Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 17:07

Айтматов - улуу даанышман


Чыңгыз Айтматов кызы Ширин менен.

Учу-кыйыры чексиз түгөнбөгөн бул ааламдын айтып бүткүс ары кызыктуу, ары касиеттүү, ары керемет сырлары бар. Аларды ачуу үчүн, бир топ татаал табышмактардын жандырмагын табуу талап кылынат.

Ошого карабастан бүткүл жаныбарлардан айырмаланган адам баласы жаратылыштын сырларын ачуу менен бирге, алардын жардамы менен пайда болгон кубулуштарга изилдөө жүргүзүп келет.

Жашоо-турмушун жеңилдетүү максатында космосту багындырып, айга аппарат жиберген, роботторду ишке салып, айдоочусуз поезддерди жасаган, көк тиреген үйлөрдү куруп, жасалама аралдарды түптөгөн, интернет менен уюлдук телефонду ойлоп тапкан да – дал ушул адам.

Мындай өнүгүүлөргө күбө болуп жатып, бир чети алардын жөндөмүнө суктанып кубансаң, бир чети кабак-кашты бүркөп маанайды түшүрүү зарылчылыгы келип чыгат.

Себеби, беш манжа сыяктуу ар бир адамдын жашоосу, дүйнөгө болгон көз карашы, адамдык сапаттары ар башка. Адамга тиешелүү сапаттардан арылып, айбанча жашагандарды эл ичинен кыйналбай табууга болот. Атаандаштык менен жаратылышка залалын тийгизген адистер, дарак болсо дарак кыйып, жер болсо жерди жарып, мөңгү болсо музун талкалап күнөөгө баткандар бар.

Дүнүйөнүн аркасынан сая түшүп, байлык үчүн баарын унуткан дүнүйөкорлор соодасын өнүктүрүү үчүн, элди алдап, кандай гана жаман жолдорго барып жатат.

Абанын булгануусу, мөңгүлөрдүн эриши, жаныбарлардын азайып, бак-дарактардын кыйылуусу – мунун баары адамдын кылган ишинин натыйжасында пайда болууда. “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген Чыңгыз Айтматовдун философиялык оюна саресеп сала турган болсок, анын маанисин терең түшүнүп жатып, демек адамдын кылган иши дегенибиз бүткүл дүйнө эли адамгерчиликтен тайып бараткан экенбиз да деген тыянак чыгарууга болчудай.

Адамгерчилиги соолуп бараткандарды туура жолго салуу үчүн, жаралган жакшы куралдардын бири - китеп жана андагы жакшы чыгарма болсо, анда алоолонгон рухий кризистин жалынына суу чачкан, керемет чыгармаларды жараткан улуу инсан болуп, атабыз Айтматов Чыңгыз Төрөкул уулу эсептелинет.

Чыңгыз Айтматов дүйнө элине түгөнгүс рухий жемишин тартуулап кетти. Ал азыркы доордун чыгармалары эң көп окулган жазуучуларынын бири. Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган.

Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген.

Дегеле, жазуучулар Улуу Теңир моюнга жүктөгөн милдетти аткаруу же башкача айтканда, өз элин, өз улутун, агартуу жана өнүктүрүү үчүн, келип кетишкен өңдүү.

Алар адамзаттын аң-сезимин тазалап, ой-сезимин ойготуучу көптөгөн мыкты чыгармаларды жаратуу менен өздөрүнүн өчпөс издерин калтырышкан. Адатта, мындай улуу инсандарды даанышман деп аташат. Бардык эле улутка даанышмандарды ыроолой бербейт. Ал эми Чыңгыз атабыз чакан кыргыз элин бүткүл дүйнөгө тааныткан даанышман адамдардын бири.

ХХ кылымдын улуу жазуучусу, маданияттын сактоочусу жана гуманизмдин чечкиндүү коргоочусу болуу менен ал дүйнөлүк адабиятты арттырып жана биздин мекенибиз — Кыргызстандын образын адамзаттын руханий кенчине айландырган, дүйнөдө биринчилерден болуп маданий дөөлөттөрдү сактап калуунун жана кыргыз тилин, өз маданиятын кайра жаратуунун зарылдыгы жөнүндө айтып чыккан.

Анын чыгармаларында, азыркы учурдун актуалдуу маселелери, адамдын руханий жана адептик маңызы,акыйкаттыкты эңсөө жана адилеттикти орнотуу, адамда абийирди, кайратмандыкты, адамкерчиликтүүлүктү ойготуу өзгөчө байкалат.

Айтматовду акыл-эс жана жакшылык жеңип чыга тургандыгына ишенген, ар кандай көркөм системаларды чыгармачылык менен бириктире алган кайталангыс таланттуу инсан деп билем.

Атабызга арнаган ырым менен дилбаянымды аяктоо туура болор.

***

Айтматов ааламдын жымыңдаган бир жылдызы,

Айтарым жазуучунун эң мыктысы.

Адабияттан алган орду жогоруда,

Анткени анын жандуу дайым чыгармасы.

***

Адабият азыгы менен камсыз кылган,

Адамзат ыйманына салым салган.

Түйшүк тартып, түмөн эмгек жаратып,

Азамат атуул анын баарын элге арнаган.

***

Түбөлүк мөмө берчү бакты тигип,

Жасадың кыргыз үчүн улуу эрдик.

Мээнет менен тажабастан талыкпай,

Кыргыз атын көкөлөттүң бийик-бийик.

***

Дүйнө эли мөмөң менен азыктанат,

Даамдап жатып сенин жүзүң эске салат.

Чыңгыз өңдүү инсандарды көрөмүн деп,

Кыргызстанга бөтөн жерден багыт алат.

***

Бактысына кыргыздын жаралган бир белексиң,

Баалуусуң сен биз үчүн аба, суудай керексиң.

Мезгил учту, тагдыр жаман таш боор экен,

Дүйнө салдың бирок, өчпөйт сенин элесиң.

Өмүрзак Ажыбеков, Кыргыз Экономикалык Университети

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG