Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

ЕБ-Британия: төрт эркиндик сакталат


Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер
Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер

Европа Биримдигине кирген өлкө лидерлери саммит өткөрүштү. Бул Британиядагы референдумдан кийинки биринчи жыйын болуп калды. Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон да катышкан жыйында ажырашуу жараянын баштоо жана Европа Биримдигинин келечеги жөнүндө сөз болду.

Европа Биримдигинин лидерлери саммитти 28-29-июнда Брюсселде өткөрүштү. Анын биринчи күнүндөгү жыйынына британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон катышты. Ошондуктан жыйындын биринчи күнүндө Британиянын Европа Биримдигинен кантип жана качан чыгуусу жөнүндө сөз болсо, экинчи күнүндө Европа Биримдигинин келечеги талкууга түштү.

Литва президенти Даля Грибаускайте “бүгүн биздин биримдик жана британдыктар кетип жаткан өткөөл мезгилде эмне кылууну сүйлөшөбүз” деген журналисттерге. Анын айтымында, Европа миграция жана экономикалык өсүү жөнүндө адамдардын пикирин угушу керек.

Голландиянын өкмөт башчысы Марк Рютте “Биримдиктеги кызматташууга британ шайлоочуларынын эле эмес, Европадагы башка мамлекеттерде да скептицизм бар” деди.

Британ өкмөт башчысы Кэмерондун айтымында, Европа Биримдигинин лидерлери жыйында референдумдун жыйынтыгына “кейишип”, бирок Британия чечимине урмат көрсөтүштү:

- Бул британ калкы Европа Биримдигинен чыгууга добуш бергенден кийинки Европа Биримдигинин лидерлеринин биринчи жыйыны болду. Ал чечимди баары сыйлай турганын билдиришти. Бул чечим Британия тарабынан турмушка ашырылат. Ал Европа Биримдиги менен бирге жасалат деп түшүнүү керек. Албетте, жолугушуу маанайы кейиштүү жана кубанычтуу эмес болду. Европа Биримдигиндеги биздин өнөктөр чыгып кетүү чечимибизге аябай кейишти.

Кэмерондун айтымында, Биримдиктен чыгууга каршы Лондондогу митинг жана кайрадан референдум өткөрүү талаптарына карабай 23-июндагы референдум жыйынтыгы четке кагылбайт. Ошону менен бирге Британия Европадан тескери бурулуп кетпейт. Соода жана коопсуздук багытында кызматташуусун улантат.

Германия канцлери Ангела Меркел, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Франция президенти Франсуа Олланд Британияга кайрылып, чыгып кетүүнүн планын тездетүүнү сунушташты. Британия чыгуу үчүн Лиссабон келишиминин 50-беренесине ылайык, Британия Европа Биримдигине расмий түрдө кайрылышы керек. Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон бул ишти жаңы өкмөт башчы жүргүзөт деп билдирүүдө.

Франция президенти Франсуа Олланд:

- Британия өзүнүн тандоосун жасады. Басымдуу көпчүлүк Европа Биримдигинен чыгууга добуш берди. Ага кабыргам кайышып турат. Бирок биз аны сыйлашыбыз керек. Биринчи көрө турган чарабыз, биз Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу жараянын баштоону мүмкүн болушунча ылдамдатышыбыз керек. Анын артынан сүйлөшүүлөр жүргүзүлө берет.

Европа Биримдигинин төрагасы Дональд Туск Биримдик ажырашуу жараянын бүгүн болсо да баштоого даярдыгын билдирди.

Голландиянын өкмөт башчысы Рютте өз кезегинде Британиянын азыркы абалына түшүнүү менен мамиле кылууга үндөп, “Британия саясий, акча, Конституция жана экономикалык жактан оор абалда. Алар саясий жактан бир жаңсыл болуп алганга чейин шаштыруу туура эмес деп ойлоймун” деди.

Кэмерон өз кезегинде Европа Биримдигиндеги адамдардын эркин жүрүүсүн кайра карап чыгууга үндөдү. Ал британ шайлоочуларынын чыгуу үчүн добуш берүүсүнүн себеби ушунда экенин эскерткен. Бирок Франция президенти Франсуа Олланд анын сунушун четке кагып, Европа Биримдигинин базарында товар, капитал, жумушчу күч жана тейлөө эркин болорун белгилеген.

Германия канцлери Ангела Меркел да биримдик мына ушул төрт эркиндиктен баш тартпасын, кайсы бир өлкө мына ушулардын биринен баш тартса, анда биримдиктин базарынан да ажырарын эскерткен.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG