Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Эгемендик –– айрымдар толук баалай албаган башкы таберик


Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты.
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты.

Таажы вирусунун кырдаалына ж.б. мүшкүлдүү жагдайларга карабастан, Кыргызстандын көз карандысыздыгын ырааттуу чыңдоонун зарылдыгы тууралуу тарыхчынын блогу.

Пост-советтик Кыргызстандын эгемендигине каршы аракеттерди жүзөгө ашырууга далаалат кылган же жүзөгө ашырууга үмүт байлаган күчтөр, баамдап көрсөк, ар дайым эле өкүм сүрүп келген экен.

Түздөн-түз эгемендикке шек келтиргендердин арасында, албетте, 1999- жана 2000-жылдары жайында Ооганстандагы ошол кездеги жеткен эскичил талиптик режимге таянган жана өздөрүн “Өзбекстан ислам кыймылынын” өкүлдөрү санаган жоочулар болду. Алар куралдуу топ катары Баткен аймагындагы тоолуу кыштакты убактылуу болсо да басып алышкандыгы, жапон геологдорун жана кыргызстандык айрым атуулдарды барымтага алышкандыгы маалым.

Ага чейин “биз Жапониядагыдай куралдуу күчтөрсүз эле жашайбыз” деген ошол кездеги мамлекет башчысы жана өлкөнүн Жогорку Кеңеши Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн мышык ыйлагандай акыбалына назар бурууга аргасыз болгон.

Айрым өздөрүн исламдын жактоочусу катары эсептеген ачык же жашыруун кыймылдар да Кыргызстандын эгемендигине шек келтирип, шариятка негизделген халифат аталган орток мамлекетти бери дегенде Фергана аймагында, ары дегенде пост-советтик Борбордук Азияны жана КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районун бириктирген ири чөлкөмдө куруу кыялын айтып чыгышкан. Айрым аркы-теркини анчейин баамдабаган чала сабат дааватчылар да ушул күнгө чейин “халифат болсо жакшы болмок” деп каныйлап келишет. Алардын артында, албетте, “Ислам мамлекети” деп өзүн атаган террорчул уюмдарды колдогон сырткаркы күчтөр жана алардын каржылык булактары турат.

Бул “халифат” сөзүнүн артында Кыргызстандагы айдыңдык (секулярдык; орусча “светский”; түркчө “лайык”) түзүлүштү жок кылуу гана эмес, чөлкөмдө шариятка негизделген мамлекетти куруу аркылуу Кыргызстандын өзүн да көз карандысыз мамлекет катары жок кылуу долбоору жаткандыгын түшүнбөстөн, айрым дааватчылар “халифат болсо эле, май-көл, сүт-көл болот ко” деп үстүрт ойлошот.

Аркы-теркини дурус ылгаган ханафий диниятчылар болсо Кыргызстандагы азыркы көп этностуу, көп диндүү, көп партиялуу жана демократиячыл жумурияттык түзүлүштү чыңдоо зарылдыгын баса белгилешет.

Арийне, көмүскө түрдө Кыргызстандын эгемендигине шек келтиргиси келген башка саясий күчтөр да жок эмес. Алардын арасында айрым эскичил (сталинчи жана башка) коммунисттер мурдагы СССРди самаган ойлорун айтып калып жүрөт.

Алардын саны деле суюлуп калды, бирок саясий сахнага мурдагы СССРге кайтуу оюн башка деңгээлге чыгаргысы келгендер да байкалууда.

Алардын айрымдары азыркы таажы вирусунун оор кырдаалын эби менен пайдаланып, “андан көрө Орусияга эле кошулуп албайлыбы?” дегендей ойду байкаар-байкамаксан болуп жылдырып келишет.

Алардын айрымдарына “Сиз Кыргызстандын эгемендигине каршысызбы?” деп кайрылсам: “Жо-ок, бул сөз жөн гана оозумдан ыргып чыгып кетпедиби”, –– дегендери болду.

Бирок тарыхка кылчайсак, падышалык Орусия да, СССР да ар дайым коңшу өлкөлөрдү өзүнө каратып алуу үчүн XIX –– XX кылымдарда эле азыркы тапта “жумшак саясий кубат” деп аталып жаткан ыкмаларды эби менен колдонушчу.

XIX кылымдын ортосунда, маселен, орусиялык букара, өзү соодагер болгон Файзулла Ногаев деген теги татар киши узак жылдар Ысык-Көл аймагында жашап, айрым жергиликтүү кыргыз төбөлдөрүн падышалык Орусияга ыктыярдуу кошулам деп кат жазгыла деп үгүттөгөн. Соодагер Ф.Ногаевге айрым кыргыздарга орусиячыл маанай таркаткандыгы үчүн падышалык Орусия бийлиги атайын сыйлык да бергенин маркум академик Б.Жамгырчинов архивдик документке таянып жазган эле.

2018-жылы бугу (май) айынын 17синде Өзбекстандын Анжыян шаарындагы Анжыян мамлекеттик университетинде теги кыргыз, Кокон хандыгынын башкы колбашчысы Алымкул баатыр тууралуу (аны тарыхта “Алымкул аталык” деп шарттуу атап жүрүшөт) эл аралык илимий жыйын өтүп, анда Ташкен шаарынан келген илимпоз М.Б.Шамсиев кызыктуу баяндама жасады.

Алымкулдун урпагы Кайтпас Ташматов. 17.5.2018.
Алымкулдун урпагы Кайтпас Ташматов. 17.5.2018.

Өзбекстан Илимдер академиясынын тарых институтунун илимий кызматкери М.Б.Шамсиевдин баяндамасы “Эки жүздүү саясий турумду тутунган соодагерлерге карата Алымкул Амир-и лашкардын мамилеси жөнүндө (Ташкендин каратылышы тууралуу)” деген кызыктуу темага арналды. Ал Ташкен аймагындагы айрым соодагерлердин орусиялык экинчи атуулдугу болгонун, алар өз балдарын Санкт-Петербург сыяктуу шаарларда да окутуп келишкендигин, ошондуктан Ташкен аймагынын падышалык Орусия тарабынан каратылышына орусиячыл мамиле жасашкандыгын белгиледи.

Көрсө, 1864–1865-жылдары Алымкул аталык Ташкенди эгемен Кокон хандыгынын түндүктөгү таянычы катары сактап калуу үчүн салгылашып жаткан чакта, теги ташкендик бир катар соодагерлер эчактан эле бала-чакасын падышалык Орусияда окутуп, бул шаарды падышалык аскерлерге өткөрүп берүү сунушуна көнүп беришкен экен.

Демек, Файзулла Ногаев сыяктуу тыңчылар жана алардын жергиликтүү тарапкерлери Борбордук Азиянын башка аймактарында да ээн-эркин жүрүшкөн.

Кыргызстанда эмне ири шайлоо болсо эле (президенттикпи, парламенттикпи, айырмасы жок) чет элдик жарандыгы бар айрым жердештер кайдан-жайдан болсо да пайда боло калып, талапкер катары катышууга далаалат жасап келишет, айрымдарынын чет өлкөлүк жарандыгынын фактылары алар шайланган соң гана билинген учурлар болду.

Өкүлчүлүк органдарга эч шайланбай туруп эле дипломатиялык, аскердик, коопсуздук кызматтарда жана илимий мекемелерде, ал түгүл өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп, башка мамлекеттин курамына Кыргызстан кирип алса дурус болмок деген идеяны акырын "ыргытып" койгондор да жок эмес.

Аттарын айта албайм, мындайлардын айрымдарынын интернеттеги коомдук тармактардагы кээ бир постторуна да жооп бергем; бирок “бул –– атайын башкарылып жаткан агым эмеспи” деген тынчсыздануумду деле билдире кетейин. Эгерде жаңылышсам, анда “ө-х!” деп жеңилдене үшкүрүүгө даярмын.

Жакында Орусиянын президенти Владимир Путиндин СССР ойрон болгондон кийинки жана ага чейинки тарыхты бурмалаган сөзүнө Казакстандын генералдар тобу татыктуу жооп узаткан экен.

Мындан үзүндүсүн гана которо кетейин:

“...Биз шовинисттик маанайдагы жана уят-сыйытты билбеген орусиялык саясатчылар, саясат таануучулар тарабынан, –– анын ичинде Мамдуманын депутаттары дагы бар, –– айтылган аймактык дооматтарды көп ирет уктук. Жириновскийдин Казакстан менен Борбордук Азия жумурияттарын “кайтаруу”, алардан борбору Верный (Алматы) шаары болгон Түркстан федерациялык аймагын түзүү сыяктуу дөөпөрөстүк сунуштары маалым. Мамдуманын депутаты Павел Шперов, Казакстандагы “орусиялык жерлер” тууралуу ой толгоосун айтып, коркуткан билдирүү жасайт:

“...Чек аралар түбөлүктүү эмес жана биз орусиялык мамлекеттик чек арага кайра кайрылабыз. Бул жакынкы эле мезгилде болмокчу...”

Бирок мамлекет башчысы, өлкө президенти коңшуларына карата аймактык дооматтар тууралуу ой жорууларды айтууга өзүнө мүмкүндүк кылгандыгы –– бул жөн гана жарабаган кеп болуп чектелбейт... Бул –– өзүнүн өзүмчүл мүдөөсүнө жетүү үчүн, өз бийлигин сактап калуу үчүн чектен тыш чараларга барууга даяр турган, алысты көрө албаган саясатчынын айдан ачык бет тырмарлыгы. Ушул сыяктуу жарамсыз кеп достук мамиледеги мамлекеттин дарегине айтылып жаткандыгы абдан өкүнүчтүү. Ал эми достук мамиледеги өлкөлөр путиндик Орусия үчүн дээрлик калган жок. Эң жакындары –– Беларус менен Казакстан болчу. Сыягы, азыркы кремлдик бийлик акыркы досторунан да кол жууп калчудай көрүнөт...”

(Толугураак шилтеме: Генералы КНБ Казахстана ответили Путину // exclusive.kz. -- 10.7.2020.)

Эмне десем? Айжол Турсун жана башка казакстандык генералдардын бул кескин жообунун текстинен алардын тарыхый маалыматтарды мыкты билишкендиги, тарыхый факттарды даана пайдаланышкандыгы, эч кандай “самопал генерал” эмес экендиги, айдыңдык жана мекен сүйөөр руху сезилип турат.

Бизде ошондой сабаттуу колбашчылар көп болгондо, маселен, эгемендиктин алгачкы жылында Канттагы аскердик эскадрильяны тик учактары менен бирге Орусияга уча качырып жибербейт элек. Өзбекстан, маселен, 1991––92-жылдары дароо эле өз аймагындагы аскердик мүлктү толугу менен жумурият менчиги катары сактап калган.

2010-жылы 7-апрелдеги экинчи элдик ыңкылаптын жеңишинен кийин да Кыргызстанды экиге бөлгүсү келгендер чыккан. Мурдагы Ош шаарынын акими Мелис Мырзакматовдун жазышынча, ага “Түштүк Кыргызстан жумуриятын түзөм десеңер, укмуштай сонун көмөк болот” деп шыбыштоо үчүн орусиялык аткаминер саясатчы келип жолугушкан экен. Албетте, М.Мырзакматов анын сунушун өзүнө эч жууткан эмес. Булардын бардыгы тарыхтагы эскертүү болуп калды.

Кыргызстан өз эгемендигин сактоо жана чыңдоо үчүн бир гана "Түндүк уюлга" байланбастан, көп уюлдук, көп багыттуу дипломатияны гана жүргүзүшү керектиги айдан ачык.

Айтмакчы, кыргыз тарыхын да мурдагы айрым баскынчылардын кызыкчылыгында бурмалап көрсөтүү далаалаттары жасалып келет. Алардын бири –– 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштү кыргыз жолбашчылары өздөрү өз алдынча эмес, кайзердик жана осмон султандыгынын тыңчыларынын шыбыштоосу менен баштагандыгы тууралуу тарыхый факттарга эч дал келбеген жарамсыз жоромол болуп саналат.

Жогорудагы жоромол сыяктуу пикирлерге тарыхчылар Ташманбет Кененсариев, Турдубек Шейшеканов, Кыяс Молдокасымов, Рыскул Жолдошов, Роза Абдыкулова, Жамиля Мусарова, архив таануучу Владимир Шварц жана башкалар (маркум профессор Токторбек Өмүрбеков дагы) татыктуу жооп кайтарышкан.

Бул жаатта болочоктогу макалаларыбызда мезгил-мезгили менен кайрылмакчыбыз.

Тек, замандаштарга кайрылаарым, өзүн миң эсе мыкты тарыхчы дегендердин жазгандарын дароо эле ишенүү менен кабыл албастан, андай автордун тарыхый булакка мамилесине кызыгууларын, өзүн өзү тарыхчы атап алган фолк-хистори өкүлдөрүнүн, тымызын тапшырма аткарган айрым калемгерлердин чүргөмөлөрүн калыс баа, сергек сын көз караш менен өз алдынча сересеп салышын суранаар элем.

Тарыхчы дипломуна келсек...

Кээде СССР маалында IX беш жылдыкта малдын туягын кыштан аман-эсен чыгаруудагы комсомолдун олуттуу ролу (шарттуу айтып жатабыз) ж.у.с. тууралуу диссертация жактагандар эми Барсбек, Жусуп Баласагындын, Мухаммед Кыргыздын, Ормон хандын же Курманжан датканын жанында өзү жүрүп келгендей, же ойроттор менен согушта боо-боо кырылган душмандарды чет жактан өзү санап тургандай “жомокторду” күргүштөтүп жаза бериши деле ыктымал, бул жагын да кароо керек.

Эгемендигибизге шек келтиргендерди алардын мааракеси маалында “баатыр” кылып, Тайлак баатыр, Үмөтаалы, Осмон датка, Искак Асан уулу, Абдылдабек, Канаат хан сыяктуу чыныгы баатырларды, Иосиф Сталиндин айрым буйруктарына сын көз карашын билдирген Жусуп Абдрахмановду, “Кыргызстандын СССРден чыгып, эгемен болууга конституциялык укугу бар” деген илимий ою үчүн куугунтукталган Кубанычбек Нурбековду ж.б. эгеменчилерди адилет баа менен сөзгө албай келген учурлар деле эсте.

Улутубуздун көрөгөчтөрү болгон Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов жана башка залкарларыбыз эгемендикти табериктей сактагыла деп улам эскертип айтып, акыры ушул сөздү осуят кылып кетишти. “Манас” эпосунун өзүнүн негизги идеясы да ушул осуятты камтыйт.

Күзүндө Жогорку Кеңешке шайлаганда да байкоостон жемкорлорду, тымызын түрдө башка өлкөнүн тыңчысы болгондорду шайлап албашыбыз керек. Жемкорлордун “калбыры” ар дайым эгемендикке кедерги тийгизээри бышык.

Ал эми “карайлап калганымда "Орусияга кошулалычы” деп байкабай сүйлөп жибербедимби" деп айткандарга кулак кагыш: коммунисттик Орусияга (СССРге) багынбай койгон Финляндия, 1940-жылы басып алынып, 1990–91-жылдары өз эгемендигин калыбына келтирген Балтика боюндагы жумурияттар орточо турмуш деңгээли жагынан азыркы Орусиядан алда канча жогору турушат.

Кыргызстан, албетте, Орусия жана ШКУга кирген далай өлкөлөр менен теңата шерик катары кызматташтыгын уланта берээринде шек жок. Бирок өлкөбүздүн эгемендиги маселеси эч бир "стратегиялык шерик" делген тарап менен чайкоочулук кылынчу бутага айланбоого тийиш.

Пенделик ыкшоолуктун, саясий мажүрөөлүктүн жана чарбадагы жалкоолуктун кесепеттеринен чыккан убактылуу көйгөйлөрдүн себебин бабаларыбыз миң жылдан бери самап келген, колубузга 1991-жылы күрөш менен кайтып келген эгемендикке эч таңуулабашыбыз зарыл.

Азыркы убактылуу кыйынчылыктан эгемен мамлекетибиз байсалдуу чыгып кетээрине, элибиздин саясий даярдыгына, тажрыйбасына жана жаркын келечегине толук ишенем.

Бабалар осуятын кыйшаюусуз аткаралы, урпактарга эгемен, демократиялуу жумуриятыбызды татыктуу өткөрүп берели.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG