Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:56

Анжыян мамлекеттик университетинде теги кыргыз болгон, дили эгемен Кокон хандыгы үчүн соккон кыргыз аскер башчысы Алымкул Асан бий уулунун (1831—1865) өмүр жолуна арналган эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

Бугу (май) айынын 17синде Өзбекстандын Анжыян облусунун борборундагы Анжыян мамлекеттик университетинде өзгөчө маанилүү эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

Илимий жыйын айтылуу Алымкул Асан бий уулунун (1831—1865) өмүр жолуна арналды. Амир-и лашкер, лашкер башы (“аскер башчы”) сыяктуу даражаларды алган бул инсан иш жүзүндө аталыктын (регенттин) да милдетин аркалаган.

Жыйындын катышуучуларынын бир тобу. 17.5.18.
Жыйындын катышуучуларынын бир тобу. 17.5.18.

Кокон хандыгынын жалпы аскер башчысы болгон бул инсанга арналган эл аралык илимий жыйынды уюштурууга Өзбекстан тараптан Анжыян мамлекеттик университети, “Мерос” эл аралык уюму, ал эми Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фонду, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, Ош мамлекеттик университети сыяктуу бир катар кыргыз университеттеринин окумуштуулары үзүрдүү катышты.

Бул шеринеге, демек, өзбекстандык тарыхчылардан тышкары Кыргызстандын ар кыл илимий мекемелеринен жана Улуу Британиядан келген кыргыз таануучулар, тарыхчылар, түркологдор, тилчилер ж.б. адистеркатышты.

Өзбекстандагы АнжыянМУнун профессору, бул университеттеги музейдин мүдүрү, профессор Рустам Шамсутдинов, Э.Арабаев атындагы КМУнун профессору Ташманбет Кененсариев, “Мурас” жана “Мерос” фонддору бул илимий жыйынды уюштуруу камылгаларын былтыртан бери жүргүзүп келишкен.

Илимий жыйындагы терең мазмундуу баяндамалар Кокон хандыгынын тарыхы боордош кыргыз, өзбек, кыпчак, тажик ж.б. элдердин орток мамлекетинин тарыхы болгондугун, аны чыңдоодо жана анын эгемендигин коргоодо отурукташкан өзбек, ферганалык түрк жана тажик калктарынан тышкары, жызактык, анжыяндык, баткендик, оштук, аксылык, чаткалдык, таластык ж.б. кыргыз топтору, көчмөн өзбек, кыпчак уруулары жигердүү катышкандыгы жөнүндө чагылдырышты.

Жыйындын демилгечилеринин бири, профессор Ташманбет Кененсариев бул окуянын изи менен мындайча маалыматты “Фейсбуктагы” жеке барагына жазды:

Кыргыздын Улуу тарыхый инсаны, кыргыз эли гана эмес, бүтүндөй Түркстандыктардын азаттыгын коргоп, 1865-жылы Ташкенттин алдында орус генерал М.Г.Черняевдин экспансиялык армиясы менен салгылашып жатып, 9-май күнү 34 жашында каза болгон Алымкул Лашкер башынын –“амир ул-умаро” (1831—1865) өмүрүнө жана ишмердигине арналган кыргыз жана өзбек тарыхчыларынын биргелешкен эл аралык конференциясы болуп өтүп, Кыргызстандан 30дай илимпоз бардык...

Кокон доорундагы саясий айдыңда метеордой жаркып өткөн тарыхый инсандардын бири — Ташкен шаарын падышалык Орусиянын баскынчыл оторчул аскерлеринен коргоп жатып, жогоруда Ташын агайыбыз жазгандай, 34кө караган толукшуган чагында курман болгон даңазалуу кыргыз мамлекеттик ишмери Алымкул Асан бий уулу.

Айрым китептерде анын теги бүдөмүк жазылып келген, ал түгүл аны кыпчак деп сунуштаган макалалар да болгон. Бирок Алымкулдун кичүү үзөңгүлөштөрү жазган тарыхый маалыматтар жана анын азыркыга чейин жашап жаткан урпактары айткан айныксыз санжыралык маалыматтар бул атактуу кол башчынын (иш жүзүндө “амир-и лашкер”,“лашкер башы” титулу менен Коокн хандыгын бийлеп турган аталыктын) теги кыргыз экендигин тастыктайт.

Маселен, падышалык архивдерди казган адистердин бири, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жазгандай:

Өзбекстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде Алымкул аталыктын уулу Шер-Мухаммед (Шермат. — К.М.) Мырза Алымкулов тууралуу документтер көп учурайт. Анда Мырза Алымкулов Коргон-Төбөлүк кыргыз-кыпчак, Алымкул аталыктын уулу деп жазылган. Мына ушул маалыматтан Алымкул аталыктын киндик каны тамган мекенин тактоого болот.

Биз Алымкул аталык тууралуу анын жердеши, жакын тууганы Гулямкадыр Кенжебаевден кеңири маалымат алган элек. (Ал акыркы жылдары Бишкек шаарында жашап жүрүп, 1998-жылы каза болду). Анын айтканына караганда, Алымкул аталык Өзбекстандын Анжыян облусунун Жалал-Кудук районунун Коргон-Төбө кыштагынын жанындагы Таштак айылында төрөлгөн. Бул жер азыр Насирдин Исанов айылы деп аталып калды”.

Айтылуу ташкендик тарыхчы Молдо Мухаммад Йунус Жан Шыгавул датка Ташкенди өз учурунда Алымкулдун өтө ишенимдүү кишиси, анын жөкөрү, анын атынан дипломатиялык тапшырмаларды аткарган инсан болгон.

Молдо Мухаммед Йунус Ташкенди жазган "Тарых-и Алимкул Лашкар-беги" эмгегинде Алымкул аталыктын теги кыргыз экени тастыкталган.

"...Ma’lum o‘lg‘aykim, Amirlashkari marhumning nasablari qirg‘iz-qipchoq jamoasidan bo‘lib, ismi shariflari Mullo Alimquli Hasanbiy o‘g‘li erdi va volidayi shariflari Shaharbonu bibi erur".

Кыргызча котормосу мындай:

"Белгилүү болгондой, маркум Амир-лашкердин (Башкы колбашчынын) ата-теги кыргыз-кыпчак тобунан болчу, бул кадырлуунун ысымы Молдо Алымкул Асан бий уулу эле. Аны төрөгөн кадырлуу энеси - Шаарбану-бүбү эле".

Чагатай түркчө жазылган бул чыгарма оштук окумуштуу А. Топчуев тарабынан өзбек тилинен кыргыз тилине которулуп, ага профессор Т. Кененсариев түшүндүрмө жасап, «Алымкул аталык» деген аталыш менен 1999-жылы жарык көргөн.

Молдо Мухаммед Йунус Ташкендинин жазышынча, Алымкул 2 жашында атасы каза болуп, 5-6 жашка чейин Бужум-Баткенде таекелеринин колунда өсөт. Бирок, бул кол жазманын башка жеринде Алымкул бой жеткенге чейин эле атасы Асан бий тирүү жүргөнү, бий катары кадыр-барктуу болгону айтылат. Аны башка тарыхый даректер да бышыктайт.

Алымкул Лашкер башы кутумдун негизинде тактыга отургузулуп, Кокон хандыгын жетектеп калган эрезеге жете элек Султан Сейиттин атынан бул өлкөнү жеке башкарып калган. Ошондуктан бул хандыкта моралдык жактан аталык милдетин аткарган инсанды кийинки адабиятта “Алымкул аталык” деп атап келишет, ал эми анын доорундагы адабиятта ал тек гана “лашкер башы” (жалпы аскер башчысы, Башкы колбашчы) деп аталган.

Алымкул Асан бий уулу өзүнүн этностук теги боюнча кыргыз-кыпчак экендигин казакстандык белгилүү кокон таануучу Тимур Бейсембиев (1955—2016) дагы илимий эмгектеринде тастыктаган.

(Караңыз: The life of ‘Alimqul. A native Chronicle of Nineteenth Century Central Asia. Mulla Muhammad Yunus Djian Shighavul Dadkhah Tashkandi. / Edited and translated by Timur K. Beisembiev. — London and New York: Routledge Curzon. 2004.)

Анжыяндагы илимий жыйында маркум Тимур Бейсембиев аганын ысымы жана Кокон хандыгынын жазма маалыматтарын изилдөөдөгү анын опол тоодой эмгеги тууралуу да эскерилип өттү.

Профессор Ташманбет Кененсариев Алымкул Асан бий уулунун урпактарынын тагдыры тууралуу мындайча маалымат берет:

“...Алымкул Лашкер башыдан үч уул калган. Алымкул шейит кеткенден кийин анын үй-бүлөсү алгач Кашкардагы Жакыпбектин Жети-Шаар мамлекетине жашынышкан. "Йеттишаар" деп аталган бул мусулман мамлекети 1864-жылы Алымкул Лашкер башынын буйругу менен Ферганадан Жакыпбек баштаган жоон топ кыргыз бийлеринин жана жоокерлеринин активдүү согуштук аракети менен курулгандыгы тарыхта маалым. Бирок, мусулмандык Жетишаар мамлекети кыйрагандан кийин (1877) Алымкулдун уулдары жана үй-бүлөсү акырындык менен Фергана өрөөнүнө кайтып келишкен эле.

Алымкул Лашкер башынын уулдары төмөнкүлөр: Ташмухаммад (Ташмат) мырза (орус отор доорунда Коргон-Төбө, Көгарт, Сузак аймактарында бир нече жолу болуш болгон).

Экинчи уулу Шермухаммад (Шермат мырза) негизинен Анжыян шаарында жашап, шаардык жергиликтүү башкармалыктын аксакалдыктарынын (болуштукка тете бийлик) биринде башчы болуп кызмат аркалаган. 1916-жылкы көтөрүлүштүн башталышында падышачылыктын саясатына нааразылыгын билдирген соң, аны ошол мезгилде жүрүп жаткан дүйнөлүк согушта Орусиянын тыл жумуштарына жеберишкен. Анын андан кийинки тагдыры белгисиз. Шермат мырзанын бир уулу Азизбек 1941-жылы фашисттерге каршы согушка өз ыктыяры менен кетип, майдандан кайтпаптыр. Шермат мырзанын кийинки урпактары Анжиян облусунда, Баткен облусунда жашашат.

Үчүнчү уулу Рустамбек Өктөбүр төңкөрүшүнөн (1917) кийин акырындык менен АКШга өтүп кетип, эмиграцияда жашаган. Кийинчерээк Кыргызстанга, Анжыянга да келип кеткендиги жөнүндө маалымат бар.

Алымкул Лашкер башынын урпактарынын бир тобу Ташкентте турушат. Мисалы, Алымкулдун тун уулу Ташматтын небереси Ташматов Кайтпас Карабекович көп жылдар Өзбекстандын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Анын уулу Азиз Кайтпасович учурда Ташкент шаарынын Эсеп палатасынын төрагасы”.

Кайтпас Карабекович Ташматов.
Кайтпас Карабекович Ташматов.

Илимий жыйынга Ташкен шаарынан Алымкул аталыктын урпагы (чөбөрөсү) Кайтпас Карабекович Ташматов да катышты. Аны менен жандуу баарлашуу жана дидарлашуу тарыхчыларды эч унутулгус таасирге бөлөдү. Бул таасирди ого бетер бекемдеп, тарыхчылар Кайтпас агай менен байма-бай сүрөткө түшүп жатышты.

Жыйындын ачылыш аземинде Анжыян мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенттери кыргыз улуттук кийимдери менен катышып, өзбек курбалдаштары менен кошо тизилип турушту.

АнжыянМУнун ректору Акрамжан Юлдашев, ОшМУнун проректору Идирис Кенжаев, “Мурас” фондунун башчысы Кыяс Молдокасымов, “Мерос” фондунун башчысы Рустамбек Шамсутдинов, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин жетекчилигинин өкүлдөрү, Анжыяндагы кыргыз диаспорасынын жетекчи өкүлү Гүлнара Эралиева ж.б. эл аралык илимий шеринеге келген конокторго терең ыраазычылык билдиришти.

Ал эми Кыргызстандын Жалал-Абат облусунун акиминин (Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абат облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) орун басары Мамасалы Такабаевич Акматов да жыйындын ачылыш аземинде чыгып сүйлөп, өзү да Алымкул аталык менен чоң аталаш болгон инсандын урпагы экенин белгиледи. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын карым-катнашы жакшы деңгээлге чыга баштаганын айтканда, жыйындагылар эки мамлекеттин өз ара карым-катнашындагы соңку жаңыланууга ыраазылык билдирип, кол чабышты.

Жыйындын программасынын 1-бети.
Жыйындын программасынын 1-бети.

Жыйында Ташманбет Кененсариев, Рустамбек Шамсутдинов, Кыяс Молдокасымов, Арслан Капай уулу Койчиев, Жеңиш Дүйшеев, Эрнис Авазов, Сыдык Смадияров, Гүлжамал Токтогулова, Гүлнара Анарбаева, Кудрат Халматов, Абдинаби Кадыров, Байболот Абытов, Венера Анарбекова, Нургүл Сооронбаева ж.б. сунуштаган илимий баяндамалардын ар биринде жаңы өңүттөр камтылды.

Маселен, өзбекстандык тарыхчы М.Б.Шамсиевдин баяндамасы “Алымкул Амир-и лашкардын эки жүздүү саясий турумду тутунган соодагерлерге карата мамилеси жөнүндө (Ташкендин каратылышы тууралуу)” деген кызыктуу темага арналды. Ал Ташкен аймагындагы айрым соодагерлердин орусиялык экинчи атуулдугу болгонун, алар өз балдарын Санкт-Петербург сыяктуу шаарларда да окутуп келишкендигин, ошондуктан Ташкен аймагынын Орусия тарабынан каратылышына орусиячыл мамиле жасашкандыгын белгиледи.

Таластык изилдөөчү Моймол Жусупова Зыйнат даткайымдын Кокон тарыхындагы орду тууралуу баяндаманы сунуштады.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов адабиятта “акын молдо Калбек Андижани” деген ысым менен белгилүү ферганалык акындын теги — кыргыздын чоңбагыш уруусунан экендигин, анын урпактары учурда Ноокендин Чоңбагыш айылында жашаарын белгилей кетти.

Кайтпас Ташматов мырза жыйындын этегинде кайра сөз алып, Кыргызстан менен Өзбекстандын мындан аркы мамилелери ырааттуу чыңдалсын деп дуба кылаарын айтты.

Илимий шеринени жыйынтыктап жатып, профессор Рустам Шамсутдинов менен АнжыянМУнун ректору Акрамжан Юлдашев мырзалар өзбек жана кыргыз элдеринин достугун көз карегиндей сактоо керектигин белгилеп, эл аралык жыйынга туш-тараптан келген конокторго терең ыраазычылыгын билдиришти.

Илимий жыйын маалында Анжыян мамлекеттик университети Кыргызстандын айрым университеттери (анын ичинде ОшМУ) менен эки тараптуу кызматташтык тууралуу меморандум түзүп жаткандыгын аталган окуу жайдын ректору, профессор Акрамжан Юлдашев жарыялады. (Айтмакчы, АнжыянМУ сунуштаган ушундай меморандумдун бир долбоорун биз Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректоратына алып келип тапшырдык).

Орток тарыхты иликтөөдө биргелешкен аракеттерди мындан ары да жүргүзүү жана орток илимий жыйындарды улантуу чакырыгы менен аяктаган бул Анжыян илимий шеринеси эки өлкөнүн тарыхчыларынын XXI кылымдын башындагы унутулгус окуясы болуп калды десек жаңылышпаспыз.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG