Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:19

Сөөгү Москвада калган кыргыз генералы


Генерал Жумабек Асанкулов. Архивдик сүрөт.

ХХ кылымдын экинчи жарымында, ХХI кылымдын биринчи он жылдыгында кыргыз тарыхында генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов деген ысым бар. Ал сейрек, жашыруун кесипти аркалаган, советтик чалгын кызматынын өкүлү болгон. Борбор Азиядагы түпкүлүктүү улуттун арасынан биринчи жолу 40 жашында генерал-майор даражасын алып, Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетин эки жолу башкарган.

Генерал көзү тирүү болгондо былтыр 90 жашка толмок. Тилекке каршы, кыргыз бийлиги, коомчулугу да аны эстеген жок. Эң өкүнүчтүүсү - айтылуу генералдын сөөгү чет жерде, Москвада калды. Деги генерал Жумабек Асанкулов деген ким эле?

Биз билген Асанкулов

Жумабек Асанкулов 1927-жылы Чүй өрөөнүнүн Кепер-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуштун оор учуруна туш келип, жокчулуктун далай азабын тартып чоңойгон. 19 жашында советтик коопсуздук кызматына кабыл алынып, катардагы кызматкерден тармактын бардык тепкичтерин басып өтүп, республикалык деңгээлде жетекчи болуп, бүткүл өмүрүн ошол тармакка арнаган адам. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тапшырмасы менен бир нече чет өлкөлөргө чалгынга чыгып, өкмөттүн берилген тапшырмасын так, убагында жана ийгиликтүү аткарганын укканым бар. Ал кыргыз чекисттеринин ичинен биринчи болуп "СССРдин мамлекеттик коопсуздугунун ардактуу кызматкери" деген наам алган.

Кремлдин укуругу узун, камчысы катуу болуп турган 1960-70-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетин он жыл башкарган соң саясий оюндардын кесепетинен улам аны төрагалык кызматтан кетирип, Москвага «сүргүнгө» айдашат. Ж. Асанкулов 11 жыл СССР Мамлекеттик коопсуздук комититетинин окуу жайында атайын курстун жетекчиси болуп иштесе да, Кыргызстанга каалаган убакта келе алган эмес.​

Жумабек Асанкулов.
Жумабек Асанкулов.

Совет өлкөсүн жетектөөгө Горбачев келип, «кайра куруу» саясаты жүрүп жатканда Ж. Асанкулов 1989-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагалыгына кайра дайындалат. Ал кызматка келгенде улутчулдук маселеси боюнча кыргыз интеллигенциясына каршы ачылган ондогон “кыңыр иштер” токтотулганы белгилүү. Генерал Асанкулов 1990-жылдагы Ош жаңжалын басууга да зор салымын кошкон. Совет заманынын акыркы жылдарында пайда болгон Кыргызстан демократиялык кыймылынын аракеттерине саясий, моралдык колдоо көрсөткөнүн билем. Улуу Үркүндүн 75 жылдыгына арналган "Өмүр көчү" акциясын өткөрүүгө да өзүнүн колдоосун көрсөткөнүн сезгенбиз. Асанкулов эгемендүү Кыргызстандын Коргоо министрлигинде Аскердик чалгындоо башкармалыгынын пайдубалын түптөгөнүн сыймыктануу менен айтсак болот.

Асанкулов СССРдин жетекчилигинен төрт орден жана 17 медаль менен сыйланган. 9 жолу СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Акаев президент болуп турганда Ж. Асанкулов генерал-лейтенант наамын алат. 2009-жылы 82 жашында узак оорудан кийин Москва шаарында каза болгон. Жумабек Асанкулович жубайы Сонунбүбү экөө эки уул, бир кызды тарбиялашкан.

Мен уккан Асанкулов

1986-жылы мен Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө студент элем. “Кайра куруу” деген саясаттын желаргысы сого баштаган убак. Ошол жылдын декабрь айынын орто ченинде Казакстандын ошол мезгилдеги биринчи жетекчиси Динмухамед Кунаевди Москвадан келген Колбинге алмаштырганда ага каршы Алматыда казак жаштарынын толкуну чыккан. Аягы тополоң-тозго айланганда бийлик аларды армиянын күчү менен басып, атканын атып, калганын чилдей кууп таратып, “ээн ооз сүйлөгөндөрдү” тыйган эле.

Ошол окуянын кабары Кыргызстанга жеткенде Бишкектеги студенттер толкуп, казак жаштарына туугандык, тилектештик сезимибизди билдирген элек. Алардын арасында биздин курстун балдары да бар эле. КГБ деген кеңсенин жигиттери келип, “улутчул маанайды тараткандыгы үчүн” бир топ агай-эжелерди, студенттерди такалап, айрымдарын жумуштан айдап, Компартиянын катарынан чыгарып, окуудан айдап тынышкан. Мына ошондо социалисттик бийлик системасындагы КГБнын күчүн сезгем.

Ошол окуялардын капшабында жүрүп биринчи жолу "Жумабек Асанкулов деген КГБнын биринчи кыргыз генералы бар, Москвада атайын кызматтын академиясында иштейт" деп уккам. Өлкөнү титиретип турган мамлекеттик органда бийик даражадагы кыргыз бар экендигине ичимен сыймыктанып тим болгом. Ошол ошо болду.

Мен көргөн Асанкулов

“Кайра куруу” кадимкидей күч алып, бороону буюктуруп турган мезгил. Кыргызстандагы бейформал уюмдар чыгып, улуттук маселелер ачык эле кабыргасынан коюла баштаган эле. Байма-бай тигил же бул уюмдун акциялары боло турган. Үй-жайсыз жаштардын өкмөткө “жер бергиле, өзүбүз үй куруп алабыз” деген талабы курч айтыла баштаган.

1990-жылдын январь айынын аягында “Бишкекте Азербайжандан качкан армяндарга кыргыз өкмөтү жер берет имиш” деген маалымат желдей тараганда ага ачууланган кыргыз жаштары, көпчүлүгү биз - студенттер -кечинде азыркы "Ак үйдүн" алдына митингге чыкканбыз. Бул митинг Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн саясий акция болгон эле. “Армяндарга жер берет экен” деген чын-бышыгы жок маалыматка ишенип, жаштардын ачууланып көчөгө чыкканы өкмөттү, шаар бийлигин өзгөчө чочуткан эле. Ошондо эл алдына келген “чоңдордун” арасында генерал Жумабек Асанкулов да келгенин айтышты. “Штатский” кийинген шыңга бойлуу, орто жаштан өтүп калган чекист агабыз жаштардын алдында сүйлөгөн эмес, алардын аракетине сырттан олуттуу көз салып турганын байкаган элем. Атын алыстан угуп жүргөн генералды биринчи жолу ошондо көрдүм.

Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) Бишкектеги митинги. 1991-жыл. Архивдик сүрөт.
Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) Бишкектеги митинги. 1991-жыл. Архивдик сүрөт.

Ошол акциянын негизги катышуучулары студенттер болгондуктан эртеси азыркы Улуттук университеттин чоң залында студенттер менен өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Алардын арасында кечээ түндө көргөн Жумабек Асанкулов генерал-майор формасы менен келип, президиумда отурганын көрдүм. Баары чыгып сүйлөштү, “дежур агайлар, студенттер” көчөгө чыккандарды “бузукулар”, “провакоторлор” катары сыпатташты.

Бардык сөздүн төркүнү буулуккан жаштардын толкунун токтотууга багытталды. Ошондо генерал Жумабек Асанкулов да чыгып сүйлөп: “Армян качкындары Бишкекке келишкен жок. Келбеген адамдарга кантип жер, үй берилет?” - деп чогулган жаштарды ынандырууга аракет кылды эле, залдагылар чуулдап, сөзүнүн аягына чыгарышпады. Нааразы болгон жаштардын бир топ өкүлдөрү да чыгып сүйлөдүк. Кайсы жүйөгө таянганымды билбейм, ачуум менен, эмоцияга алдырган тейде: “Урматтуу генерал, калп айтып жатасыз, погонуңуз менен сөзүңүз дал келбейт. Урматтуу жаштар, өкмөт өкүлдөрүнүн сөзүнө ишенбегиле!” деп салганым эсимде.

Чогулуштан чыксам жакын агаларым, агайларым: “Эми өлдүң, КГБнын генералына эмнеге, кайсы арыңа асылдың?” деп тилдешти. “Бүгүн жатаканага барбай, башка жакка түнө” деп акыл айткандары болду. Алардын сөзүн угуп, ал түндү орустардын батирде жашаган курсташ балдардын үйүндө өткөрдүм... Ошондон кийин генералды көрбөдүм.

Мен жолуккан Асанкулов

1991-жылы 19-августа Москвада СССРдин вице-президенти Г. Янаев баштаган бир катар жетекчилер “СССРдин президенти М. Горбачев ооруп, милдетин аткара албай калды, ошондуктан 9 кишиден турган Өзгөчө кырдаалдагы мамлекет комитети (ГКЧП) түзүлдү, эми алар өлкөнү башкарат” деп жар салышып, путч уюштурушкан. Бардык союздук республикаларды ал комитетке баш ийүүнү талап кылышкан.

Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов “ГКЧПга” каршы позициясын билдирип чыгышкан. "Кыргызстан компартиясынын жетекчиси Жумгалбек Аманбаев жана Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Жумабек Асанкулов “төңкөрүшчүлөрдү” колдошту" деп маалымат таратышты. Ошонун айынан көп өтпөй генерал Асанкуловду кызматтан алып тынышты.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мен ал кезде “Асаба” гезитинде кабарчы болуп иштеп жаткам. Күз айлары болсо керек, бир күнү Жумабек Асанкулович редакциядагы кабинетке кирип келди. Мындан 4-5 ай мурдагы баягы генералдын сүрү жок, бир аз шапая түшкөнү байкалды. Көпкө сүйлөштүк. Ал учурдагы бийлик аны бир жактуу каралап жатканын, кечээги эле жакшы санаалаш болуп жүргөндөр, президенттик администрацияда, өкмөттө отурган көп аткаминерлер жүзүн үйрүп, сүйлөшүүдөн качып жатканын айтып отурду. Мен гезитке интервью берүүнү сунуш кылдым, ал макул болду. Өзү да редакцияга ошол максатта келсе керек деп ойлойм. Анткени ал учурда “Асаба” гезити коомдогу болуп жаткан окуяларды, ар кыл пикирлерди, көз караштарды ачык жазып турган чагы эле. Мен башкы редакторубуз Мелис Эшимкановго интервью тууралуу айтсам, макул болду.

Интервью чыккандан кийин Жумабек Асанкулович мага тез-тез эле телефон чала турган болду. Аркы-берки маселелерди талкуулап калчубуз. Азыр ойлосом үйдө жатып эригет окшойт, сүйлөшкөнгө куштар эле, көңүлүн жубатканга аракет кылчумун. Кээде көчөдөн жолугуп, Эркиндик бульварында ары-бери көп бастык. Бир күнү үйүнө да чакырды. Байбичесине тамак жасатып коюп, өмүрүнүн урунттуу учурларынан чечилип сүйлөп берип отурду. Бармактайынан жокчулуктун азабын көп тартканын, совет заманындагы генералдык бийик даражага өзүнүн карандай эмгеги, аракети, коммунисттик бийликке берилип кызмат кылганы үчүн жеткенин айтты эле.

Генерал ал кездеги СССРдин КГБсынын жетекчиси Ю. Андропов менен жеке жакшы мамилеси болгонун уккам. 1958-жылы Сауд Арабиясына биринчи ажылыкка барган кыргызстандыктардын катарында атайын кызматтын тапшырмасы менен барганын айтканы эсимде. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бир нече жашыруун операцияларга катышканын божурады эле.

Мен ошондо баягы университеттин залында генералга катуу тийген сөзүм үчүн кеч болсо да кечирим сурадым. ”Кечирдим, ал сөздү айтууга кайра куруу саясаты шарт түзүп жатканын ошондо эле туура түшүнгөм, эгер мурдагы заман болгондо сага башкача чара көрүлмөк” деп күлүп койгону азыр да көз алдымда турат. “Бийлик адамына сөз тийгизди деген шылтоо менен түрмөгө камап да коймок” деп мыйзамдык талапты айткан. Азыр ал окуяны эстесем генерал Асанкулов ошол позициясы, мамилеси менен Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон экен деп түшүнөм.

Кыргыздын чыгаан уулу, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов менин эсимде ушундай бойдон калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG