Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Брексит: дагы бир референдум сунушталды


Брекситке каршы ураандарды көтөргөн Британиянын жараны. Лондон. 9-июль, 2018-жыл.
Брекситке каршы ураандарды көтөргөн Британиянын жараны. Лондон. 9-июль, 2018-жыл.

Британиянын мурдагы билим берүү министри Жастина Грининг Брексит боюнча туңгуюкка кептелген абалдан чыгуу үчүн дагы бир жолу референдум өткөрүүнү сунуштады. Премьер-министр Тереза Мэйдин маалымат катчысы кандай гана кырдаал болбосун бийлик экинчи жолу мындай кадамга барбастыгын айтты.

Британиянын мурдагы билим берүү министри Жастина Грининг дүйшөмбүдө "The Times" басылмасына жарыялаган макаласында Брексит боюнча акыркы чечимди эл кабыл алыш керектигин билдирген. Ал премьер-министр Тереза Мэй сунуштаган "жумшак Брексит" планы эч кимди канааттандырбаганын кошумчалады:

- Менимче, натыйжалуу мунаса тапканга аракет кылса туура болот. Азыркы келишим эч кимди канааттандырбайт. Парламент туңгуюкка кептелип, жол таба албай жатканын моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан мен чечимди саясатчылардан алып, британ элинин колуна тапшыруу керек деп ойлойм.

Мурдагы билим берүү министри Жастина Грининг. Лондон. 5-июль, 2016-жыл.
Мурдагы билим берүү министри Жастина Грининг. Лондон. 5-июль, 2016-жыл.

​Быйыл жыл башында кызматтан кеткен Грининг Мэйдин стратегиясы Евробиримдиктен толук чыгууну көздөгөндөргө да, Брекситке каршы чыккандарга да жакпастыгын айтты. Эки жылдык талашып-тартышуудан кийин Мэйдин кабинети кабыл алган Евробиримдиктен бөлүнүүнүн жаңы "жумшак" планы 12-июлда жарыяланган. План жарык көргүчө эле ага каршылыгын билдиришкен эки министр кызматтан кетти. Брексит боюнча министр Дэвид Дэвис жана тышкы иштер министри Борис Жонсон Мэйдин сунушу британдыктар 2016-жылдын июнь айында добуш берген планга такыр окшошпойт деп эсептешет.

"Жумшак Брекзит" деген эмне?

Брекситтин "жумшак" вариантына ылайык, Ирландия менен Түндүк Ирландиянын ортосундагы чек арада текшерүүлөр болбойт, Евробиримдик менен Британия эки ортодогу укуктук макулдашууларды акырындан чечүү үчүн "биргелешкен институционалдык база" иштеп чыгышат. Ошондой эле Мэйдин кабинети Брексит күчүнө кирген күндөн - 2019-жылдын 29-мартынан тарта бажы текшерүүлөрү болбойт деген принципти жактырды.

13-июлда Би-би-сиге курган маегинде британ премьер-министри анын өкмөтү иштеп чыккан шаркеттен бөлүнүү планын коргоду. Ал сынчыларды да жакшылап карап чыгып, бул планды колдоого үндөдү. Мэйдин айтымында, жаңы план Британияга башка мамлекеттер менен өз алдынча соода келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары "Биз Евробиримдикке жыл сайын ири төлөмдөрдү жөнөтүүнү токтотобуз. Европа соту Британияда өз юрисдикциясын жоготот. Ошондой эле ээн-эркин кирип чыгууну токтобуз"-деди британ премьери.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп да "The Sun" басылмасына курган маегинде Тереза Мэйдин Евробиримдиктен чыгуу саясатын ачык сындаган. Ал Мэйдин планы Кошмо Штаттар менен түзүлгөн бардык соода келишимдерин "өлтүрүшү мүмкүн" деп айткан. Андан кийин Трамп ага жеке жолукканда Евробиримдикти сотко берүүнү сунуш кылган. Буга чейин Трамп маалымат жыйынында Мэйге сунуш киргизгенин, бирок ал аны абдан катаал деп четке какканын айткан. Кабарчынын "ал эмне сунуш эле?" деген суроосуна жооп берип жатып Мэй:

- Ал мага Евробиримдикти сотко беришим керектигин айтты. "Алар менен талашып-тартышпай эле сотко бер" деди. Жок, андай болбойт. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок, кызыгы, АКШ президенти маалымат жыйынын куруп жаткан маалда "Сүйлөшүүлөрдөн баш тартпагыла, баш тартсаңар анда туңгуюктан чыга албай каласыңар" деди. Ошондуктан мен Британия үчүн эң жакшы келишимге жетишүүнү каалайм, -деди.

АКШ президенти Доналд Трамп жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй. 12-июль, 2018-жыл. Лондон.
АКШ президенти Доналд Трамп жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй. 12-июль, 2018-жыл. Лондон.

​Британияда Евробиримдиктен чыгуу же шаркетте калуу тууралуу референдум 2016-жылдын 23-июнда өткөрүлгөн. Добуш бергендердин 51,9 пайызы Брекситти колдошкон.

Референдумга 33,5 миллион британиялык катышкан. 1992-жылы негизделген уюмдан буга чейин бир да мамлекет бөлүнө элек болчу. Британия Евробиримдиктен 2019-жылдын март айында чыгышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG