Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:38

Тарых жана "Манас": Манчжурду кыргыз кылып бурмалаган сүрөт


Т.Токтогазиевдин “Манаска таандык” деген сүрөтү манчжур ханы тууралуу эски сүрөттөн бурмаланган.

Журналист Темирбек Токтогазиевдин “беш өрдөктөрү” жалганды чын кылып мелмилдеген фолк-хистори көлүнө гана конду дешке болот. Тарыхчынын сын пикири.

Сүрөттү “оңдоо” аркылуу жоромол сунуштоо

Совет доорунда тарыхтын далай көөнө барактары актай калганына ирээнжиген айрым калемгерлер мындай “актай барактарды” жалган сүрөт менен толтурууга далаалат кылууда. Бул – майнаптуу ишпи?

Оболу Темикенин (“Манас Жаңырыгы” сыналгы компаниясынын жетекчиси, журналист жана публицист Темирбек Токтогазиевдин) жазгандарына жана жалган сүрөттөрүнө көңүл деле бурбай эле коюш керек деп өзүмдү жооткотуп келдим. Кыргызстандагы айрым беделдүү саясий ишмерлер анын жалганды чын кылган сүрөттөрүн мактаганда деле унчукпай койчу элем. Ичимден “сиздин табитиңиз деле ушундай тура” деп ойлоп койчумун.

Жакында, 2018-жылды бирдин айында (февралында) Тоолуу Алтайдан келген боордошубуз Наталья Токова “Фейсбуктагы” барагына бир чоң “сенсациялуу” кабарды жарыялады.

Анда журналист жана публицист Темирбек Токтогазиев фотомонтаж аркылуу “жакшырткан” бир эски сүрөт жөнүндө сөз болот.

Наталья Токова айым Т.Токтогазиев “хан Манаска таандык” деп сунуштаган сүрөт тууралуу жазып чыкты. Иш жүзүндө ал - манчжур ханы Нурхацинин бурмаланган сүрөтү. ФБ. 02.3.2018.
Наталья Токова айым Т.Токтогазиев “хан Манаска таандык” деп сунуштаган сүрөт тууралуу жазып чыкты. Иш жүзүндө ал - манчжур ханы Нурхацинин бурмаланган сүрөтү. ФБ. 02.3.2018.

Жарыяга караганда, бул сүрөт — айтылуу кыргыз ханы жана баатыры Манастын дал өзүнүн Кытайда чийилген эски сүрөтү имиш.

“Эски сүрөттүн жакшыртуучусу” Темикебиз мында жүрөктү жылытып, кишини толкундатып, кыйла эмгек кылган. Анын сунуштаган сүрөтүндө ак калпакчандар абдан көп. Кантсе да боордошубуз эмеспи, Наталья бул сүрөткө абдан кубанып алыптыр.

Ушундай кубанычты мындан 2 жыл илгери дагы бир кыргыз саясатчысынын жүзүнөн көргөн элем.

Ал дагы Темирбек Токтогазиев агайдын зор ачылышына ыраазы болуп, “тарыхчылар тымпыйып отурганда, ушундай жакшы ачылыш жасалбадыбы!” – деп маашырлана айтканы эсимде.

Анда да тарыхый булактар менен иши жок бул дилетант саясатчыга теңелип отурбастан, ичимден жылмайып койгон элем.

Эми Наталья сыяктуу дагы башка боордоштор бул жалган сүрөттү андан ары жайылтып жибербесе экен деген санааркоо гана бизди ушул саптарды жазууга түрттү.

Ачылыш өзү барбы?

Дароо ток этерин айтсак, мында эч кандай ачылыш жок. Бирок тарыхты бурмалоо далаалаттары иттин кара капталындай кезиккен азыркы доордо бул аракет да илимдин тегирменине эмес, билимсиздиктин тегирменине суу куйган жорукка тете.

Окурманга жалган фотонун мааниси түшүнүктүү болсун үчүн мындайча салыштырууну сунуштоону эп көрдүк: эгерде мен Леонид Брежневдин 1977-жылдагы почтоо маркасындагы түстүү сүрөтүн сканерден өткөрүп алып, анча-мынча оңдоп-түзөп, төшүндөгү жыбыраган ордендерди алып салып, анан бул фото сүрөттү Алберт Эйнштейндин буга чейин белгисиз болуп келген 1920-жылдагы сүрөтү катары окурманга сунуш кылсам, эл ишенсин үчүн Брежневге Эйнштейндин барпайган тармал чачындай чачты фотомонтаж усулу аркылуу эбин таап жабыштырсам, менин көңүлүмдү оорутпаш үчүн кээ бир кишилер “Эйнштейндин жаңы сүрөтүн тапканыңыз укмуш болуптур!” деп жасакерленип айтышаар. Бирок башка калайык мындай жалганга чыдамак эмес.

2014-жылы бир катар басылмалар, алардын ичинде “Супер Инфо” гезити Темирбек Токтогазиевге шилтеме кылып, кубанычтуу кабардан жар салды:

Кытайдын Жаң Юңхай деген профессору жергиликтүү илимий журналдардын бирине «Манас – тарыхый инсан» деп маек берген. Кытайдан Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр табылды”, - деп билдирди изилдөөчү, тележурналист Темирбек Токтогазиев. Ал «Манас» эпосунда айтылган беш Бээжинди же болбосо Кытайдын 5 шаарын кыдырып келгенин маалымдады. Айтымында, чет Бээжинде же азыркы Лявоян шаарындагы «Батыш дарбазасы» деген жердеги музейде кыргыздар сүрөттөлгөн 6 сүрөт сакталуу. «Кыйла олбурлуу, калпакчан адамдын отурган элеси түшүрүлгөн сүрөт бар экен. Биз муну Манастын сүрөтү деп болжолдоп жатабыз», - деди ал”. (Мындагы топонимдерди ж.б. текстти оңдогон жокпуз. – Т.Ч.).

Булак: Супер Инфо. ‑ №591. — 28-февраль-06-март, 2014-ж.

Кандай кубанычтуу кабар!

Эми Темике оңдоп-түзөп сунуштаган ошол кишини кубантчу сүрөттөрдү бул жакта да көрсөтө кетелик. Кантсе да, Манас атабыздын биз билбеген, Кытайдагы илимпоздор да оозун ачып байкабай жүргөн сүрөттөрү эмеспи!

Манас туралуу № 1 жоромол сүрөт. Т.Токтогазиев.
Манас туралуу № 1 жоромол сүрөт. Т.Токтогазиев.

Бул сүрөттө (аны шарттуу түрдө “№ 1 жоромол сүрөт” деп атап койдук) курсагы чоң “Манас” падышалык тактыда отурат. Ал эми анын алдында бүжүрөгөн кишилердин көбү ак калпакчан. Чет жакада алтын бедиз (Будда го?) бар чоң үстөлдү көтөрүп дагы экөө жагалданып турат.

Окурмандар “башкача” түшүнүп албасын үчүн “реставратор” Темике сүрөттүн оң жагындагы ылдыйкы бурчунда бул сүрөт (Кытайдын) “Леояң (Чет Бээжин) шаарындагы музейден табылды. Көөнө сүрөттү боёгон Темирбек Токтогазиев, 2014-жыл” деп бадырайта жазып койгон (текстке жана андагы топонимдерге эч тийген жокпуз).

Манас туралуу № 2 жоромол сүрөт. Т.Токтогазиев.
Манас туралуу № 2 жоромол сүрөт. Т.Токтогазиев.

Ал эми кийинки бир сүрөттө (аны шарттуу түрдө “№ 2 жоромол сүрөт” деп атап койдук) ак боз атчан “Манастын” алдында бүжүрөп-чөгөлөгөн кытайларды көрүп: "Ой тобо-о, өздөрүн жеңген кыргыз ханын даңазалаган сүрөттү калыстык менен тартып коюшкан экен!" - деп, бир чети, “Манаска” багынган кытайлардын сүрөтчүсүнө да тан бере кетесиң.

Манас туралуу № 3 жоромол сүрөт. Т.Токтогазиев.
Манас туралуу № 3 жоромол сүрөт. Т.Токтогазиев.

Дагы бир чийме сүрөттү Темикебиз ак дилинен оңдоп, кыргыз ханы Бээжиндеги падышалык сарайда конокторду шаан-шөкөт менен кабыл алып жатканын сунуштайт (муну биз шарттуу түрдө “№ 3 жоромол сүрөт” деп атап койдук).

Төрдө отурган хан чынында эле кыргыздын өкүмдары экенин тастыктоо үчүн Темике залдагылардын айрымдарына ак калпак кийгизип койгон.

Эми эмне кылышыбыз керек?

Дароо эле бул сүрөттөрдү чоң ачылыш катары окуу китептерге, энциклопедияларга жарыялоо керекпи?

Тарыхый фактылар бул жоромол сүрөттөрдү четке кагат

Тарыхчылар болсо – көжөлгөн калк эмеспи. Алар фактыны гана жазат, булакка гана таянат.

Темике таарынбасын, эми анын фактыга эмес, фантазияга, Бүбү Мариям (Майрамкүл Сармалдакова) ойлоп тапкан “тиги дүйнөдөгү булакка” таянган ж.б. жоромолдорун жана сүрөт бурмалоо далаалаттарын четинен төгүнгө чыгарууга туура келет.

Темирбек Токтогазиев бир нече китебинде, макалаларында жана маектеринде Манас б.з. VII—VIII кылымдарда жашаган деген ойду таңуулап келет. Анын негизги булактарынын бири, албетте, ага сүйүктүү бир арбак. Бул арбак өзү дал ошол кылымдарда жашаган имиш жана кийинчерээк өзүн Бүбү Мариям деп атап алган бакшы эженин көмөгү менен тигил дүйнөдөн сенсациялуу маалыматтарды бере берип, он томдук китеп жаздырууга жетишкен имиш.

Жайсаңчылардын жалган маалыматтар торунан согулган бул “кылтакка” тарыхчылардан профессор Өскөн Осмонов кантип түшкөнүн өткөндө орусча макалабызда жазган элек. Калган тарыхчылар бул бакшынын чүргөмөлөрүн болбогон кеп катары четке кагып келишет.

Солдон оңго: тарыхчы Өскөн Осмонов, бакшы Майрамкүл Сармалдакова (Бүбү Мариям) жана журналист Темирбек Токтогазиев Тоолуу Алтайда. 2010.
Солдон оңго: тарыхчы Өскөн Осмонов, бакшы Майрамкүл Сармалдакова (Бүбү Мариям) жана журналист Темирбек Токтогазиев Тоолуу Алтайда. 2010.

Интернеттин коомдук тармактарындагы Темикенин “ачылышын” даңазалаган дагы бир макаладан үзүндү келтирип өтөлүк:

“...белгилүү журналист жана “Манаc” изилдөөчү Темирбек Токтогазиев “Манас” таануучулардын илимий эмгектерин окуп чыгып, эпостун бир нече варянттарын бири-бирине салыштырып, Манаска байланыштуу жерлерди түрө кыдырып Кытай музейлеринен жаңы маалыматтарды таап, Айкөл Манас тарыхта орду бар тарыхый инсан экендигин далилдеп чыгышы кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Анда эмесе урматтуу окурман Темирбек Токтогазиевдин Чет Бейжиндин архив-музейинен тапкан 7-8 кылымдарга таандык сүрөттөрдүн көчүрмөсүн жана чоңойтулуп боёк менен боёлгон варянтын назарыңызга салабыз”. (Текстти эч өзгөртүүсүз сунуштадык. – Т.Ч.)

Булак: Сүйүнчү! Айкөл Манас атабыздын тарыхый инсан экендиги тастыкталды! - URL: https://ok.ru/group/57787803238456/topic/65485671568696

Мында да Темикенин биз жогоруда сөз кылган жана башка “оңдолгон” түстүү сүрөттөрү” берилген, ал түгүл түп нускасы делген сүрөттөр да тиркелген.

Бул түп нуска сүрөттөрдү биз мурда эле Манаска эч тийешеси жок деп четке каккан элек.

Эми Бээжинде жашаган кытайлык кыргыз окумуштуусу Жаркын Турсун айымдын түздөн-түз көмөгү менен эски сүрөттөргө кайра үңүлүп, мурдагы шегибизди биротоло тастыктаганыбызды айта кетүүм керек.

Бээжинде Илимдер академиясында иштеп жаткан Жаркын Турсун айым ханзу (кытай) тилиндеги көөнө иероглифтерде жазылган тарыхый жазма булактарды түп нускасында окуй алчу көзгө басар адистерден. Ханзулардын өздөрү дагы мындай көөнө иероглифтерди окуй алышпайт.

Мен ханзуча түшүнө албасам да, 2015-жылы 21-октябрда Жаркын айым менен чогуу бул көөнө жазма булактар сакталган китепканада болуп, айрым бөлүмдөрүн аралаган элем.

Тарыхчы Жаркын Турсун айым менен макала автору Бээжинде. 21.10.2015.
Тарыхчы Жаркын Турсун айым менен макала автору Бээжинде. 21.10.2015.

Кыргыздын башка илимпоздору да Жаркын Турсун айымды көөнө булактарды иликтеп жаткан мыкты адис катары сыпатташкан.

Эми жогорудагы “жакшыртылган” үч сүрөттүн түп нускасын “жиликтөөгө” өтөлүк.

Оболу бул сүрөттөр эчак эле илим чөйрөсүнө киргизилгендигин айта кетелик (аны кайсы бир музейде жашыруун же ачык сакталып чектелген деп айтууга негиз жок).

Кытай таануучу илимпоз Жаркын Турсун айым бизге өз катында жазгандай, бул жана башка айрым сүрөттөр 1986-жылы жарык көргөн “Чиң (Цин) сулалесинин тарыхынын жазмалары” деп аталган эмгектин 1-томунда Манчжурияга байланыштуу жылнаамалык маалыматтарда камтылган экен (бул булакты кыскача “ЧСТЖ” деп шарттуу кыскартып атап койолук.

(Булак: 《清实录满洲实录》- Records of the Qing Dynasty, vol, 1, Beijing, Zhonghua Shuju, 1986.).

Бул китепти барактасаңыз, Темике сунуштаган “№ 1 жоромол сүрөт” үчүн түп нуска сүрөт 342-беттен табылат:

Нурхачи манчжурлардын ханы жарыяланган учур. Б.з. 1616-ж.
Нурхачи манчжурлардын ханы жарыяланган учур. Б.з. 1616-ж.

Айтылуу манчжур өкүмдары, Чиң сулалесинин негиздөөчүсү Нурхачи (орусча Нурхаци; ханзуча 努爾哈赤; өмүр жылдары 1559—1626) бир катар ийгиликтүү жортуулдардан кийин 1616-жылы өзүн “хан” жарыялаган. Акыры ал Кытайдын Да Цзин — «Улуу Алтын» сулалесинин императору болуп кабыл алынган. Бул сулале ал өлгөндөн кийин, 1636-жылдан тартып, Чин сулалеси аталып калган.

Бул тарыхый чийме сүрөттө манчжурлардын таланттуу колбашчысы жана мамлекеттик ишмери Нурхачи өзүн хан жарыялаган 1616-жылкы окуялар тартылган экен. (ЧСТЖ, 182-бет).

Демек, бул сүрөттүн хан Манаска кылайган да тийешеси жок.

Ал эми 1621—1626-жылдары Нурхачи Ляодун жарым аралында ийгиликтүү жортуулдар уюштурган.

Эми урматтуу Темике сунуштаган “№ 2 жоромол сүрөт” үчүн түп нуска болгон эски чийме сүрөткө келелик.

Нурхачинин аскери Миң сулалесинин калайыгын багындырды. Б.з. 1621-24-жж.
Нурхачинин аскери Миң сулалесинин калайыгын багындырды. Б.з. 1621-24-жж.

Бул сүрөттүн сол жак бурчундагы ханзуча (китай иероглифинде) жана манчжур жазмасында (б.а. манчжурлар монголдордон өздөштүргөн жана тигинен жазылган улуттук алфавиттик жазмада) жазылган тексттерден кыргыз ханы Манас тууралуу эч кандай маалымат таба албайсыз. Анда тек гана 1621—1624-жылдары Кытайдын Миң сулалесинин калайыгы Нурхачи жетектеген манчжурларга багынып берип жаткандыгы тууралуу маалымат бар. (ЧСТЖ, 342-бет).

Нурхачи ак сарайында манчжур төбөлдөрүнө сый тамак берүүдө. Б.з. 1621-24-жж.
Нурхачи ак сарайында манчжур төбөлдөрүнө сый тамак берүүдө. Б.з. 1621-24-жж.

Темикебиз чийген сүрөттөрдүн ичинен биз “№ 3 жоромол сүрөт” деп атаган сүрөткө түп нуска болуп берген чийме сүрөт да жогоруда сөз кылынган манчжур ханы Нурхачинин дооруна таандык.

Мында Нурхачи өзүнүн хан сарайында манчжурлардын министрлерин, төбөлдөрүн, ири кол башчы болгон ак сөөктөрүн сый тамакка чакырган учур сыпатталган. Бул окуя болжол менен 1621—24-жылдарга таандык. (ЧСТЖ, 333-бет).

Окурмандарга бул түп нуска сүрөттөрдүн доору ого бетер даана элестетилиши үчүн Нурхачинин өмүр таржымакалына таандык кытайлык дагы эки чийме сүрөттү тиркей кетелик.

Нурхачи Ляояң шаарын камалоо маалында. 1621-жылдагы окуялар. Чийме сүрөт 1635-жылга таандык.
Нурхачи Ляояң шаарын камалоо маалында. 1621-жылдагы окуялар. Чийме сүрөт 1635-жылга таандык.

Бул чийме сүрөттө 1621-жылдагы Ляояң чебинин алдындагы салгылашуу чагылдырылган. Ошол жылы манчжурлардын ханы Нурхачи ханзулардын Миң сулалесине таандык Ляояң шаарына (азыркы тапта Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляониң вилайетинде жайгашкан шаар) ири аскери менен келип кол салып, кырчылдашкан салгылашуулардын натыйжасында аны каратып алган.

Ал эми 1621—1625-жылдары бул Ляояң шаары Доңчжиң (Dongjing) аталышын алып, Нурхачинин ордо шаары (байтактысы) болуп турган.

Жеңишке шерленген Нурхачи 1626-жылы февралда Ляониң жергесиндеги Ниңйуан (Ningyuan; орусча Нинъюань; азыркы Шинчең; Xīngchéng; орусча Синчэн шаары) деген чепти камалап, бирок чепти ала албай калган жана өзү да жарадар болуп, 7 айдан кийин дүйнөдөн кайткан.

Нурхачи Түндүк-Чыгыш Кытайдагы Ниңйуан салгылашуусу маалында. 1626-жылдын февралы. Чийме сүрөт.
Нурхачи Түндүк-Чыгыш Кытайдагы Ниңйуан салгылашуусу маалында. 1626-жылдын февралы. Чийме сүрөт.

Бул чийме сүрөт ошол 1626-жылдын февралындагы Ниңйуан салгылашуусунун окуяларын чагылдырган.

Бул сүрөттөгү Нурхачинин башкалардан айырмалуу дөөдөй чоң кылып көрсөтүлгөн кебетесин жогорудагы Нурхачинин дооруна таандык окуялар сыпатталган башка чийме сүрөттөрдөн да оңой эле таба аласыз.

Айтмакчы, кыргыздын “Манас” эпосуна таандык айрым эпизоддук окуялар Нурхачинин дооруна чейин эле мусулмандык жазма булактарда катталган. (Бул эпостогу манчжурларга каршы күрөш жөнүндөгү катмар, демек, улуу дастандын XVIII кылымдын экинчи жарымынан кийинки варианттарында гана кошумчаланган десек болот).

Маселен, хан Манасты кыргыз санжырасына тарыхый инсан катары киргизип баяндаган орто кылымдардагы бир уламыш фарсы тилинде XVI кылымда жазылган “Мажму ат-таварих” (“Тарыхтар жыйындысы”) чыгармасында камтылган.

Бул эмгек XVI кылымда Сайпидин Аксыкенди тарабынан жазылган. Автор өзү ферганалык кыргыз болушу ыктымал деген жоромол бар. Сайпидин Аксыкенди бул эмгегин бүтүрө албай дүйнөдөн өтүп, чыгарманы анын уулу Нур же (Нооруз) Мухаммед (1494—​1592-жылдары жашап өткөн) аягына чыгарган.

Бул окуяларда кыргыз-калмак согушу баяндалат, бирок аны кыргыздардын кара кытайларга каршы согушу болгон XII кылымдагы окуялар менен байланыштырууга да болот. Анткени мында Манастын башкы душманы — Жолой хан. Кыргыз этнографы Имел Молдобаев (1942—2005) сыяктуу окумуштуулар “Жолой” ысымын XII кылымдагы кара кытайлардын өкүмдары жана кол башчысы Элүй Дашынын ысымы менен да окшоштурушат.

Кандай болсо да, Сайпидин жана Нооруз Мухаммед Аксыкендилер XVI кылымда жашап өткөн. Алар баяндаган Манас, демек, алардын доорунан мурдагы замандарга таандык экендиги түшүнүктүү.

Ал эми XVII кылымдын 20-жылдарында (тагыраак айтканда, 1626-жылы сентябрда, б.а. Нооруз Мухаммед Аксыкенди өлгөндөн 34 жылдай кийинчерээк) дүйнөдөн өткөн манчжур ханы жана Кытайдын Да Цзин сулалесинин императору Нурхачини элестеткен сүрөттү кыргыздын ханы Манастын сүрөтү катары бурмалоо эмне деген баага татышы керек? Бул суроону окурмандардын билим деңгээлине жана табитине койолук.

Ханзу профессору тууралуу билдирүүгө тактоо

Эми урматтуу Темикенин “Кытайдын Жаң Юңхай деген профессору жергиликтүү илимий журналдардын бирине «Манас — тарыхый инсан» деп маек берген. Кытайдан Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр табылды”, - деген билдирүүсү боюнча тактоо киргизе кетелик.

Үстүрт караган кишиге теги ханзу болгон бул үрүмчүлүк профессор Чжаң Йуңхай (Zhang Yonghai) дагы “жайсаңчы” Темикени колдоп, “хан Манас VII-VIII кылымдарда анык жашаган кыргыз ханы болгон” деп тастыктаган экен деп түкшүмөлдөп калышы ыктымал. Анда эле айрым “жайсаңчылар” той берүүгө даяр экенинде шек жок.

Эми бул профессордун 2006-жылы Бээжинде жарык көргөн эмгегине – “”Манас” эпосунун Жусуп Мамай айткан вариантындагы Бээжин жана Орто Бээжин териндеринин табышмагы жана “Манас” дастанынын жаралыш доорун чечмелөө” деген макаласына келелик.

Үрүмчүлүк профессор Чжаң Йуңхайдын “Манас” эпосунун жаралыш доору тууралуу макаласынын мазмуну. Бээжин, 2006.
Үрүмчүлүк профессор Чжаң Йуңхайдын “Манас” эпосунун жаралыш доору тууралуу макаласынын мазмуну. Бээжин, 2006.

Профессор Чжаң Йуңхай үстүбүздөгү жылы 100 жылдык мааракеси белгиленген жаткан кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы, Кыргыз Респубикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын (1918—2014) айтуусундагы “Манас” эпосунун вариантын иликтеп, мындагы беш Бээжин топонимдерине көңүл бурган.

Жаркын Турсун айым бизге жиберген бул макаланын мазмуну менен башка замандаштар да тааныша алат.

Булак: The mystery of Beijing and Middle Beijing in “Manas” by Jusup Mamay and decoding the period of composing “Manas”, by Zhang Yonghai // Journal of the Central University for Nationalities, vol.33, no.2, 2006, pp. 86-95.

Профессор Чжаң Йуңхайдын оюнча, “Манас” дастанындагы Бээжин шаарынын ордун тарыхый Ордос аймагынан, Ички Монголиянын башка жерлеринен жана тарыхый Манчжуриядагы Хэйлуңжаң сыяктуу вилайеттердин аймактарынан издөө керек. Демек, анын кийинчерээк гана борбор шаар болуп калган азыркы Бээжин менен эч алакасы жок.

Жусуп Мамайдын вариантындагы Бээжин шаарын профессор Чжаң Йуңхай Кытайдын Ички Монголия автоном районундагы Балин жергесиндеги шаар чалдыбары менен окшоштурат.

(Ханзуча "Балин" - моңголдордун "Баарин" сөзүнөн алынган жана "баарын" аттуу уруу аталышынан келип чыккан. Бул Балин - азыркы Ички Монголиянын "Баарин Сол Байрагы" (ханзуча:巴林左旗; орусча Байрин-Цзоци; англисче Bairin-Zuoqi) деген айылы болуп саналат. Ал азыр КЭРдин Ички Монголия автоном районуна караштуу Чифэн (монголчо Улан-Хад, б.а. "Кызыл Аска") шаар аймагына баш ийет. - Т.Ч.).

Мында кидандар өздөрүнүн “Жогорку (Түндүк) Борбор шаар” (上京) деп атаган шаарын, б.а. (Лин-хуаң, Lin huang; 临潢) деген байтактысын негиздеген “Жогорку байтакты” дегенди “Түндүк байтакты” деп тактасак, анда, профессор Чжаң Йуңхайдын жоромолуна караганда, “Бээжин” деген сөз келип чыгат. (Караңыз: макаланын 88-, 89- жана 92-беттери). Бул шаар 1119-жыл ойрон кылынган.

Жусуп Мамайдын вариантындагы Орто Бээжин деген шаар аталышын профессор Чжаң Йуңхай азыркы Кытайдын Ички Монголия аймагындагы Ниңчең ооданынын Дамин (大明城)шаарынын ордунда жайгашкан деп боолголойт.

Бул шаар кидандардын (кытаңдардын) Ляо сулалесинин алтынчы императору Элүй Лүңсүйдүн (耶律隆緒 — Yēlǜ Lóngxù) тушунда, 1007-жылы негизделген. Бул “Орто Бээжин” шаарын Жусуп Мамай өз вариантында “Туңша шаары” деп да атайт, чынында да Ляо мамлекетинин “Чордондук Борбор шаарын” — Орто Бээжинди — ханзуча “Туңша” (中京) деп аташкан дейт профессор Чжаң Йуңхай (Макаланын 92-93-беттер).

Профессор Чжаң Йуңхай Жусуп Мамайдын вариантындагы беш Бээжиндин бардыгы тең (түндүк, чыгыш, чордондук, түштүк жана батыш байтактылар) кытаңдардын Ляо мамлекетинин аймагында бир кылымдын ичинде ар башка жылдары курулган болчу, деп белгилейт. Манас болсо булардын ичинен Бээжин (Балин) менен Орто Бээжинде, б.а. Ички Монголиядагы аймактарда гана болгон, деп профессор Чжаң Йуңхай жоромол кылат (макаланын 94-бети).

Булардын бардыгын толугураак баяндаган себебибиз — профессор Чжаң Йуңхай өз макаласында VII—VIII кылымдардагы окуялар тууралуу эмес, кыргыздар менен кытаңдар (кидан; qìdān; руна сымал жазмалардагы кытаң эли) жана алардын Батышка оогон бөлүгү болгон кара кытайлар менен тарыхый алакада болгон X—XII кылымдар жөнүндө сөз кылат.

Демек, Чжаң Йуңхай эч качан “жайсаңчыларды” колдогон эмес.

Ал эми профессор Чжаң Йуңхайдын өзүнүн кемчилиги тууралуу сөз кылсак, албетте, “Манас” эпосунун жаралыш доорун жалаң гана Ляо сулалеси жана Кара кытай мамлекети өкүм сүргөн X—XII кылымдар менен чектөө туура эмес.

Бир нече ирет белгилегенибиздей, кыргыздын “Манас” эпосунда биздин заманга чейинки III кылымдын соңунан — биздин замандын XVIII кылымынын ортосуна чейинки бай тарыхый окуялар баатыр жана хан Манастын жана анын урпактарынын окуялары катары үч же андан көп муундардын тагдырындагы окуялар катары сыйлыгыштырылып чагылдырылган. Демек, “Манастагы” окуяларды бир гана кылымга чегерүү — эпостордун, тарыхый дастандардын өзгөчөлүгүн түшүнбөстүк жана алардын маанисин кемитүү болуп саналат.

Бул эгемендик үчүн күрөштүн туусу болгон баатырдык эпосто байыркы хун доорундагы кыргыздардын окуялары, Энесай Кыргыз каганатындагы Барсбек сыяктуу кагандардын тагдыры, кийинки доорлордогу кытаң (кара кытай), моңгол, калмак, манчжур сыяктуу тарыхый коңшулар менен уруштар жана маданий карым-катыштар, ошондой эле Кытай, Тибет, Арап халифаты, бир катар түрк мамлекеттери жана этностору менен болгон бери дегенде эки миң жылдык тарыхый алакалар жуурулушуп чагылдырылган. Демек, эпосто тар жол — тайгак кечүүлөрдөн өзүнүн өзгөчөлүгүн сактай алган кыргыз улутунун эки миң жылдан ашуун мөөнөттү камтыган (XVIII кылымынын ортосуна чейинки) татаал тагдыры баяндалат. Улам жаңы муун өздөрүнүн баштан кечирген сабактарынын баянын бул эпос аркылуу болочокку муундарына таберик кылып калтыра берген.

Анан кантип “Манас” эпосун биздин замандын VII—VIII же X—XI кылымдары менен чектеп салууга болсун? Бул кылымдарда моңголдор, калмактар, манчжур, шибээ (сибо) элдери негиздеген ири мамлекеттер тарыхый аренага чыга элек болчу. Чыңгыз хандын ири мамлекети XIII кылымдын башында негизделди, ал эми манчжурлар менен теңир-тоолук кыргыздар XVIII кылымдын ортосунда гана тарыхый алакада болду. Демек, VII—VIII кылымдарда кыргыздардын ханы Манас моңголдор жана манчжурлар менен кагылышкан деп кантип айтабыз?

Дагы бир макаласын окусак, Темикебиз Манасты кытаңдардын Ляо мамлекетине кол салган, X—XI кылымдарда Ички Азиянын чыгыш тарабына, Түндүк Кытайдын бир ыптасына жортуул жасаган кыргыз ханы катары даңазалап жиберет:

“...Пекиндин (Чоң Бээжиндин) мамлекеттик музейинен тартып алган картага аябай сүйүндүм. Ушул күнгө чейин мындай картанын бар экендигин билген эмеспиз. Макелек Өмүрбайдын да кубанычы зор болду. Кечинде, жатакка келгенде, картаны “ноутбуктун” экранына чыгарып алып, кыргызчага которуп, ушул Ляо (кидандардын) империясынын убагындагы байыркы картага көпкө үңүлүп тиктеп, өзүбүзгө белгилүү болгон тарыхый маалыматтар боюнча узакка чейин пикир алмаштык.

Профессор Макелектин пикири боюнча Манастын негизги жоосу — кидандар. “Кидан” деген сөз “кытан” болуп өзгөрүп, анан “кыта”, “кытай” сөзү келип чыккан. Макелек мырзанын мындай пикирин Пекинде биз жолуккан ханзу улутундагы окумуштуу Дуң Шилин дагы бекемдеди.

... Бээжиндердин улам кийинкисине барганда, ал жердеги музейлерден тартып алып аткан карталардын эң эле көрүнүктүүсү — Чет Бээжиндеги (Лиаояң) чоң карта болду.

... Чоң Казатта Манас атабыз баштаган кыргыздын колу эмне үчүн алгач Чет Бээжинге барды деген суроо мени дайыма түйшөлтүп келген суроолордун бири. Бүгүнкү Лиаояң шаары бир кездеги Чет Бээжин шаары турган жерде экен.

... 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кытай императорлорунун Кыргыз каганына жазган каттары жарыяланган. Ал каттарды кытай тилинен профессорлор Ху Чженху (Мухаммед Ху Чжэнхуа. — Т.Ч.) менен Макелек Өмүрбай уулу которуп, ошол кездеги гезиттерде басылып, өзүнчө китеп да болуп чыккан. Эми ушул сапарымда Макелек мырза менен үзөнгү жолдош болуп, ”Манастагы” Беш Бээжиндин чын-төгүнүн билүүгө аракеттенип, сапарлашым менен кенен-кесири пикир алмаштым.

... Чет Бээжиндин батыш тарабындагы дарбазанын тоомун өз мезгилиндегидей кылып реставрациялаптыр. Ошол эле кезде, анын мурунку абалынан калган калдыгын көрүнүп турсун дегендей тийбегендери — бул Дарбазанын көөнөдөн калган экендиги байкалат. Мына ушул Батыш дарбазасын кидандар “Теңир колдогон дарбаза” деп аташчу экен. Алмамбет баштап келген Манас атабыздын колу ушул дарбаза аркылуу Чет Бээжинге кирип, хан тагына отургандыгын күбөлөндүргөн көөнө сүрөттөр ушул жердеги музейдин дубалына илингенин көрүп аябай кубандым. Музейдин ичи анча жарык болбогондуктан, фотоаппараттын чырагы (вспышкасы) тарткан сүрөттөрдү жалтыратып салып, көрүнбөй калып атты. Андыктан чырагы жок тартууга туура келди...”

Темикебиз бакшы Бүбү Мариям “тапкан” “Манас 670-жылы августта туулган” деген жоромолду, - бул “аркы дүйнөдөн алынган маалымат” катары сунушталган акылга сыйгыс жоромолду, — өзүнүн бир далай чыгармаларында жандуу колдоп жүрдү (ал түгүл хан Манастын ысымы — “Манас” сөзү “Куранда” да айтылган дегенге чейин барды).

Т.Токтогазиевдин “Манас” эпосу тууралуу талаш-тартыштуу китебинин мукабасы. Бишкек, 2013.
Т.Токтогазиевдин “Манас” эпосу тууралуу талаш-тартыштуу китебинин мукабасы. Бишкек, 2013.

Бул бакшы айымды ал мындайча көкөлөтүп жазганы бар:

“...Бүбүмариям Муса кызынын феномени эмнеде? Сегиз класс билими бар жумгалдык койчунун аялы болуп, өмүрүнүн кызыктуу жаштык курагын тоо-таштарда кой артынан жүрүп, чабандык оор шартта балдарын өстүрүп-тарбиялоо менен алек болуп жүрүп, кырк беш жашка келгенде Манастын кырк чоросунун бири болгон Жайсаң Үмөт уулунун нур-шоола түрүндө келген улуу руху менен кезигип, анан ошол нур-шоола акырындап учук чубап отуруп, "Айкөл Манас" дастанын 10 томдон турган китеп кылып чыгарууга апкелгени өзүнчө эле керемет окуя болуп атпайбы...”

Булак: Асман-Пресс. 26.4.2012. – URL: http://presskg.com/as/12/0426_10.htm

Кээ бир авторлор кайсы бир жоромолун ырааттуу түрдө колдоп жаза беришет. Мисалы, Турдубай Абдыракунов “Манастагы” айтылуу “Бээжин” топонимин уйгур ыдыкуттугу мамлекетиндеги Беш-Балык (Бейтин) шаары менен окшоштура берет.

Ал эми Темирбек Токтогазиев бул жагынан улам бир ойго “ооп” кете берген эркин калемгер. Маселен, ал Бүбү Майрамдын негизги жобосунан бир аз чарчаганбы, эми хан Манас кытаңдардын (кидандардын) байтактысын чапкан, демек, X—XI кылымдарда жашаган, дегендей тыянакка ооп кеткенсиди.

Т.Токтогазиевдин “Көк асаба” басылмасындагы жогоруда саал узунураак берилген шилтеме камтылган макаласын төмөнкү интернет барактан табасыз: URL: https://kmborboru.wordpress.com/2014/02/18/ky-tajda-manasty-n-tary-hy-j-insan-e-kendigin-tasty-ktagan-s-r-tt-r-bar-ulandy-sy/

Дегиңкиси, буларды мен кеңири окурмандар өз алдынча даанараак салыштырсын үчүн кеп кылып жатам.

Ал эми тарыхый синхрондук салыштыруу жаатында кыйла кемчиликтер кетирип жүргөн Темикебиз, бир чети, хан Манас VII—VIII, X—XI кылымдарда жашаган деп жаза берет, экинчи чети, Манастын дастандагы замандашы жана акыл кошоору хан Бакайды байыркы Чин Шихуанди (Цин Шихуанди) аттуу императордун дооруна таандык жоокерлердин элеси берилген бышырылган чопо (терракота) айкелдерди жасоого буйрук кылган өкүмдар катары жоромолдой берет:

Караңыз: Темирбек Токтогазиев: “Сиань шаарындагы чоподон жасалган (терракот) аскерди жерге Бакай бабабыз көмдүргөн” // «Эркин Тоо». - 12.04.2016. – URL: https://kmborboru.wordpress.com/2016/04/28/темирбек-токтогазиев-сиань-шаарынд/

Мындан улам Темикебиз хан Бакайды Чин Шихуандинин дээрлик замандашы кылып, б.а. биздин заманга ЧЕЙИНКИ (атайылап дааналап жаздым. — Т.Ч.) III кылымда жашатып жатат. Лишан тоосунун чыгышында 1974-жылы табылган чопо жоокерлердин айкелдери Чин Шихуандинин сөөгү коюлган ири көрүстөнгө б.з.ч. 210—209-жж. чогуу көмүлгөнүн билесиздер.

“Мейличи” деп койолук. Анда биздин заманга чейинки III кылымда жашаган хан Бакай биздин замандын VII—VIII, X—XI кылымдарында жашагандыгы Темике тарабынан жоромол кылынган Манас менен кантип замандаш болот? (Ортодо канчалаган кылымдар калып жатканын башталгыч мектептин окуучусу деле санап бере алат).

Сөз соңу.

Темикени мен абдан сыйлайм. Журналисттик мээнеткечтигин, эр көкүрөктүгүн, жайдарылыгын, жароокерлигин өзгөчө кадырлайм.

Ыраматылык Мелис Эшимканов бир убакта Максим Бакиевдердин тымызын көкүтүүсү менен “Азаттыктын” берүүлөрүн КТРдан 2008-жылдын 8-октябрынан тартып обого чыгарбай, таптакыр токтотуп салганда, Темикебиз тилектештик кол сунуп, “Ыңгайсыз суроолор” менен “Азаттык+” сыналгы берүүлөрүн “Манас жаңырыгы” каналы аркылуу обого чыгарып турду. Бул эрдиги да эсте.

“Манас жаңырыгы” компаниясынын жетекчиси Т. Токтогазиев. 09.8.2010.
“Манас жаңырыгы” компаниясынын жетекчиси Т. Токтогазиев. 09.8.2010.

Бирок өлкөбүздөгү жамаагаттык маалымат каражаттарында “фолк-хистори” деп аталган чүргөмөлөр көбөйүп, аларга Темикебиз да тынымсыз салым кошо баштаганда, чынында, биз тарыхчы катары сын пикир айтууга мажбур болдук.

Жүйөөлүү жооп уксак, албетте, ага жана башка окурмандарга ыраазычылык билдиребиз.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG