Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:54

Eвробиримдикте миграция көйгөйү курчуду


Испаниянын түштүгүндөгү портко келген мигранттар. 26-июнь, 2018-жыл.

Брюсселде Евробиримдиктин кезектеги саммити өтүп жатат. Анын күн тартибиндеги маселелердин эң талаштуусу жана оору – миграция.

Биримдиктин тышкы чек араларына жана өлкөлөрүнө мыйзамсыз келген мигранттардын саны 2015-жылдагы кризиске салыштырмалуу кыйла азайды.

Бирок мурда келип башпаанек сурагандар менен жаңы келгендерди бөлүштүрүп, алардын каржылык чыгымын көтөрүү маселесинде мунаса табылбай жатат. Мындан улам мыйзамсыз миграция агымын шаркеттин сыртынан токтотуу аргасы изделе баштагандай.

Евробиримдиктин бул жолку эки күндүк саммитин утурлай миграция проблемасы боюнча пикир келишпестиктердин улана бериши буга чейин эле тереңдеп кеткен ажырымды дагы бекемдеп, шериктештикке коркунуч жаратарын каңкуулаган эскертүүлөр лидерлердин бир нечеси тараптан айтылды.

Биримдиктин мигранттарды эң көп батырган өлкөсү - Германиянын канцлери Ангела Меркел, маселен, Брюссель саммитинин жуп алдында парламентте сүйлөп, кырдаалды мындайча мүнөздөдү:

Ангела Меркел
Ангела Меркел

- Европанын көйгөйү жетиштүү, бирок миграция алардын эң орчундуусу болуп турат. Биз муну же жөнгө сала алабыз, же бизди кубаттуу кылган баалуулуктардын системасына мындан ары эч ким ишенбейт. Иштин маңызы мына ушунда. Эки нерсе эске алынуусу керек. Биринчиден, арыз берген же Европадан жөлөк издеген адам башпаанек алгысы келген өлкөнү тандай албайт. Экинчиден, биз мигранттар алгач келип түшкөн мамлекеттерди таштап коё албайбыз. Мунасаны мына ушул маселелерде табуу керек. Мыйзамсыз миграцияны кыскартып, адам аткезчилигин токтотуу маанилүү экенине Европада баары макул. Бирок бул үчүн биз юридикалык макулдашууга кайрылуубуз абзел.

Буга чейин миграция саясатында кыйла либерал турумду карманып келген канцлер азыр өлкө ичинде башкаруучу коалиция боюнча өнөктөш партиянын кысымына кабылууда.

Немис ички иштер министри, Христиан социалдык союз партиясынын лидери Хорст Зееховер Меркелден ушул айдын аягына чейин Германиядан башпаанек сурагандардын санын азайтуучу багытка өтүүнү талап кылып, болбосо алар башкаруучу коалициядан чыгарын эскерткен.

Европа кеңешинин президенти Дональд Туск болсо Брюссель саммити алдында шаркеттин лидерлерине убакыт “өтө аздыгын” эске салып, үч нерсени макулдашууну сунуш кылды.

Алардын биринчиси деңизден куткарылгандарды алып барып, алардын арасынан чыныгы качкындар менен экономикалык мигранттарды ажыратуучу жайларды Европанын сыртында уюштуруу.

Экинчиси - мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн өзүнчө бюджет түзүү. Үчүнчүсү - мыйзамсыз мигранттар чыккан жана транзит катары өткөн мамлекеттер менен кызматташтыкты күчөтүү.

ЕБдин Брюсселдеги саммити. 28-июнь, 2018-жыл.
ЕБдин Брюсселдеги саммити. 28-июнь, 2018-жыл.

Түндүк Африкалыктар эң көп келип түшкөн Италиянын улутчул партиялардан куралган азыркы өкмөтү акыркы эки жумада гуманитардык уюмдардын деңизден куткарылган мигранттарды салган кеминде эки кемесин өз портторуна киргизбей койду.

Расмий Рим ага катар Евробиримдикте баш паанек издеп келгендерди кабыл алуунун каржылык жүгүн тең бөлүшүүгө, миграциялык саясатка “радикалдык өзгөртүү” киргизүүгө чакырууда:

Жузеппе Конте
Жузеппе Конте

- Италия Европа кеңешине өз сунуштары менен келди. Биз аларды абдан жөндүү деп санайбыз. Анткени, алар Евробиримдик таянган принциптерге шайкеш келет. Биз буга чейинки сөздөр ишке ашат деп үмүттөнөбүз. Италия, мындан ары сөзгө жана билдирүүлөргө муктаж эмес, бизге конкреттүү аракеттер керек, - деди Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте 28-июнда Брюсселге барганда.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин ишениминде, быйыл Италияга деңиз аркылуу келген мигранттар саны былтыркыга салыштырмалуу 80% жакын азайгандыктан, кырдаалды азыр “дүрбөлөңгө түшпөстөн” эле жөнгө салууга болот.

Талдоочулар мунун аргасы мигранттар менен качкындардын өзүн же аларды кабыл алуунун чыгымын тең бөлүшүүдө жатарын айтышат.

Бирок өткөн апта соңунда миграция боюнча атайын кичи саммитке Вышеград тобуна кирген төрт өлкө: Польша, Словакия, Чехия, Венгрия барбай коюшкан.

Алар мигранттарды квотага ылайык бөлүүгө, алардын чыгымын “тең көтөрүүгө” каршы.

Мальтанын портуна жеткирилген мигранттар. 27-июнь, 2018-жыл.
Мальтанын портуна жеткирилген мигранттар. 27-июнь, 2018-жыл.

Миграция боюнча Эл аралык уюмдун эсебинде, Евробиримдикке 2015-жылы 1,000,573 (бир миллион беш жүз жетимиш үч) мигрант келсе, 3735и деңизге чөккөн.

2016-жылы ЕБдин тышкы чек арасына Жер ортолук деңизи аркылуу 363 504 мигрант жетип, дагы 5143 деңизде чөгүп өлсө, 2017-жылы алардын саны 171, 635ке түшкөн, 3116сы деңизде каза тапкан. Быйыл болсо 6-июнга чейин 33 миң 400 мигрант келип, 785и деңизде мерт болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG