Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Британияда өкмөт башчылык үчүн күрөш башталды


Лондон
Лондон

23-июндагы референдумдан кийин Британия өкмөт башчысы Дэвид Кэмэрон кызматтан кетерин жарыялаган. Кэмерон референдумда Британиянын Европа Биримдигинде калуусун жактаса, көпчүлүк калк чыгуу үчүн добуш берди.

Британ өкмөт башчылыгы үчүн атаандашкандар арасынан Лондондун мурунку мэри Борис Жонсондун мүмкүнчүлүгү жогору экендиги айтылып жаткан. Өзгөчө кебете-кешпири жана жүрүм-туруму менен белгилүү болгон Жонсон Британиянын Европа Биримдигинен чыгуусу үчүн үгүттөгөн. Ал брекситчилердин лидери катары таанылган.

Бирок Борис Жонсон 30-июнда өкмөт башчылык үчүн күрөштөн баш тартканын жарыялады. Ал мындай чечимин Консервативдик партиянын ичиндеги абал менен байланыштырган. Жонсон Консервартивдик партия колдогон талапкерди сүрөй турганын билдирди:

- Кесиптештер менен кеңешип, парламенттеги абалды көрүп, бул орун үчүн күрөшпөө чечимине келдим. Менин ролум жаңы консервативдик администрацияны толук колдоо жана 23-июндагы референдумдун максаттарын ишке ашыруу болуп калмакчы.

Борис Жонсондун баш тартуусунан кийин өкмөт башчылык үчүн күрөштө ички иштер министри Тереза Мэйдин мүмкүнчүлүгү жогорулаганы айтылууда. Тереза Мэй Европа Биримдигинен чыкпоого үгүттөгөн. Эми ал референдумдан кийин бөлүнүп-жарылган партияны жана өлкөнү бириктирүүгө, Европа Биримдигинен Британия үчүн жагымдуу шартта ажырашууга убада берүүдө.

- Брексит деген Брексит. Үгүт жүргүзүлдү, добуш берилди. Келгендер көп болду, чечим кабыл алынды. Европа Биримдигинде калабыз дегендей эч кандай аракет болбошу керек. Башка эшиктен кирүүгө да, экинчи жолу референдум өткөрүүгө да аракет жасалбашы керек. Өлкө чыгуу үчүн добуш берди. Өкмөт жана парламент мына ошону аткарышы зарыл.

Тереза Мэй мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө да каршы чыкты. Анын пикиринде, Британия өзүнүн стратегиясын аныктап алгандан кийин Лиссабон келишиминин 50-беренесинин негизинде бөлүнө баштайт. Демек, бул жараян жыл аягына чейин башталбай турат.

Тереза Мэйден сырткары өкмөт башчылык үчүн юстиция министри Майкл Гоув, мурунку коргоо министри Лиам Фокс жана энергетика министринин орун басары Андреа Лидс, эмгек жана пенсия министри Стивен Крэббтин талапкерлиги көрсөтүлдү. Булардын баары Европа Биримдигинен чыгууга үгүттөгөн.

Майкл Гоув ушул кезге чейин Борис Жонсонду колдоп келген. Бирок талапкерлигин көрсөтүү алдында Жонсон партияны бириктире ала турган саясатчы эмес деп, анын лидерлик сапатына шек келтирип, өз талапкерлигин жылдырган. Азыркы кезде Тереза Мэй менен Майкл Гоувдун мүмкүнчүлүгү жогору экендиги айтылууда.

Британ парламентинде консервативдик партия көпчүлүккө ээ болгондуктан партия жактырган талапкер премьер-министр болуп шайланат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG