Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Үмүт ыңкылабынын баскычы ой-чабыт ыңкылабы менен улантылат


Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Жогорку Кеңеш 10-октябрдагы чукул отурумунда абактан жаңы чыккан саясатчы Садыр Жапаровду убактылуу өкмөт башчы кылып шайлагандан кийинки алгачкы ойлор. Тарыхчынын блогу.

Үмүт ыңкылабы башталды

2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түндөгү кылым башынан берки үчүнчү элдик ыңкылапты эми бир катар жалпы маалымдоо каражаттары жана блогерлер “Үмүт ыңкылабы” деп атай башташты. Бул аталыш 2001-жылы туулган Үмүтбек Адилет уулу элдик ыңкылап маалында (2020-жылдын 5-октябрында кечкурун) тартип сактоо күчтөрүнүн демонстранттарга каршы чаралары маалында оор жаракат алып, көз жумган соң, айрым демонстранттар тарабынан 6-октябрда маркум Үмүтбектин ысымын да пайдалануу менен сунушталганда жаралды.

Бул да тарыхтын бир үзүмү. Өзгөчө баса белгилеп кетсем, мен өзүм бул аталышты чыгарган жокмун, бирок элдик ыңкылапты символдук түрдө “Үмүт ыңкылабы” (The Revolution of Hope) деп атоону абдан туура көрүп, аны жайылтууга гана салым коштум.

Кворум бар... А балким, кворум жок...

Ошентип, 10-октябрда кечкурун Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өзүнүн чукул отурумуна чогулду. “Ала-Арча” резиденциясындагы жыйын залында “63 киши бар, кворумга жетишилди” деп жарыя кылынды.

Бул –– парламенттин жетекчилигинин расмий пикири, себеби бул пикирге алар (өзүн 6-октябрдан бери убактылуу спикер санаган жана 10-октябрдагы отурумдун башталышында бул кызматынан расмий баш тарткан депутат аксакал Мыктыбек Абдылдаев, парламенттин вице-спикери, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары катышкан Мирлан Бакиров жана башка катышуучулар) токтолбосо, анда чукул отурумдун андан аркы улантылышына жол берилмек эмес.

Албетте, аксакал саясатчы Феликс Куловдун бул отурумга келгендерди “кворумга чогулду” деп атоого болбой тургандыгы жөнүндөгү “Фейсбуктагы” пикирин калыстык үчүн эскерте кетишибиз абзел.

“Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт", –– деп жазды Ф.Кулов.

Ага каяша кылгандар “мурда деле бир депутат бир нече депутаттардын добуш берүү седебин басып жүрүшпөдү беле”, –– деп “мыйзамсыздык эчак нормага айланган болчу да”, дегендей ойлорун айтып чыгышты. Бирок карыя саясатчынын укук адиси катары пикирин колдогондор да аз эмес.

Эми тагдыр чечээр делген отурумга келбей койгон депутаттар үчүн эки башка түшүндүрмө берүү керек: 1) айрымдары башка жактардан Бишкектеги резиденцияга келүүдөн керт башы үчүн чочулап коюшту (ал түгүл Садыр Жапаров “айрым депутаттар Казакстанда экен” деген пикирин ортого салды); 2) башкалары бир гана өкмөт башчылыкка талапкер таңууланаарын алдын ала сезип, чоң бир оюндун тактекесине айлануудан отурумга келбей коюу аркылуу баш тартууну туура көрүштү.

Байкалган нерсе: ыңкылаптын айынан бийлик чылбыры колунан жылмышып бара жаткан тарап өзүнүн турумун жактоого бери дегенде 61 депутатты отурум өткөн жыйын залына алып келүүгө кудуретсиз болгондугу.

Элдик толкундообу же төңкөрүшпү?

10-октябрдагы кечкуи отурум маалында утурумдук өкмөт башчылыкка талапкерлиги сунуш кылынып жаткан жалгыз саясатчы Садыр Жапаровго “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов айрым депутаттарга окшоп көшөкөр сөз сүйлөп отурбастан, маселени кабылгасынан коюп суроо узатты.

"Бир Бол" партиясынын жетекчиси, депутат Алтынбек Сулайманов. 2020-жылдын 5-февралы.
"Бир Бол" партиясынын жетекчиси, депутат Алтынбек Сулайманов. 2020-жылдын 5-февралы.

Анын суроосунун мазмуну төмөнкүдөй: 5-октябрда Сиз абакта эле отургансыз. Жаштар тынч митингге чыгышты. Белгилүү окуялардан кийин, эртеси күнү тарапкерлериңиз Сизди абактан бошотту. Бул окуяга “төңкөрүш” катары карайсызбы же “элдик толкундоо” деп атайсызбы?

Садыр Жапаров бул окуяларды “элдик толкундоо” деп атай тургандыгын билдирди. Ал убактылуу өкмөт куралгандан кийин2-3 күндүн ичинде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өз кызматын тапшыраарын, ошол жол менен гана ал “экс-президент” макамын сактап калышы ыктымалдыгын кийинки сөздөрүндө да кошумчалады.

Мен өзүмчө жоромол кылып койдум: демек, “элдик ыңкылап” сөзүн “элдик толкундоолор” деп “тергесе” да болот турбайбы!

Дендароо болгондор жана чыйралгандар

Ал эми 5-октябрда тынч митинг аркылуу парламенттик шайлоонун бурмаланган жыйынтыктарын жок кылууну талап кылган ыңкылапчы жаштардын арасында бул окуялардын 10-октябрдагы кечки өнүгүшүнө карата ар кыл пикирлер айтылууда.

Садыр Жапаровдун тарапкери катары өздөрүн тааныштырып, “Садыр! Садыр!” деп ураан чакырып, 9-октябрдагы атаандаш митингге кол салып, “Ата Мекн” партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиевди сабап кеткендердин кылыгы видео тасма аркылуу бүт дүйнөгө дайын болгон чакта, албетте, соңку өнүгүү тынч күрөштү гана туу туткандардын бир даары үчүн дендароолук сезимин жаратты.

Биздин оюбузча, 9-октябрдагы тынч митингге келип кошулуу менен абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ага шынаарлаган мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов бул үчүнчү элдик ыңкылаптын өнүгүшүнө опол тоодой зыян келтиришти. Алар элдик кыймылды ылайлап кетишти да, кулап бара жаткан бийликке көмөк кылып коюшту.

Эми, 11-октябрдын таңында, реформачы жаштардын бир даары асман төбөдөн кулап түшкөндөй, аргасыздыктын маанайын билдирип кошок кошкондой болуп жатышса, экинчилери ыңкылап жолу узак болоорун эскертип, реформа үчүн күрөштү улантууга чакырып жатышат.

Көп партиялуу системадан баш тартуу керекпи?

10-октябрдагы Жогорку Кеңештин чукул отуруму деп аталган жыйында утурумдук өкмөт башчы катары шайланган Садыр Жапаров конституциялык реформа жаатында сөз козгоп, президенттик бийликти чыңдоо, парламенттин курамын аныктоодо көп партиялуу системадан баш тартып, бир мандаттуу шайлоого өтүү зарылдыгы бар деген сыяктуу ойлорун шардана кылды.

Ал эми “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер болуп аттангандардын бири, реформачыл маанайы менен таанылган жаш саясатчы Жоодар Сайдилканов бул түшүнүктү кескин айыптап, “Фейсбукта” өз пикирин жарыялады.

"Партиялык шайлоо жарабайт экен, жалгыз мандаттык шайлоого кайтабыз" – деген жаңы Премьер Министр Садыр Жапаровду тааныгандар болсо, көрсөтүп койунуздар кичипейилдикке. Жалгыз мандаттуу шайлоо, бизди феодализмге, колот-колот болуп согушмайга алып барат. Дүйнөнүн өнүккөн 46 өлкөсүнүн арасынан, экөө гана Президенттик башкарууда, калган 44ү Парламенттик Башкарууда. Партиялык шайлоо системасы бүгүнкүдөй болбой, элге иштесин, Парламенттин кадыры көтөрүлсүн деп ойлосо, астында тарыхта калчудай абдан сонун мүмкүнчүлүк турат. Бул болсо преференциалдык шайлоо системасын киргизүү менен ишке ашмакчы. Шайлоочу биринчи бир партияга, андан кийин ал партия ичиндеги белгилүү талапкерге добуш берет, 120-болсо да талапкер алдыга өтүүгө шарт түзөт. Мен бул ыкманы киргизбесеңер төңкөрүш болот деп учурунда Атамбаевди да, Жээнбековду да көндүргөнгө мээнет жумшадым, экөө тең укпады, экөө бүгүн ошонун кесепетин көрүп атат”, –– деп жазды Жоодар Сайдилканов.

Өлкөдөгү башка реформачыл партиялардын өкүлдөрү да көп партиялуу, парламенттик башкарууга негизделген системаны андан ары чыңдоо жаатында жогорудагы пикирге үндөш ойлорун айтып келишет.

Көз карашын эркин билдирген жаштар камалбасын

Ал эми реформачыл маанайы менен маалым жаш журналист, блогер Назира Айтбекова болсо А.Ш.Атамбаев сыяктуу эски саясатчыларга кошуп, жаш саясатчы, 22 жаштагы Темирлан Султанбековдун да 10-октябрда күбө катары убактылуу камалышына нааразылыгын билдирип, убактылуу өкмөт башчы Садыр Жапаровго кайрылып, Т.Султанбековду тез арада бошотуу талабын айтып чыкты.

“...Сиз чыккандан бери көз жашы кургабай, боор тартып, мыйзамды талап кылган Жаштарды ашата сөгүп атканы көп! Тагдырыңызга боор тартып, сиз үчүн өлүп бергенге даяры да болду. А жаштар эмнени кааладык эле? Биз акыйкаттыкты талап кылдык. Биз адилетсиз шайлоону жокко чыгарсын дедик. Биз башкара албай, тууган уругун жыйып алып, акыйкатсыздыкка көз жумуп, элди тоногонго уруксат берип, арабаны тарта албай, убара болуп аткан ажону кетсин дедик. Түрмөдөгүлөрдү чыгарып, революция кылып салалы деген оюбуздан да өткөн эмес. Бирок таратпташтарыңыз бул нерсени колдонуп кетти. Биз Люстрацияны кааладык. Мыйзам орносун жана ага баары баш ийсин дедик. Кечээ эле "Жаштар келсин! Эскилерден тажадык. Эски жүздөр кеткиле" деп аткан эл оюнан тайды. Кечээ добушун саткан эл , бүгүн Жаштарды сатты! Жаштарга ишеним көргөзгөн жок. Адатынча "Баланын иши чала. Бала деген баладай башы көзү чарадай болуш керек. Чоңдорго аралашпай, ары ойногула!" деп койду. Бизди ата-энелерибиз ошентип түртүп койчу эмес беле? Жыйынтыгында жалаң баягы эскилер, көпөстөр менен калдык. Жаштар да амбициясын жеңип, бир турушу да кыйын болду.

Садыр мырза, эгер эртең элдин жашоосун ойлоп, башка нукка буруп, арабаны тартып кетсеңиз, алдыңыздан миң мертебе өтөөрбүз. Бүгүнкү ачуу сөзүбүздү артка алып, тизе бүгүп, кечирим сураарбыз. Биз – жаштар, тек гана мыйзам менен акыйкатты тиледик. Жеке сизге эмес, мыйзамсыз отурган ордуңузга ачуубуз келди. Сизге жан тарткан ачуулуу инилериңизди артка тартыңыз!

Билимдүү, мекен үчүн, адилеттүүлүк үчүн чуркаган балдар-кыздардын жашоосуна коркунуч туулбасын! Темирланды бошотуңуз! Ал болгону 22 жашта эле. Сиздин да уулуңуз бар. Темир торго сиз менен кошо отуруп калган ал дагы. Кандай экенин билесиз. Аталыгыңызды ойготуңуз. Аталык сезимди ойготмоюн Журт атасы болуш кыйын! Эски куйруктардан арылыңыз. Душманыңыз да, досторуңуз да эски жүздөр. Арылганга күчүңүз жетээр бекен?

Болгон күч – мыйзамда! Бүгүн сиз тебелей турган болсоңуз, эртең баары тебелейт. Мыйзам чегинен чыкпаңыз. Бизге мыкты үлгү болуңуз! Жаштарды, билимдүүлөрдү жандаңыз башкаларды эмес. Башкалар кара күч бериши мүмкүн, бирок билимдүүлөр караңгы жолуңузга чырак болуп берет! Мыйзамдуу түрдө бекитилсеңиз, баш ийебиз, бирок алдыңызда болуп көрбөгөндөй оор жол турат!

Элдин үмүтүн актасаңыз экен! Окко учкан Үмүтбектей, үмүтүбүз өлбөсүн! Анын өлүмү апрелде окко учкан балдардай текке кетпесинчи?” –– деди Назира Айтбекова.

Садыр Жапаров абактан бошотулган учурда тартылган сүрөт. 06.10.2020.
Садыр Жапаров абактан бошотулган учурда тартылган сүрөт. 06.10.2020.

Коомчулук өкүлдөрү сабырдуулукка чакырууда

“Ушундай оор кырдаалда айдыңдар (интеллектуалдар), калыс аксакалдар өз турумун ачыктабай каякта жүрөт?” деген суроолор коомчулукта көп айтылып келет.

Данакерлик иш-аракетке бел байлаган кадыр-барктуу саясатчылардын арасында мурдагы президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мупрдагы спикерлери Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев жана башкалар болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антонио Гуттериш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү маалымдалды. 9-октябрда Роза Отунбаева “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, “Гуттериш Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалды чукулдан билип, өзүнүн кыргызстандыктарга болгон колдоосун көрсөткүсү келгенин айтты”, - деди. БУУнун Баш катчысы буга чейин БУУ кырдаалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин билдирген болчу.

Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымов 9-октябрда “Фейсбукта” шардана кылган жарыяда “Нарк Ордо Кеңеши” деп аталган өкмөттүк эмес убактылуу коомдук топтун билдирүүсү камтылган.

Нарк Ордо Кеңешинин” билдирүүсүндө мындайча сөздөр бар:

“...Өлкөбүздөгү оор кырдаалды пайдаланып, котур ташын койнуна катып, мамлекеттүүлүгүбүздүн жок болуусун эңсеген ички жана сырткы күчтөрдүн аракетине биргелешип сокку уруп, өлкөбүздү сактап калууга бир муштумдай биригип күрөшөлү! Тазаланууну катуу талап кылган жаштардын аракетин колдойлу. Мамлекетти кыйроо абалынан сактап, мыйзам талаасына түшүүгө чечкиндүү аракет жасап, курч кырдаалдан тез аранын ичинде чыгуу үчүн бардык күчтөрдү акыл-эске чакырабыз! Биздин ар бир кечиккен убактыбыз өлкөбүздү жоготуу коркунучуна түртөт.

Айрым саясий партия лидерлери жаштардын жеңишин уурдоого аракет кылып, кырдаалды түшүнүп-түшүнбөгөн айрым жаштарга жамынып, карөзгөлүк менен кызмат талашып, бүтүндөй мамлекеттик түзүмдүн чакчелекейин чыгарууда. Ар кайсыл мекемелерди, министрликтерди, админстрацияларды бир ууч топ менен барып басып алуу, жетекчилерин алмаштыруу күч алды. Учурда мамлекетти сактап калаар жалгыз илинчээк укуктук талаа болсо, ага да тоскоолдуктар болуп, аны чече турган депутаттар ачык соодалашып, маселенин чечилишин атайылап созуп жатышат. Президент өз ыйгарым укуктарын токтотпой, элинен жашынып майнапсыз кайрылуулары менен алек. Эгемендүү өлкөбүздүн тагдыры менен ойнобогула! Жоопкерчиликтин бардыгы силердин мойнуңарга жүктөлөт!

Өлкөбүз коркунучка кабылганда элдин абийири менен ар-намысы болоор журт жакшылары коңулда жатпай бизге кошулгула. Артында калбыры жоктор, өзгөрүүнү жана өзгөртүүнү каалагандар, айтаарга сөзү, абалдан чыгууга сунушу бар мыктылар үчүн эшигибиз ачык. Биз ушул иш аркылуу жеке мүдөөбүзгө жетели деген арам максатыбыз жок.

Башкы максатыбыз эгемендүү мамлекетибизди сактап калуу! Элибиздин ынтымагын арттырып, ыйманга, абийирге чакыруу! Келгиле биригели!..

Ар бир ыңкылап -- идеялар күрөшүнүн булагы

Соңку күндөрү коомчулук назарына сунушталган айрым идеялар орто кылымдарга чакырган эскичил руху менен айырмаланса, башкалары адамзат цивилизациясынын жетишкендиктерине таянган, өлкөбүздүн көп этностуу, көп партиялуу, демократиячыл өнүгүү жүрүмүн андан ары тереңдетүүгө багытталгандыгы менен айырмаланууда.

Бул идеялар борбор шаарда гана талкууланып чектелбестен, интернеттин жана айкындуулуктун шарапаты менен Кыргыз коомунун бардык катмарларына жетип жатат.

Тынч өтүп жаткан атаандаш митингдин катышуучуларына кол салуу учуру. "Ала-Тоо" аянты. 09.10.2020.
Тынч өтүп жаткан атаандаш митингдин катышуучуларына кол салуу учуру. "Ала-Тоо" аянты. 09.10.2020.

Үмүт ыңкылабынын дагы бир ажырагыс өңүтү –– аң-сезимдеги, ой чабыттагы ыңкылап кыйла убакытты өзүнө камтышы мүмкүн. Бул татаал жүрүм атуулдук коомдун, агартуучулардын жалпы жигердүүлүгүнө багыныңкы.

Ред.

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG