Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Кэмерондун ордун Мэй басат


Британиянын Консерваторлор партиясынын лидерин тандоо кампаниясы учурунда Бирмингэмдеги Инженерия жана технология институтунда сөз сүйлөп жаткан Тереза Мэй. 11-июль, 2016-жыл.
Британиянын Консерваторлор партиясынын лидерин тандоо кампаниясы учурунда Бирмингэмдеги Инженерия жана технология институтунда сөз сүйлөп жаткан Тереза Мэй. 11-июль, 2016-жыл.

13-июль күнү түштөн кийин Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон каныша Елизавета IIге кызматтан кетүү тууралуу арызын тапшырат. Ошол эле күнү кечинде Тереза Мэй Британиянын жаңы премьер-министри болору күтүлүүдө.

Дэвид Кэмерон жетектеп келген британ өкмөтүнүн акыркы отуруму 12-июлда өттү.

Британиянын энергетика боюнча министри Андреа Лидсом айым өлкөнүн премьер-министрлигине койгон талапкерлигин кечээ алып салганы кабарланган. Ошентип анын атаандашы Тереза Мэй өкмөт башчынын ордуна жалгыз талапкер болуп калды. Тереза Мэй учурда Британиянын ички иштер министринин кызматын ээлейт.

Консервативдик партиясынын лидери болуп дайындалган Тереза Мэй журналисттер менен жолугушуп жаткан учуру. Вестминстер, борбордук Лондон. 11-июль, 2016.
Консервативдик партиясынын лидери болуп дайындалган Тереза Мэй журналисттер менен жолугушуп жаткан учуру. Вестминстер, борбордук Лондон. 11-июль, 2016.

Дүйшөмбү кечинде Лондондо билдирүү жасап жатып, Мэй өлкөнүн биримдигин чыңдоого чакырды:

- Брексит деген Брексит. Биз бул жараянды ийгиликтүү аякташыбыз керек. Евробиримдиктин ичинде калуу аракетине жол берилбейт. Экинчиден, биз өлкөбүздүн биримдигин күчтөндүрүшүбүз керек. Үчүнчүдөн, өлкөбүздүн келечегине күчтүү, жаңы позитивдүү багыт керек. Ал багыт азчылык үчүн гана ыңгайлуу болбостон, жалпы баарыбызга иштеп, ар бир адамды өз жашоо-турмушунун ээси кылышы керек. Ошентип биз мындан да жакшы Британияны бирге курабыз.

Консерваторлор партиясынын лидери болуп шайланган Тереза Мэй Евробиримдиктен чыгууга каршы добушун берген. Ошондуктан айрымдар ал Евробиримдиктен чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү канчалык натыйжалуу өткөрөт деген суроону көтөрүп жатат. Алар Мэй ички иштер министри болуп жүрүп, иммиграциянын санын азайта албагандыгын айтышат. Тереза Мэй болсо референдум жыйынтыгынан кийин адамдардын эркин каттоосуна болгон саясат өзгөрөрүн айтат.

- Британия үчүн кызмат көрсөтүү жааты өзгөчө маанилүү. Мен ишенем, Брекситтин жыйынтыгы бизге адамдардын эркин каттоосун көзөмөлгө алуу керектигин көрсөттү. Эркин каттоо ушул күнгө чейинки түрүндө улана албайт.

Тереза Мэйдин өкмөт башчы кызматына келүүсү Британия кыйын кезеңде турган учурга туш болот. Мэйге Брекситтен кийинки экиге бөлүнүп калган коомду биримдикке чакырып, экономикалык жана саясий татаал мезгилден чыгарып кетүү милдети артылат. Ал ошондой эле Британия Евробиримдиктен ыңгайлуу шарттар менен чыгуусун камсыз кылып, алдыдагы сүйлөшүүлөрдө өлкөсүнүн таламын талашып, катуу позициясын көрсөтүшү керек.

Тереза Мэй өлкө тарыхында Маргарет Тэтчерден кийинки экинчи аял өкмөт башчы болот. Бирок Мэй өзүн ага салыштырбайт.

XS
SM
MD
LG