Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Түштүк Кореянын мурдагы лидери 24 жылга кесилди


Пак Кын Хе Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учур. Сеул, 2013-жылдын 19-ноябры.
Пак Кын Хе Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учур. Сеул, 2013-жылдын 19-ноябры.

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе 24 жылга кесилди. Ал ошондой эле мамлекетке 17 млн. доллар төлөөгө милдеттендирилди. Биринчи жолу түз эфирде элге көрсөтүлгөн процесске айыпталуучу өзү келген жок.

Биринчи соттук чечим

6-апрелде Сеулдун борбордук райондук соту 66 жаштагы экс-президентти коррупция, кызматтык кыянаттык жана коммерциялык компанияларга мыйзамсыз басым көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп тапты.

- Айыпталуучунун кылмышы биринин артынан бири ачылгандыктан мамлекет иштерин тартипке салууну талап кылган жапырт толкундоо импичментке алып келди. Бул биздин конституциялык тарыхыбызда болуп көрбөгөн окуя. Айыпталуучу эл ишенип тапшырган президенттик бийлигин кыянаттык менен колдонуп, конституциялык жоопкерчилигин унуткан, - деди чечимди окуган судья Ким Се Юн.

Пак Кын Хе күзөтчүнүн коштоосунда. 10-октябрь, 2017-жыл.
Пак Кын Хе күзөтчүнүн коштоосунда. 10-октябрь, 2017-жыл.

Прокурорлор Пакка 20 чакты айып тагып, аны 30 жыл абакка кесип, 110 млн. доллар айыппул салууну өтүнүшкөн.

Эң негизги кыңыр иши катары эч бир кызматта иштебеген курбусун мамлекеттик иштерге аралаштырганы, курбусу экөө "Самсунг" өңдүү ири компанияларга басым көрсөтүп, миллиондогон доллар акча алганы айтылган.

Экс-президенттин курбусу быйыл февралда 20 жылга эркинен ажыратылып, 16,6 млн. доллар айыпка жыгылган. "Самсунгдун" вице-президенти да пара бергени үчүн абакка отуруп чыкты. Бирок биринчи жолу түз эфирде көрсөтүлгөн бүгүнкү сот баарынан маанилүү экенин кореялыктар жакшы билишет.

Президенттин жакын курбусу Чхве Сун Силь 20 жылга кесилген.
Президенттин жакын курбусу Чхве Сун Силь 20 жылга кесилген.

Элдин пикири

Сеул Улуттук Университетинин профессору Пак Вун Ху:

- Мурдагы президент Пак Кын Хе - өтө маанилүү саясий ишмер. Ал курбусу Чхве Сун Силден да, "Самсунгдун" вице-президенти Ли Жа Йонгдон да айырмаланып турат. Ушул себептен да сот чечими ачык болушу керек эле. Сот жыйынды ачык өткөрүүнү чечти. Бул адамдардын бардык маалыматтарды ачык билүү укугун сыйлоо. Бул жетекчи бийликти кандайча кыянат колдонуп, мыйзамды тебелээрин адамдардын билишине жол ачат.

Инчхондук студент Чой Вун Жун:

- Мээримдүү чечим болду. Аны өмүр бою абакка кесиш керек эле. Мурдагы президент сот процессине катышпай да койду. Ал жоопкерчилик менен мамиле кылып, өзүнө каршы экенин билсе да соттук жыйындарга катышууга тийиш эле.

Ульсан шаарынын тургуну Ким Жоң Ба:

- Корея Республикасынын жараны катары чечимди теледен түз көргөнүмө кубанычтамын. Мурдагы президент Пак Кын Хе соттук жыйынга келет деп үмүттөнгөм. Бул шермендечилик. Аны 24 жылга кесишти, бирок мен көбүн күткөм. Бул өлкөнүн жараны катары ал 30 жылдык абакка татыктуу.

Толкундоо, импичмент

Пак Кын Хени кызматтан кетирүүнү талап кылган митингдер 2016-жылдын күзүндө башталып, айлап созулган. Коомчулуктун басымынан кийин 2017-жылы мартта ага импичмент жарыяланган, кол тийбестиктен ажыратылган. Ошондон соң кылмыш иши козголуп, тергөө маалында камакка алынган.

Пак айым бардык дооматтарды четке кагып, сот акыйкаттыгына ишенбей тургандыгын билдирип келатат. Акыркы сот отурумуна да келген жок. Анын коомдук коргоочусу Каң Чел Гу сыртка чыкканда журналисттерге мындай деди:

- Биздин коомдук коргоочулар мүмкүн болгондун баарын жасашты. Бирок соттун бүгүнкү чыныгы жарамсыз чечимине өкүнүп турабыз. Бирок бул болгону биринчи соттук териштирүүнүн бүтүмү. Апелляциялык процессте жана Жогорку сотто туура чечим кабыл алынат деп ишенебиз.

Пак - жемкорлукка байланыштуу айыпталып кармалган түштүк кореялык президенттердин төртүнчүсү.

23-мартта эле Пактан мурдагы лидер Ли Мен Бак да камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG