Кыргызстандын Советтер Биримдиги ойрон болгондон кийинки эгемендигинин наркын, сыягы, ар башка муундар ар башкача баалап жатат көрүнөт.
Бир кезде партократ, комсократ болгон жана бийликтин кайсы бир бутагына таасири бар катмарлар азыр деле эгемендиктин шарапаты менен айрым мурдагы коммунисттик төбөлдөрдүн мааракелерин өткөрүүгө далалат кылып жатышат.
Албетте, тарыхый инсандардын көпчүлүгү баркталып эскерилиши керектир, бирок Кыргызстанды “кызыл” Кремлдин алдында күнкор катары кармоого өзгөчө зор салым кошкондорду биринчи сапта ардактап, ал эми 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштө жетекчи болгон Канаат хан Ыбыке уулу, 1920-30-жылдары сталиндик саясий куугунтуктун айынан мерт болгон Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу мамлекеттик ишмерлерибиз, Кыргызстандын эгемендик алышы мүмкүндүгүн укук адиси жана Баш мыйзам адиси катары тастыктаган Кубанычбек Нурбеков, Энесай Кыргыз каганатынын доорун улам эстеткен Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу айдыңдарыбыз сөзгө дээрлик алынбай калып жатканы түшүнүксүз.
Эгемендикке каршы чыккан эски партократтардын мааракелерин уюштурууда баягы эле жердешчилик менен уруучулук да өз ролун ойноодо: “баланча кишинин мааракесин өз облусундагылар көтөрүп чыгышты, биз эмне унчукпай турабыз?” деген ачык же тымызын ураандар чакырылууда. Деги мындай инсандардын мааракелерин үй-бүлөлөрү гана өткөрүшсүн, ал эми эгеменчил жана кыргыз маданиятын өнүктүргөн инсандардын мааракелерин жалпы улут, жалпы мамлекет уюштурсун, – деген таасын критерийди азыркы бийликтеги чөйрө (“истеблишмент”) чыгара алабы?
Эмне үчүн бардык көйгөйлөрдү болочок муун үчүн калтыра беришибиз керек?
Татарлардын чыгаан акыны, Советтер Биримдигинин (өлгөндөн кийинки) Баатыры Муса Жалил германдык нацисттердин катарында Орол-Эдил (Урал-Идел) легиону делген кошуундун жетекчилеринин бири катары иштеп жүрүп, антифашисттик көтөрүлүштөрдү уюштурууга катышканы үчүн нацисттик концлагерде мерт кылынган. Акыры анын атуулдук эмгеги ата журтунда өзүнүн оң баасын алды.
Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттеринде да тарыхый калыс эстутум багытында жылыштар бар.
Коңшу Казакстанда “алашчылар”, Түркстан автономиясынын лидерлеринин бири, “Түркстан” легионун түзүү шылтоосу менен көптөгөн борбордук азиялык туткундарды ажалдан арачалап калган Мустапа Чокой (Шокай) сыяктуу инсандарды кайрадан калыс таразалап, алардын атуулдук ишмердигин жаш муундарга мурдагы советтик цензуранын чидеринен эркин туруп түшүндүрө башташты.
Биз деле архивдик жаңы маалыматтардын негизинде Сатар Алмамбетов сыяктуу инсандардын тагдырларын калыс изилдей башташыбыз керек. Миңдеген кыргызстандыктар антифашисттик кыймылга катышса да, Экинчи дүйнөлүк согуштан соң Шиберге (ГУЛагга) айдалган, алардын тагдыры тууралуу калыс маалымат дагы эле иликтенбеген бойдон чет элдик жана КГБга таандык архивдерде жатат.
Алардын бир далайы коммунисттик системадан жана Маскөөдөн эркин эгемен мамлекетти эңсегенин эмне үчүн азыр ачык айтпашыбыз керек?
Өзбекстанда эгемендик үчүн күрөшкөн баатырлар сабына кайрадан басмачы жетекчилери коштурулду (албетте, алардын ичинен кылмышкерлер деле чыкканын айтуу керек; болшевиктердин арасынан деле элет жеринде бөөдө кыргын уюштурган кылмышкерлер болгонун, Чыгыш Теңир-Тоо, Ак-Тоого чейин барып, советтик системадан качкандарды ошол бозгунда жүргөн жеринен көзүн тазалагандардын жоругун да тарыхтан катып кереги жок).
Биз баягы эле бийликтен көзү катып, кыргыз тилине каршы чыгып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн мажүрөө деңгээлге түшүргөн кишилердин мааракелерин “мынча жыл былкылдабастан бийликте тургандыгы үчүн” деп салтанаттуу белгилеп жатабыз.
Туура, ара-чолодо эгемен өлкөбүздө Тайлак баатырды да татыктуу эскердик, бирок Полот-хан, Абдылдабек, Үмөтаалы, Осмон датка, Жаныбек казы сыяктуу инсандардын эгемендик үчүн күрөштөгү салымдарын биз үчүн ким эскерип берет?
Бир ирет өтө таңкалычтуу окуяга күбө болгом. Кайдан-жайдан мени да чакыра калышканын билбейм, Майлуу-Сууга жакын бир жерде бир уруунун чоң тою өтүп жатыптыр. Ошондо бир “жайсаңчы” катары кийинчерээк шектелген калемгерибиз “силердин урууңардан мынча сандагы кишини окуу китепке киргизип бердим” деп калайыкка баяндап (“атчот берип”) кирсе болобу! Э, ботом, окуу китепке тигил же бул инсан тууралуу маалымат анын уруусуна карап эмес, жалпы улутка салымы өлчөнүп гана киргизилиши керек, – деп ага каяша айтышка туура келди.
Бул да бекеринен эмес. Улутту жек-жаатка, урууга бөлүү өнөкөтү мурдагы партократтардын тымызын оюндары менен чектелбестен, “чоң билимим бар” дегенди туюнткан сөөлөттүү жагоосун мойнуна тагынган башка бир катар замандаштарыбызга да өтпөй койгон эмес го деп ойлойм.
Бул өксүктү жоюу үчүн эмне кылуу керек?
Албетте, ачык талкуу кылуу абзел.
Көркөмдөп айтканда, “Манас” эпосунун шарттуу мааракесин жалпы улут, жалпы мамлекет, ошондой эле, кыргыздын элдик генийлигинин көркөм туундусу катары жалпы адамзат белгилейт, ал эми Абыке-Көбөштүн мааракесин (шарттуу алганда) Манаска теңдеш кылып белгилөөнүн кажети жок ко?
Жакында “Фейсбукта” тарыхчы, жазуучу Арслан Капай уулунун кызыктуу бир шилтеми жарыяланды:
“...1924-25-жылдар. Мамлекеттүүлүк түптөлүп жаткан кез.
Кыргыз болушпаса да, Манастын осуятын ошол замандагы кыргыздан да, мурунку жана азыркы манасчылардан да ашыра түшүнгөн үч адам болуптур. Үчөө тең кыргыз эмес. Болжолумда, же еврей, же немис. Иши кылса таза орус эмес. Фамилиялары: Дефье, Дивногорский, Дублицкий.
Ушул үчөө кыргыз улутун куроонун кандай моделин сунуш кылган дебейсиңерби? "Кыргыз улуту өңчөй оң менен сол канаттын урууларынан гана эмес, тили жана жашоо образы окшош, теги тектеш этностордон да куралышы керек!" - деп айгай салышып, образдуу айтканда, Манастын ураанын чакырышып, бийликтерге утур-утур кайрылып турушкан. Алардын оюна койгондо, Фергананын түрктөрү менен кыпчактары толугу менен Кыргызстанга кирмек...”
Мындагы айрым жагдайлар тууралуу талаш-тартышка кирбестен, биздин оюбузга жаккан нерсени эле баса белгилейли: биз “Манас” эпосундагы Алмамбеттин сыңарындай болгон инсандарды, б.а. теги кыргыз болбой туруп, кыргыз улутунун жана Кыргызстандын саясатына, маданиятына жана илимине зор салым кошкондорду татыктуу эскере жүрүшүбүз керек.
Мисалы, тарыхчылар Василий (Вильгельм) Бартольд (быйыл Кыргызстанда анын 150 жылдык мааракеси белгиленет), Юлий Худяков, этнографтар Чокон Валиханов, Саул Абрамзон, тилчи, этнограф Мухамед Ху Чжэнхуа, тилчи Константин Юдахин, котормочу, адабиятчы Турсунбай Адашбаев, педагог Владимир Унгефухт, укук коргоочу Наталья Аблова, ички иштер кызматкери Виктор Черноморец, өнөрпоз, спортчу Эсен Жумазович Исмаилов, өнөрпоз Юрий Бобков, ж.б. чыгаан инсандардын эмгектерин кантип унутабыз? (Өрнөк болчу инсандардын бир уучу гана саналып өткөнүн түшүнүү менен кабыл аласыздар го деп үмүттөнөм).
Жакында Бишкектеги Чыгыш университетинин аталышынан “Махмуд Кашгари Барскани атындагы” деген сөз алынып салыныптыр, бирок буга көлдүктөр эле нааразы болушу керекпи? Деги Махмуд Кашгари Барсканинин карахандык түрктөрдүн патриоту болгон бул бабабыздын арабча жараткан энциклопедиячыл илимий эмгегине карата университеттин демөөрчүсү болгон кувейттиктердин ичи бышпай калдыбы же эмне болуп кетти?
Эмне үчүн бул маселе ачык айтылбастан, жең ичинен бүткөрүлүшү керек? Биздин чыгаан илимпоз бабабыздын ысымын алып жүргөндөн уялган университеттин канчалык кереги бар? Бул жаатта барскоондуктар жана Ысык-Көл облусунун калайыгы эле эмес, жалпы өлкөбүздүн айдыңдары жана азыркы билим берүү министрлиги ойлонушу керектир?
Бишкектеги жаңы паркты "Бартольд паркы" деп атап коюуга неге болбосун? Бул аталыш да, Гумилёвдун ысымындай эле, элдерди ынтымакка чакырмак.Т.Чоротегин
Түздөн-түз урпактары жок делинип, эмне үчүн байыркы бабалар жерилиши керек? Кыргызстандын чегинен сырткары калган аймактардагы Жөжө акын, Рахманкул хан сыяктуу инсандар неге эскерилбей калышы керек?
Казакстан менен Өзбекстанды өрнөк кылсак, эмне үчүн Эски аянтты Барсбек аянты деп атап койо албайбыз? Нарындагы борбордук аянтты неге Полот хан аянты деп, Баткендеги аянтты – Мухаммед Кыргыз аянты деп, Караколдогуну – Тайлак баатыр аянты деп атай албайбыз? Сөзсүз эле инсандын жерине такаш керекпи?
Бишкектеги жаңы паркты "Бартольд паркы" деп атап коюуга неге болбосун? Бул аталыш да, Гумилёвдун ысымындай эле, элдерди ынтымакка чакырмак.
Эгемендиктин жана улуттук асыл-нарктын баасы элибиздин бардык тарыхый доорлорунда өздөрүнүн орчун салымдарын кошкон инсандардын ишмердигин салыштырма таразалоо аркылуу даанараак билинет. Эгемендик өзүнөн өзү эле көктөн колубузга түшүп калбагандыгын эстен чыгарбайлык. Улут катары өзүбүздү сактай алгандыгыбыз үчүн көптөгөн бабаларыбыз жана рухташ Алмамбеттер көөнөргүс эмгек сиңирген.
Албетте, биздин пикирибизде айрым замандаштар өксүктөр катары баалаган жагдайлар болушу ыктымал, кантсе да, мурдагы КДКнын мүчөсү эмеспизби. Ошого карабастан, талаштан тактык жаралат деп көп айтылып жүргөн сөздү кайталоо менен бул чакан блогду аяктагыбыз келет.