Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

1-МАЙ, МАЙРАМДАР, КААТЧЫЛЫК


Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев 1-Май --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/3E5A622B-6861-4D86-8491-F027A516822D.ASP мамлекеттик майрам болгондон кийин өкмөт аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө милдеттүү экендигин, бирок бийлик аны аткарбай жатканын билдирди. Анын айтымында, эмгекчилерин тилектешетигинин күнүн коммунистик майрам деп бөлбөй жалпы элдик майрам катары өткөрүү зарыл. Шаар башчысы Данияр Үсөнов болсо бул майрамдык иш-чараны өткөрүүгө жергиликтүү бийлик мурдагыдай эле аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

1-Май эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин майрамы өлкөдөгү көп улуттуу элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоого өбөлгө болуп, жер шаарында тынчтыктын, бейпилдиктин орношун даңазалайт, деди Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев:

- Эгерде ушул күнү 1-Майда эл көп топтолуп туруп майрамдаганда элдин биримдиги болот. Анча-мынча кемчиликтер экинчи планда калып, күнүмдүк турмуш аз да болсо жеңилирек сезилмек. Бийлик ошону эске алып туруп өткөрүшү керек эле. Бирок менимче көпчүлүк учурда мамлекет башындагылар, өкмөт эмне үчүн мындай ишке барбай жатышат? Менин оюмча элдер коммунисттерге ишенет экен деген сөздөн коркуп жатышат. Мына «Ноорузду» жакшылап эле өткөрүп жатышпайбы. Мына ошондой эле даражада 1-Майды өктөрүшсө жакшы болмок эле дейм да. Мамлекеттик майрам болгондон кийин өкмөт жогорку деңгээлде өткүрүүгө милдеттүү. Бирок аны аткарбай жатышат. Коркушат. Биз айтып жатабыз, «бул коммунисттик майрам болгону менен элдик майрам болуш керек», деп.



Кыргызстандын коммунисттери тарых музейинин артындагы Владимир Ильич Лениндин эстелигинин жанында чакан митинг өткөрүшүп, майрамдык каалоо-тилектерди айтышып, чоң программадагы концерт тартуулашты.

Ал эми шаар мэри Данияр Үсөнов Май майрамынын урматына маданий иш-чаралар шаардын эс алуу бактарында уюштурулуп, шаардыктардын майрамдык эс алуусуна шарт түзүлгөндүгүн, спорттук оюндар өткөрүлгөндүгүн айтты:

- Көп жарандарыбыз үчүн бул жүрөктө турган майрам. Мурунку Совет биримдигинин доорунда абдан чоң майрам болчу. Азыр деле биз үчүн майрам.



Коммунисттик партиянын лидери Клара Ажыбекова бул күндү өзгөчө майрам катары эсептеп, майрамдын тарыхына учкай токтолуп кетти:

- 1-Май бүткүл дүйнөдөгү эмгекчил элдин майрамы. Эмнеге дегенде экинчи интернационалисттердин социалисттери 1886-жылы Парижде эмгекчилердин майрамы болсун деген чечим чыгарышкан. 1883-жылы болсо Чикаго шаарынын пролетарияты өздөрүнүн эксплуататорлоруна каршы чыккан. Ошондон кийин бүт дүйнө жүзүндөгү эмгекчи эл 1-Майды бири-биринин колун кармап, өздөрүнүн укуктары үчүн жеңишке жетишүү керек деп, тилектештигин билдирип келишет.

Майрамдык иш-чарага келгендердин көпчүлүгү мурдагы Коммунисттик партиянын тарбиясында өскөн муундардын өкүлдөрү болду. Ардагерлердин айрымдары менен баарлашканымда азык-түлүктүн кымбатташы, коммуналдык төлөмдөрдүн өскөнү, пенсиянын аздыгы жашоо турмуштарын начарлатып жибергенин айтышты.

Алардын бири мурдагы коммунист, 80 жаштагы ардагер Абдыкожо Жарбаналиевдин айтымында, бийлик башындагылар саясий оюндарын токтотуп, эмгекчилердин майрамында эмгек ардагерлеринин пенсиясын эки эсе көбөйтүп койсо бир топ жеңилдик болмок.

- Өткөн жылдын октябрь айынан баштап кымбатчылык өкүм сүрө баштаганда ардагерлердин жашоосу төмөндөп кетти. Пенсияга кошумча 100-300 сом бергени менен маселе чечилбейт. Өкмөт ардагерлерге, багар көрөөрү жокторго тез арада өзгөчө көңүл буруусу зарыл.

30-апрелде президент Курманбек Бакиев өлкө элин Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү менен куттуктап, “мамлекеттин башкы милдети – ар бир жарандын таланты өнүгө ала тургандай кылып, кыргызстандыктарга татыктуу эмгек шарттарын түзүп берүү болуп саналарын” белгилеген.

Ушул эле күнү “Ата Мекен” партиясы да элге майрамдык куттуктоо жолдоп, Кыргызстандагы эмгекчилердин жакшы жашоосу, адал эмгеги үчүн акыйкаттык орноп, адилеттүүлүк менен ыңгайлуу шарттар түзүлөөрүнөн үмүттөрү зор экендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG