Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Түштүк Корея: мурдагы президент камалды


Пак Кын Хе түштүк кореялыктардан кечирим сураган учур. 4-ноябрь, 2016-жыл.
Пак Кын Хе түштүк кореялыктардан кечирим сураган учур. 4-ноябрь, 2016-жыл.

Түштүк Кореянын импичмент жолу менен кызматтан четтетилген мурдагы президенти Пак Кын Хе Сеулдагы камак жайга жума күнү киргизилди.

65 жаштагы Пак Кын Хе Сеулдагы кармоо борборуна жеткирилердин алдында жергиликтүү сот прокурорлордун өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентти камакка алуу чечимин чыгарган эле.

Прокурорлор 27-мартта сотко жолдонгон билдирүүсүндө Пак "президенттик макамын жана эбегейсиз бийлигин пара алуу үчүн кыянат пайдаланган" жана "мамлекеттик иштер боюнча өтө жашыруун маалыматтардын сыртка чыгып кетүүсүнө жол берген" деп белгилешкен.

Мурдагы президенттин иши сотто тогуз сааттай каралды. Сеул, 30-март, 2017-жыл.
Мурдагы президенттин иши сотто тогуз сааттай каралды. Сеул, 30-март, 2017-жыл.

"Рейтерс" жана "Ассошейтед Пресс" агенттиктеринин Түштүк Корея борборундагы кабарчылары абак жайдын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап жазышкандай, Пак Кын Хе ал жерге келгенден кийин катардагы жарандардай эле текшерүүдөн өткөрүлдү. Жеке буюмдарын тапшырып, мурдагы президентке абак жайдын кийими кийгизилди.

Болгону Пак Кын Хеге ал жердеги кылмышка шектүүлөрдөн айырмаланып, аянты бир аз чоңураак жана жеке өзү отуруучу камера бөлүндү. Камеранын өзүнчө дааратканасы жана жуунучу жайы бар.

Түштүк Кореянын мурдагы лидери эми абак жайда кылмыш иши тергелип, сотто каралганга чейин бир нече ай кармалышы мүмкүн.

Пак Кын Хе эч бир расмий кызмат ээлебеген курбусу мамлекеттик иштерге аралашуусуна, ири компаниялардан күмөндүү кайрымдуулук фонддорго акча өндүрүүсүнө мүмкүндүк берген деп айыпталган.

Мындан улам өткөн жылдын октябрынан тарта Түштүк Кореяда жүз миңдеген эл митингге чыгып, президенттин отставкасын талап кылып жатышты.

Cеулдагы демонстрация. Декабрь, 2016-жыл.
Cеулдагы демонстрация. Декабрь, 2016-жыл.

Ал эми былтыр декабрда парламент Пак Кын Хени кызматтан импичмент жолу менен четтетип, быйыл 10-мартта Түштүк Кореянын Конституциялык соту парламент чечимин бир добуштан бекиткен.

Пак Хын Ке курбусун мамлекеттик ишке аралаштырганы үчүн коомчулуктан бир нече ирет кечирим сураганы менен кандайдыр бир кылмышка барганын четке каккан эле.

Пак Хын Ке Түштүк Кореянын демократиялык жол менен шайланган президенттери ичинен кызматтан мөөнөтүнөн мурда четтетилген алгачкысы болду. Ал президенттикке 2012-жылы шайланган эле, кызмат мөөнөтү 2018-жылдын январь айында бүтмөк.

Соңку импичменттен улам Түштүк Кореянын кезексиз президенттик шайлоосу 9-майга белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG