Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Деңизде калган мигранттар кайда барары белгисиз


Мальталык куткаруучулар деңиздеги качкындарга жардам берүүдө. 14-апрель, 2017-жыл.
Мальталык куткаруучулар деңиздеги качкындарга жардам берүүдө. 14-апрель, 2017-жыл.

Италиянын жакында эле кызматка дайындалган ички иштер министри Маттео Сальвини Жер ортолук деңизиндеги 600дөн ашуун мигрантты салган кемени Мальта кабыл албаса, ал орто жолдо калган качкындар үчүн өз өлкөсүндөгү бардык портторду жабарын эскертти. Жер ортолук деңизиндеги куткаруучулар тобу "Aquarius" кемеси деңизде калган 629 мигрантты өз бортуна салганын 9-июнда билдирген.

Ашынган оңчулдардан турган «Лига» кыймылынын лидери, министр Сальвини жогорудагы билдирүүнү Италиянын транспорт министри Данило Тонинелли менен бирге жасады. Анда «Мальта эл аралык конвенцияларды сакташ керек» деп жазылган. Мальта болсо качкындарды кабыл алуудан баш тарткан. Өлкөнүн бийлиги кеме мигранттарды Ливиянын жээгинен куткарып калганын жана бул операция Италия өкмөтү менен макулдашылганын жүйө келтирген.

XS
SM
MD
LG