Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:03

1990-жылдын 1-майы: Көк желектүү демонстрация


Антикоммунисттик карикатуралардын бири. “Майдан” гезити.

1990-жылы 1-майда ал кездеги советтик Кыргызстандын борборунда мурда түшкө кирбес окуя болду. Коммунисттик демонстранттарга удаа эле “Ала-Тоо” аянтынан демократтардын тобу параддан өттү... 30 жыл илгерки унутулгус демонстрация тууралуу тарыхчынын блогу.

Биринчи май майрамынын шаанисин Кыргызстанда улуу муундагылар азыр да бала чагынын алтын кези менен байланыштырып эстеп келишет.

Мындан 80 жыл илгери, 1940-жылы 1-май күнү да Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында шаан-шөкөттүү парад уюштурулган экен.

Тасма. Кыргыз мамлекеттик архивинин кино, фотодокументтер казынасынан алган даректүү тасма. 24kg кабар агенттиги.

Кыргыз тилинде латын арибинде жазылган текст:

BIRINCI MAJ. FRUNZE ŞAARЬ | 1940

Sovettik Qьrƣьzstan №3, 1940 çьl.

Montaƶ çana sьjomkasь - Alim Raximovduqu

Yn operatoru - I.I. Lixarev

Muzьkalaştьrƣan - I.I. Milincuk-Volьnskij

Taşkenttik kinoxronika studijasьnьn cьƣarmasь.

Birinci maj. Frunze şaarь.

Frunze şaarьnьn emgekcileri eldin uluu majramьn quʙanьctuu tosuştu.

Çumuşcu-Dьjqan Qьzьl Armijasьnьn ʙөlyktөrynyn saltanattuu paradь menen majram ʙaştaldь.

Quʙanьctuu ʙaldar ajantqa çьq toluştu.

60 miꞑ emgekciler partijaƣa çana elderdin Uluu çolʙaşcьsь çoldoş Stalinge ceksiz ʙerilgendigin çana syjgөndygyn kөrsөtyşty.

Kyygym kirgenge cejin Qaraçьƣactьn icende kөꞑyl acuu sozula ʙerdi.

(Ушул шилтемени да караңыз).

Бирок бул күн бир кездери жана азыр дагы эмгекчилердин жана карапайым калайыктын демократиячыл укуктары үчүн күрөш менен байланышкандыгын тарыхтан окуп гана билдик...

Алматыдагы нааразылык демонстрация. Казакстан. 2019-жылдын 1-майы.
Алматыдагы нааразылык демонстрация. Казакстан. 2019-жылдын 1-майы.

Менин эсимде калганы –– Теңир-Тоо койнундагы айылыбызда кинотеатр, балмуздак жок эле. Адатта 1-майда күн чайыттай ачылып, берекелүү болуп турчу.

Анан орусча “экскурсия” деген сөздүн жандырмагын турмушта чеччүбүз. Ата-энебизден алган 50 тыйынга (айрымдары 25 эле тыйын алса, кээлери Лениндин сүрөтү тартылган 1 сомдук күмүш жалатылгандай чоң тыйын алчу). Анан чогултуп, эсептемей...

Бул чоң акчага ирис, таттуу токоч, эгерде дүкөнгө түшүп калса –– лимонад, анан, албетте, “кильки” аталган консерва алчубуз. Дүйнөбүз толуп эле калчу... Айрымдарыбыз үйдөн казанга же тандырга жапкан нан, сонун ачытылган жарма алып алчу.

Анан кыштактын жогору жагын көздөй өрдөмөй... Кыштак чакан кезинде Эчки-Башы өзөнүн өрдөп, жалгыз терекке чейин барып, ошол жерде селкинчек тээп ойнодук. Мугалим агай-эжейлер да чогуу ойношту (көрсө, алар ара-чолодо бизди кокустукка учурабасын деп көзөмөлдөшчү да тура!)

Кийинчерээк, өзүбүздү “чоңойдук” деп санап калган чакта, жалгыз терек айылдын эле учунда экенин туйдук. Анан чоң балдар-кыздардын жолоюн жолдоп, “Мазар” деп аталган, четинде дүпүйгөн караган, талдар өскөн кооз жерди көздөй самсычу элек... Мазар аталган даракта чүпүрөктөр байланчу. Далай улан-кыздар шерттешип, өз тилегин билдирип, кол жоолуктун четинен айрылган чүпүрөктөрдү байлашты го, чиркин!

Бул –– саясатчы Эмилбек Каптагаевдин кызыктуу эскерүүсү. Менин айылымдан айырмаланып, Ысык-Көлдөгү айылдарда балмуздак да жешчү экен... Бизде балмуздак –– айылдан Нарын шаарына конокко барган балдардын гана чоң утушу болчу.

1-майды, кийин, жогорку класста Нарын шаарында, андан соң, студент кезде борбор шаарбыз Бишкекте да парадда басып өткөрө баштадым.

Айрым бишкектиктер (көбүнесе, чоңдордун балдары) мурда эле жадашса керек, негедир парадга келбей коюшчу. Жатаканада жашаган биздей студенттер –– бир жерде катталуу, оңой табылчу; эгерде парадга барбай коюшса, алар жатаканадан чыгарылып, оңой жазаланчу. Сөзсүз түрдө транспарантты көтөрмөй, кайра ташып алып келип, сактоочу жайга тапшырмай... Кээде колонналарды күтүп, бир жерде кезээрип тура бересиң...

Албетте, майрамдык шаани бардык түйшүктөрдү жеңип кетчү. Анекдоттор айтылат. Брежнев, Чапаев жана Петька (кээде Анькасы да кошулат), чукча, Штирлиц, ж.б. темалар ирээтсиз эле кете берет. Айрымдары акырын ырдашат, кээде жетекчи айткан сөздөн кийин “Май! Тынчтык!” Эмгек!” деп хор менен орусча кыйкырып коймой...

Албетте, тарыхчы катары деле билебиз, бул майрамды өткөрүү үчүн бир кезде жумушчулар, социал-демократтар кадимкисиндей күрөш жүргүзүшкөн; кээде “маевканы” токой ичинде жашыруун уюштурушкан.

Ал эми “пролетариат диктатурасы орноду” деп саналган мамлекетте, албетте, идеологиялык жана саясий орчун окуя катары бул майрамды шаан-шөкөт менен уюштуруп калышкан...

30 жыл илгерки демонстрация...

Кыргызстан “Кайра куруулар” тилкесине СССРдин Балтика боюндагы, Украина, европалык Орусия аймагындагы калайыгынан кечирээк кирди. Латвия Элдик майданы (Latvijas Tautas fronte, LTF), Эстония Элдик майданы (Eestimaa Rahvarinne), Литвадагы “Саюдис” – “Кыймыл” (Lietuvos Sąjūdis) блогу жана башка уюмдар демократиячыл саясий талаптарды байма-бай көтөрө башташты.

Ал жактарда демократия, либералдаштыруу үчүн күрөш ошол 1986-жылдан тартып курчуса, Кыргызстанда 1987-жылдын акырынан, өзгөчө алганда, 1988-жылы “кош тилдүүлүк” күрөшүнөн улам демократиялык күрөштүн желаргысы пайда болгон.

"Демократиялык Орусия" ("Демократическая Россия") блогун колдогон демонстрация. Маскөө шаары, 22.2.1990.
"Демократиялык Орусия" ("Демократическая Россия") блогун колдогон демонстрация. Маскөө шаары, 22.2.1990.

1989-жылы “Ашар” козголушу жана башка үй куруучулар кыймылына катышкан бейрасмий уюмдар түзүлдү. Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты, “Мемориал” уюмунун Бишкектеги бөлүмү, ж.б. уюмдар козу карындай удаалаш өсүп чыкты. Маскөөдө кыргыз студенттеринин “Акыйкат” уюму, Ленинградда кыргызстандыктардын “Ак кеме” уюму негизделип, ар бири өз алдынча иш жүргүзүп келишкен.

1989-жылы декабрда жана 1990-жылы январда “Ашардын” Жыпар Жекше сыяктуу айрым жетекчилери кысымга алына баштаганда, Кыргызстандын борборунда январда эки ирет жана февралдын башында бир ирет уруксатсыз демократиячыл митингдер болду.

Анан Кыргызстан КП Борбордук комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиев менен 1990-жылдын 18-февралындагы интеллектуалдык кайым айтышуулар орун алган коомдук жыйын өткөрүлдү (ал жыйын азыркы Адилеттик министрлигинин имаратында өттү).

Кыргыз коомчулугунун КПССтин бир катар саясатына каршы талаптарын А.Масалиевге ачык маалым кылган бул коомдук жыйынды уюштуруу тобунун төрагасы –– Райымбек Апсаматов агай болчу, мен –– төраганын орун басары болгон элем. Таалайбек Абдыкасымов, Чапырашты Базарбаев ж.б. мүчөлөр бар болчу. Ал эми жыйынга келген Кыргызстандын илимдер академиясынан (Темиркул Эшенкулов, Эмилбек Каптагаев, Бекболот Талгарбеков ж.б.), ЖОЖдордон, жумушчу жана инженер жаштардан, б.а. ар кыл коомдук катмарлардан демократиячыл маанайдагы өкүлдөргө тиешелүү талаптар жана сунуштар менен ирээттүү чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Абсамат Масалиев жыйындын төрагалыгын тартып алаарда, жаштар кыйкырып чыгып, бул жыйында чыгып сүйлөөлөр биз алдын-ала даярдаган тизме боюнча кетти. Үйү жоктор, батир берүүдөгү адилетсиздик, жумушсуздук, кыргыз тилинин жана мектебинин көйгөйлөрү, элет маселелери, агартуу тармагындагы көйгөйлөр талкууга алынып, андан тышкары бейрасмий коомдук уюмдарга иштөөгө уруксат кылуу сыяктуу көйгөйлөр да козголду.

Кийинки айдан тартып А.Масалиев мындай форматтагы жолугушууларга келбей, убадасын аткарбай койду.

Дал ошол март–апрелде Бишкекте бири-бирин билбеген топтордун бир нече тымызын чогулуштары удаалаш өткөрүлүп жатты.

Ошондой топтордун бирине мен да катышып калдым. Бул топтогулар “Асаба” коомдук кыймылын түзүштү (төрагасы –– Кадыр Матказиев).

Бул уюмдун алгачкы саясий иш-чарасы катары 1990-жылы 1-майда коммунисттик демонстрацияга атаандаш демократтардын тынч демонстрациясын уюштуруу сунушталды.

Ошол 1990-жылдын 1-майында күн демейдегидей ачык болду. Биз оболу “Миң түркүн” дүкөнүнүн жанында чогулдук. Башка шаардыктардын аңырайып караганы эле –– колубуздагы кызыл эмес, көк түстөгү транспаранттар. Көпчүлүгү – кыргызча, айрымдары атайылап орус тилинде жазылган.

Желегибиздин көк түсүн жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” романына шыктанып, таасирленип тандаган элек (1992-жылы мартта аз жерден бул түс улуттук туубуздун түсү болуп кала жаздады, анан Казакстан бул түстү алып кетти. Албетте, азыркы туубуздун түсү деле мага жагат; тек гана оюмду кошумчалап коюп жатам).

Биздин колонна Бишкектеги Ленин (азыркы Чүй) көчөсү аркылуу чыгыштан батышка жылып, “Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүнө жете келгенде, алдыбыздан милициячылар тизилип калышты. Аларды Абдыбек Суталинов агай жетектеп жаткан.Ал рация аркылуу кимдир-бирөөлөр менен сүйлөшүп жатты. Биз көксөгөн“Ала-Тоо” аянтына дагы бир чакырымдай бар... Милиция оң жана сол жактан Совет (азыркы Ж.Абдыракманов) көчөсү менен келген коммунисттик ураандары бар колонналарга жол берип жатты да, бизди бир кыйлага чейин эч жылдырбай койду.

Ара-чолодо тамашалашып, андан тышкары “Жашасын демократия!”, “Жашасын көп партиялуулук” деп кыйкырып коюп турдук. Арабызда лидерибиз Кадыр Матказиев, ошондой эле Райымбек Апсаматов, Бакыт Өмүралиев, Чапырашты Базарбаев, Таалайбек Абдыкасымов, экономист Бекболот Талгарбеков, окутуучулар Топчубек Тургуналиев, Камиля Кененбаева, журналист Мелис Эшимканов, мыкты окуган тарыхчы студенттер Арслан Капай уулу Койчиев, Салайдин Эралиев, ж.б. бар эле...

(Айрым замандаштарыбыз “мен дагы бар болчумун!” деп үн кошоор деп үмүт кылам).

Кээде ойлоп калам: ошондо бизди тороп калган милициячылардын ичинен бизди колдогондор деле болгон чыгаар?

Маселен, кийин милициянын полковниги болгон Виктор Черноморец 1991-жылы июлда “Өмүр көчү” жүрүшүнө биз менен кошо жөө-жалаңдап басып, Балыкчыга жеткени, ал түгүл бут кийими тешилгени маалым.

А.Суталинов деле кийин демократтардын катарын толуктап, ички иштер министри кызматына чейин жетти го? (Бирок конституциялык соттун төрайымынын орун басары катары ал киши да президент А.Акаевдин башмыйзамды тебелешине көз жумду мамиле кылгандардан болду).

Айтор, А. Суталинов акыры кимдир-бирөөдөн уруксат алды да, милициячылар биздин жолубузду бошотушту. Тизилип алып, “Ала-Тоо” аянтынан “демократия” деп ураан чакырган бойдон өтүп кеттик.

“Кимдир-бирөө” дегенибиз ошол кезде Бишкек ички иштер башкармалыгын да жетектеген, жумурияттын Ички иштер министринин орун басары Феликс Кулов экен. Ал эми Ф.Кулов нааразылык жыйынды кысымга албастан, бул коомдук иш-чарага бут тоспоого ал кездеги жетекчиликти чакыргандыгы, акыры бийликтегилер оппозициялык колоннага Ала-Тоо аянтынан өтүүгө жол берели деп чечишкендиги кийинчерээк маалым болду.

Кызык, көк түстөгү кездемеге “Жашасын демократия!” деп жазылган бир ураанды ошол жылы май айында Бишкектеги орус тилдүү гезит ак-кара түстөгү сүрөт кылып чыгарып, “демократия” сөзүн монтаждап (ретуш ыкмасы менен) өчүрүп, башка сөзгө алмаштырып салгандыгы да өзүнчө цензура тарыхынын окуясы болуп калды окшойт!

Ошол кезде кыргызча чыга баштаган “Фрунзе шамы” гезити болсо демократ демонстранттар тууралуу так жана калыс кабар жарыялаган (гезиттин тайманбас редактору –– Мелис Айдаркулов агабыз болчу).

КДКчылар Балтика боюндагы өлкөлөрдүн демократиячыл багытын колдоп митинг өткөрүштү. Бишкек. 21.1.1991.
КДКчылар Балтика боюндагы өлкөлөрдүн демократиячыл багытын колдоп митинг өткөрүштү. Бишкек. 21.1.1991.

Биздин атаандаш колоннабыз шаттанып, агылып Тоголок Молдо көчөсүн карай жыла берди да, “Ала-Тоо” аянтында В.Лениндин айкелинин алдындагы салтанаттуу төр жайда ыраматылык Абсамат Масалиев бизди тигиле карап кала берди...

Жаштык максималдуулук менен аралаш өткөрүлгөн бул тынч демонстрация өлкөбүздө көп партиялуулук үчүн күрөш курчуй тургандыгын билдирген “бороон кабарчысы” болуп калды окшойт...

“КДК” аттуу демократиячыл саясий майдан (блок) ошол атаандаш параддан 25 күндөн кийин гана негизделген. (КДКнын алгачкы беш теңтөрагасынын бири – “Асаба” кыймылынын лидери Кадыр Матказиев болгон; калгандары –– Казат Акматов, Жыпар Жекше, Топчубек Тургуналиев, Ош шаарынан –– Төлөн Дыйканбаев эле).

Андан бери 30 жылдын жүзү болду...

Көп партиялуулук сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө түзүлүшү зарыл экендигин азыр деле баамдай элекпиз.

Өзүн социалист же демократ деп атап алган партиялардын лидерлери көбүрөөк добушту камсыз кылуу үчүн саясат менен эч иши жок байларды топтоп алып, андай байлар өз партиялык лидерин түрмөгө каматкан мамлекет башчысына кошоматка кой сойгон кезеңдер, либералмын деген партия коммунисттик лидерди өз курамында депутаттыкка шайлаткан учурлар, мурдагы оппозиция кезинде саясий өнөктөштөрүн бийликке келгенде унутуп калган “жаңы бай” лидерлер, платформалары бири-биринен көчүрүлгөн сыяктанган, айрым ойлору коёндой окшош болгон саясий партиялардын биринен улам башкасына (кээде мурдагысынын мүчөлүгүнөн чыкпай туруп) көчө качкандар –– бүгүнкүнүн демейдеги көрүнүштөрү.

Антикоммунисттик карикатуралардын бири. КДКнын “Майдан” гезити.
Антикоммунисттик карикатуралардын бири. КДКнын “Майдан” гезити.

Бирок ошол 30 жыл илгерки 1-майдагы демонстрациянын тилеги мыкты болчу, ага да акырындап жетишебиз деп ишенем. Кантсе да, баары бир Кыргызстан Борбордук Азиядагы башка пост-советтик жумурияттардан демократиялаштыруу жагынан ат чабымдай алдыда турат, анын үстүнө кылым башынан бери эки элдик ыңкылап уюштурган чоң тажрыйбасы бар эмеспи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (32)

XS
SM
MD
LG