Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Мигранттын көзүнөн учкан Лондон


Ла-Манш каналы аркылуу желим кайык менен Англияга бет алган мигранттар. Кале шаары. 4-август, 2018-жыл.
Ла-Манш каналы аркылуу желим кайык менен Англияга бет алган мигранттар. Кале шаары. 4-август, 2018-жыл.

Ла-Манш каналы аркылуу желим кайыктар менен Франциядан Англияны көздөй багыт алган мигранттардын саны кескин көбөйдү. Соңку бир ай ичинде 200дөн ашуун адам өмүрүн тобокелге салып каналды кесип өтүүгө аракет жасашкан.

Бахадор келинчеги жана эки баласы менен Франциянын Кале шаарында адам чыдагыс шарттарда күн көрүп жатышат. Алар үч жыл мурда Ирандан качып келишкен. Бахадор христиан динин тутканы үчүн мекенинде куугунтукка кабылганын айтат.

Француз бийлиги мигранттар отурукташкан лагерлерди утур жок кылып, тазалаганына карабастан мындай жайлар кайра эле пайда болот. Азыр Бахадордун үй-бүлөсүн кошкондо бул жерде алты жүздөй мигрант бар. Алардын бардыгы Британияга өтүп кетүүнү көздөшөт.

“Биз аябай кыйналып жатабыз бул жерде. Абдан суук. Балам кечке ыйлайт”,-дейт 38 жаштагы Бахадор көзүнө жаш алып.

Каледеги мигранттар. 24-декабрь, 2015-жыл.
Каледеги мигранттар. 24-декабрь, 2015-жыл.

Жакынкы Чыгыш жана Африка мамлекеттеринен Францияга жетип алган Бахадор сыяктуу мигранттар жакшы жашоо издеп андан ары Британияга өтүү үчүн өмүрүн тобокелге салганга да даяр. Быйыл ноябрь айынан бери эле 220 адам эки мамлекет ортосундагы Ла-Манш же англис каналын желим кайыктар менен кесип, Англияга өтүп кетүүгө аракет кылышты. Каналда суунун агымы аябай катуу болгондуктан, эки өлкө бийликтери өз өмүрүн коркунучка кептеп Британияга өтүп кетүүгө аракет кылган мигранттарга каршы күрөштү күчөтүп жатышат.

Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастнер “Твиттердеги” баракчасына “Эки мамлекет тең өз өмүрүн коркунучка салып, каналды кесип өткөн мыйзамсыз мигранттарга каршы аракеттерди күчөтүүнү биргеликте координациялап жатышат” деп жазды.

Француз флотунун өкүлдөрү жээктеги көзөмөлдү күчөтүп, бир нече жолу каналдан мигранттарды куткарып чыгышты. Анткен менен мигранттардан акча алып, аларды канал аркылуу өткөрүүгө милдеттенме алган адамдар акырында балыкчылардын кайыктарын уурдап өтүү ыкмасын да өздөштүрүшкөн.

51 жаштагы Паскаль Деборгерди ноябрь айында жээкти көзөмөлдөгөн полиция ойготуп, анын кайыгы британ жээгинен табылганын айтышкан. Көрсө, анын да кайыгын уурдап, 17 адам каналдан өтүп кетишкен экен.

- Кайыгым керектен чыгыптыр. Терезелери сынып, кыймылдаткычы иштебей калыптыр. Албетте бул жаман, анткени мен ушуну менен жан багам, биздин жашообузга да кедергисин тийгизип жатышат. Бирок мигранттар да жыргаганынан келип жатышкан жок да. Эгер биздин жерибизде согуш болуп, үй-бүлөбүздү сакташ керек болсо эмне кылмак элек? Биз деле алар жасаганды кылмакпыз.

30-декабрда Англиянын түштүк-чыгыш жээгинен, Ла-Манш каналын кесип өтүп Франция тараптан барган Ирандын алты жараны табылды. Британ Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ирандыктар каналды желим кайык менен кесип өтүшкөн. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин иммиграциялык уюмдарга жөнөтүлүштү.

Каледеги "Жунгли" деп аталган бозгундардын лагери 2016-жылы жок кылынган. 26-октябрь, 2016-жыл.
Каледеги "Жунгли" деп аталган бозгундардын лагери 2016-жылы жок кылынган. 26-октябрь, 2016-жыл.

Канал аркылуу Британияга өтүүгө аракет кылган мигранттардын санынын көбөйүшүн айрымдар ноябрь айында түшкөн сууктан көрүшсө, башкалары Брекзит маселеси менен байланыштырып жатышат. Алардын жүйөсүндө эгер Британия Евробиримдиктен бөлүнсө иммиграциялык саясатын катаалдаштырып, мигранттар "өтө албай калабыз" деген кооптонуудан улам өмүрлөрүн тобокелге салып жатышат.

Анткен менен Франциянын Па-де-Кале аймагынын коопсуздук кызматынын өкүлү Фабьен Судри AFP агенттигине курган маегинде буга Кале лагеринде соңку кездери ирандык мигранттардын көбөйүшү түрткү болду деген пикирде. Анын айтымында, ирандыктар Африкадан же Жакынкы Чыгыштан барган мигранттарга салыштырмалуу акчалуу болушат. Мындан улам адам аткезчилиги менен алектенгендер аларды Брекзит же башка маселелер менен коркутуп, жолго чыгууга үндөшөт да акыркы акчасын тартып алышат.

Учурда Каледеги лагерде 600дөй адам бар. Эки жыл мурда бул жерде 10 миңге жакын мигрант топтолгондо, француз бийлиги лагерди жок кылууга аргасыз болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG