Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Түштүк Кореяда шайлоодо Мун Чжэ Ин жеңди


“Тобуро” демократ партиясынан талапкер Мун Чжэ Ин
“Тобуро” демократ партиясынан талапкер Мун Чжэ Ин

9-майда Түштүк Кореядагы кезексиз президенттик шайлоодо жеңген либерал-демократ Мун Чжэ Ин шаршембиде кызматка киришти.

10-майда Түштүк Кореянын жаңы лидери, мурдагы юрист жана демократиялык кыймылдын ардагери Мун Чжэ Ин президенттик кызматка расмий киришти.

9-майда өткөн кезексиз шайлоодо президенттик кызмат үчүн 13 талапкер ат салышкан. Эл буга чейинки шайлоолорго караганда активдүү катышканы маалымдалды.

Шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган Мун Чжэ Ин өлкөнүн ишкер элитасы гана жетектеп келаткан ири компанияларды реформалоону, экономиканы чыңдап, жумушcуздукту азайтууну убада кылган.

64 жаштагы либерал-демократ алгачкы сөзүндө эле Корей жарым аралындагы "коопсуздук кризисин жөнгө салууга" илгиртпей киришерин жарыялады. "Эгер керек болсо түз эле Вашингтонго барам. Бээжинге да, Токиого да барам. Эгер шарты туура келсе Пхеньянга да барарын" айтты.

Ошондой эле ал Түндүк Корея маселесинде эмоцияларды азайтууга чакырып, АКШнын ракетага каршы коргонуу системасы боюнча келишимди кайра карап чыгарын билдирген. Система Түндүк Кореянын ракета чабуулунан коргонуу үчүн жакында эле Түштүк Кореяга жайгаштырылган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өлкө экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан учурга туш келип, коңшу Түндүк Корея менен чыңалуу кайра курчуп турган кезде өтүүдө.

Мун Чжэ Ин президенттик кызматка Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий жыйынтыгы чыккандан кийин киришет. Ал 2012-жылы да президенттик жарышка катышып, анда Пак Кын Хеге утулуп калган эле.

Мун Чжэ Ин Түндүк Кореядан качып келген үй-бүлөдө өскөн. Ал 1970-жылдары студент кезинде генерал, диктатор Пак Чон Хиге каршы кыймылды жетектегени үчүн түрмөдө отуруп чыккан.

Мурдагы президенттин иши сотто тогуз сааттай каралган. Сеул, 30-март, 2017-жыл.
Мурдагы президенттин иши сотто тогуз сааттай каралган. Сеул, 30-март, 2017-жыл.

Коррупциялык ишмердигине байланыштуу Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыяланып, учурда сот жообуна тартылып жатат.

Прокурорлор 27-мартта сотко жолдонгон билдирүүсүндө Пак Кын Хе "президенттик макамын жана чексиз бийлигин пара алуу үчүн кыянат пайдаланган" жана "мамлекеттик иштер боюнча өтө жашыруун маалыматтардын сыртка чыгып кетүүсүнө жол берген" деп белгилешкен.

Пак Кын Хе эч бир расмий кызмат ээлебеген курбусуна мамлекеттик иштерге аралашууга, ири компаниялардан күмөндүү кайрымдуулук фонддорго акча өндүрүүсүнө мүмкүндүк берген деп айыпталган.

Пак Хын Ке курбусун мамлекеттик ишке аралаштырганы үчүн коомчулуктан бир нече ирет кечирим сураганы менен кандайдыр бир кылмышка барганын четке каккан эле.

Пак Хын Ке Түштүк Кореянын демократиялык жол менен шайланган президенттери ичинен кызматтан мөөнөтүнөн мурда четтетилген алгачкысы болду. Ал президенттикке 2012-жылы шайланган эле, кызмат мөөнөтү 2018-жылдын январь айында бүтмөк.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG