Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28

Эгемендик эскиче белгиленбес бекен?


Кыргыз өкмөтү өлкө эгемендигинин 20 жылдык мааракесин өткөрүү маселесин талкуулады. 31-августта белгилене турган 20 жылдыкты ар бир айылда майрамдоо жагы милдеттендирилди.

Айрым серепчилер бул советтик доордо өтө жүргөн майрамдарга окшош эле белгиленерин айтып, ар бир жаран чын дилинен чыгып, жалпы улуттук салтанат болбой калабы деп күмөн санап жатышат.

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн эгемендиги менен кошо Курманжан Датканын 200 жылдыгын белгилөөгө 30 миллиондой сом жумшаганы жатат.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов “мындай саясий маанилүү иш-чара үчүн бул көп деле каражат эмес” деп “Азаттыкка” билдирди:

- Бул жыйырма жылдыкты бир эле шаардыктар сезбестен, айылдыктар, керек болсо ар бир көчөдөгүлөр, кыргыздын жаранымын дегендердин бардыгы сезиши керек.

Кээ бирлер “20 жылдыкты ушундай деңгээлде өткөрүүнүн кереги барбы, же жокпу” деп айтып жатышат. Биз мамлекет болгондон кийин бул керек. Бул майрам катары эле эмес, бул саясий иш-чара катары белгилениши керек.

Биз аза күттүк. Бир жыл кыйналдык. 2010-жылы башыбыздан кыйынчылыктар өттү. Ушинтип кыйналып жатабыз деп мөңкүрөп отура берсек, азаны аза, кайгыны кайгы, ыйды ый, ал эми жакшылыкты жакшылык чакырат.


Өлкө дубандарынын, Ош менен Бишкек шаарларынын жетекчи өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, ар бир айылдан тарта дээрлик бардык аймактарда ыр-шоок, ар кандай сынактар, дасторкон фестивалдары өтөт экен.

Мындан тышкары ар бир облустан 5тен жөө күлүк Бишкекке карай чуркап келишет. Ошондой эле “Улуу Биримдик жүрүшү” деп аталган атчандар жүрүшүнө ар бир аймактан 40 атчан топтолуп, оболу Таласта Манастын күмбөзүнөн жолугуп, 31-августта Бишкекке келип парадга катышат.

Былтыр кандуу коогалаңды башынан өткөргөн Ош шаарында да бул сапар майрамга чектөө болбойт. Буга чейинки тыюулар алынып салынганын Ош шаарынын вице мэри Дастан Кожоев “Азаттыкка” айтып берди:

- Биз 2011-жылдын 11-июнуна чейин кооганын жылдыгы өткөнчө мораторий кармадык. Азыр шаарыбызда коомдук абал жакшы. 31-августта эгемендик майрамын толук белгилейбиз. Бардык тартип коргоо органдары, элдик кошуундар даяр. Кудай буйруса майрамды эч кооптонбой өткөрөбүз.

Айтор кыргыз өкмөтү эгемендиктин 20 жылдыгына шатыра-шатман кам урууда. Ал ортодо бул совет доорундагы мааракелерден эмнеси менен айырмаланат болду экен деген суроо капталдан чыгууда.

Серепчи Аскар Мамбеталиев эл өкмөттүн айдактоосусуз, өз дили менен көчөгө чыгып майрамдашы керек деп эсептейт:

- Бизде майрамдардын баары өйдөдөн төмөн түшүп өтөт. "Өткөрүш керек, андай-мындай кылыш керек" дешет. Башка жактарда эл өзү майрамдап чыгат, өзү уюштурат.

Бизде бул майрамды өкмөттүк майрам деп койсок болот. Майрамды эл өзү уюштурса сонун болмок. Бизде баары көнүп алган да, “өйдө жак айтса майрамдайбыз, айтпаса майрамдабайбыз” дешет. Муну формализм деп койот. Колукту өз ыктыяры менен күйөөгө тийгендей, өз ыктыяры, өз эрки менен майрамдап, өздөрү акча чыгарып, ошого жеткендей сүйүүгө ээ болуш керек. Бизде сүйүү азайып, популизм аябай күчөп кетпедиби.


Кыргызстан 31-августта эгемендигинин жыйырма жылдыгын белгилейт. Мааракеге чет жактардан кимдер келээр-келбеси азырынча белгисиз экен. Быйылкы эгемендик майрамы бул ирээт Орозо айтка туш келүүдө.

Ала-Тоо аянтында жакында алынган "Эркиндик" эстелигинин ордуна Манастын айкели, анын маңдайына айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели пайда болмокчу.

XS
SM
MD
LG