Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Бишкек: Ордо шаардын тарыхый атын калыбына келтирген элдик толкун


Бишкек баатырдын айкелинин долбоору.

Кыргызстандын борборунун кайрадан “Бишкек” деп аталгандыгы да өз маалындагы чоң жеңиш болгон.

Эгерде СССРдеги “Кайра куруулар” дооруна чейин укукчу, профессор Кубанычбек Нурбеков (1928--1985) сыяктуу саналуу кишилер гана “Кыргызстан Советтер Биримдигинин курамынан чыгууга укуктуу” деген ойлорун айта алса, 1985-жылдан тартып кыргыз айдыңдарынын арасында өткөн мураска астейдил мамиле кылган, мурдагы эгемен доорлордун баатырларын эскерген маанай күч ала баштаган.

Дал ошол кезеңде жазыксыз куугунтукталган жана цензуранын айынан ысымы “өчүрүлгөн” тарыхый инсандарды эскерүү далаалаты күч алат. Тээ Теңир-Тоо койнундагы калайык Казыбек казалчынын, Боогачынын чыгармаларын оозеки же жазма түрүндө тымызын сактагандай эле, окумуштуулар менен жазуучулардын арасында да Молдо Нияздын, Осмонаалы Сыдык уулунун, Эшенаалы Арабай уулунун, Белек Солтоноевдин мурастарын элге кайра кайтаруу далаалаттары башталды.

Дал ошол агым тээ 1980-жылдардын этегинде Кыргызстандын ордо шаарынын тарыхый аталышы Бишкек болгондугу тууралуу бүтүм чыгарган тарыхчылардын, адабиятчылардын, географтардын, топонимисттердин жана жалпы эле айдыңдардын (интеллектуалдардын) кубаттуу кыймылын пайда кылды.

Кокон доорундагы арап арибиндеги орток чагатай жазма булактарда “Фишкек” деген аталыш да учурайт. Бул сөз – кыргызча “Бишкек” сөзүнүн арап арибиндеги орток жазма адабияттагы таасын чагылдырылышы болуп саналат. Мында биринчи муундагы арапча “фа” (ف) тамгасын кайсы-бир түрк калктары “п” деп же “б” деп окуй берген.

Эсиңиздердедир, ал түгүл совет доорунда болшевиктер тарабынан шаар аталышы катары таңууланган “Фрунзе” географиялык аталышын деле 1920––30-жылдары кээ бир арап жана латын жазмаларындагы кыргызча китептерде “Боронзо”, же “Прунза” түрүндө жазышкан. (Арапча “фатиха” сөзүн уйгурлар “пәтихе”, өзбектер “фатиха”, кыргыздар “бата” деп айткандай эле кеп).

Эң башкысы – орток чагатай адабиятында бул топонимдеги экинчи муун “кек” деп айдан ачык жазылган (Биш-КЕК), демек, “Бишпек” же “Биспек” деген варианттардын экинчи муунун кыргыз тилиндеги нукура “Бишкек” сөзүнүн орус жана казак адабиятындагы бурмалаган ката айтылыш деп гана белгилөө абзел.

Бул “Бишкек” деген терминди байыркы согду же чыгыш ирандык сөздөргө жармаштырып чечмелөө да майнапсыз (мындай аракеттер азыр деле учурап калып жүрөт, ал пикирлер жөнүндө "Фейсбук" жарыясына шилтеме аркылуу толугураак тааныша аласыздар), анткени ушул эле чөлкөмдөгү Кара-Балта, Сокулук, Күн-Туу, Токмок сыяктуу кыргыз тилинин негизинде чечмеленген географиялык аталыштарды да эске алуу абзел.

1989––90-жылдары, совет доорунун акыркы мезгилинде эле, кыргызстандык географтар Садыбакас Өмүрзаков (1921--2002), Саламат Аламанов, Темиркул Эшенкулов, тарыхчылар Субакун Бегалиев, Нарынбек Алымкулов, Кыяс Молдокасымов, жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов, Асанбек Стамов, ж.б. инсандар тарыхый аталышты калыбына келтирүү жаатында өз жүйөлөрүн айтып чыгышты.

Ал кездеги жаш тарыхчы, аспирант Кыяс Молдокасымов XIX кылымдагы орус окумуштуусу Николай Пантусовдун (1849––1909) сейрек маалыматын ошол 1990-жылдагы коомдук талкуу маалында калайыкка жарыялады.

Н.Пантусовдун маалыматынан улам, падышалык доордогу (XIX кылымдагы) орус адабиятындагы “Пишкек” топониминин жергиликтүү калк ичиндеги аталышы “Бишкек” болгону, аны чүйлүк кыргыздар Бишкек деген ысымдуу тарыхый инсандын ысымы менен байланыштырышканы айгинеленет.

Н.Пантусовдун азыркы уу-дуу талаш-тартыштар менен эч алакасы жок эмеспи. Кыргыз санжырасында, чагатай жазма адабиятында эскерилген “Бишкек” аталышы, ошентип, падышалык орусиялык оторчулук адабиятта да –– демек, үчүнчү булакта –– тастыкталып отурат.

Ыраматылык тарыхчы, доцент Бейше Урстанбеков (1938--1991) агай менен ушул саптардын ээси тарабынан жазылып, 1989-жылы “Кыргыз ССР энциклопедиясынын” Башкы редакциясы тарабынан басмага терүүгө берилген, 1990-жылы жарык көргөн “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” деген эмгекте XIX кылымдын 20-жылдары кокондук Бишкек чеби курулганы, анын аталышын кийинчерээк орус оторчулары “Пишпек” деп которуп жазып алганы белгиленет. (Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. –– 144-бет).

Ал кездеги Кыргызстан Жаш тарыхчылар жамаатынын (КЖТЖ) атынан Маскөөгө Субакун Бегалиев менен Нарынбек Алымкулов жиберилип, алар 1990-жылы ар кыл архивдерде иштешип, “Фрунзе” аталышы кыргызстандыктарга жогортодон (сталиндик режим тарабынан) таңууланганын далилдешти.

КЖТЖнын 1989––91-жылдардагы илимий жыйындарында, жер-суу аталыштарына арналган тармактар аралык комиссиянын талкууларында бул жана башка табылгалар байма-бай ортого салынып келди. КДК жана анын курамындагы уюмдардын, парламенттик комиссиянын талкуулары да ордо шаар аталышын “Бишкек” деп өзгөртүү маселесине арналып жатты.

Орусиянын демократиялык коомчулугу, академик Дмитрий Сергеевич Лихачев сыяктуу айдыңдар кыргыз коомчулугунун “Фрунзе” аталышын четке кагып, борбор шаарга тарыхый аталышты кайтарып берүү демилгесин жандуу колдогонун да ыраазылык менен эскерүүбүз абзел.

Айдыңдарды КДКчы саясатчылар (Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, Жыпар Жекше, Кадыр Матказиев, ж.б.), ошол кездеги президент Аскар Акаев, ошол кездеги Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Медеткан Шеримкулов, адабиятчы, програссивдүү канаттын өкүлү болгон депутат Абдыганы Эркебаев, ж.б. саясий жана коомдук ишмерлер да колдоого алышты.

Жалпысынан, руху ойгонгон кыргыз коомчулугунун кубаттуу толкуну эгемендикке карай багыт алып жаткан Кыргыз жумуриятынын ордо шаарынын тарыхый аталышын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүндүк жаратты.

Дагы эске алчу жагдай, 1990-жылы 15-декабрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өзгөчө олуттуу документти –– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларацияны кабыл алып, Кыргызстан өз аталышынан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүн алып салган жана өзүн эгемен өлкө катары жарыялаган.

Дал ошол документтин зор маанисин эч унутпашыбыз абзел (СССРдин курамынан биротоло чыга электе эле, Кыргызстан өзүн конфедерациянын курамындагы эгемен жумурият санап калган).

Ал окуядан көп узабай эле, даңазалуу Жогорку Кеңештин ушул тайманбас курамы 1991-жылдын 5-февралында дагы бир тарыхый чечим кабыл алып, “Фрунзе” аталышын жокко чыгарып, анын ордуна борбор шаарга “Бишкек” тарыхый аталышын кайтарган.

Демек, мында Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана колдоп добуш берген депутаттарынын да эрдиги бар. Ушул чечим кабыл алынаарда Жогорку Кеңештин депутаттары окумуштуулар менен да байма-бай баарлашкан (ошол жолугушууга ушул саптардын ээси да жаш окумуштуу катары катыщкан).

Кыргыз парламентинин 1991-жылдын 5-февралындагы тарыхый чечими эл эрки менен эсептешүүнүн дагы бир өрнөгү болуп калды.

Кайра кыскача кайталап өтсөк, 1990-жылдын этегинде Кыргызстан эгемендик тууралуу декларацияны кабыл алганын, өзүнүн расмий аталышынан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүн алып салганын, көп партиялуу нукка багыт алганын, андан көп узабай жумурияттын ордосунун “Бишкек” деген тарыхый аталышын калыбына келтиргендигин –– Кыргызстандагы улуттук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын жаңыча бекемдөөдөгү кезектеги орчун кадам катары аңдоо абзел.

Андан кийин, 1991-жылы июлда тээ 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана ал басылгандан кийинки Улуу Үркүндүн 75 жылдыгына арналган “Өмүр көчү” коомдук жүрүшү уюштурулду (аны кыргыз бийликтери башынан аягына чейин колдоп, логистикалык шарттарды да жаратууга кол кабыш кылды), 1991-жылы 30-августта “Ата-Бейит” көрүстөнү расмий ачылып, 1930-жылдарда сталиндик жазалоолор маалында набыт болгон ата-бабалар эскерилди. Ошонун эртеси эле, 31-августта, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумуриятты көз каранды эмес мамлекет катары биротоло жарыялады.

Тагдыр ушул экен, Бишкек баатырдын айкели мына быйыл гана борбор шаарда тургузулган жатат. Буга да шүгүр дейли.

Курманжан датканын айкели, Бишкек ш.
Курманжан датканын айкели, Бишкек ш.

Бишкектеги Манастын, Ормон хандын, Курманжан датканын, Оштогу Манастын, Барсбектин, Нарындагы Тайлак баатырдын жана башка тарыхый инсандардын айкелдери сыяктуу эле, бул айкел да эгемендиктин символу болуп калмакчы.

Бирок эң башкысы –– Кыргызстандын борбор шаарынын “Бишкек” деген тарыхый аталышынын 1991-жылы 5-февралда калыбына келтиришинин өзү 1990––91-жылдардагы эгемендик үчүн күрөштүн чечүүчү мезгилинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG