Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Качкындардын кемесин Испания кабыл алат


"Акваруис" кемесиндеги мигранттар. 10-июнь, 2018-жыл. Жер Ортолук деңиз.
"Акваруис" кемесиндеги мигранттар. 10-июнь, 2018-жыл. Жер Ортолук деңиз.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес деңизде калган мигранттарды кабыл алууга макул болду. Анын кеңсеси тараткан билдирүүдө Валенсия шаарынын порту 600дөн ашуун мигранты бар кемени кабыл алууга даяр экени жазылган.

“Гуманитардык катастрофаны болтурбай, мигранттарды коопсуз жайга жайгаштыруу - биздин адам укуктары жаатындагы милдетибиз”, - деп жазылат Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин администрациясы тараткан билдирүүдө. Санчес өкмөт башына бир жума мурда келген.

Ливиядан Европага жол тартып, сууда чөгүп кете жаздаган мигранттарды 9-июнда “Чек арасыз дарыгерлер” жана "SOS Mediterranee" уюмдарына таандык “Аквариус” деген кеме куткарып калган. Мальта менен Италия бири-бирине түртмөлөгөн кемеде 629 мигрант бар, алардын арасында коштоочусу жок, жашы жете элек 123 бала, 11 ымыркай жана жети кош бойлуу аял да бар экени маалым болду.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун дарыгерлери мигранттарга тийиштүү жардам көрсөтүп, тамак-аш менен камсыз кылып жатышат. Борттогу уюмдун координатору Алоис Вилмар азырынча кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

- Бизде суу, тамак-аш жетиштүү. Эки-үч күнгө жетет. Бирок кемеде отурарга орун жок, жык-жыйма. Качкындар абдан чарчап-чаалыгып турушат. Көбүнүн алы жок. Ошондуктан эртерээк бул маселени чечип, алар эс алганга шарт түзүп бериш керек.

Куткаруучу кеменин бортундагы мигранттар. 10-июнь, 2018-жыл.
Куткаруучу кеменин бортундагы мигранттар. 10-июнь, 2018-жыл.

​Ашынган оңчулдардан турган “Лига” партиясынын лидери, жакында эле Ички иштер министрлигинин башына келген Маттео Сальвини “Фейсбуктагы” баракчасына бул жолу анын өлкөсү мигранттарга “жок” деген жооп кайтарарын жазды.

“Деңизде адамдардын жанын сактап калуу - бул милдет. Бирок биз Италияны качкындардын эң ири лагерине айланта албайбыз. Италия буга чейин баш ийип, баарына макул болуп келди. Бирок бул жолу “жок” дейт” - деп жазды.

Министр Сальвини кемени Мальта кабыл албаса, ал орто жолдо калган качкындар үчүн өз өлкөсүндөгү бардык портторду жабарын эскерткен. Мальта болсо качкындарды кабыл алуудан баш тарткан. Өлкөнүн бийлиги куткаруу операциясы Италия өкмөтү менен макулдашылганын жүйө келтирип, ошондуктан аларды Рим кабыл алууга милдеттүү экенин билдирген.

Мальта буга чейин деле чакан куткаруучу кемелерди кабыл алып келбесе, чоңдорунан такай эле баш тартчу. Жарым миллиондой калкы бар чакан мамлекет качкындардын саны өз калкынан ашып кеткенин жүйө кылып келет.

“Лига” кыймылынын депутаты Никола Молтени бул үчүн Евробиримдикти күнөөлөдү:

- Биз Евробиримдиктин лидерлерине так билдирүүбүздү жеткиргибиз келет. Же мигранттарга башка порттор да ачылыш керек - мен Барселона, Марсель, Мальта тууралуу айтып жатам - же бул карама-каршылык улана берет.

Еврокомиссия тараптарды тез арада бул маселелерди чечүүгө чакырды. Уюмдун басма сөз катчысы Маргарит Шинас эл аралык укук мыйзамдарына ылайык, издеп-куткаруу операциясын тескеген мамлекет - бул ирет Италия - кемени кайда барарын аныкташы керек экенин билдирди.

- Биз тараптарды тезирээк чечим кабыл алууга чакырабыз. “Аквариустун” ичиндегилер кемеден коопсуз жайларга көчүрүлүшү керек.

Дүйшөмбүдө Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги маселени чечүүгө чакырды. “Кемедегилер оор абалда, аларга жеткирилген азык-түлүк түгөнүп баратат, алар тез жардамга муктаж. Жалпы маселе үчүн ким жооптуу экендиги жана мамлекеттердин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүү маселелери кийин каралышы керек”, - деп билдирди Женевадан Жер ортолук деңиз боюнча уюмдун атайын өкүлү Винсент Кочел.

Италия 2014-жылдан бери деңиз аркылуу келген 600 миңдей мигрантты кабыл алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG