Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:23

Кокон тарыхын жаңыча жазган агай


Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев.

Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине арналган күндөлүк баян.

Бир саамга талаш-тартыштуу жагдайга кайрыла кетсек: неге биз Кокон хандыгынын тарыхында бараандуу орду бар Нүзүп бий, Алымкул лашкер башчы, Алымбек датка, Жангарач, Осмон датка, Полот хан (молдо Ыскак Асан бий уулу), Абдылдабек Алымбек уулу сыяктуу теги кыргыз инсандар тууралуу маашырлана сөз кылабыз да, ошол эле учурда Кокон хандыгын жалпы кыргыздар үчүн баскынчы мамлекет катары сыпаттайбыз?

Бул түшүнүк, асыресе, советтик кыргыз тарых наамасында үстөмдүк кылган.

Ал эми постсоветтик доордо атамекендик тарых наамабызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый баскычтарынын бирине көп этностуу Кокон хандыгын да киргизген илимий жоромол үстөмдүк кыла баштады. Дал ушул илимий жоромолду илим чөйрөсүнө ырааттуу киргизген окумуштуулардын бараандуусу –– профессор Ташманбет Кененсариев.

Анын бул багыттагы докторлук диссертациясы "Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50––70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү" деп аталып, 1998-жылы 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунда (азыркы тапта – КР УИАнын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту) ийгиликтүү корголду. Анын жаңы илимий концепциясына бата бергендердин бири - устаты, профессор Кушбек Үсөнбаев (1928––1999) эле.

1980-жылдардын башында, Кыргызстан Компартиясын жетектеген Т.Усубалиевдин тушунда, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштү “улутчулдук көз карашта чагылдырган” деп бир беткей сынга кабылып, цензуралык жана саясий кысым алдында калган залкар окумуштуу - Кушбек Үсөнбаев эле.

Кушбек Үсөнбаев. 1998.
Кушбек Үсөнбаев. 1998.

Ал эми 1998-жылы Кушбек агай Ташын агайдын жаңы концепция камтылган изилдөөсүнө бата берүү аркылуу жаңы муундагы тарыхчылардын бардыгына да бата берди десек жаңылышпайбыз.

Анткени ар кыл этностор байырлаган жана көчмөн өзбектердин Миң уруусунун сулалесинин өкүлдөрү тактыда отурган Кокон хандыгы - ферганалык, алайлык, чаткалдык, таластык жана башка кыргыздардын өз мамлекети болуп калганын 1989-жылдан кийин бир катар башка жаш тарыхчылар да жазып чыгышкан.

Бул жаатта Т.Кененсариев өзү да мындайча белгилейт:

“Азыркы кыргыз тарыхнаамасында жогорку көз караштардан айырмаланып, Кокон хандыгы ― бул көп улуттуу өлкө, өзбек этносу менен кошо эле кыргыз, тажик элдеринин да мамлекеттүүлүгү, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн бир көрүнүшү, ал элдердин орток мамлекети болгон деген көз карашты тарых илимине расмий алып чыккан изилдөөлөр пайда болду. Ал көз караш окуу китептерине, окуу программаларына да кире баштады. Бул багытта тарыхчылар Т.Кененсариевдин [...], К.Молдокасымовдун [...], Т.Өмүрбековдун [...], Т.Чоротегиндин [...], Б.Абытовдун [...], Ж.Алымбаевдин [...], Т.Өмүрзакованын [...] жана башкалардын эмгектерин белгилөөгө болот”.

(Булак: Кененсариев Т. Азыркы кыргыз тарыхнаамасынын айрым актуалдуу маселелери // Ош мамлекеттик университетинин жарчысы. Атайын чыгарылыш. – ОшМУ, 2017. – Б. 182).

Бирок бул концепцияны диссертациялык деңгээлде, болгондо да, докторлук диссертациянын алкагында тунгуч ирет жактап чыгуу шыбагасы Ташманбет агайга (аны сыйлап “Ташын агай” деп да койобуз) тийгенин ыраазылык менен айтуу керек. Арийне, ага эскиче көз караштагылардын “сөз таягы” да тийди. Ансыз болобу! Бирок агайыбыз ого бетер курчуду.

Ташын агай өмүрлүк ишине айланган бул темага кирээрден оболу "XIX кылымдын акырындагы –– XX кылымдын башындагы падышалык өкмөттүн Кыргызстандагы экономикалык саясаты" деген орчун темада кандидаттык диссертациясын Маскөөдөгү ММУда орус тилинде жактаган (бул окуя 1984-жылы 18-майда орун алды). Илимий жетекчиси –– XIX кылымдагы Европа жана Орусия тарыхы боюнча көрүнүктүү адис, орусиялык профессор Нина Степановна Киняпина (1920––2003) болгон.

Профессор Нина Степановна Киняпина (1920––2003).
Профессор Нина Степановна Киняпина (1920––2003).

Адатта, китептер менен макалаларды эч окубастан туруп дүңүнөн сындоочу замандаштар СССР кулагандан бери алатоолук тарыхчылар жарытылуу эч нерсе жаза элек деп келишет. Менимче, жалгыз гана Ташын агайдын мээнеткечтигинин мөмөлөрүн саноо аркылуу гана тарыхнаамабызда чынында да соңку чейрек кылымда олуттуу бурулуштар жасалганын далилдей алабыз. Ал эми археолог, этнограф, булак таануучу жана башка тарыхчы адистердин соңку ачылыштарын кошсок, албетте, тарых илими Кыргызстанда да жандуу өнүгүп жатканы бышыкталаары шексиз.

1990-жылдардын ортосунан бери профессор Т.Кененсариев өзү жана шакирттери Нүзүп миңбашы, Алымбек датка, Полот хан, Мамыр Мерген, Токтогул жана башка тарыхый инсандар тууралуу бир катар жаңыча эмгектерди жарыялашты.

Ташын агай демилгелеш болуп, айтылуу Алымкул аталык (1865-жылдагы Ташкенди падышалык оторчу аскерлерден коргоону жетектеген кокондук аскер башчы жана мамлекеттик ишмер) жөнүндөгү эл аралык илимий жыйын коңшу Өзбекстандагы Анжыян мамлекеттик университетинде 2018-жылы май айында өткөрүлгөндүгүн өзгөчө ыраазылык менен билдире алабыз. Бул жыйынга теги кыргыз Алымкулдун Ташкенде жана Жалал-Абатта байырлап жаткан урпактары да келип катышып, Ташын агайга жана анын өзбекстандык үзөңгүлөшү, профессор Рустамбек Шамсутдиновго терең ыраазычылыгын билдиргенине күбө болдук.

1916-жылдагы улутттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата кыргызстандык тарыхчылар ар кыл архивдерде жаңы маалымат чогултуп келишти. Бул жүрүмгө Ташын агай да тартылып, Санкт-Петербург, Маскөө шаарларында архивдик маалымат чогултуу иш-аракеттерине катышты, жаңы маалыматтарга негизденип, бир катар баалуу илимий баяндамалар жасады.

Т.Кененсариев Санкт-Петербургдагы архивде. 2016.
Т.Кененсариев Санкт-Петербургдагы архивде. 2016.

Ташын агай тарыхчылардын жаңы муунунун ичинен манас таануу жаатында да бир катар кызыктуу илимий макалалар жарыялап жаткан калемгер. Ал манас таануу жаатындагы илимий баяндамаларын Кыргызстанда гана эмес, Кытайдагы илимий чөйрөдө да сунуштады.

Бир ирет Ташын агабызды “студенттик ынтызарлыгын азыркыга чейин таштабаган изденгич профессор” деп баалап айтканымды азыр да тастыктай алам. Элестетип жана салыштырып көрөлүк: тээ 1980-жылдары өз чыгармаларын машинкада өзү терген аксакал жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулуна анын көпчүлүк кесиптештери маашырланышчу, бирок өздөрү чыгармаларын кагазга кол менен түшүрүп, андан соң редакциялардагы жана басмаканалардагы машинка баскан кызматчыларга жалдырап барышаар эле.

Эсепкерлик (компүтерлик) доордун алгачкы илеби Кыргызстанга 1990-жылдын башында, болжолу, 1992–93-жылдардан тартып жапатырмак келе баштады көрүнөт (мында биз 1970–80-жылдары эски советтик компүтерлер – электрондук эсептөө жабдуулары менен адистешкен физик жана математиктер тууралуу сөз кылып жаткан жокпуз). Ошондо Ташын агай өзүнүн муунундагылардын ичинен компүтерди алгачкы болуп өздөштүргөн кыргыз тарыхчысы болду (ал кезде ал 40тардын ичинде толукшуп турган) жана 1990-жылдардын ортосунан тартып бир катар китептерин, андан тышкары, өзүнүн докторлук диссертациясын да компүтерде өзү эле терип чыкты. Анын айрым курдаштары азыр да бул санариптик каражаттан “үркүп” турушат. Бул жагынан Ташын агайды тарыхчылар үчүн “компүтердин Түгөлбайы” десек болот.

Ташын агай менен СССР кулаар алдындагы жылы Маскөөдө жолугуп калдым. Ал кезде мен КДКнын мүчөсү элем. Ташын агай Маскөөгө кесиптик жактан тажрыйба арттыруу үчүн Оштон барып калыптыр (анда ал Ош пединститутунда тарых факультетинде иштеп жаткан), мен да илимий сапар менен Бишкектен келген элем. Ошондо “Кайра куруулар” доорунда буркан-шаркан түшүп жаткан советтик байтакты шаардагы айрым демократиячыл демонстрацияларга Ташын агай менен ээрчишип, байкоочу катары катышкандыгыбыз, Борис Ельциндин ж.б. оппозициячыл саясатчылардын сөздөрүн чогуу укканыбыз, Кыргызстандын болочогу тууралуу өзүбүзчө талкуу кылганыбыз эсимде.

Андан тышкары Ташын агай Ленинкада (Маскөөдөгү борбордук китепканада) баарынан эрте келип, том-том китептерди үстөлүнө үйүп алып, эч алагды болбой бир нече саат бою иштеп жатканын, китепкана жабылаарда гана ордунан козголгонун өз көзүм менен көрдүм. Албетте, чогуу түштөнүп калып да жаттык. Агай эч чылым чекпегендиктен, далай убакытты китеп окуу үчүн үнөмдөй алды.

Азыр да Ташын агай мурдагы калыбынан жазбастан, жигердүү иштеп келет. Ал XIX – XX кылымдардын тарыхы менен чектелбестен, кыргыз тарыхнаамасынын жалпы усулдук, методологиялык көйгөйлөрү жаатында да омоктуу ойлор камтылган макалаларды жарыялады. Өз колу жетпеген олуттуу темаларды ал улам жаңы шакирттерине тапшырып келет (маселен, 1898-жылдагы Анжыян көтөрүлүшү боюнча Эрнис Авазов, басмачылык кыймылынын тарыхы боюнча Таалай Жаркынбаев, ж.б. иликтөө жүргүзүп келишет). Ал телчиткен айрым шакирттери башка илимий жетекчинин көмөгү менен жакташса да, өздөрүн Ташын агайдын шакирттери санашат.

Уюткулуу элдин тарыхын калыс жазууга омоктуу салым кошуп жаткан чыгаан илимпоз, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине арналган атайын эл аралык илимий жыйын Бишкек шаарында 2019-жылдын 19-октябрында өткөрүлмөкчү.

Мындан 70 жыл илгери аяк оонанын (сентябрдын) 5инде Аксынын Кара-Суу кыштагында жарык дүйнөгө келген Ташманбет Кененсариев агайыбыздын торколуу тоюнда ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, узак өмүр, мындан аркы чыгармачыл ийгиликтер каалайбыз. Өмүрлүк жубайыңыз, тил илимдеринин кандидаты, неберелерин да тарбиялап, дарстар да берип жүргөн, бакчада гүл өстүрүүнү сүйгөн мээнеткеч Ашырайым жеңебиз менен чогуу 110 жаштын сересин багындырыңыздар!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (34)

XS
SM
MD
LG