Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Түштүк Кореянын дагы бир мурдагы президенти кармалды


Сеул
Сеул

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мен Бак жума күнгө оогон түнү кармалды. Ал бир нече уюмдардан жана адамдардан жалпысы 10 млн доллардан ашык пара алган деп шектелүүдө.

Марттын башында прокуратура Лиге 20 айып таккан. Далилдерди жоготуп салбасын деп сот 22-мартта камоого уруксат берген.

Түштүк Кореяны 2008-2013-жылдары башкарган ишмер бардык айыптоолорду четке кагууда.

Ли жемкорлукка айыпталып кармалган түштүк кореялык мамлекет башчылардын төртүнчүсү. Андан кийинки президент Пак Кын Хе да азыр абакта.

XS
SM
MD
LG