Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Гамбургда качкындарды окуткан кыргыз кыздары


Салтанат Кырбашева менен Мээрим Каныбек кызы.
Салтанат Кырбашева менен Мээрим Каныбек кызы.

Жакынкы Чыгыштан, Африкадан Европага журт которгон качкындардын мүшкүлүн көпчүлүк укса керек. Дал ушул качкындарга көмөк көрсөткөн кыргызстандыктар да бар. Журтташтарыбыз Салтанат Кырбашева жана Мээрим Каныбек кызы Германиянын Гамбург шаарында качкын жеткинчектер менен иштешет.

Салтанат социалдык педагог, ал эми Мээрим качкын балдарга немис тилин үйрөтөт. Кыргызстандык кыздар ата-энесиз бөтөн жерде жалгыз калган балдар менен иштешүү кыйын экенин жашырышпайт.

Качкын жеткинчектердин Европага көнүшүнө көмөк көрсөткөн Мээрим менен Салтанат Германияда жети-сегиз жылдан бери жашайт. Алар Кыргызстандан "AU Pair" программасы аркылуу Гамбург шаарына иштегени келишкен. Алгач жергиликтүү немис үй-бүлөлөрүндө бала багып эмгектенишсе, кийинчерээк бул жакта билим алууну улантыш үчүн университетке тапшырышкан.

Окуусун эки жыл мурда аяктаган Салтанат учурда социалдык педагог катары качкын балдар менен иштеп жатат:

- Эки жылдан бери социалдык педагог болуп өкмөттүк уюмда иштейм. Биз 16-21 жашка чейинки качкын балдар менен иштешебиз. Уюмда 12 батир бар, ал жакта 23 бала тарбияланат. Ооганстандан келгендер көп, андан тышкары Египеттен, Мароккодон, Эритреядан жана Сомалиден келгендер бар. Алар Гамбургга келери менен эле биздин уюмга түшпөйт. Бизге тил билген, мектеп курагындагы балдарды жиберишет. Аларга биз "өкмөттөн кандай жардам алса болот" деген кеңештерди беребиз. Качкын статусун ала электерди адвокаттарга, юристтерге алып барып, мектепке барчулар болсо аларды каттоодон өткөрүп, айтор эң башкысы мамлекет тарабынан берилген жардамдарды туура алуусуна жол көрсөтөбүз. Анан өз алдына жашап кетишине жардам беребиз десем болот.

Салтанат Кырбашева качкын жеткинчектер менен иштеп жатат.
Салтанат Кырбашева качкын жеткинчектер менен иштеп жатат.

​Ал эми Мээрим окуусун жарым жыл мурда аяктаган. Ал да социалдык педагог. Салтанаттан айырмаланып, ал жашы жете элек балдар менен иштешет.

- Жашы жете элек, коштоосу жок келген качкын балдар менен иштешем. "Коштоосу жок" дегеним ата-энеси же жакын тууганы, ишеничтүү адамы жок жалгыз келгендерди билдирет. Алардын айрымдары ата-энесинен бул жакка келатып ажырап калган.

Мен иштеген уюм качкын балдарга тил үйрөткөнгө багытталган. Германия өкмөтүнүн эң биринчи максаты - качкындарга тил үйрөтүү менен аларды немис коомуна болушунча тез аралаштыруу. Келген балдардын кээ бири латын тамгасын таанымак тургай өз тилинде да жазганды билишпейт, тактап айтканда сабатсыз келишет. Ошондуктан кээ бир учурда 12-13 жашар балдарга “А” тамгасынан баштап үйрөтөбүз. Андан тышкары алардын көбү жолдо келатып ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп, моралдык, физикалык жактан жабыркашат. Биз алардын баарын сурабайбыз, бирок ошентсе деле медиадан көрүп атпайбызбы. Ошол себептен алардын кунт коюусу да начар, ойлору бир орунда эмес, ата-энесин, жакындарын ойлошобу, айтор санааркап тургандары билинип турат. Баарын кеч кабыл алышат. Ошентсе да сабыр кылып, үйрөтүп, колдон келишинче жардам бергенге аракет кылам.

Мээрим жеткинчектерге немис тилин үйрөтөт.
Мээрим жеткинчектерге немис тилин үйрөтөт.

​Кыздар 2016-жылга чейин Германияга ооган качкындар өтө көп келгенин айтышат. Былтыртан бери алар кыйла азайды. Ошондуктан качкындарга көмөк көрсөткөн айрым уюмдар жабылган. Салтанаттын айтымында, буга чейин келген качкын балдарга немис өкмөтү камкордук көрүүнү улантып, бир кесипке үйрөтүүгө аракет кылууда:

- Көбүнчө бул жакта орто кесиптик окуу жайларда билим алууну улантышат. Ресторандарда ашпозчу болуп иштеп жаткандар бар. Айрымдарына жолугуп калганда, албетте иштеп жатканын көрүп кубанабыз. Алар биздин үйлөрдө жашаганда «тарбиялай бересиңер» деп өтө көп жактыра беришпесе да, убакыт өткөндөн кийин көргөн жерден саламдашып, ыраазычылыгын билдиришет. Арасында ийгиликке жеткендери да бар. Мен тарбиялаган балдардын бири азыр 18де, китеп жазып чыгарып атат. Өзү Эритреядан келген. Ал ошол «Эритреядан Гамбургга чейинки басып келген жолум» деген китебин жазды. Ал жакында эле Гамбургдагы иш-чаралардын биринде өзү жазган төрт-беш барагынан окуп берди. Немис тилин билбей келип, азыр немис тилинде китеп жазып атканы - бул албетте, чоң ийгилик деп ойлойм. Албетте, ага мектеби, мугалимдери жана бул жактагы немистер да жардам беришти.

Салтанат борбордон чыккан айрым балдар менен сыймыктанарын айтат.
Салтанат борбордон чыккан айрым балдар менен сыймыктанарын айтат.

​Мээрим качкын балдар менен иштөө кызыктуу жана түйшүктүү кыларын айтууда. Маселен, Сириядан келген балдар башкаларга караганда сабаттуу болушса, африкалыктарга немис тилин үйрөтүү өзгөчө эмгекти талап кылат:

- Мен ал уюмда иштегениме эки жылдан ашып калды. Ушул убакытта ар түрдүү өлкөдөн келишти. Өзүмдүн байкоолорум боюнча сириялыктар согушка чейин жакшы жашашкан да, балдар мектепке барышкан. Ошол себептен алар латын тамгасын билет, көбү англис тилинде сүйлөй алат.

Ал эми Ооганстан же болбосо Африканын Сомали, Эритрея деген өлкөлөрүнөн келген балдар өз тилинде да жазганды билишпейт. Мен өзүм араб тили менен перс тилин бир аз үйрөнүп, тамгаларын таанып алдым. Ошонун жардамы менен эптеп үйрөткөнгө аракет кылам. Маселен, эки ооган бала болсо, бири бир аз персче, экинчиси кичине англисче билсе "бири-бириңе түшүндүрүп койчу" деп суранып атып үйрөтөм. Башка ыкмаларды колдоном. Ал эми баарынан кыйыны Эритреядан келген балдарды үйрөтүү болду. Анткени алардын тилин тигриня деп коет экен. Ал тигринядан немис тилине которгон сөздүктөр жокко эсе. Англис тилине которгондору да абдан аз экен. Ошол сөздүктү таппай абдан кыйналдым, анткени аларга кайсы тилде түшүндүрүүнү билбейсиң. Кийин ошол сөздүктөрдүн жардамы менен үйрөтүп калдык. Анан мурун келгендер азыр немисче жакшы эле билип калышты да, кээде ошолордон жардам сурайбыз. Биз өзүбүз деле бул жакка келип тил үйрөндүк да, ошол себептен тил үйрөнүүнүн кандай кыйынчылыктары бар экенин билебиз.

Мээрим Каныбек кызы жана анын окуучулары.
Мээрим Каныбек кызы жана анын окуучулары.

​Салтанат менен Мээрим качкын балдар менен иштешип жүрүп сабырдуулукка, тынчтыкты өзгөчө баалоону үйрөнүшкөнүн кошумчалашты:

Салтанат: - Мен качкындар менен иштешип, алар кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн угуп, билгенден кийин өз жашоомо шүгүр кылганды үйрөндүм. Кээде "айрым бир көздөгөн максаттарыма жетпей калдым" деп капалана бербестен, болгонуна, азыркы күнгө ыраазы болгонду үйрөндүм.

Мээрим: - Кетип атышканда аябай ыраазычылыгын билдирип, берерге бир нерсеси болсо берейин деген ниеттерин, алардын ыраазы болгон көздөрүн көргөндө абдан сүйүнөсүң.

Кыргызстандык кыздар дүйнөнүн көңүл чордонунда турган качкындарга көмөк көрсөтүп жатышканына ыраазы. Алар бөтөн өлкөдө баш калка издеген жеткинчектерди жаркын келечек күтүп турганына ишенишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG