Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Тоталитаризмдин идеологиялык жоокери бул режимге каршы чыкканда


Медеткан Шеримкулов. 15.08.2011.
Медеткан Шеримкулов. 15.08.2011.

Кыргызстандын соңку тарыхын анын инсандарынын ишмердигин таразалоо аркылуу жеңилирээк аңдайбыз. Уламышка калган парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов тууралуу бир-эки ооз сөз.

СССРдеги сталинизмди ашкерелеген Никита Хрущев, Кытайды базар экономикасына, дүйнөгө ачылууга багыттаган Дэн Сяопин –– тоталитардык режимдердин ичинен эле суурулуп чыгышкан жана өз режимин жумшартып-реформалоо үчүн зор салым кошо алышкан.

Биз да советтик Кыргызстандын эң соңку учурларындагы, “Кайра куруулар” доорундагы бабаларыбыздын ар биринин ишмердигин кылдат иликтөөгө тийишпиз.

Бизде да тоталитаризмдин камчысын чабууга милдеттүү болгон кызматта отуруп, бирок анын талуу жерлерине көзү каныгып, удулу келгенде ал системага каршы чыккан нечендеген даңазалуу инсандар болду. Ошондой инсандардын бараандуусу –– Медеткан Шеримкулов агай болду десем жаңылышпайм.

Алгачкы кездешүүм

1989-жылы май айы... Жаш тарыхчылар Кыргызстанда өз уюмубузду түзөлү деп жаткан кезде, ошол мезгилде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеология боюнча катчысы болгон Медеткан агай мени чакырып, “бул уюмду түзбөй эле койбойсуңарбы, жок дегенде күзгө чейин күтпөйсүңөрбү?” деп айтып, айнытууга аракет кылганы эсе.

Ошол кезде ушул агайдан жаман көргөн кишим жок болду десем болот. Биз жумурияттын комсомол жаштарынын “Ленинчил жаш” аттуу кыргызча гезитине “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйыны 1989-жылы 3-июнда болот” деп чакан жарыяны бердик да, ал жарыя гезит аркылуу элге дайын болгон соң, “бул жарыядагы мөөнөттү кыйшаюусуз аткарабыз” деп көжөлүп туруп алдык.

Бул уюштуруу жыйынын эски борбордук аянттагы Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин жыйын залында өткөрдүк (бул уюмдун Маскөөдө жүргөн төрагасы Чыңгыз Айтматов уруксат берди, анын оң колу, акын Асан Жакшылыков ал түгүл синхрондук котормолору бар жабдууларды да бекер сунуштады; мурда жаза жүргөнүбүздөй, жыйынга бийликтер тоскоол түзбөсүн үчүн анын сый коногу катары кыргыз айдыңдарынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбековду чакырдык, ал Кытайдан конокко келген даңазалуу манасчы Жусуп Мамай атабызды да өзү менен кошо ээрчитип келди).

Кыргызстан КП БКнын башка оюндарын айтып отурбайын. Эң башкысы –– бул тымызын эрөөлдө жаш тарыхчылар жеңип чыккан.

Бир аздан кийин “Ашар” уюму расмий түзүлгөн, ага удаа башка да өкмөттүк эмес көз карандысыз уюмдар негизделе берген.

М.Шеримкулов агай "Кайра куруулар" доорунун соңку учурундагы Кыргызстандын Илимдер академиясынын жалпы отурумуна катышканын эскерет. Ал кездеги жаш илимпоз жана демократтардын бири Алмазбек Акматалиев Балтика боюндагы өзгөрүүлөр тууралуу сурап, "ошондой бейрасмий уюмдардын Кыргызстанда уюштурулушуна кандайча карайсыз?" -- деп сурап калат.

"Мен ошондо ага терс карай турганымды, бизде андай нерселер орун албай турганы жөнүндө оюмду айтканымда, отурумга катышып жаткан эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун бир ийини солк эте түштү. Аксакалга сөзүм жакпай калды, туура эмес айтып алдым окшойт", -- деген ой дароо мээме кылт этти", -- деп М.Шеримкулов биз менен маегинде күлүп эскергени бар.

Ошол 1989-жыл жана 1990-жылдын башы –– Медеткан агайдын далай чачын агартса керек. Себеби, бир чети, ал КПССтин ажырагыс бөлүгү болгон Кыргызстан Компартиясынын идеолог катчысы катары жаңы агымдарга каршы турууга тийиш болду; ошол эле маалда, ал өзү да горбачевдук “Кайра куруулар” доорунун реформалык агымынын таасири астында өзүн өзү реформатор катары кайра курушу керек болду.

Дасыккан куракта...

Медеткан Шеримкулов 1939-жылы 17-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Жыламыш айылында (совет доорунда ал “Чапаев айылы” болуп жүрдү) туулган, 1967-жылы КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин кызыл диплом менен аяктаган, андан соң МГУнун философия факультетинде күндүзгү аспирантурада окуган.

Ал "Мамлекеттик машинанын кыйрашы - социалисттик ыңкылаптын жалпы мыйзам ченемдүүлүгү" ("Слом государственной машины -- общая закономерность социалистической революции") деген темадагы кандидаттык диссертациясын марксизм-ленинизм методологиясына негизденип жазган (илимий жетекчиси - армян тектүү профессор Владимир Тигранович Калтакчян эле). 1972-жылы диссертациясын МГУда жактап, философия илимдеринин кандидаты наамын алган.

1989-жылы Медеткан агай 50 жаштын кырында, саясий ишмер катары күлгүн кезинде, тоо томкорчу учурунда эле.

Бул доордо, демек, ал демократтарды, бейрасмий уюмдарды түзгөн "бейбаштарды" ичтен үйрөнүү жана аларга чечкиндүү каршы туруу үчүн КПССтин жетекчилиги ички каналдары аркылуу кеңири тарката алган тонналаган антисоветтик адабиятты деле, анын ичинде тымызын окулушу керек болгон антисоветтик чыгармаларды деле окуса керек деп ойлойм.

Батыштагы бир катар антикоммунист ойчулдардын чыгармалары биздей карапайым окурман кишилерге жетпеген менен, орусча которулуп, "ички колдонуу үчүн" делген шарт менен ошол доордогу идеолог жетекчилерге дайын кылынып турган эмеспи.

“Кайра куруулар” доору, 1988-жылдагы кош тилдүүлүк үчүн күрөш, 1989-жылдагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын долбоорун ийисине жеткирүү, сталинизм доорунда жазыксыз жерден репрессияга учураган бир катар тарыхый инсандарды кайрадан актоо жүрүмү –– ушулардын бардыгы Кыргызстан Компартиясынын идеолог катчысы Медеткан Шеримкуловдун көз алдында эле эмес, түздөн-түз катышуусу астында жүрүп жатты.

Компартия гана эмес, анын Кыргызстандагы идеологу да бара-бара жаңы агымга жеңилип, баш ийип жатты... Бул, албетте, бир өңүттөн карагандагы ой.

Экинчи өңүт –– Медеткан Шеримкуловдун айдыңдык дилгирлиги, улам жаңы нерсени кабыл алууга даярдыгы, анын өзүнүн КПССтин эскичил агымынан реформачыл агымына өтүүгө жеке инсандык батылдыгы менен байланыштуу.

Ошентип, СССРдеги жана Кыргызстандагы коом акырындап Медеткан Шеримкуловдун да көз караштарын өзгөртө берди. Ал социалисттик Куба менен ГДРде гана эмес, капиталисттик Италияда да болгон, бул саякаттар ага дүйнөнү өз алдынча салыштырып кароого кошумча азык берген.

1990-жылдын 25-26-майындагы КДКнын уюштурулушунун идеясына ал деле оболу караманча каршы каршы болду го деп ойлойм. КДКны уюштурган жигердүүлөрдүн бири, ыраматылык Токтобай Мүлкүбатов 24-май күнү аны менен жолугуп, бул блок баары бир түзүлө тургандыгын айткан экен.

25-майда эртең менен КДКнын уюштуруу жыйынына Бишкекте имарат табылбай кала жаздаганда, анда жыйынды ачык асман алдында деле өткөрөбүз деп бийликке сес кылган учурлар эсте...

М.Шеримкуловдун айтымында, КДКнын уюштуруу жыйыны болбой калса чоң чатак чыгаарын сезип, Кыргыз мамлекеттик драма театрынын имаратын берүү тууралуу буйрукту ошол кездеги театр директору А.Керимбаевге өзү берген; ал оппозициялык жыйын үзгүлтүккө учурабасын үчүн өзү да ага катышып, сөз сүйлөгөнүн эскерет.

М.Шеримкуловдун сөзүн КДКчылар жөн гана угушту, ал эми А.Масалиевдин чакыруусу менен Маскөөдөн келген СССР эл депутаты А.Акаев демократиялык блокту түзүүгө каршы маанайда сүйлөй баштаганда, зал кол чаап, айрымдары ышкырып, нааразылык билдирген болчу.

Ошол 1990-жылдагы саясий окуялар тездик менен өнүктү. Ош окуясынан соң, Ошто эле эмес, Бишкекте да убактылуу коменданттык саат киргизилди.

КДКнын 1990-жылдагы октябрда саясий ачкачылык өнөктүгүнүн кырдаалында Жогорку Кеңеште өткөн туңгуч президенттик шайлоо кызуу атаандаштык шартында жүргүзүлүп, ал кездеги Медеткан Шеримкуловдун жетекчиси –– Абсамат Масалиев (Кыргызстан КП БКнын Биринчи катчысы, бир эле учурда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы) шайлоодо өтпөй калды да, жаңы талапкерлер сунушталган акыркы айлампада академик Аскар Акаев президент болуп шайланды (ошол кездеги СССР эл депутаты болгон кыргызстандыктардын ичинен ал кыйла либерал көрүнгөн).

Легендарлуу парламенттин спикери

Айтылуу баатыр чабаныбыз Таштанбек Акматов “Кайра куруулардын” соңку учурларында бир аз убакытка Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы болгон (мамлекеттик тил тууралуу тагдыр чечээр мыйзам анын төрагалыгы маалында кабыл алынган), ал эми жаңы конституциялык өзгөрүүлөргө ылайык, ушул эле кызмат “Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы” деп аталып калып, аны 1990-жылдын 10-апрелинен 10-декабрына чейин Абсамат Масалиев аркалады.

А.Акаевдин президенттикке ант берип жаткан учуру. Анын артында – Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Абсамат Масалиев. 1990-жылдын 27-октябры. “Майдан” эркин гезитинин архивинен.
А.Акаевдин президенттикке ант берип жаткан учуру. Анын артында – Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Абсамат Масалиев. 1990-жылдын 27-октябры. “Майдан” эркин гезитинин архивинен.

Ал эми ошол жылдын 10-декабрынан тартып бул кызматка Медеткан Шеримкулов шайланган. Ошол күндөн тартып ал даңазалуу (“легендарлуу”) парламенттин спикери болуп калды да, совет доорундагы акыркы чакырылыштагы бул Жогорку Кеңеш акаевдик режим тарабынан 1994-жылы күзүндө мыйзамсыз таркатылганга чейин парламентти татыктуу жетектеди.

Кайсы бир деңгээлде өзү каршы турууга тийиш болгон демократиялык өзгөрүүлөр М.Шеримкуловго жумурияттагы эң башкы үч кызматтын бирин жетектөөгө – спикерликке жол ачып берди десек болот.

Бирок ал өзү да, 1988–90-жылдардын ичинде, жаңы өзгөрүүлөргө үндөш кесипкөй жана байистүү реформачы саясатчы катары өсүп чыкты. Даана айтканда, ал өзү да коомдон четте калбай, инсан катары өзүн реформалоого жетишти.

Барскан менен дөшүнүн ортосунда

1990-жылдын 15-декабрында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын эгемендиги (“суверендүүлүгү”) тууралуу тарыхый декларацияны кабыл алып, жумурият аталышынан “советтик” жана “социалистттик” сөздөрүн (Борбордук Азияда биринчи болуп!) алып салганда, бул кадамга шаттангандардын бири –– мурдагы коммунисттик идеолог, салыштырмалуу эгеменчил Медеткан Шеримкулов болуп чыкты. Анын өзү да, албетте, спикер катары, бул декларациянын долбоорун даярдоого катышкан.

Салыштырмалуу атаган себебим, кийинки маектеринде деле ал 1991-жылдын башында СССРден чыгып кетүү тууралуу ою болбогондугун, бирок СССРди реформалоо аркылуу тең ата өлкөлөрдүн ынтымагын түзүүнү жактагандыгын айтып келет.

Ал 1991-жылдын март айындагы референдумда Кыргызстандын калкынын 90 пайыздан ашууну реформаланган СССРди жактаган деген ойду баса айтып келет. Бирок 1995-жылдагы президенттик шайлоодо М.Шеримкуловдун тарапкерлеринин добушу акаевчилердин таламын талашкан БШК тарабынан кандайча уурдалып кетсе, демократтардын добуштары деле Кыргызстандагы референдум маалында КГБнын көзөмөлү астында одоно уурдалгандыгын эске алуу абзелдир.

Медеткан агайдын 1991-жылы “Өмүр көчү” жүрүшүнүн башталышына арналган коомдук жыйындарда КДКнын лидерлеринин жанында трибунада туруп сүйлөгөн жалындуу сөздөрү, 1991-жылы ГКЧП кутуму башталган күнү Кыргызстандын жетекчилигинин ичинен биринчи болуп ГКЧПга каршы саясий билдирүү жасагандыгы тарыхта жазылып калды.

Кыргызстандын президенти С.Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин мурдагы спикери М.Шеримкулов. 20.11.2018.
Кыргызстандын президенти С.Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин мурдагы спикери М.Шеримкулов. 20.11.2018.

Ошол маалда КТРдын (азыркы КТРКнын) сыналгы жаңылыктары кечкурун обого чыгаар эле. КТРдын ал кездеги жетекчиси, КДКчы журналист Сатыбалды Жээнбеков 19-августта түш ченде эле спикер М.Шеримкуловдун ГКЧПга каршы расмий кайрылуусун үналгы (радио) аркылуу калайыкка жар салып маалымдатты.

Ал кездеги Кыргызстандын КГБсынын жетекчиси, генерал Жумабек Асанкулов КТРдын үналгы программасындагы ушул билдирүүдөн кийин спикер М.Шеримкуловго коркутуп-үркүтүп телефон чалган эле.

Анысын М.Шеримкулов Сатыбалды Жээнбековго айтса, ал мындайча тамашалаган экен: “Абактагы темир тордун ары жагында өзүңүз каласыз, тордун бери жагынан биз тамак киргизип турабыз да!”

Бул да символдук көрүнүш. Ошол окуядан эки жыл мурда эле М.Шеримкуловдун саясий туруму Ж.Асанкуловдукунан дээрлик кем калышчу эмес да.

Ошентип, М.Шеримкулов парламент спикери катары эскичил жана кремлчил “кементайды” чечкиндүү жана тайманбастан таштагандыгын азыр баса белгилөө абзел.

Эгерде ГКЧП кутумдук айкашынын натыйжасында эскичил коммунисттер жеңип чыгышкан болсо жана СССР кайрадан тоталитардык системага кайткан болсо, анда М.Шеримкулов абакка, саясий сүргүнгө кетиши же атылышы деле ажеп эмес болчу. Ж.Асанкулов бекеринен ага сес көрсөткөн эмес.

Албетте, эгерде М.Шеримкулов эч бир демилгеси жок, Кремлди гана караган, узак жылдар бою эт менен челдин ортосунда жүрө бергиси келген, өзүмчүл жана мажүрөө саясатчы болуп калса (бир нече ондогон жылдар бою советтик парламенттин "тишсиз" жетекчиси болгон инсандарыбыз белгилүү), анда анын өзү эгеменчилер кыймылынын олуттуу жоосу, эскичил Кремлдин кезектеги желдеттеринин бири болмок.

Бул жаатты баса белгилеп, М.Шеримкулов агайдын мамлекеттик ишмер катары эволюциясы СССРдин мамлекеттик ишмери, б.а. партократ макамынан эгемен Кыргызстандын мамлекеттик ишмери макамына көчүүсү өзүнүн керт-башын тобокелге салуусу менен да, атуулдук эрки менен да, айдыңдык даярдыгы менен да байланыштуу болгонун айта алабыз.

Азыр жазганга оңой, бирок ГКЧПга каршы алгачкы күнү эле батыл кайрылуусу жана башка эгеменчил кадамдары М.Шеримкулов балка менен дөшүнүн ортосунда туруп өзү үчүн кабыл алган чечим, чынында да, жалпы улутубуздун тагдыры үчүн олуттуу кадам болгонун калыс баалашыбыз керек.

Көз карандысыздыкты жана жемкорлукка каршы күрөштү колдоо

1991-жылдын 30-августунда спикер М.Шеримкулов “Ата Бейит” көрүстөнүнүн расмий ачылышында болду жана жалындуу сөз менен чыгып сүйлөдү.

1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумуриятты көз каранды эмес мамлекет катары жарыялаган тарыхый декларацияны тастыктаган кол –– Медеткан Шеримкуловдун колу болду.

Анын колу коюлган парламенттик маанилүү документтердин арасында улуттук герб, улуттук желек, улуттук гимн ж.б. тууралуу мыйзамдар, пост-советтик туңгуч Башмыйзам болду.

1992-жылы 2-июлда легендарлуу парламент кабыл алган "Басма сөз жөнүндө" мыйзам КМШ боюнча өзгөчө либерал документ болуп, Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин кепилдиги болуп калды. Кыргызстанда "Азаттык" үналгысынын берүүлөрү орто толкунда жана ультра-кыска толкунда эркин чыга баштады.

Спикер М.Шеримкулов да эркин басылмалар жана маалымат каражаттары үчүн ар дайым ачык болгондугу эсте. Спикердин медиа тармагын тейлеген бөлүмдөрүндө Эсенбай Нурушев, Надыр Момунов сыяктуу таанымал журналисттер (кийинки "Азаттыкчылар") иштешкен.

Тоолуу Карабак жаатындагы Азербайжан менен Армениянын жаңжалын тынч нукка бурууда Кыргызстандын парламенти данакерлик иш-аракет жасады. Анда да М.Шеримкуловдун жеке салымы болду.

Бул парламенттик чакырылышта күлкүлүү окуялар да орун албай койгон эмес.

Ошол кездеги депутат жана жергиликтүү төбөл болгондордун бири кайсы бир маселе боюнча спикер М.Шеримкуловго кайрылып: "Бул маселени добушка салдырып жатасыз. Сиз бизди алдап кетпейсизби?" -- деп сураганда, жыйын залы кыраан каткыга толгон. "Добушту өзүңүз эркиңиз менен берип жатсаңыз, анан мен кимди алдамак элем", -- деп Медеткан агай күлгөнү да эсте.

Даңазалуу парламент жемкорлукка каршы күрөш баштагандыгы, Жогорку Кеңеште атайын “алтын комиссиясы” түзүлгөндүгү маалым. Жемкорлукка каршы күрөш маалында бир ирет Кыргыз өкмөтүнүн курамы да жаңыртылган.

Менимче, Аскар Акаевдин алгачкы президенттик жылдарында анын авторитардык ыкмага тез арада ооп кетишине жол койбогон негизги фактор –– легендарлуу Жогорку Кеңеш болду. Өзгөчө анын Көзөмөлдөө палатасы аткаруу бийлигинин былыктарын ээн-эркин чубай алган курал болгон (бул жаатта мурдагы депутат, экономист-илимпоз, профессор Кубанычбек Идиновдун эмгектери жарык көргөн).

Албетте, парламенттин бул Көзөмөлдөө палатасынын ишмердигинен да, өзүнө теңата спикерден да президент А.Акаев 1994-жылга карата таптакыр жадап бүтсө керек. Анын үстүнө, 1994-жылдын күзүндө парламент Кум-Төр алтын кенин өздөштүрүү долбоору боюнча президент А.Акаевдин иш-аракетин өзгөчө катаал таразадан өткөрүүгө беленденип жаткан.

Жогорку Кеңешти ичтен иритиш үчүн, албетте, президент А.Акаев бир эле учурда аткаруу бийлигинин бутактарында иштеп, депутаттык мандаттарды ала жүргөн “кол бала” төбөлдөрдү ийкемдүү пайдаланды. Алар атайылап Жогорку Кеңештин отурумуна бойкот кылып, кворумга жеткирбестен, бул тарыхый парламентти жок кылуучулардын “тактекесине” айланышты.

Жогорку Кеңештин 70 жылдык мааракеси маалында. 20.11.2009.
Жогорку Кеңештин 70 жылдык мааракеси маалында. 20.11.2009.

Бир гана белгилечү нерсе –– 1994-жылы күзүндө парламентти сактап калуу күрөшүндө жеңилүү ызасын тартканына карабастан, М.Шеримкулов легендарлуу парламенттин төрагасы катары жүзү жарык кала берди.

Тасма. Медеткан Шеримкулов Абдыкадыр Орозбеков тууралуу. 01.11.2019.

Көп түстүү сүрөткө татыган инсан...

Биз Медеткан Шеримкуловдун спикерликтен кийинки мезгилдеги көп тарамдуу ишмердиги, президенттикке атаандаш талапкер болгондугу, элчилик кызматтарда иштеши, парламент тууралуу докторлук диссертациясын Алматыда ийгиликтүү жактагандыгы, 2000- жана 2005-жылдары депутаттыкка талапкер катары катталуусу маалындагы укуктарынын бузулушу жана башкалар жөнүндө бул жолу кеңири сөз кылып отурбайбыз.

Кийинки учурларда да ал кадырман аксакал катары коомдук жыйындарга жигердүү катышып, айрым саясий абактагылардын тагдыры жана таламдары тууралуу калыс сөздөрүн айтып, ошондой эле, эгемен Кыргызстандын саясат таануу илимине да үзүрдүү салым кошуп келет.

Медеткан Шеримкулов агайдын ишмердиги жана инсандык бейнеси тууралуу ар тараптуу изилдөөлөр жүргүзүлөт деп ишенем. Калыс сөз да айтылаар, бир беткей мактоо же каралоо, сындоо учурлары да болуп калышы ажеп эмес. Ошондой ар кыл көз караштардын көп түстүү кубулжуган чөйрөсүнөн чыныгы сүрөт шекилдене берет эмеспи.

Бир өңүт ар дайым унутта калбас –– Медеткан Шеримкулов агай тоталитардык системадан парламенттик демократияга карай жолду чапкандардын алдыңкы сабында көрүнгөн айдың жана коомдук ишмер катары өзүн далилдей алды. Эми ал бийликтен кеткен ардагер саясатчы кандай болушу керектигин да өз өрнөгү менен айгинелетүүдө.

XS
SM
MD
LG