Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Сот системасынын сормо сазы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы күндөрдөгү саясатчыларга байланыштуу сот чечимдери коомчулуктун катуу сынына кабылууда.

Бийлик чын эле сот адилеттигин орнотуу аракетиндеби же ыңгайсыз саясий оппоненттерден биротоло арылууну көздөп жатабы? Соттордун дагы эле көз карандыбы? Күчүндө калган чечимдерге саясий күчтөрдүн каршылашуусунун таасири барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна юридика илимдеринин доктору, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев жана адвокат Нооманжан Аркабаев катышты.

“Азаттык”: Акыркы убакта саясатчыларга байланыштуу соттук чечимдер көп талкууга жем таштап келатат. Териштирилип жаткан иштердин айырмалары болгондуктан, алардын ар бири жөнүндө өз пикирибизди айтсак. Алгач, мурдагы башкы прокурор, депутат Аида Салянованын ишинин өзгөрүүсүз калышынын себебин сиздер эмнеден көрөсүздөр? Бул жерде дагы эле саясаттын таасириби же соттордун тилектештиги үстөмдүк кылып кеттиби?

Бекбосун Бөрүбашев: Мамлекеттик бийликтин эң талуу жери – бул сот бийлиги. Сот бийлигине карап мамлекетке баа берилет. Коомдогу адилеттүүлүк принциптерин орното турган да сот бийлиги.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Бизде 25 жылдан бери сот реформасы жүрүп келатат. Тилекке каршы, Кыргызстанда мамлекеттик бийлик гана өзгөргөнү менен соттук система өзгөргөн жок, демек реформа болгон жок. “Эшматтын ордуна Ташмат келгени" менен системабыз баягы боюнча калды. Аида Салянованын ишинин өзгөрүүсүз калышынын себеби да ушунда.

Укук коргоо органдарында тилектештик деген бар, бирөө камаса, бирөө тергесе, бирөө соттосо, башкасы алардын чечимин колдоп коюшу да мүмкүн. Мындай система менен сот тармагында натыйжага жетише албайбыз. Мындан сырткары сот процесстеринде кош стандарттуулук болуп жатат. Мисалы, Саляновага байланыштуу иш 2010-жылы болуптур, эмне үчүн иш 2017-жылы козголот? Бул жерде маселе көп.

Нооманжан Аркабаев: Салянованын бул иши - саясий куугунтуктун көрүнүшү. Себеби Саляновага "бир нече жыл мурда кимдир-бирөөнүн адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген" деген айып тагылып жатат. Бул айып коомго анчалык коркунуч туудурбайт болчу.

Мен юрист катары айтсам, Саляновага башка жагдай боюнча кылмыш ишин козгосо туура болмок. Мисалы, "анын Батукаевди бошотууга катышы бар" деп иш ачса адилеттүү болмок деп ойлойм. Антейин десе ал ишке ал учурдагы президент баш болгон бир топ адамдардын катышы болуп жатпайбы. Башка эч нерсе таппай калганда юстиция министри болуп тургандагы лицензия маселесин алып чыгышкан.

“Азаттык”: "Бийликти кулатууга аракет кылышкан" деп соттолуп жаткан Бектур Асановдун, Эрнис Карыбековдун жана Кубанычбек Кадыровдун жаза мөөнөттөрүн соттор бир аз кыскартып койгонун кандай чечмелесе болот?

Нооманжан Аркабаев.
Нооманжан Аркабаев.

Нооманжан Аркабаев: Бул саясатчыларга байланыштуу сотттук иштерди коомдун талабын маскаралагандык, анын кызыкчылыгына карама-каршы келген нерсе деп бааласак болот. Аттары аталган жигиттерди "мамлекеттик бийликти кулатууга аракет кылышкан" деп жатышат. Алар алдын-ала түзүлгөн плансыз, куралсыз, топтолгон күчтөрү жок кантип мамлекеттик төңкөрүш жасашат? Анын белгилери табылган жок, курулай жалаа коюлуп келатат. Бул сот процесси саясий буюртма десек болот. Акыркы жылдары саясий куугунтук массалык мүнөзгө ээ болду да. Биздеги мындай кырдаалга эл аралык коомчулук да тынчсызданууда.

“Азаттык”: "Башкы прокуратура Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кароодон баш тартышы "сотторго болгон элдин ишенимин кайтарыш керек" деген президенттин Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүнө кайчы келет" деп “Ата Мекен” партиясы билдирүү таратты. Мындай позиция, президенттен прокурордун чечимине кийлигишүүсүн талап кылган мыйзамсыз жол болуп калган жокпу?

Бекбосун Бөрүбашев: Кыргызстанда мыйзам боюнча президенттин соттук иштерге кийлигишүүгө акысы жок. Иш жүзүндө болсо кандай болуп жатканын көрүп жатабыз. Анткени Кыргызстанда бийлик демократиялык жолдор менен алмашкан жок, бизде дайыма басып алып келатышат, ушул система калыптанып калууда. Шайлоолордо баары сатып алуу жолу менен бийликке келип жатат. Элдин арасында программаң менен бөлүшүп, аларды ынандырып жеңишке жетишүү мүмкүн эмес болуп калды.

Биз азыр коомдогу көйгөйлөрдү билебиз, эми биз анын себептерин табышыбыз керек, анан ошого жараша анын дарыларын берүү зарыл. "Президент позициясын айтты, эми баары өзгөрөт" деген болбогон кеп. Бизде жетекчилер алмашты, система ошол боюнча калды. Бизде адамдын укуктарын коргоо органдары эмес эле, мамлекеттик бийликти гана коргоо органдары болуп калган.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сот системасынын сормо сазы
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:46 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG