Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Италиянын жаңы премьери: Орусия менен кызматташтыкты колдойбуз


Жузеппе Конте.
Жузеппе Конте.

Италиянын жаңы шайланган премьер-министри Жузеппе Конте анын өкмөтүнүн негизги иштеринин бири мыйзамсыз миграцияны токтотуу жана Орусия менен байланышты бекемдөө болоорун айтты. Ал Орусия менен ачык кызматташтыкты, анын ичинде Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларын токтотууну жактаарын билдирди. Бул тууралуу Жузеппе Конте 5-июнда өлкөнүн жогорку палатасы – Сенатта сүйлөп жатып айтты.

5-июнда парламент депутаттары жаңы коалициялык өкмөттү түзүүнү колдоп добуш берген.

Италиянын жаңы өкмөтү жакында Канадада өтө турган "Чоң жети" самитине жана Брюсселде боло турган Европа Биримдигинин жыйынына катышат. Ал саммиттерде качкындар маселеси жана Европа Биримдигинин санкциялык саясаты талкууланары айтылууда.

“Биз Орусия менен кызматташтыкты колдойбуз. Орусия акыркы жылдары түрдүү геосаясий кризистерде консолидацияланды. Санкциялардын кайра каралып чыгышын сүрөөнгө алабыз. Бул ишти жарандык коомго залакасын тийгизген санкциялардан баштайбыз” деди Жузеппе Конте Сенаттагы сөзүндө.

Ал мындай пикирин Владимир Путиндин Венадагы сапарына тушташ айтты. Орус президенти 5-июнда бийликте Орусия менен кызматташтыкты жактагандар отурган Австрияда иш сапары менен болду. Андан Евробиримдиктин санкцияларынын таасири тууралуу сурашканда, ал чаралар буга тиешеси бар тараптардын баары үчүн зыяндуу, санкциялардын жоюлушу баары үчүн пайдалуу экенин белгиледи.

Евробиримдиктин Орусияга каршы экономикалык санкциялары 2014-жылдын жазында Крым аннексиялангандан кийин жана Украинанын чыгышында жикчилдерди колдогон Москванын аракеттерине байланыштуу киргизилген.

XS
SM
MD
LG