Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:02

Кыргызстан оторчулук доорунда: Жаңы китептин жаңы сөзү


Т.Кененсариев Санкт-Петербургдагы архивде иштөөдө.

Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйын маалындагы анын “Кыргызстан оторчулук доорунда” аттуу жаңы китебинин бет ачар аземине карата сереп.

Бүгүн (19.10.2019) эгемен Кыргызстандын борбор шаарында постсоветтик кыргыз тарых илимин жаңы деңгээлге чыгарган барандуу илимпоздордун бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйын өткөрүлүүдө. Анын алкагында дагы бир азем – маараке ээсинин калеминен жаралган жаңы китептин бет ачары болмокчу.

Бул китеп “Кыргызстан оторчулук доорунда: (1855–1917)” деп аталат (Кененсариев, Ташманбет. Кыргызстан оторчулук доорунда: (1855–1917). – Бишкек: MaxPrint, 2019. – 760 бет. – ISBN 978-9967-9169-7-5.).

Китептин алгачкы бөлүмдөрүндө теманын тарыхнаамасы, Орусия падышалыгы кандай ыкмалар менен оболу Кыргызстандын түндүгүн, андан соң анын түштүк аймагын каратып алгандыгы, оторчулук доорундагы жүргүзгөн социалдык-экономикалык саясаты, жалпы чөлкөмдөгү болочоктуу аскердик максатты да көздөгөн ири жолдорду куруусу сыяктуу иш-аракеттери жана башка маселелер кеңири чагылдырылган.

Автор өзү өмүр бою чогултуп келген падышалык орусиялык уникалдуу архивдик маалыматтарга мол шилтеме бергендиги да дароо көзгө урунат.

Оторчул саясаттын бир бөлүгү болгон жерди кайра бөлүштүрүү саясатын Т.Кененсариев мындайча баалайт:

“...Логика боюнча кыргыздардын “ашыкча” деп аныкталган жерлерине орус оторчуларын жайгаштыруу үчүн, алгач кыргыз чарбасынын абалын терең изилдеп, анан аларды жерге жайгаштырып, тиешелүү документ-күбөлүк менен камсыздап, ошондон кийин гана “артыкбаш” бош жерлерге орус келгиндерин отурукташтыруу керек эле.

Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Жерге жайгаштыруу маселеси, тескерисинче... аллогикалык ыкма менен артынан чечилген. Бул деген кыргыздардын жерлерин “өзүмбилемдик менен тартып алып”, ал жерлерге орус дыйкандарын жайгаштырып, ошондон кийин гана кыргыздарды жерге жайгаштыруу маселесине киришүү дегендикти билдирген” (Кененсариев Т. Кыргызстан оторчулук доорунда… – Б. 326–327).

Айтмакчы, ушул күндөрү Кыргызстанда совет доорундагы ири мамлекеттик жана коммунисттик партиялык ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган маданий чаралар өтүп жатат. Көп жыйындарда эскиче эле мактоо сөздөр менен чектелишүүдө.

Ал эми бул жаңы китепте дал ушул саясатчы Т.Усубалиевдин тушунда “Түндүк Кыргызстан падышалык Орусияга ыктыярдуу түрдө баш кошкон” деген илимий жактан жармач, негизсиз жобо Кыргызстандын тарых илимине таңуулангандыгын белгилеп, бул жобону четке каккан саптарды окуп кубандым. Ыраматылык профессор Токторбек Өмүрбеков экөөбүздүн 1992-жылы чыккан чакан китепчебиз да ушул 1960-жылдары таңууланган усубалиевдик жобону жокко чыгаргандыгын китептин автору Т.Кененсариев калыс эскертип өтүптүр.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхы жаатында айрым шовинисттер 9-класстын тарыхы окуу китебинин автору Муратбек Иманкуловго 2010-жылдардын эле башында асылышкан. Бул тарыхнаамалык маалымат да Т.Кененсариевдин китебинде калыс чагылдырылган (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстан оторчулук доорунда… – Б. 29–33).

Тек гана кошумчаласак, 1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхы мурдагы басылмаларда маркум Токторбек Өмүрбеков экөөбүз 8-класс үчүн жарыялаган “Кыргызстандын тарыхы” окуу китебинде киргизилип келген. Негедир шовинисттер бизди эмес, Муратбек Иманкуловду бутага алганы түшүнүксүз. Балким, аны жаш окумуштуу жана өзүн коргой албайт деп эсептешкенби? Бирок педагогика илимдеринин кандидаты М.Иманкулов өзүн татыктуу коргой алды жана илимий коомчулук да ага курулай асылгандарды четке какты.

"Ата-Бейит" эскерүү жайында. 17.9.2016.
"Ата-Бейит" эскерүү жайында. 17.9.2016.

Кошумчалай кетсек, Бишкектен анчалык ыраак эмес Чоң-Таш айылындагы “Ата Бейит” эскерүү жайында 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш маалында жана андан кийинки кайгылуу Улуу Үркүн кезеңинде набыт болгон ата-бабаларга арналып курулган жаңы эстеликке Орусиянын президенти Владимир Путин өзү да келип, 2016-жылдын 17-сентябрында гүлдесте коюп, Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев жана башка мамлекет жана өкмөт башчылары менен чогуу эскергендиги да заманбап Кыргызстан–Орусия дипломатиясынын тарыхында унутулгус болуп калды. Китептин болочок чыгарылышына ушул эскерүү окуясынын сүрөтүн да кошуп коюу абзел деп эсептейм.

Бул – 1916-жылдагы падышалык жазалоочу аскерлер жүзөгө ашырган ырайымсыз кыргынды ошол кездеги Александр Керенский сыяктуу орус либералдары кандайча сындаган болсо, азыркы посткоммунисттик Орусиянын бийлиги да жектейт дегенди туюнтат.

2015–2019-жылдары Кыргызстандын тарыхчылары жана архивчилери Орусиянын тарыхчылары жана архивчилери менен 1916-жылдагы көтөрүлүштүн тарыхын калыс таразалоо жаатында биргелешип иш-аракеттер жүргүзүп, биргелешкен жыйындар уюштуруп, чогуу-чаран китептерди чыгарышты, илимий журналдардын атайын санын жарыялашты. Биз азыркы илимпоз орустардан архивди калыс иликтеген Владимир Шварц сыяктуу мыкты досторду жана өнөктөштөрдү таптык.

Андан тышкары жаңы китептин бешинчи бөлүмүндө Кыргызстандагы көп этностуу кырдаал, Европа менен Азиядан журт которуп, Кыргызстанда байырлай баштаган келгиндер (орус, украин, белорус, татар, жөөт, армян, немис, уйгур, дунган жана башкалар) жөнүндө өзгөчө сөз болот. Кыргызстанда жалаң гана кыргыздар байырлап чектелбегендигин, мында жергиликтүү улуттук азчылыктар (сарт, өзбек, тажик, кыпчак, түрк, лөлү, кашкарлык, б.а. уйгур сыяктуу этностор да) байырлаганын автор калыстык менен чагылдырат.

Салыштырып айта кетсек, кыргыздардын айрым топтору Эдилден (Волга) жана Манчжуриядан Манчжурияга жана Индия менен Тибеттин ортосундагы Каратегин тоолоруна чейинки ири чөлкөмдөрдө байырлап келген эмеспи.

Дегиңкиси, көп этностуу кырдаалды дал ушундай таасын чагылдыруу гана жалпы адамзат цивилизациясынын тарыхын көп түстүү жана чындыкка ылайык чагылдырууга жол ачат.

Кыргызстан Улуу Британия менен Орусия падышалыгынын ортосундагы Борбордук жана Ички Азиядагы “Чоң оюн” атыккан оторчулардын атаандашуусуна арналган алтынчы бөлүм да окурманды кайдыгер калтырбайт.

Жаңы китепте Кыргызстандын чегинен сырткаркы аймактардагы кыргыздар тууралуу да учкай сөз болот. Маселен, XIX кылымдагы – XX кылымдын башындагы батыш памирлик кыргыздардын тагдыры жөнүндө алтынчы бөлүмдүн бүтүндөй үчүнчү бабында айрыкча чагылдырылган.

Ар бир бөлүмдүн соңунда темага тийешелүү булактар жана адабият тизмеси талданып берилгендиги да жаш илимпоздор үчүн өзгөчө алгылыктуу.

Албетте, өтө көлөмдүү болгонуна, 780 бетке чыккандыгына карабастан, бул жаңы китепте баары-жоктун бардыгы батырылган деп айтууга болбос. Маселен, оторчулук доордогу маданий турмуштагы жүрүмдөр китепте чагылдырылбагандыгын, бул теманы башка авторлор изилдеп келээрин автор өзү калыс белгилейт. Сырткаркы айрым кыргыздар, маселен, Чыгыш Памирде, Ооганстан Памиринде жана Чыгыш Теңир-Тоодо, Тарбагатайда, Манчжуриянын Фу-Йү ооданында байырлаган жана башка кыргыздар тууралуу бул китепте атайын чагылдырылган эмес, себеби китептин башкы алкагы – Кыргызстан аймагы.

Ошого карабастан, кээ бир темаларды даана түшүндүрүү үчүн автор кеңири экскурс жасап, жалпы Евразиядагы окуяларга кайрылганы да алгылыктуу.

Жалпы оторчулук доорундагы окуяларды жалаң гана регресс деп бир беткей түшүндүрбөстөн, бул кезең дүйнөлүк цивилизациянын башка чордондоруна эшик ачкан прогрессчил натыйжаларга да нук таштаган доор болгондугун Ташманбет Кененсариев кыска-нуска жазган корутунду сөзүндө калыс белгилеп, ойлонууга жем таштайт.

Жалпысынан, бул эмгек депутат Алтынбек Сулайманов 2012-жылы жарыялаган коомдук чыгармачыл сынакта жеңип алган “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн чыгармачыл тобунун изилдөөлөрүнүн биринин апробациясы катары да каралса болот.

Профессор Аалыбек Акунов. 13.7.2011.
Профессор Аалыбек Акунов. 13.7.2011.

Буга чейин ушул чыгармачыл топтун дагы бир өкүлү – профессор Аалыбек Акунов “Кыргызстан эгемендик доорунда: 1991–2017)” деген ири монографияны жарыялаган (Акунов, Аалыбек. Кыргызстан эгемендик доорунда: 1991–2017) / И.Раззаков атындагы КМТУ. – Бишкек: “Техник” ББ, 2017. – 594 б.). Ал – аталган долбоордун 7-томунун кыскартылган варианты катары жаңычыл идеяларды апробациядан өткөрүп, жылуу баага ээ болгон.

Профессор Ташманбет Кененсариевдин “Кыргызстан оторчулук доорунда: (1855–1917)” китеби – пост-советтик Кыргызстандагы жаңычыл ойлордун ширендисинен жана буга чейинки атамекендик тарыхнаамабыздагы жетишкендиктерди кемелине келтире сыйдыруу менен жаралган бараандуу айдыңдык көрүнүш деп баса айта алабыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG