Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:34

“Таза кандуулук” чакырыгы элди өргө тартпай, орго түртөт


Орусиялык ашынган улутчулдардын жүрүшү маалында. 04.11.2009.

Кыргызстандагы айрым маалымат каражаттарында коомдогу өксүктөр үчүн сырткы душмандарды жана ички “арамза теги бузуктарды”, “калмактарды”, “сарттарды”, “жөөттөрдү” ж.б. айыптаган ойлор айтылып жүрөт. Мындай жосунсуз “эл бузар” ойлорду коомчулук кескин түрдө четке кагууда.

Душман издөө өнөкөтү эски доордон калган

Кыргызстанда пост-советтик эгемендик доордо, коммунисттик цензура толук жоюлган шартта, улуттук маданият жана аң-сезим мурда болуп көрбөгөндөй өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бирок бул мүмкүнчүлүк кандай деңгээлде пайдаланылгандыгы – узун сөзгө жана кызуу талаш-тартыштарга татый турган тема.

Дал ушул кырдаалда көп этностуу Кыргызстанды чыныгы эгемен жана демократиялуу мамлекет катары телчиктирүү милдети келип чыкты.

Чидерленбеген жемкорлуктун (коррупциянын) шартында үнсүз-сөзсүз кала бергиси келбеген кыргыз эли XXI кылымдын алгачкы он жылынын ичинде эле эки ирет ыңкылап уюштурду (2005- жана 2010-жылдардагы бул окуяларды “жөн гана төңкөрүш болду” деп баалагандар да бар).

Ал эми коомдогу улам кайталанган өксүктөргө нааразы болгон, бирок үнү бийликтер тарабынан тийешелүү деңгээлде эске алынбай калды деп иренжиген катмарлардын бир бөлүгү баары жоктун баары үчүн “таза кыргыз эместерди” айыптуу деп санай башташты.

Алардын кай бирлери ушул өксүктөрдүн артында АКШнын Борбордук чалгын кызматы (БЧК; орусча ЦРУ) турат деп санашты (албетте, бул айыптоо илгерки СССРдеги чекисттик айыптоо салтына барып такалат), башкалары – нацисттер менен сталинчилердин учурундагы антисемиттик маанайды “кайра тирилтип”, баары-жоктун баарына жөөттөр бут тосуп жатышат деп чыгышты.

Соңку бүтүмгө мисал катары өзүн теңирчилик философиясынын өкүлү санаган Чоюн Өмүралиев агайыбыздын бир макаласына шилтеме кыла кетелик:

Биз, бул – жүүт системаны быт-чыт талкалап туруп, мындан суурулуп чыкпасак, эгемен мамлекетибизди элибизге кайырып келбесек, анда дагы 20 жыл бою шорлоп, дагы канча бир революцияларды баштан кечирип, акыры өзүбүз чабылып-чачылып түгөнүп бүтөбүз. Демек, биздин алдыдагы эң биринчи максат, бул левитиндик эмес улуттук укукчул мамлекетти, б.а. чыныгы Кыргыз Элдик Мамлекетин курушубуз керек экен. Кантип?

(Булак: http://kok-asaba.journalist.kg/2013/04/03/...)

Ушул жагдайда кыргыз улутунун көп кылымдык тарыхына бир беткей кылчайган айрым ашынган улутчул калемгерлер Кыргызстандагы өнүгүүгө кедерги болгон күч катары борбордук жана ички азиялык коңшу этностордун өкүлдөрүн айтып чыгышты.

Өзүнүн саясий өнөктөшүн же каршылашын “жыгуу” үчүн айрым топтор тигил же бул саясий ишмерге “бул – таза кыргыз эмес!” дегендей сөздөр аркылуу көө жабууга аракет кылган учурлар арбын болду.

Маселен, 1990-жылдары Турдакун Усубалиевди “уйгур экен” деп, 1994-95-жылдары Аскар Акаевди – "казактын жээни", ал түгүл "калмак" деп жарыялагандар, демек, "таза кыргыз эмес" дегендер чыкты; Курманбек Бакиевди “дунган экен” деп да ушак таркатышты; Алмазбек Атамбаевди “кокондук сарттын, өзбектин урпагы экен” деп, Сооронбай Жээнбековду "калмак тукуму" деп айтып, жалган сөздү чындай кылып, ушак таркатып чыккандар болду. 2017-жылы президентикке атаандаш талапкер Өмүрбек Бабановго энесинин теги башка этностон деп тийишкендер дагы чыкты.

Албетте, Кыргызстанда өзүнүн теги катары казак, өзбек, уйгур, орус, тажик, калмак (тактай кетсек, ысык-көлдүк сарт калмактардын көбү кыргыздашып калганына байланыштуу өздөрүн “кыргыз” деп жаздырышат, бирок өз тегин “калмак” деп мурдагыдай жаздыргандар да бар), татар, түрк, дунган, немис, ж.б. этносторду көрсөткөн атуулдар көп.

Айрыкча ашынган улутчулдар тарабынан тымызын душман катары бутага алынган этноним – “калмак” сөзү болду. Саясий чайкоочулардын айрымдары ал түгүл “тымызын калмактардын (кас душмандын) кара тизмеси такталууда” деген айың кептерди таркатышты. Бул жосунсуз жорук тууралуу учурунда публицист Болотбек Таштаналиев кейип жазганы эсте (Булак: «Улутман». 01.01.2014).

Санжыранын аныгы да, жалганы да кезигет.

Кыргыздар дүйнө жүзүндөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн чогултуп, курултайлар өткөргөн сыяктуу эле, Орусия Федерациясында автономдук жумурият болгон Калмакиянын айрым ишмерлери да Ысык-Көл өрөөнүнө чейин келип, сарт калмактардан боордош издеп келип кеткендигин өздөрү деле ачык жазып жүрүшөт.

Маселен, 2008-жылы жазында Элиста шаарында “Жунгар” аттуу коомдук бирикме негизделген. Бул уюм калмактардын чет жакалардагы тектештери менен маданий алака түзүүнү мүдөө кылат. Уюмдун президенти Лари Наранович Илишкин ошол жылы май айында Кыргызстанга келип, айрым аттуу-баштуу сарт калмактарга жолугуп кеткенин айтат.

Бул мырза да өзүнүн улутчул максатына ылайыктап, айрым такталбаган айың кептерди кошуп айта кеткен. Илишкин мырзанын оюнча, маселен, мурдагы президент Аскар Акаев да кыргыздын “калмак” уруусунан деген каңшаар бар; демек, бул кишинин теги деле ойротторго тийешелүү болсо керек деген жоромол бар, деп Илишкин мырза “чоң ойду” кыйытып айтат.

(Булак: http://www.bumbinorn.ru/hamagmongol/...)

Демек, азыркы Эдилдеги калмактардын арасында деле өздөрүнүн фантазиячы улутчулдары бар экенин көрүүгө болот.

Албетте, кыргыз тарыхчылары, этнографтары, фолклорчулары, топонимисттери ж.б. илимпоздору монгол-кыргыз жана калмак-кыргыз этностор аралык жана маданий байланыштары тарыхта болгондугун эч төгүндөшпөйт.

Сарыбагыш уруусунун арасында да бир кезде Жуңгар хандыгында туткунда болуп, кайта качып келген уруулаштарынын өкүлдөрүн “калмаакы” деп бөлүп айтышат. Бирок бул урук – кыргыздын эле уругу.

Монголдор менен ойроттордун арасында биротоло калып кеткен кыргыз уруулары деле көп болгон. Алардын ичинен кыргыз тилин сактап, дини - бутпарастык диндин ламаизм бутагы болуп калган тарбагатайлык (жуңгариялык) кыргыз боордоштор да бар эмеспи.

Түндүк Кытайда - Манчжуриянын Фу-Йү үйөзүндө байырлап калган кыргыздар тобу болсо өзүнүн теги кыргыз экенин мыкты билет, бирок жаштары эне тилин дээрлик унуткан (мындайча айтканда, сарт калмактардын кыргызча варианты).

Айрым кыргыз топтору башкыр, ногой, өзбек, казак, уйгур сыяктуу түрк тилдүү калктардын арасында акырындап жуурулушуп кеткени да маалым.

Демек, бул – татаал этностук өнүгүү жүрүмүнүн мөмөсү.

Көчмөн өзбектерди 92 боолуу эл катары караган сыяктуу эле, кыргыздарды да шарттуу түрдө кырк урууну баш коштурган улут катары мурдатан карашчу. Демек, кыргыз этнографиясындагы көптөгөн уруу-урук аталыштары (генонимдер) – кыргыз улуту эч качан “бир гана таптаза уруудан” куралбагандыгын айгинелейт.

Бул тыянак – тарыхчылар үчүн эчак эле маалым болгон жөп-жөнөкөй тыянак. Бирок чала-чарпыт тарыхтын бир бөлүгүн же санжыраны окуп алып, билим деңгээли үчүн бүдөмүктөнгөн жагдайларды фантазиясы менен “оңой-олтоң толуктап алган” жана өздөрүн “баары жоктун баарын билген нагыз улутчул тарыхчы” санаган дилетанттардын далайы үчүн азыр деле ушул тыянак зээнинде эч өздөштүрүлө элек жана Эйнштейндин салыштырма теориясынан да татаалыраак сезилген бүтүм болуп кала берүүдө.

Кыргызстанды нагыз кыргыз гана башкарабы?

Бир кезде Америкада теги африкалыктар – “каралар” мамлекет башчы болуп шайланат деген ой үч уктаса түшкө кирбес эле. Ал эми мурда нацисттердин таман астында калган өлкөдөн кайра жаралган бүгүнкү демократиялык Германияда жана Австрияда түрк жана башка мусулман калктардын канчалаган өкүлдөрү депутат болуп жүрөт! Индияда кол тийбестер кастасына таандык делген саясатчылардын экинчи өкүлү президент болуп шайланды.

“Таптаза улутчулдардын” көксөгөнүнүн тетирисинче, Кыргызстандагы түпкү теги кыргыз эмес этностордун бардыгынын өкүлдөрү, албетте, мамлекеттик тил – кыргыз тили боюнча сынактан татыктуу өткөн жана шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ болгон шартта, кыргыздар менен теңата эле мамлекет башчы болуп шайлана алышат.

Демек, Кыргызстандын баш мыйзамында башка цивилизациялуу коомдордогудай эле улуттук теңсиздикке бөгөт коюлган.

Күзгүнүн бетин башка тарапка да жылдырып көрсөк, башканы айтпаганда да, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү деле бул мамлекеттерде президент болуп шайланууга акылуу.

(1992-94-жылдары Бишкектеги тар чөйрөлөрдө: “азырынча толук такталбай жаткан маалыматтарга караганда, Ислам Каримов да, Нурсултан Назарбаев да өзбек же казак эмес, нагыз кыргыздардан экен!” деген сыяктуу күлкү келтиргендей айың кептерди угууга мүмкүн болду. Демек, бул айың кептерде “демократиялык тандоо шартында теги жагынан кыргыз болгон саясатчы деле башка өлкөлөрдө президенттикке шайланышы мүмкүн” деген жакшы кыял менен далилсиз ушак-айың тири укмуштай болуп чийеленишкен).

Ал эми Кыргызстанды жакшылап өнүктүрүү үчүн “таза кыргыз гана башкарсын!” деген ачык же тымызын чакырыктар – өлкөдөгү Баш мыйзамдын демократиячыл маңызын аңдабаган жана саясий көз карашы өтө жакыр катмарча тарабынан жасалууда. Бул катмарчага жалаң сабатсыз кишилер чогулган дештин өзү туура эмес. Анткени алардын арасында жогорку окуу жайдын эки-үч дипломун, илимий даражаларды алгандар да жок эмес.

(Элетте жашап, болгону 7- же 8-класс билими тууралуу күбөлүгү бар болуп туруп, өз алдынча эле терең атуулдук билимге каныккан, гуманисттик көз карашы жагынан айрым жармач профессорлорду чаңга калтырган айкөл атуулдар да арбын; демек, мындагы “түркөйлүк” түшүнүгү эч качан окуу жайды бүткөндүгү тууралуу диплом менен чектелбейт).

“Таза кыргызды” табууга умтулгандар көп учурда кыргыздын “Манас” эпосуна кайрылууга далаалат кылышат.

Бирок дал ушул эпостун мазмуну – мындай тар түшүнүккө каршы. Кыргыз ханы жана баатыры Манас теги кытай (башка вариантта: монгол, калмак) баатырды өзүнө үзөңгүлөш кылат (Алмамбет). Манас Букар ханынын кызына үйлөнөт. Демек, анын уулу Семетей – бухаралыктарга жээн (б.а. “арийчи кыргыздардын” баамы менен алганда, “таза кыргыз” эмес). Анысы аз келгенсип, Семетей ооган ханынын кыхына үйлөнүп жатпайбы! Аны эч жерде сатпаган үзөңгүлөшү жана чоросу – кытай тектүү Алмамбеттин уулу Күлчоро болуп жатканын көрсөңүз!

Муну менен чектелбестен, Манас өзүнүн чыгыштан келген кас душмандарынын эпостук борбору Бээжинге карата жортуулга чыкканда, бирдиктүү аскерине казак, өзбек жана башка түрк калктарынын колбашчыларын да (алар – өз элинин хандары) кошуундары менен бирге жуурултуп алат. Аларга Манас “ичиңерден таза кыргыздарды гана аскер кылып жөнөткүлө” деп эч талап кылбайт.

Манас өлгөндө болсо “таза кыргыздардын” ичинен козголоң чыгып, Манастын жары Каныкей чүрпөсү Семетейди сактап калып, аман-эсен эрезеге жеткирүү үчүн алыскы Букар ханынын ээлигине – өзүнүн төркүнүнө качат.

Мында да кыргыздар этностор аралык жана мамлекеттер аралык ынтымакты дастандар аркылуу да аздектегендиги айгинеленип жатат.

“Таза кыргыз” чакырыгы, демек, заманбап цивилизацияга таандык көп этностук бийиктикти гана эмес, кыргыз элинин тарыхый мурасын да аңдай албай калган жана өзүнөн өзү обочого итерилген (маргиналдык) азчылыктын үнүн туюнтат.

Парызыбыз - түркөйлүктү чогуу ашкерелөө

Азыркы көйгөйүбүз – айкындуулуктун, илим-билимди, эл аралык коомчулуктун ачуу-таттуу тажрыйбаларын калайыкка кеңири таркатуунун кырдаалында, өздөрүн “нагыз улутчул” санаган бул топтун жаңылыштыгын так, даана көрсөтүп гана тим болбостон, бул топтун катарын биротоло жоюлганга чейин суюлтуу жана жаш муундарга туура тарбия берүү милдетин жүзөгө ашыруу.

Албетте, кеңири маалымат алган соң, айрым “арийчилер” акырындап өздөрүнүн жаңылыш турумдарынан өз эрки менен баш тартаары бышык.

Дал ушул милдетти аркалай алсак, анда Кыргызстанда чыныгы демократиялык баалуулуктарга балкып, бакыбат жашаган атуулдук коом биротоло калыптанат.

Азыр да дүйнөнүн ар кыл тараптарында, анын ичинде Батыш Европада жана Орусияда ашынган улутчул “такырбаштар” жолуга калып жатат. Дүйнө жүзүнүн прогрессчил күчтөрү мындай агымдарга каршы турууда.

Ала-Тоодогу атуулдук коомдун тарапкерлери да элди “таза кандууларга” жана “каны бузуктарга” бөлгүсү келген топтордун ар кандай жосунсуз аракеттерине каршы чыгып келишет.

* * * * * * *

Таалимден өтөөр дары жок.
Таалимден өтөөр дары жок.

Эми ушул өңүттө жакында (27.1.2018) “Фейсбукта” жарыялаган ой-пикиримди жана ага кошумчалаган айрым замандаштарыбыздын пикирлерин бул блогго тиркеме катары сунуш кыла кетейин.

“Мен урматтап жүргөн Баяс Турал, Эмил Момунов мырзалар кыргыздын "арийчилери" болгусу келишеби?

"Арийлик таза кандуулар үчүн бейиштей болгон бакыбат мамлекетти" түбөлүккө куруу тилеги таш капкан Гитлерди, башкалар болбосо да, ушул эки пост-советтик публицист жакшы билишет ко деп ойлойм.

"Таза кандуу улут" деген жоромолго критерийди эми сөөгү сөпөт болгон Адолф Гитлерден башка ким Сиздерге иштеп берээр экен?

Бир жерде Эмил мырза Жаналы Нурманбетов аксакалдын Шекербек төрүндө (Фейсбукта дегеним) жарыялаганына минтип пикир жазыптыр:

Emilbek Momunov: "...Ошон үчүн президент катары таза кыргыз эмес, калмак аралаш А. Акаев тандалып алынып, ал да бийликтин майлуу-сүттүү орундарына жалаң калмактарды алып келген жана алар азыркыга чейин Кыргыздарды башкарып, нукура таза кандуу кыргыздарды бийликке жолотпой жатышат".

Ошол эле жерде мен мындайча пикир жаздым:

Tynchtykbek Chorotegin: "2220 жылдык тарыхы жазма эстеликтерде тастыкталган, ага чейинки тарыхы боюна жазма булак табылбаса да, археологиялык маданият аркылуу боолголой алышыбыз мүмкүн болгон кыргыз улуту - "таптаза кыргыздан турат" деген сөз - түркөйлүк.

Байкал, Ордос, Кызыл-Жар, Эне-Сай, Ыртыш, Урал, Эдил, Теңир-Тоо, Памир, Каракорум, Кырым, Бурсага чейин чачыраган кыргыздар сөзсүз түрдө Каныкейлерге, Айчүрөктөргө үйлөнгөн, Алмамбеттерди, согдулуктарды, ханзу (колбашчы Ли Лин), кытай (кидан), моңгол, сарт калмактарды, кээ бир татар, немис, орус, дунгандарды өзүнө жуурулуштуруп алган. Саясатчыларыбызды "таза кандуубу?" дебестен, “жемкор эмеспи, билими барбы, эне тилин жана маданиятын билеби? чыныгы атуулбу?” деген сыяктуу сапаттар менен ылгашыбыз керек".

Бул оюма Эмил мырза таптакыр башкача маанайдагы пикирди кошуптур:

Emilbek Momunov: "Тынчтыкбек агай, эң туура ойду айтыпсыз. Ооба, Путин "Ар бир орусту кырсаң, татар келип чыгат",- деп айткандай (жаңылбасам ушинтип айткан, билгендер болсо оңдоп коюшар), биз, кыргыздардын көпчүлүгүбүз деле атабыз же апабыз тарабынан башка улутка барып такалабыз. Менин өзүмдүн таэнем деле казактын кызы болгон. 1936-жылдары казак ачарчылыктан тозуганда алар кыздарын ачкадан өлбөсүн деп таштап кетишкен экен. Түркиянын президенти Эрдоганды, Россия ТИМ жетекчиси Лавровду теги грузин дешет. Бирок алар ошол мамлекетке чындап кызмат кылып, мекенчил жаран, жетекчи болушууда. Бирок биздикилерде андай эмес болуп жатпайбы. Болгон айырмачылыгыбыз жана трагедиябыз ушунда". (Эмилбек Момуновдун текстинин соңу).

Бир эле киши, болгондо да журналист, публицист катары көп жылдык тажрыйбасы бар инсан, Шекербектин ээн-эркин төрүндө ушундайча ар башка ойду жаза бергени таң калычтуу.

Менимче, казактын жээни болсоң да, Эмил мырза, Кыргызстандын президенти болууга акылуусуң. Юрий Бобков байкебиздин өзү жана урпактары бизде таптаза кыргыз катары президент боло алышат. Акын Жөжөнүн (Шөже Каржаубай улы) урпактары Казакстанда президент боло алышат. (Бул "президент" дегенди жөн гана өрнөк катары жазып жатам).

Айтор, ар бир цивилизациялуу коомдо атуул этностук тегине, жынысына, байлыгына же динине карабастан, мамлекетке салым кошо алган эмгегине карап таразаланат. Тывалык тууганыбыз Шойгу Орусиянын коргоо министри болуп жүрөт. Маскөөдөгү метродо кээ бир "арийчи" такырбаштар Шойгунун айрым борбордук азиялык жана шиберлик туугандарын опузалап деле жүрүшөт. Биз ошол "такырбаштарга" теңелгенибиз шермендечилик ко?

Азыркы тапта деле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү өздөрү байырлаган мамлекеттерде татыктуу инсан катары сый-урматка ээ болуп жатышат. (Ал жакта да түркөй жана арсыз арийчилер жок эмес, бирок алар өз турмушундагы кемчиликтерди келгиндерден, "чоочун" делгендерден көргөн, өздөрү обочодо калган - маргиналдык азчылыктын айрым гана, саналуу гана өкүлдөрү).

Мына, гандболчу Талант Дүйшөбаевди Испанияда өзгөчө кадырлашат. Муса Мураталиев Орусияда таанымал жазуучу. Мария Кулчунова - Саха жергесинде кадырман спортчу-ардагер. Базбек Давлетов Улуу Британиянын Кэмбриж университетинде таанымал окумуштуу. Гүлзура Жумакунова - Анкара университетинин эң өрнөктүү профессору, Олжобай Каратаев - Кастамону университетинин профессору. Адыл Жуматурду - Бээжиндеги кызыл-суулук таанымал профессор! Үрүмчүдө - профессорлор Сулайман Кайыпов, Мамбеттурду Мамбетакун иштешет.

АКШда (Анара Табышалиева, Бакыт Бешимов, Бактыбек Абдрисаев, Уран Ботобеков, Камыт Савай, Чолпон Миңбаева, Эрика Марат, ж.б.), Европада көп мамлекеттерде канчалаган айдыңдарыбыз жүрөт!

Алардын кайсы бир урпагы марокколук Нажад Валло-Белкасем айым 2014-2017-жылдары Франциянын билим берүү министри болгондой эле жаңы мамлекеттеринде саясий же башка олимптерге чыгышы мүмкүн (Нажад айым кичинекей мотурайган секелек кезинде Мароккодо кой кайтарып жүрчү экен).

Себеби демократиялык өлкөлөрдө "таза кандуу арийликтин үгүтүнүн" жугуштуу оорусу илгерки чечек оорусу сыяктуу эле түп тамырынан жок кылынган.

Баяс Турал, Эмил Момунов сыяктуу мырзаларыбыз дал ушул өңүттө элди бөлбөй, ынтымакка чакырып, азыркы коомго прогрессчил айдыңдар катары көмөк кылышса, ошондо "курама жыйып, журт кылуу" тууралуу бабалардын эки миң эки жүз жылдан ашуун убакыттан берки осуятын аткарууга салым кошоор эле”.

* * * * * * *

Бул чакан ой жорумга жолдонгон пикирлердин айрымдары:

Бек Жайчибеков: "Курама жыйып журт кылган" деген сөз ар бирибиздин дилибизде, ал эми эл арасында оюн-чындан айтылган "Курама темир курч болот" деген сөз деле ар кимдин эсинде бардыр. Паспортко улуту жазылбасын дегенди деле азыркыга чейин эл душманы катары көрүп келе жаткандар бар, мурдунун учунан алысты көрбөгөндөр. Шайлоо мезгилинде ата-тегин чукуп, таза кандууну издегендерди деле билебиз. Билбейм, ушул жарма-патриоттордун акылдарынын жеткендери эле ушубу, же чын эле атайы бузган сырткы күчтөр барбы, ага менин акылым анча жетчүдөй көрүнбөйт. Менин оюмча булардын "такыр баштардан"айырмасы аз эле.

Жолдош Турдубаев: "Силер таза кандуусуңар, башкалар экинчи, үчүнчү сорт", - деп шыбырап, Борбордук Азия элдерин бири-бирине каршы тукурган бузукулар бул «арий» вирусун жайылтууга эчактан бери далбаса кылып келет. Айрым сабаттуу эле замандаштар жуктуруп алганы кейиштүү.

Emilbek Momunov: Тынчтыкбек агай, мен жогоруда белгилегендей, айтайын дегеним, ким болсо да элге, мамлекетке таза кызмат кылуусу эле. Ал эми жогорудагы макалада мамлекетти алсыратуу үчүн кимдер, кандай максатта жогорку кызматка келгендиги кеңири жазылган болчу.

Tynchtykbek Chorotegin: Эмил иним! Түшүнөсүң го дейм. Ошол макаланын өзү жалганга толгон коркунучтуу, жармач, эл бузар макала. Өзүң да Акаевди "жарым калмак" ("калмак аралаш") дегендей жазып, андан ары козутуп жатпайсыңбы! Акаев менен Бакиев 150 пайыз кыргыз болчу ("арийчилердин" шайтандын шапалагындай лексикону менен алганда), бирок да, мамлекетти туура эмес башкарганы үчүн ыңкылаптын айынан бийликтен кулатылды.

Азыркы сарт калмактар кыргыздын эле уруусу болуп калды. Жаман көргөн кишинин баарын иши кылып теги жагынан калмакка жабыштыргандын өзү кылмышка тете.

Жаман көргөн кишилери маркум Турдакун Усубалиевди "уйгур" деп койчу. Ал - кыргыз, болгондо да ойчул Бай уулу Калыгулдун урпагы. Турдакун аксакал пост-советтик доордо Ысык-Көл кылаасында Кара-Ойдогу Калыгулдун күмбөзүн оңдотуп жакшылап салдырган. Усубалиевди сындагандар аны баланча "чоочун" элден экен дебестен, кыргыз тилине жетиштүү кам көрбөй койгону үчүн сындашса, алда канча жөндүү болмок.

Каршылашты жүйөө менен сындап жеңүү маданияты деген кээ бир кишилерде азыраак окшойт.

Чыңгызхан Амантур Уулу: Баса, биз сарт-калмак деген уруу чынында теги моңгол-жуңгар эмес экен. Аты эле айтып тургандай, жуңгарлардын саясий үстөмдүгүндө калып, аларга кошулуп кеткен түрк уруулары калып калган "калмак" аталбады беле. Алтайлыктар өздөрүнүн чыныгы аталышы "ойрот". Ойрот десе азыр бизде жуңгар, моңголду түшүнүп калышты. Ойрот деген түрк эле эли да. Кыргызда шумдук сонун нерсени "ойротто жок" деп мактайбыз. Бул сөз айкашын Алыкул Осмонов да бир ырында колдонгон. Ушул калмактарды "сен калмаксың" деп ачык бөлө бербей, тескерисинче унуттуруш керекпиз. Алардын теги жуңгарларга баш ийип калган Чыгыш Түркстандык түркий уруулар эле окшойт.

Өмүрбек Абдыракман: Билими жок жарма-патриоттор көбөйдү...

Жаналы Нурманбетов: Тынчтыкбек Чоротегин мырзага.

"Передёргивания фактов" кылып коюпсуз. Мен ал жерде Момуновдун постуна момундай эле момун мүнөз баш сөз жазып, бөлүшүп, элдин элегине койгом. Андан башка тигиндей-мындай деген сөз айткан эмес элем...Мени эмнеге кинээлеп жатасыз?..

"МЫНДАЙ ДЕГЕН ЖЕРЛЕРИ БАР ЭКЕН:

.. Кыргыздын тарыхына караганда кыргыздын санжырасы күчтүү... ушул убакка чейин аларды санжыра бириктирип турат. Дал ушул фактор ЦРУнун ишине чоң тоскоолдук кылышы мүмкүн..... Санжырага каршы чыга турган «элементтер» да бар... Кыргыздарды чачууда дал ушул «элемент» өзгөчө эске алынып, сырткы күчтөр тарабынан колдоого ээ болот....

Алар эч качан Кыргыз мамлекетин «таза кандуу» кыргыздар башкарып турушун каалабайт..."

Tynchtykbek Chorotegin: Мында сизге эч ким кине айткан жок. Сиз жарыялаганга башка инсан тарабынан тиркелген талаш-тартыштуу пикир тууралуу гана сөз жүрүп жатат.

Жаналы Нурманбетов: Тынчтыкбек Чоротегин, ракма-ат!.. Ошентсе да контекстте жанагыдай пикирди мен айтып, Эмил мени кубаттагандай маани калып жатат да.

Tynchtykbek Chorotegin: Окугандар сиз деле мындай "арийчил" пикирлерге каршы экениңизди жакшы түшүнөт, байке. Сиз ырас оркойтуп көрсөтүпсүз, болбосо мен 09.01.2016 жарык көргөн макаланы таптакыр көрбөй калган экенмин. Макаланын этек жагындагы суроого жооп да ооз ачтырат:

"СУРОО: ...«7» кемчилигибизди кантип жоёбуз?

ЖООП: Бир гана жол бар: Ал – чыныгы, таза кандуу кыргыздын бир улутчул уулун өлкөнүн башына алып келүү маселеси..."

Ой тобо-о! Эми ДНКсын кантип текшерип чыгат, "түпкү кыргыздын" ДНКсы Баяс Туралдабы? Анан калса, маек курган киши «Улуттук Улуу Хурал» институту деген жөнүндө сөз кылат (акыбалдан чыгуу үчүн түзүү керек имиш), бирок мындагы "Хурал" сөзү монгол менен калмактын "Жогорку Кеңешти" туюнткан термини да!.. Ха-ха!.. Аргасыздан гана күлөсүз. URL: http://ruh.kg/2016/01/09/bolgon-okuya/

Жолдош Турдубаев: Кырк уруудан мыктыларды тандап, курултай шайласак эле баары сонун болот дегендер да бар))) Французча "парламент" дейбизби, монголчо "курултай" же "хурал" деп атайбызбы - баары бир шайлоочулар менен шайлануучулар баягы эле добуш соодалоочулар болуп жатпайбы))) Ал эми уруучулдукту саясатка аралаштырсак, кыргыздын биримдигин биротоло ыдыратып тынат.

Чыңгызхан Амантур уулу: Тынчтыкбек Чоротегин агай, Тарыхчылар коому эле дейбиз, жогорку пафостуу жыйын сөздөрү менен чанда алек болумуш болот. Бул бирикме жалпы журттун маанайын да эске алып, майда-бечек маселелерге да көңүл бөлсө деген ойдомун. Маселен тиги тарыхчы агай сыяктуу аты тарыхчы, заты фолькисториктер толтура. Айтайын десе жашын сыйлайбыз. Бир олуттуу жыйын кылып, тарыхчы деген кандай болуш керектигин, эрежесин (техникалык коопсуздук инструкциясы сыяктуу) иштеп чыгып, анан министрлик тарабынан дал ушул фолькисторик эместигин макалаларынын мазмунунан талдаган аттестация кылыш керек болуп калды. Аттестациядан өтсө тарых сабак бере турган патент берип, өтпөсө тарыхтан сабак бере албай турган кылыш керек.

Мисалы мен сабак өткөндө, эң алгачкы сабагым квази-история, фолькистория деген эмне, арийчи-теңирчилер деген кандай түшүнүк деп берип, анан "кара тизме" жаздыртам. Ал тизмеге айныган, ээликкен, эриккен, оолуккан, арийчил ж.б. бузуку маалыматтар камтылган нерселерди жазган авторлорду, китептерди жаздырам. Башка арга жок. Жаштар бир окуп алса, ошолордун таасиринде калат экен. Өздөрү талдап алгыдай көп да окушпайт. Анан кайдан салыштырып талдайт? Даана илимди деле аңдап биле элек жаштар аңкайып эле сарыгулуп, оморуп, айтымбет ж.б. арийлерди маңбаш болуп ээрчип кетип атышат.

Tynchtykbek Chorotegin: Туура. Илимий методология жөнүндө жыйындарга илимпоздор гана келип жатат. Айтканыңдын жөнү бар. Илимпоздор публицист катары да өз ойлорун кеңири калайыкка ачык жана арбын айтып турушу керек экен. Жармачтыкты да ачык жазышыбыз керек деп ойлойм.

Tynchtykbek Chorotegin: Баяс Туралга суроо салган Назира Бегим ушунчалык тынчсызданган экен, баш сөздө минтип дүрбөлөңгө түшүп жазыптыр: "Төмөндөгү жазылган окуя тууралуу Байас ТУРАЛ агай айтып берген эле. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин эстеген сайын жүрөк дүркүрөйт, денемди муздак тер басат, ыйлап дагы жиберем кээде. Бул макала кээ бир гезиттерге жарыяланган. Балким окубагандар деле бардыр. Окугула, ойлонгула, ойгонгула!" 19.10.2015.

Almazbek Akmataliev: Таза кандуу кыргызды кантип аныктайбыз? Канын грамм-литрге салабызбы? Санжыраны ар кимден угуп алышып эле, Тарыхчымын дегендер көбөйдү. Тарых бул Илим экенин үнутпасак. Бирок, мындай ахывалга келип калганына тарыхчылар өзүлөрү да күнөөлүү го деп ойлойм. Ар кайсы саясий, партиялык, идеологиялык кызыкчылыктарга алдырышып, тарыхты бурмалап келген так ошол тарыхчылар да, тилекке каршы...

Toluk Bek Baizak: "Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым" деп Манас атабыз айткан экен. Санжыраларда деле тентип келгендерди энелер эмчегин эмизип (символикалык түрдө) эл кылып алгандары айтылат. Улуу элдин улуулугу ушунда: башка элдерди өгөйлөбөй өзүнө кошуп алат экен. Жоголо турган алсыз эл болсо кокту-колотко бөлүнүп чачырай берет экен. Эми бул бөлүнүп жарылуу акмакчылыгын эгемендикти алгандан бери аткаминерлерибиз дагы, интеллигенциябыз дагы жакшы эле колдонушуп ишке ашырып келатышат. Менимче "таза кандуулук" дегендин өзү талаштуу жаңылыш нерсе. Ал эми улуттук идеологиялык саясат керек нерсе. Болбосо сырттан келген чоочун идеологиялардын курмандыгы боло берерибиз шексиз. Улуу эл болуп жоголбош үчүн улуттук идеология аба менен суудай зарыл.

Өмүрбек Абдыракман: Кайсы мамлекетте кабыл алынган улуттук идеология бар экен, Толук Бек? Бар болсо бөлүшчү...

Toluk Bek Baizak: Мисалы араптыкы - ислам, жүүттүкү - иудачылык, жапайы батыштыкы - демократия дегендей эле. Алар ушулар менен жашап атышканы жалган эмес да. Биздин тилде сүйлөп, биздин дилде жашаган, жүрөгүндө Манас, көкүрөгүндө көчмөн демократиясы болгон ар бир адам улутуна карабай биздин эл болуш керек. Мунун өзү улуттук идеология эмей эмне?

Өмүрбек Абдыракман: Ар ким каалаган идеологиясы жана дини менен жашайт жана жашай берсин. А батыштыкы - христианство. Демократия деген Батышта гана эмес Японияда, Туштук Кореяда, Тайванда, Австралияда, Малайзияда, Сингапурда... бар... А мамлекетти кармап турган Конституция деген болот, ким болбосун, кайсы динде же идеологияда болбосун, аны аткарганга милдеттүү. Сен айтып аткан идеология - бул улуттук баалуулуктар, ал атайын документи жок эле калыптанышы керек деп ойлойм. Ар замандын өзүнүн баалуулуктары болот эмеспи...

Aziz Keldibekov: Социалисттик идеология деген болгон. “Ленин десем партияны, партия десем Ленинди түшүнөм” деген. Азыр Түркмөнстанда улуттук идеология курчуп турган учуру. Президентке киргендер колунан өбүшүп ийилип чыгат. Бердымухаммедов бекер газ, мунайзатты акчага сата баштады. Ал ак түстү жакшы көрөт экен, башка түстүү машиналар ак түскө алмаштырыла баштады. Мына идеология - ал жерде мурун Сапармурад Ниязовго сыйынса, эми Гурбангалиге сыйынат.

P.S.

Бул тема боюнча талкууга бир макаланын текстинде түгүл, бүтүндөй бир муундун алкагында да чек коюуга мүмкүн эместир. Бирок аны ар дайым ачык талкуулай жүргөнүбүз эп.

Талкуу маалында айрым замандаштар өздөрүнө кайчы пикир билдиргендерди баланча мамлекеттин “тыңчысы”, төлөнчө этностун “арабызга билинбей кирип алып бузукулук кылган өкүлү” деп кайрадан айыптай башташса эле: “Ап-бечара! Жооп узатаарда жүйөөсү чабалыраак болуп калган го?” дешиңиз мүмкүн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG