Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Лондондогу жыйын: Качкындар, Евробиримдик жана демократия чакырыгы


Лондон жыйынында расизм, исламофобия жана антисемитизмге каршы ураандар да чакырылды. 09.12.2018.
Лондон жыйынында расизм, исламофобия жана антисемитизмге каршы ураандар да чакырылды. 09.12.2018.

Ар кандай жыйындарды (митинг, жүрүш, ж.б.) коомдук тынчтыкка залака тийгизет деп дүңүнөн сындагандар аз эмес. Бирок расисттик, шовинисттик жана ашкере улутчул күчтөрдү айыптаган, качкындарга жана мигранттарга кайрымдуу болууну жана адилеттикти талап кылган жыйындарга кандай мамиле кылуу керек?

Дүйнөлөшүү жүрүмү курч алып жаткан чакта деле ар бир өлкө өзүнүн ички түйшүгү менен алектенбей койо албайт эмеспи.

Өткөн жылдын соңунда Улуу Британиянын борбору Лондон шаарына Би-Би-Си Кыргыз кызматынын чакыруусу менен капысынан барып калдым.

«Кемеден дароо оюн-шоокко туш келгендей» эле, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын жаңы имаратына жете берээрде бир чоң демонстрацияга кабылдым. Бул күн – бештин айынын (декабрдын) 9у эле.

Кыйкырык-сүрөөн угулган жактан «кулак-мээ тынч жакка» качып кетүүгө деле болмок. Бирок мени мегафондон улам жаңырган ураандар, бул ураандарды коштогон кыйкырыктар ого бетер арбап алды. Ошол ураандар жаңырган тарапка бастым.

Жүрүшчүлөр Вестминстер университетинин жанынан өтүүдө. Лондон. 09.12.2018.
Жүрүшчүлөр Вестминстер университетинин жанынан өтүүдө. Лондон. 09.12.2018.

Жолдо көчө кайтарып атчан жана жөө полициячылар жайнап турганын көрдүм.

Уу-дуу болгон көчөгө жакындаганда алдымдан бир полициячы чыкты.

Адатта, авторитардык өлкөлөрдө полиция (милиция же аларга таламдаш «ак шапкечендер», «ОБОНдор» ж.б.) жолду бууп, бул «чуулгандуу» көчөгө калайыкты жибербей коюуга тырышат эмеспи.

«Эми мени качан «Артка тарт!» деп кыйкырып, жолумду тороор экен?» деген күдүк ой көөдөнүмдү ээлеп алды.

Лондондогу атчан жана жөө полициячылар. 09.12.2018.
Лондондогу атчан жана жөө полициячылар. 09.12.2018.

Жакындай бергенимде тиги полициячы мага жылмайды да, жол бошотуп, четке чыга берди.

Өт-т-тө таң калычтуу!

Тээ илгери, 1990-жылдын январында, февралында жана 1-май күнү демократиячыл ураандар менен чыккан демонстранттарды тоскон советтик милиция, 2002-жылы 17-18-мартта Аксыда тынч жыйылгандарга ок аткан кыргыз милициясы, 2005-жылы май айында коңшу Анжыяндагы котологон калайыктын жазаланышы, 2010-жылы экинчи ыңкылап маалында Ала-Тоо аянтында жазыксыз окко учкандар сыяктуу окуялар эске түшпөй койбойт экен!

Бул жерде – таптакыр башка көрүнүш.

Атчан полициячыларга да көз чаптырдым. Эч бири жыйылгандарга опурулуп, камчы кесеп, ызырынган жок. Тескерисинче, атчан полициячылар коомдук жыйындын тынч өтүшүнө кошумча кепилдик жараткан күч болуп улам жаңы көчөгө жүрүш үчүн жол ачып бара жатышты.

Четте улам жаңы кишилер транспаранттарын жазып, алиги жүрүшкө кошулуп кетип жатышты.

Лондондогу демократиячыл жыйынга улам көп киши келип кошулуп жатты. 09.12.2018.
Лондондогу демократиячыл жыйынга улам көп киши келип кошулуп жатты. 09.12.2018.

Катарда бара жаткандар ар кыл улуттун, ар башка расанын өкүлдөрү экендиги дароо көзгө чалдыкты.

Британ коомунун бардык эле катмарлары демократияны, сабырдуулукту жактай бербейт. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, алардын арасында деле сырттан келген качкындарга, мигранттарга, алардын диний айырмачылыгына кыргый кабак менен караган (маселен, кээ бир террорчулардын айынан жалпы мусулмандарды жектеген) топтор деле жок эмес.

Дал ошондой сабырсыз топтордун өкүлдөрү Улуу Британиянын Европа Биримдигиндеги мүчөлүктөн чыгып кетишин («Брекзит») самаган саясий күчтөрдү өзгөчө жактап чыгышкан жана азыр да ушул мүдөөнү туура деп эсептешет.

Айтмакчы, 2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан саал гана көбүрөөк бөлүгү өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусун жактап добуш берген. Эми Улуу Британия 2019-жылдын 29-мартында Евробиримдиктеги мүчөлүгүн толук токтотушу ыктымал.

Фашизмге каршы жана башка ураандар. Лондон. 09.12.2018.
Фашизмге каршы жана башка ураандар. Лондон. 09.12.2018.

Европа Биримдигинен чыгууну көксөгөндөрдүн айрым топтору өз тарабына коомдун саясий жактан сабатсызыраак катмарын тартуу үчүн ар кандай ушак-айыңдарды жана башка жалган кептерди таркатышканы эми ачык айтылууда.

Маселен, ошондой айың кептердин биринде «эгерде Евробиримдиктен чыга турган болсок, анда Евробиримдиктеги "жанбакты" мамлекеттерди багуу үчүн бөөдө жерден ысырапталып жаткан британдык акча каражаты Улуу Британиянын саламаттык сактоо корлоруна бөлүнүп, өз алдынча денибиз сак, май көл – сүт көл болуп жашайбыз» деген жоромол камтылган.

Башка да күлкүлүү жоромол кептер расачыл, улутчул жана «чоочун өлкөлөрдөн келгендерге» карата сабырсыз мамиле кылган катмарлардын бүйүрүн кызыткан талкууларды жараткан жана алардын 2016-жылкы референдумда ич ара биригүүсүнө түрткү болгон.

Биз күбө болгон 2018-жылдын 9-декабрындагы коомдук жыйын жана жүрүш дал ошондой маанайдагы саясий күчтөрдү терең айыптап, андан тышкары Улуу Британиянын бийликтерин Европа Биримдигиндеги мүчөлүктөн баш тартпоого чакырык жасады.

Лондондогу антирасисттик жыйындан бир көрүнүш. 09.12.2018.
Лондондогу антирасисттик жыйындан бир көрүнүш. 09.12.2018.

Азыр деле бул мамлекетте Евробиримдикке мүчөлүк маселесинде калайык бир нече топко (негизинен үчкө) жиктелип келет. Бир даары Улуу Британия падышалыгы Евробиримдикте мүчө бойдон кала бериши керек деп талап кылышса (өзгөчө, Түндүк Ирландия жана Шотландия сыяктуу аймактарда жана Лондондо ушундай маанай күч), ал эми башкалары Евробиримдиктен эч шартсыз жана биротоло чыгууну каалайт. Үчүнчү топ болсо азыркы өкмөт башчысы Тереза Мэй айымдын турумун колдоп, Түндүк Ирландияга айрым бажы жана чек ара жаатындагы өзгөчө шарттарды түзүү сыяктуу кадамдарга баруу менен Европа Биримдигинен жумшагыраак чыгууну эп көрүшөт.

Быйыл март айынын соңуна чейин Улуу Британияда дагы бир референдум болобу, же ансыз эле бул мамлекеттин Евробиримдикке мүчөлүгүнүн тагдыры чечилчү башка кадамдар жасалабы, көрө жатарбыз.

Мен үчүн кызыктуу жагдай – Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мэй айым «Брекзитти» колдоп, бар аргасы менен парламентти жана коомду өз тарабына тартууга далалат кылып жаткан чакта, анын саясатына жана өлкөдөгү ашынган улутчулдардын жана мигранттарга карата сабырсыз мамиледе болгон айрым күчтөрдүн турумуна каршы кубаттуу демонстрациялар ээн-эркин, эч кандай тоскоолдуксуз уюштурулуп жатканы болду.

2019-жылдын 7-январында Бишкекте «мыйзамсыз кытайлык мигранттарга каршы» делген ураан менен бир коомдук жыйын уюштурулганы, нааразылык жыйындын катышуучулары КТРКнын имаратына чейин жүрүш кылганы эсибизде.

Бул эки тынч жыйындын максаттары асман менен жердей.

Ушул тапта Улуу Британияда аздыр-көптүр кыргыз мигранттары иштеп, окуп, жашап келет. Балким, 9-декабрдагы лондондук жыйынга андагы кыргыздар деле катышпаса керек, бирок бул жыйын «Тумандуу Албиондогу» (байыркы грек булактарында Британ аралы “Албион” аталган) кыргыздардын жана башка чет элдик келгиндердин коопсуздугу жана бакубаттыгы үчүн кызмат кылды десек жаңылышпаспыз.

Ал эми “мыйзамсыз мигранттар каптап кетишти” деп Кыргызстандын борборунда көчөгө чыгышкандар, бир чети, чек ара жана миграцияны жөндөө кызматтарын так иштөөгө, жемкорлуктан алыс болууга чакырса (мындай чакырыкта эч өөн жок), экинчи чети, ошол эле учурда “дурус көрүнгөн пардага” жамынып алып, коомду сабырсыздыкка, ашкере улутчулдукка, туруксуздукка кептей турган, коңшулар менен достук карым-катнашка кедерги болчу күчтөрдүн тегирменине суу да бурду.

Кытайда Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу жана анын чегинен тышкары бир нече кыргыз автоном айыл-кыштактары бар. Ансыз да Шинжаң Уйгур автоном чөлкөмүндө "кайра тарбиялоо жайларына" жазыксыз жерден кыргыздар жана башка майда этностордун өкүлдөрү абактагыдай кармалууда деген тынчсыздануулар күчөп жаткан маалда мындай жоромолго гана таянган популисттик жыйындар коңшу чөлкөмдөгү кырдаалды ого бетер курчутууга түрткү болушу ыктымал.

Эгерде мен британ атуулу же туруктуу тургуну болгон болсом, албетте, 9-декабрдагы Лондондогу жыйынга өзүм да жан дилим менен катышмакмын. Бишкекте деле ушундай сабырдуулукка жана этностор аралык ынтымакка чакырган демократиячыл маанайдагы жыйындарды колдоор элем. Ал эми журт бузаар жыйындардын уюштуруучуларын ачык айыптоодон качпашыбыз керек.

Айтмакчы, 1993-жылы көз карандысыз журналист катары саясаттан оолактап кеткенге чейин “Кыргызстан” Демократиялык кыймылынын, - б.а. КДКнын, - ушундай демократиячыл маанайдагы коомдук жыйындарына жигердүү катышканымды эч танбайм.

Баса белгилесек, КДК кыймылы жалаң гана кыргыздардан турган эмес. Арабызда Наталья Аблова, Виктор Черноморец сыяктуу башка этностордун өкүлдөрү да арбын болгон. Азыр да кыргызстандык демократиячыл күчтөр ар башка этностордон, ар башка динге ишенген топтордон, ар башка расадан куралган.

(Лондондогу ар кыл этностордун өкүлдөрү чогулган коомдук жыйындан кийинки ойлор).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG