дайындайт. Алар иликтөө жана соттук териштирүү укуктарына ээ болушат.

Ал арада тарапташтары Пак Кын Хэни кадыр-баркы барында кетип калууга чакырып жатышат. Оппозиция болсо импичмент процедурасын баштоону талап кылууда. Ушу тапта 300 орундуу парламентте оппозициядагы партиялар 165 мандатты көзөмөлдөйт. Импичмент үчүн кеминде 200 добуш керек, демек президент Пактын парламенттеги партиясынан да колдоо талап кылынат.

Бул Түштүк Кореянын жакынкы тарыхындагы биринчи эле импичмент талабы эмес. 2004-жылы өлкөнүн парламенти ал кездеги президент Но Мун Хенге импичмент жарыялаган. Бирок чечимди Конституциялык сот четке каккан. Анда бул кадамды коомчулук да колдобой, оппозициянын парламенттеги үстөмдүгүнөн кыянат пайдалануусу катары кабылдаган болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG