Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Жураев: Франция Европанын баалуулуктарын тандады


Францияда орточул Эммануэл Макрон утуп чыкты. Француз эли ультра оңчул, мигранттарга каршы саясат жүргүзүүнү каалаган Марин Ле Пенди эмес, Евробиримдикти жактаган саясатчыга добуш бергенине кыргызстандык саясатчылар кандай баа берип жатышат? "Азаттык" саясий серепчи Эмил Жураевди кепке тартты.

"Азаттык": Эммануэл Макрондун жеңип чыгышы дүйнөлүк коомчулукта Евробиримдиктин жеңиши катары сыпатталууда. Мурда саясатка көп аралашпаган, кыска убакытта озуп чыга келген жаш саясатчынын жеңишин сиз кандай кабыл алдыңыз?

Жураев: Эммануэл Макрон саясий партиясы да жок, мурунку салттуу түрдө шайлоолордо жеңип келген партиялардан чыкпаган саясатчы болсо да жеңишке жетишти.

Франция үчүн шайлоонун экинчи айлампасында өтө оңчул, улутчул Марин Ле Пен менен Эммануэл Макрон калган болчу. Марин Ле Пендин 35% шайлоочуларына каршы көпчүлүктүн колдоосу менен аларды четке кагып чыга алды десек болчу.

39 жаштагы Эммануэл Макрон саясий партиясы жок, кыска аралыкта суурулуп чыгып, өзүн көрсөтө алганын да белгилеп өтүү керек.

Марин Ле Пен
Марин Ле Пен

"Азаттык": Макрондун атаандашы Ле Пен мигранттарга сын көз менен карап, аларга каршы экенин билдирип келген. Бул шайлоодо шайлоочулардын көпчүлүгү 65% ашыгы анын көз карашын колдобосун билдиришти. Муну француздар дагы деле болсо мигранттарга, качкындарга толеранттуу мамиле кылуусу уланып жатат деген үмүт менен баалоого болобу?

Жураев: Макрондун 65% менен Марин Ле Пенди жеңип чыгышы франциялыктар мигранттарга толеранттуулук, либералдык жана көп улуттуу, көп маданияттуу коомду колдорун көрсөттү. Албетте мигранттарга, сырттан келген маданий этникалык азчылыктарга каршылары да бар. Бирок бул шайлоодо андай улутчулдар азчылык экени ачык көрүндү.

"Азаттык": Макрондун жеңишин Евробиримдик аябай кубаттоо менен каршы алды. Анын өз тарапкерлери менен жолугушууга Евробиримдиктин гимнинин жаңыруусу алдында келгени бул кубанычка берилген жооп болду окшойт. Мурдараак Евробиримдиктин ынтымагын дүйнөдөгү башка аймактар өздөрүнө үлгү тутуп келген болсо, акыркы жылдардагы жиктешүү, Брексит окуясы биримдикте баары жакшы эмес экенин көрсөткөн.

Эммануэл Макрон жана Франсуа Олланд
Эммануэл Макрон жана Франсуа Олланд

Франция президенттигине талапкер Марин Ле Пен да шайлоо алдындагы убадаларында Евробиримдикке мүчөлүктү карап чыгууну, зарыл болсо, Фрексит болушу да ыктымалдыгын билдирген эле. Бул шайлоодогу Макрондун жеңиши Евробиримдик үчүн жакшы жышаан болду окшойт?

Жураев: Ооба, чынында ошондой болду десек болот. Макрондун жеңишке жетишүүсү кандайдыр бир деңгээлде Евробиримдик үчүн кыйла жакшы жышаан, жетишкендик болду. Чынында эгер Марин Ле Пен келсе Брексит сыяктуу көрүнүштөрдүн күч алуусуна кыйла дем бермек.

Чынында азыр дүйнөлүк саясат, кырдаал кыйын кезеңде турат. Мигранттардын агылуусу, терроризм-экстремизмдин багытына жараша Евробиримдикте ар кандай улутчул маанай, бөлүнүп-жарылуулар көбөйүп келген. Мисалы, Британияны көрүп жатабыз. Венгрия мурдагы социалдык блоктон чыгып алып, учурда Европадагы эң улутчул өлкөлөрдүн бири болуп жатат. Бул Евробиримдик үчүн чоң сыноо. Эгер жарым кылымдан ашуун убактан бери курулуп, дүйнөнүн тең жарымына жетишкен Евробиримдик өлкөлөрүнө улам бир эле улутчул адам бийликке келип, өзүнчө бура тартып, биримдик ыдырап кетсе, бул Европа үчүн гана эмес, дүйнөнүн башка аймактарына да кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизет.

Француз элинин Макронду шайлоосу - жалаң гана Марин Ле Пенге каршы же Макронду колдоосу эмес, Европанын да баалуулуктарын колдоосунун символу катары көрүүгө болот.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG