Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Брексит боюнча сүйлөшүүлөр расмий башталды


Бүгүн Брюсселде Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу - Брексит боюнча сүйлөшүүлөр расмий башталды. Тараптар Лиссабон келишиминде каралган жол-жоболордун шарттарын, жадыбалын аныктоого тийиш. Сүйлөшүүлөр эки жылга созулат деп күтүлүүдө.

Ошентип британиялыктар былтыр 23-июндагы референдумда өз тандоосу менен шаркетти нес абалда калтыргандан бир жыл өткөндөн кийин өлкөнүн бирдиктүү Европадан чыгуусунун шарттарын талкуулоо башталды.

Биримдиктин сүйлөшүүлөрдөгү делегация башчысы, Франциянын мурдагы тышкы иштер министри Мишель Барнье Британиянын 28 мүчөлүү блоктон чыгуусунун жадыбалы, артыкчылык бериле турган маселелерди аныктоо аракети көрүлөрүн билдирди.

- Биздин максатыбыз айдан ачык. Брекситтен улам арсар абалда калтырган маселелерди чечүү зарыл. Биринчи кезекте жарандарыбыздын көйгөйлөрүнө кайрылышыбыз керек. Ошондой эле чек араларга, өзгөчө Ирландия менен Британиянын чек арасына кандай таасир болоорун билиш керек. Мен жума этегинде Еврокеңешке сүйлөшүүлөр конструктивдүү башталды деп отчет бере тургандай кылып, бүгүн артыкчылык берилчү проблемаларды жана жадыбалды аныктоого тийишпиз.

Ал эми Британиянын Брексит боюнча министри Дэвид Дэвис шаркет менен мыкты жана бекем өнөктөштүк түзүлөрүнө умтуларын айтты. "Бизди бөлгөн нерселерге караганда бириктирген маселелер көбүрөөк", - деди Дэвис.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон да Евробиримдиктин тышкы иштер кеңешинин Люксембургдагы жолугушуусу алдында кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, “атайын өнөктөштүк” эки тарапка тең пайда алып келээрин белгиледи:

- Бүгүн Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнү. Эң негизгиси биз аны баштоого тийишпиз. Албетте макулдашуунун маңызы, акча-каражат боюнча көптөгөн талкуулар болот. Алдыда күткөн иштерди, келечекти ойлоого убакыт келди. Евробиримдик менен түзүүнү көздөгөн бекем өнөктөштүктү ойлоо зарыл. Менимче, бул абдан узак жол болмокчу, бирок андай өнөктөштүк Британия үчүн да, Европанын калган өлкөлөрү үчүн да пайда гана алып келет. Биз мына ушуга ишенебиз.

Быйыл 29-мартта британ премьер-министри Тереза Мэй Европа биримдиги жөнүндөгү макулдашуу же Лиссабон келишиминин 50-беренесине ылайык, шаркеттен чыгуу тууралуу расмий арызын Брюсселге жолдогон.

Бардык мүчө-мамлекеттер кол койгон Лиссабон келишими 2009-жылы күчүнө кирген. Ага чейин биримдиктен чыгуу боюнча расмий механизм каралган эмес болчу. 50-берене болгону беш абзацтан турат. Анда Евробиримдиктин ар бир мүчөсү блоктон чыгуу боюнча чечим кабыл алууга укуктуу деп айтылат. Ал үчүн Европа кеңешин расмий кабардар кылып, процессти баштоо зарыл.

Британия менен шарттарды макулдашуу сүйлөшүүлөрү эки жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Брексит сүйлөшүүлөрү качан башталбасын, 2019-жылдын мартына чейин аяктоого тийиш деп буга чейин билдирип келген.

Британия: консерваторлор көпчүлүктөн кол жууду

Британия: консерваторлор көпчүлүктөн кол жууду

Премьер-министр Тереза Мэйдин консерваторлор партиясы өкүлдөр палатасында бир нече орундан жууп калып, чоң соккуга учурады.

8-июндагы парламенттик шайлоодо Мэйдин партиясы Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктөн кол жууп калгандан кийин Брексит сүйлөшүүлөрү кийинкиге жылып калышы мүмкүн деген кооптонуулар айтыла баштаган эле. Бирок Мэй жараян мурда пландалгандай эле 19-июнда башталарын айткан. Айтмакчы, өкмөт башчы эрте шайлоого шаркет менен дал ушул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө мандатын бекемдөөнү көздөп барган.

Франциянын мурдагы тышкы иштер министри Мишель Барнье иштеп чыккан документте эки тарапты тең канааттандырган мунаса табылчу үч негизги маселе камтылган. Биринчиден, биримдиктин Британиядагы жарандарынын укуктарын коргоо. Экинчиден, Лондондун калган мүчөлөрү алдындагы финансылык милдеттенмелери жана үчүнчүдөн, чыгуу процесси аяктамайынча орток рыноктогу товар жүгүртүү маселеси.

"Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы тепкичинде ошол маселелердин башын ачып алуу зарыл, же болбосо ырааттуу жарянга жетишүү мүмкүн эмес", - деп айтылат документте.

Эксперттер эң чоң көйгөйдү биринчи пункт жаратат дешет. Себеби көзөмөлдөнбөгөн миграцияны токтотууга бардык партиялардын лидерлери убада кылып келатышат. Ал эми аласа-бересени чечүү да оңой болчудай эмес. Дэвид Дэвис сүйлөшүүлөргө чейин эле Лондон шаркет талап кылган 100 миллиард еврону төлөбөйт деп эскертти.

Финансы министри Филип Хэммонд болсо Британия бирдиктүү рынок менен Бажы биримдигинен чыгарын, ошол эле маалда британиялык товарлардын тарифсиз, кечиктирилбей жана бюрократиялык тоскоолдуксуз киргизилип турушун камсыздоону кааларын, өлкөнү финансылык жактан жазалоо аракети туура эмес болуп каларын 18-июнда айтты.

Дегеле жалпысынан эле ажырашуу жараяны жакындаган сайын тараптардын риторикасы күчөгөн. Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер айрым маалымат каражаттары жазгандай, Брексит сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктайт, Мэй «башка галактикада» жашагандай деп билдирсе, премьер Брюсселге аны менен сүйлөшүү жүргүзүү «абдан кыйын» болорун эскертүүдө.

Брексит ошондой эле Британиянын өзүндө бөлүнүп-жарылууга алып келиши ыктымал. Шотландия былтыр биримдикте калууну жактап добуш берсе, Түндүк Ирландия эми шаркеттин мүчөсү болгон кошуна Ирландия жумурияты чек ара эрежелерин катаалдаштырат деп чочулайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG