Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 19:30

Кокон хандыгынын тарыхынын чыгаан булак таануучусу дүйнө салды (Тимур Бейсембиевдин жаркын элесине)


Казактын чыгаан булак таануучусу Тимур Бейсебиев (1955-2016). Казакстан ИАсынын Чыгыш таануу институтунун интернет барагынан.

Казактын заманбап булак таануучусу жана чыгыш таануучусу Тимур Касым уулу Бейсембиев дүйнө салды. Үчтүн айынын (январдын) 4үндө Алматы шаарында аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Казак элинин чыгаан окумуштуусу, чыгыш таануучу, булак таануучу Тимур Касым уулу Бейсембиев 2016-жылдын бештин айынын (декабрынын) 30унда кечкурун дүйнө салганын казактын заманбап арабисти Ашырбек Муминов Фейсбук аркылуу кабарлады.

Атаганат, жазмыш деген ушул тура!

Тимур ага 1955-жылы туулган, демек, быйыл 62 жаштын гана чайын ичмек. Чыгармачыл жактан телегейи тегиз болуп турган чагында шум ажал аны арабыздан жулуп кетип отурат.

Эми анын өмүр жолун дурус иликтеп, бейсембиев таануу тармагын калыптандыруу – анын артында калган шакирттеринин жана кесиптештеринин парызы.

Айтмакчы, өзүнүн маектеринин биринде Тимур Бейсембиев 12 жашында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келгендигин, дал ошол саякаты маалында өспүрүм бала алгачкы жолу “Кокон хандыгы” деген түшүнүктү уккандыгын айтканы бар.

Кийинчерээк Казак мамлекеттик университетинин тарых факультетинен ал даңазалуу иранист, булак таануучу Вениамин Петрович Юдин менен кезигет. Анын “Чыгыш таануучу” деген чыгармачыл ийримине катышып, фарсы тили тууралуу алгачкы маалыматка ээ болот. (Ал кезде Бишкекте да, Алматыда да чыгыш таануу факультеттери ачыла элек болчу).

Ошентип, акырындап Тимур Бейсембиев Кокон хандыгынын тарыхына арналган чагатай түрк жана фарсы тилдериндеги жазма тексттерди үйрөнө баштаган. Кокон хандыгында фарсы тили чагатай түрк тили сыяктуу эле кадыр-барктуу орунда болгон эмеспи.

Тимур Касым уулу Бейсембиев Кокон хандыгынын тарыхы боюнча негизги булактарды иликтеп, жалпылама булак таануучулук жана тарыхнаамалык залкар эмгек жаратып кетти (Т.К.Бейсембиев. Кокандская историография. Исследование по источниковедению Средней Азии XVIII-XIX веков. Алматы: Тоо Print-S, 2009. ‑ 1263 с. ‑ Комплексное изучение отдельных стран и регионов.).

Өзүнүн маектеринин биринде ал «Кокон тарыхнаамасы» эмгегин жаратуу үчүн 26 жылын коротконун, ал эми 2008-жылы Жапонияда жарык көргөн «Кокон жылнаамаларына карата аннотацияланган көрсөткүчтү» ("Аннотированный указатель к кокандским хроникам") түзүү үчүн 34 жылдык көз майы кеткенин айтканы бар.

Буга кошумчаласак, ал 12дей ар кыл тилдерди өздөштүргөн. Бул – заманбап булак таануучу үчүн зор жетишкендик жана зарылчылык.

Чынында да, өзүнүн жарык көргөн фундаменталдык эмгектери үчүн Тимур агабызга илимдин доктору даражасы түгүл, академик даражасын беришсе болмок. Маркум Тимур агабыз болсо Ташкенде жактаган булак таануучулук диссертациясынын негизинде тарых илимдеринин кандидаты даражасын алган бойдон кете берди. Анын тагдыры азыркы пост-советтик Казакстандагы илимий даражалар менен наамдарды берүүдөгү арабөк кырдаалды анык чагылдырып турат. (Учурда да көптөгөн казак кесиптештерибиз аргасыздан Бишкекке келип, кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргоп жатышат).

Тимур ага 1980-жылдары Өзбекстандын борбору Ташкенге көп ирет каттады. Бул куттуу шаардагы Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун жамааты, анын ичинде көрүнүктүү иранист Бөрүбай Ахмедов агайыбыз Тимур Бейсембиевге илимий батасын берди. Бөрүбай Ахмедовду, ошондой эле Өмүркул Караевди, Булат Кумековду (Көмековду), жаштардан - Тимур Бейсембиевди жана анын замандашы Меруерт Абусеитова айымды да Ташкенде Чыгыш таануу институтунда аспирантурада таалим алган же иштеген далай жаш илимпоздор (Таласбек Машрапов, Ашырбек Муминов, Жулдыз Тулибаева-Жапбасбаева, Тимур Тулибаев, Тынара Кудашева, Акылбек Кылычев, ж.б.) булак таанууга берилген мыкты илимпоз адистер катары өзгөчө урматтаар элек.

Тимур агабыздын кандидаттык диссертация катары коргогон жана кийинчерээк монография иретинде жарыялаган `Тарих-и Шахрухи` чыгармасы тууралуу эмгеги өз заманы үчүн жогорку булак таануучулук деңгээлде жазылган (Бейсембиев Т.К. `Тарих-и Шахрухи` как исторический источник. ‑ Алма-Ата. 1987. ‑ 200 с.).

Тимур Бейсембиев айтылуу Алымкул Лашкер-башынын, ‑ Кокон хандыгын эрезеге жете элек Султан Сейиттин атынан жеке башкарып калган, демек, моралдык жактан аталык милдетин аткарган инсандын, ‑ өз этностук теги боюнча кыргыз-кыпчак экендигин кокондук жазма булактар аркылуу тастыктап берди (Караңыз: The life of ‘Alimqul. A Native Chronicle of Nineteenth Century Central Asia. Mulla Muhammad Yunus Djian Shighavul Dadkhah Tashkandi. Edited and translated by Timur K. Beisembiev. London and New York: Routledge Curzon. 2004).

Тимур агабыз айтылуу Жакыпбекти (кийинчерээк өзүн Якуб-бек Бадөөлөт деп атап, Чыгыш Теңир-Тоодо өз алдынча Алтышаар хандыгын түзүүгө далаалат кылган колбашчыны) Кашкар шаарына Алымкул Лашкер-башы жөнөткөндүгү тууралуу да иликтөөлөрүндө белгилейт.

Азыр да Тимур агабыздын көп этностуу Кокон хандыгынын тарыхы боюнча баалуу табылгалары Борбордук Азия тарыхы боюнча эмгектерде кеңири колдонулуп келет.

Тимур Бейсембиев энеси, профессор Валентина Исенгалиева менен. Алматы. Үй-бүлөлүк архивден. 1977-жыл.
Тимур Бейсембиев энеси, профессор Валентина Исенгалиева менен. Алматы. Үй-бүлөлүк архивден. 1977-жыл.

Чыгыш таануучу Т.Бейсембиевдин энеси, профессор Валентина Айтешевна Исенгалиева апа да жалпы түркологияга бараандуу салым кошкон окумуштуу катары кеңири маалым. Валентина апанын өмүрлүк башкы салымдарынын бири, албетте, уулун казак эли гана эмес, жалпы чыгыш таануучулар кадырлаган илимпоз катары калыптандырганы болду.

Апанын дагы бир био-библиографиялык эмгеги – болочокку бейсембиев таануу тармагына пайдубал кызматын аткарып калды десек болот. (Караңыз: Исенгалиева В.А. Знаменитый ученый историк-востоковед Тимур Касымович Бейсембиев. – 2015. – Asianists. – 369 с. – ISBN 9965124108, 9789965124105.).

Кыргыз тарыхчылары Тимур аганын дүйнө салганы тууралуу кабарды оор кайгыруу менен кабыл алышты. Лондондогу тарыхчыбыз, XIX кылымдагы кыргыздардын арап арибиндеги дипломатиялык каттарын иликтеген Арслан Койчиев өзүнүн көңүл айткан саптарын жазды.

XIX кылымдагы ‑ XX кылымдын башындагы Борбордук Азия тарыхы боюнча адис Кыяс Молдокасымов Фейсбукка мындай деген саптарын калтырды:

“Арты кайрылуу болсун! Тимур Бейсембиевдин эмгектери Кокон хандыгы тууралуу жаңы көз караштагы тарыхты тактоого өзгөчө салымын кошкон. Болбосо Кыргыз тарыхынын 167 жылдык мезгили таптакыр тескери баяндалып келген эле, кечээ эгемендикке чейин эле. Кыргыз тарыхчылары маркумдун жаркын элесин эч качан эстеринен чыгарбайт”.

Маркум Тимур Касым уулу Бейсембиевдин жаркын элесин тарыхчылар академик наамы жок нагыз академик катары түбөлүккө эстеп калмакчы.

Тарыхчы Т.К.Бейсембиевдин айрым эмгектери.
Тарыхчы Т.К.Бейсембиевдин айрым эмгектери.

* * * * * * *

(Маркум Т.К.Бейсембиевдин сөөгү Алматынын четиндеги Кеңсай көрүстөнүндө түбөлүк жайына берилгендиги кабарланды).

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG