Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Момун Кыргызстан


Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин бул ой толгоосунун соңунда камтылган жана 1998-жылы жарык көргөн ырындагы "Биз аларга шайлаар кезде керекпиз" деген саптар мекендештерди быйылкы олуттуу шайлоо жылы жана жалпы эле өткөөл мезгилде жарандык жоопкерчиликке жана жигердүүлүккө чакырып турат.

Интернет сайттарды карап олтуруп, таланттуу публицист, орус тилинде мыкты макалалары менен таанымал, мен урматтаган инилеримдин бири Мүсүркул Кабылбековдун акыркы кездери биринин оюн бири улап, бирин бири тереңдеткен, окуган адамды түмѳн түркүн ойлорго сала турган макалаларын канааттануу менен окуп келатам.

“Менин оюмча, - деп жазат Мүсүркул, - биз дагы деле кѳз карандысыз, ѳз алдынча мамлекет боло албай койдук окшойт. Калп бизди уят-сыйыт менен ар-намыс дегенден таптакыр эле ажыратып таштады. “Калптын казаны кайнабайт” деп айткандай, казаныбыз кайнамак тургай кендирибиз кесилди. Казынабыз какшып турганын ойлобой, бөтөн өлкөлөрдөн кайыр сурап жан багууга кѳнүп алгандан кенедей да уялбай-этпей калдык.

Тескерисинче, карыздап жан бакмайды эрдик, жетишкендик саначу болдук. Тилекке каршы, азаптуу тарыхыбызда биздин багыбызга бийликке келгендерден ѳзүбүздүн Ата Түркүбүз, ѳзүбүздүн Аденауэрибиз менен Ямомотобуз чыкпай койду. Билсеңиздер, 15 жылдан бери карай гибридделген, эч кимге билинбеген жарандык согуш оту басылбай келатат. Бирок муну эч кимибиз байкай элекпиз.

Санай кетейин:

  • Бир далай саясатчылар менен журналисттер аёосуз ѳлтүрүлдү.
  • Кагылышуудан 89 адам ѳлүп, далайы майып болду.
  • Эки президент качып жүрѳт.
  • Бир президент, эки премьер-министр түрмөдө отурат.
  • Күчтүү деген менежерлер, министрлер, шаардын мэрлери сурак беришүүдө.

Кечээ бирөөлөрдү түрмөгө отургузгандар бүгүн өздөрү түрмөгө отурууда. Бүгүн бирѳѳлѳрдү түрмѳгѳ отургузгандар эртең ѳздѳрү барып олтурат. Бул жиндиликтин деги бүтѳр күнү болобу? Муну ким токтотот?”

Мүсүркул Кабылбеков ушинтип жазды.

* * *

Ѳлкөбүз бай болсо экен дедик. Элибиз бай болсо экен дедик. Кыргыз илгери эле “берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы” деп айткан. Байлык эмне, жаманбы? Эмне себептен биз байыганды эмес, байлыкты жек көрүп калдык? Байлыкты элге байлар жаман көрсөттү. Маңдай тери, карандай мээнети, акыл-билими менен байыгандар эмес, уурдап байыгандар, мамлекетти талап-тоноп, элдин жон терисинен кайыш тилип сатып жүрүп байыгандар жаман кѳрсөттү байлыкты.

* * *

Элибиз “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда барып жер жаңы” деген. Муундар алмашты. Убакыт деген Арстанбек Буйлаш уулу абабыз айткандай “Кыйкырганың бел ашпай, үн кыскарып” турганда, “кылсаң жумуш-иш бүтпѳй, күн кыскарып” турганда, “жатсаң уйкуң келбестен, түн кыскарып” турганда, “ата кетип баркынан уулу бийлеп” турганда, “байы кетип баркынан кулу бийлеп” турганда эми кандай кылдык? Жол табуучулар барбы? Кечээ эле, же мындан 30 жыл мурда, биз -- азыркы улуу муундагылар толуп-ташып турган, алдуу-күчтүү, жап-жаш улан-кыздардан элек. Эгемендик келди деп, ѳз алдынча өлкө болдук деп, эл болдук деп, тѳбѳбүз көккө жете сүйүнүп, кылкылдаган элдин арасында жаркын келечекти элестеп, гүлдѳгѳн Кыргызстанды элестеп, кыялданып, кубанып Ак үйдүн алдында турганбыз.

* * *

Андан бери 30 жыл өтүптүр. Ошондо туулган улан-кыздар бүгүн 30га чыгыптыр. Ал эми Жусуп Абдрахманов 26 жашында Кыргыз Мамлекетин башкарган, Сталинге кат жазып, ѳлкѳнүн ѳзүнѳ деген буудайын борборго тѳгүүдѳн баш тартып, кыргыз элин, кыргыз эле эмес казак элинен келгендерди ачарчылыктан сактап калган. Ошол кездеги жаштарчы? Бири дагы мамлекетти талап-тоноюн, элди жеп-ичейин деп ойлобоптур...

* * *

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдары бизден да жалындаган жаштар чыгып мамлекетти түптөөгѳ аттанышты. Баш мыйзам кабыл алынды, Мамлекеттик тил менен туубуз, гербибиз кабыл алынды. Анан Кумтөр пайда болду. Алтын азгырыгы келди. “Алтын деген “ал” жана “тын” деген эки сѳздѳн турарын билген жокпуз. Акыры алтын азгырыгы далайлардын башын, далайлардын “акыл-эсин жутту”.

* * *

Ѳлкѳгѳ, элине эркиндикти, теңдикти, бактылуу жашоону убада кылган жаш саясатчылардын канчаларынын чачы агарды. Канча ирет Жерге жаз келип, канча ирет Жерди кар басты. Мүсүркул мындан бир жарым жыл мурда Айтматовдун “Ак кемесиндеги” Момун чалды “оң каарман эмес” деп жазса, эч кандай коргоого муктаж болбогонуна карабастан Айтматовду коргомуш болуп көрүнгүсү келгендер “Момундун бейнесинен колуңду тарт!” деп бакырып тура калганын билем. Мүсүркул маселенин “диагнозун” аябагандай даана койгон. Анткени ата-бабаларыбыздын салт-санаасы, нарк-насили менен, арамдыгы, куулук-шумудугу жок ѳскѳн Момун чал небересин да ошол жол менен тарбиялагандыгын, табиятты, элди-жерди кадырлап сактаганга ынандырып, ыйык саналган Мүйүздүү Бугу Эне тууралуу таттуу жомокторго сугарып, ыйманга жетелегенин, акыры ошонун баары келип баланын ѳлүмүнѳ себеп болгонун, ал тургай ыйык деген Мүйүздүү Бугуну Момун чал ѳз колу менен атып өлтүргѳнүн (энесин жаа менен атып ѳлтүргѳн Жоломанды эстегиле), ошентип кылымдар бою ѳз элинин нарк-насилин сактап келген чалдын элдик касиетин Орозкул зѳѳкүрдүн ачкѳздүгү, кѳр дүйнѳдѳн бѳлѳктүн баарын дүйнѳ деп эсептебеген түркѳйлүгү бир заматта кыйратып, талкалап жок кылганын айткан эле...

* * *

Бүгүн эми Кыргызстандын ѳзү ошол кѳр дүйнѳдѳн бѳлѳктү кѳздѳрү кѳрбѳгѳн жүздѳгѳн Орозкулдардын ѳтүгүнүн алдында тепселип жаткан Момун чалдын ѳзүнѳ окшоп турган жокпу? Эмне үчүн кымбат баалуулуктардын баары ишеничтен кетти? Эмне үчүн миллиондорду уурдагандар, миллиондоп пара алып кармалгандардын баары мамлекеттик кызматта иштегендердин ѳзүлѳрү болууда? Эмне үчүн ошол миллиондорду жегендер кармалып, тергелип, айрымдары абакка алынып... анан бир күнү эле “кылмышы аныкталган жок” делип, кутулуп кетишүүдѳ?

* * *

Чындап эле Момун чалдын ѳзүнѳ окшоп турган байкуш Кыргызстанды Орозкулдардын бѳтѳнзордугунан кимдер сактайт? Орозкулдардын балдарыбы? Неберелериби? Ал эми момун Кыргызстандын балдары менен неберелери бир кездеги атасы айтып берген Мүйүздүү Бугу Энесин сактамак тургай, ѳзүлѳрүнүн кара башын сактайм деп кара жанын багыш үчүн кѳрүнгѳн ѳлкѳлѳрдүн очогунун оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүшѳт го?

Момун Кыргызстанды ачкѳз, зѳѳкүр, сабатсыз, чоң муштум, кѳр дүйнѳдѳн бѳлѳк эчтекени кѳрбѳгѳн Орозкулдардын бир билегине эле бир канча миң долларлык саат байланган, бир канча миң долларлык жол тандабас кымбат машинелерди минген, адам ѳлтүрүп алса чымын ѳлтүргѳнчѳ санабаган, Кудай-Теңирин тааныбаган, каалагандай кутурган, кылмыш кылса каалагандай кутулган балдары менен неберелери сактайбы? Отуз жылдан бери ушулардын ата-энелери каалагандай жеп-ичип, эми күздѳ боло турган шайлоого шатырап келе жатышпайбы. Сиз Кыргызстанды ушулар сактаарына ишенесизби?

Акын жана публицист Ш. Дүйшеевдин "Агындылар" аттуу китебинин мукабасы. 19.10.2014.
Акын жана публицист Ш. Дүйшеевдин "Агындылар" аттуу китебинин мукабасы. 19.10.2014.

Макаламды мындан 22 жыл мурда, 1998-жылы Акаевдин доорунда жазган, убагында “Асаба” гезитине чыккан “ӨРТ” деген ырым менен аяктайын.

Кѳңүл калып, ѳң-алеттен азабыз,

Күндѳ бѳлѳк жолго түшүп басабыз.

Күндѳ бѳлѳк ыйман күтүп дүйнѳдѳн,

Биз акырын ѳлүп бара жатабыз.

Бектер-хандар гүлдѳп шапар тебишет,

Бейитиңдин так үстүндѳ жеп-ичет.

Акыйкаттык ѳлгѳн жерде дайыма,

Арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким кыйган терекпиз,

Биз аларга шайлаар кезде керекпиз.

Эл деген биз — макулук да, маймыл да,

Эч нерсе да, эч ким дагы эмеспиз.

Ата Журтта ач-жылаңач сабалган,

Аялга окшоп зордукталган, таланган.

Ѳрттү кѳздѳй жылып келе жатабыз,

Ѳзүбүздүн сѳѳгүбүздѳн каланган.

Шайлообек Дүйшеев,

Таш-Дѳбѳ айылы, 10-июнь, 2020-жыл.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG