Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 23:28

Алымкул аскер башчынын өрнөктүү өмүрү


Профессор Т. Кененсариевдин “Алымкул Амир Лашкар” китебинин мукабасы. 04.7.2019

Залкар аскер башчы (амир-и лашкер), Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери Алымкул Асан бий уулунун (1831–1865) элесине арналган кезектеги эл аралык илимий жыйын 5-июлда ЖАМУда өтмөкчү. Бул окуяга байланыштуу тарыхчынын блогу.

Күнөстүү Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун борборундагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде теке (июль) айынын 5инде тарыхчылардын эл аралык шеринеси өтүп жатат.

“Алымкул Асан бий уулу (1831–1865) жана анын мамлекеттик ишмердиги” деп аталган бул эл аралык илимий жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фонду, Кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү, Жалал-Абад мамлекеттик университети жана “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси биргелешип уюштурууда.

Алымкул аскер башчы (1831-1865). Көркөм элестетүү.
Алымкул аскер башчы (1831-1865). Көркөм элестетүү.

Жыйындагы баяндамаларда Кокон хандыгынын 1850–60-жылдардагы саясий тарыхында көөнөргүс орду бар “Аскер башчы” (“амир-и лашкер”), “Эмирлердин эмири (амир ул-умара’)” даражаларына арзыган Алымкул Асан бий уулунун (1831–1865) кыска, бирок нуска өмүр жолу, анын мамлекеттик башкаруудагы ишмердиги, Орусия жана Улуу Британия өкүлдөрү менен дипломатиялык алакалары, бүткүл Түркстанды басып кирген падышалык Орусиянын оторчул аскер өнөктүгүнөн Ташкент аймагын коргогон каармандыгы, мекенчилдик жана баатырдык бейнеси, Алымкулдун доорундагы эл аралык татаал кырдаалдагы Кокон хандыгынын абалы, Ферганадагы жана башка аймактардагы азаттык кыймылдарынын тарыхы жана башка илимий маселелер ар тараптуу чагылдырылмакчы.

Жыйында “Мурас” фондунун жетекчиси, жалпы Борбордук Азиянын жана анын ичинде Кыргызстандын XIX – XX к. башындагы тарыхы боюнча адис Кыяс Молдокасымов, Кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Урмаматович Сатыбалдиев ж.б. расмий өкүлдөр куттук сөз менен чыгышмакчы.

Кыргызстандын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Алымкулдун урпактарынын бири Мамасалы Такабаевич Акматов илимий жыйындын босогосунда биз менен курган маегинде былтыр (2018-жылы) бугу (май) айынын 17синде Өзбекстандын Анжиян шаарындагы Анжыян мамлекеттик университетинде да Алымкул Асан бий уулунун өмүр жолуна жана дооруна арналган эл аралык илимий жыйын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, быйыл эстафетаны кыргызстандык илимпоздор алганын жана Алымкул аскер башчы тууралуу мурда калайыкка ачык айтылбай келген маалыматтар чогултулуп жатканын баса айтты.

Кайтпас Ташматов. АнжыянМУ. 17.5.2018.
Кайтпас Ташматов. АнжыянМУ. 17.5.2018.

Жыйынга чакырылгандар арасында Алымкулдун башка да урпактары – ушул тапта Ташкент шаарында жашап жаткан ардагер Кайтпас Карабекович Ташматов, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Ыдырыс Кенжеев (Идрис Кенжяев), өзбек жана тажик тарыхчылары да бар. Алар былтыркы Анжыяндагы илимий жыйынга да жандуу катышкан.

Айтмакчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин илимий жыйындын ирегесинде жарык көрүп, сыясы кургай элек “Алымкул Амир Лашкар” аттуу китебинин бет ачар аземи да ушул илимий жыйындын алкагында өткөрүлүүдө.

Профессор Т.Кененсариев. АнжыянМУ. 17.5.2018.
Профессор Т.Кененсариев. АнжыянМУ. 17.5.2018.

Жаңы китептин алгачкы бөлүмү профессор Т.Кененсариевдин Кокон хандыгынын тарыхына жана Алымкул аскер башчынын бейнесине арналган көп жылдык изилдөөсүнөн жана Алымкул тууралуу чагатай түрк жана кыргыз тилдериндеги араб жазмасындагы булактардын котормолорунун үзүндүлөрүнөн турат.

Ал эми китептин экинчи бөлүгүндө Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы тарыхчы жана башка окумуштуулардын Алымкул Асан бий уулу тууралуу илимий баяндамалары жана илимий-жамаагаттык макалалары камтылган.

Бул баалуу китепти жарыкка чыгарууда Алымкулдун урпагы Мамасалы Такабаевич Акматов демөөрчүлүк кылганын ыраазылык менен эскерте кетпесек болбойт.

Коомдун кайсы бир бөлүгү ашкере саясатташып жаткан маалда, кесипкөй илимпоз адистер башка иштерге алагды болбостон өздөрүнүн ырааттуу эмгектери аркылуу улам жаңы илимий көйгөйлөрдү чечип жатканын айтуу да алгылыктуу. (Албетте, бул жүрүмдөр бири-бирине эч жолтоо болбогондой өнүгө беришин каалайбыз).

Алымкул аскер башчыны кыргыз адабиятында “Алымкул аталык” деп шарттуу атап жүрүшөт, анткени ал Кокон хандыгынын тактысы үчүн күрөшкө жигердүү аралашып, хан ордосундагы кутумдун натыйжасында эрезеге жете элек Султан Сейитти (тактыдан түшүрүлгөн Малла хандын уулун) тактыга отургузуп, анын атынан жалпы мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырган кезең да болгон эмеспи.

Айтмакчы, Алымкул аскер башчынын тегинин кыргыз экендигин ачык көрсөтпөстөн же атайын бурмалап жазган иликтөөлөр арбын болгон.

Илимий жыйынга утурулай жарык көргөн китепте ташкендик тарыхчы Молдо Мухаммад Йунус Жан Шыгавул датканын эмгегинен да үзүндү келтирилгени дурус болду.

“Ташкенди” (Ташкенттик) ныспасын да алган бул тарыхчы өз учурунда Алымкулдун өтө ишенимдүү кишиси, анын жөкөрү, анын атынан дипломатиялык тапшырмаларды аткарып, Кашкарга чейин барып келген инсан болгон. Ал өзү урматтаган колбашчы Алымкул набыт болгон соң, Кашкарга кетип, Жакыпбек Бадөөлөттүн тушунда Ак-Тоодогу (Чыгыш Памирдеги) Жаркент шаарынын акими да болгон.

Дал ушул тарыхчы Молдо Мухаммед Йунус Ташкенди өзүнүн чагатай түркчө жазылган "Тарых-и Алимкул Лашкар-беги" эмгегинде Алымкул аталыктын теги кыргыз экенин мындайча таасын белгилеген:

"...Ma’lum o‘lg‘aykim, Amirlashkari marhumning nasablari qirg‘iz-qipchoq jamoasidan bo‘lib, ismi shariflari Mullo Alimquli Hasanbiy o‘g‘li erdi va volidayi shariflari Shaharbonu bibi erur".

Бул шилтеменин азыркы кыргызча котормосу мындай:

"Белгилүү болгондой, маркум Амир-лашкердин (Башкы колбашчынын) ата-теги кыргыз-кыпчак тобунан болчу, бул кадырлуунун ысымы Молдо Алымкул Асан бий уулу эле. Аны төрөгөн кадырлуу энеси – Шаарбану-бүбү эле".

Алымкул Асан бий уулу этностук теги боюнча кыргыз-кыпчак экенин илимий эмгектеринде тастыктаган казакстандык белгилүү кокон таануучу, маркум Тимур Бейсембиев (1955—2016) тууралуу да жыйында сөз кылынаары күтүлүүдө.

Тимур Бейсембиев.
Тимур Бейсембиев.

ЖАМУнун доценти Эрнис Абазовдун айтымында, жыйындын маданий иш-чаралары да чет өлкөлөрдөн жана башка өрөөндөрдөн Жалал-Абадга келген коноктор үчүн кызыктуу болмокчу.

Бул сыяктуу илимий жыйындардагы ар башка өңүттөрдөгү баяндамалар мурда күтүлбөгөндөй жаңы жыйынтыктарга жем ташташы да мүмкүн.

Маселен, совет доорунда Кыргызстандын расмий тарыхнаамасында Кокон хандыгы душман мамлекет жана эзүүчүлөр өлкөсү катары гана сыпатталчу. Жаңы маалыматтар Фергана, Талас, Аксы, Алай, ал түгүл Ысык-Көл, Нарын, Кашкарга чейинки аймактарда Кокон хандыгына ылым санаган күчтөр болуп келгендигин айгинелөөдө.

Шералы хан менен урпагы Кудайар (Кудаяр) хандын айрым кыргыз топторуна таянгандыгы эми ачык жазылып келет. Кудайар хандын сүйүктүү уулунун ысымы да Ормон хан (Урман-хан) болгон.

(“Тарих-и Шахрухи” эмгегинде кичинекей Ормон хан Кудайар уулунун сүннөт тою тууралуу маалымат бар).

Кокон хандыгына каршы айыгыша күрөшкөн Тайлак баатырдын өзүнүн уулу Осмон датка 1860-жылдары падышалык Орусияга каршы күрөшүп, кокончул саясий багытты туткандыгы да маалым.

Тынымсейит уруусунан чыккан ички теңир-тоолук акын Арстанбек Буйлаш уулу алайлык Алымбек датканын колдоосун алып, Анжыянда болгондугу, ал эми Жеңижок акын болсо Арстанбекке учурашуу үчүн Ысык-Көлгө чейин келгендиги "аркалыктар менен анжыяндыктардын байланышы начар болгон" деген сыяктуу эски советтик стереотиптерди жоюуга огожо болот го деп ойлойм.

Демек, тарыхый доорлор менен окуяларды мурдагыдай бир беткей бычып кароого азыркы тапта мүмкүн эмес.

Эң башкысы – совет доорунда “эзүүчү таптын өкүлү”, “диний жана феодалдык катмардын өкүлү” катары жектелип, мекенчил бейнеси ачылбай келген Алымкул аскер башчы сыяктуу тарыхый инсандар окуу китептеринде, энциклопедияларда, тарых эмгектеринде, көркөм чыгармаларда эл эсине эч кандай цензуралык чектөөсүз кайтарылууда.

Инсан таануудагы жана тарыхнаамадагы бул татаал жүрүм он жылда да бүтпөй турган, улам жаңы архив таануу, булак таануу жана башка багыттардагы ырааттуу илимий иликтөөлөргө муктаж болгон жүрүм. Бул жаатта кыргызстандык тарыхчыларга Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан сыяктуу коңшу мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн адистери үзөңгүлөш болуп жатышкандыгы канааттандырат.

Эми инсан таануу жаатындагы соңку илимий ачылыштарды кеңири коомчулукка көркөм каражат менен жеткирүүнүн көп кырдуу аргаларын да издешибиз керек.

Сүрөтчүлөр, бедизчилер жана башка өнөрпоздор да тарыхчы адистер менен астейдил кызматташуусу абзел (эсибизде, жапжаш кезинде баатырларча набыт болгон Полот хандын – Молдо Ыскак Асан уулунун сүрөтүн карыяныкы кылып сыпаттаган сүрөттөр да пайда болгон; Алымкул деле 1865-жылы бугу (май) айында Ташкент шаарын орусиялык оторчулардан коргоо маалында 33-34 гана жашында курман болгонун аны абышка катары элестетип алган айрым чала сабат сүрөткерлерге эскертүү керек).

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков.
Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков.

Атаганат, маркум жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын айрым бөлүмдөрүндөгү окуяларды соңку илимий ачылыштарга айкалыштырып, Алымкул баатыр жана колбашчы тууралуу көркөм тасмалар жаратылчу учур ылайым тез эле келсе экен!

Эгерде Алымкул аскер башчы тууралуу тасма жарала турган болсо, анда анын Кокон хандыгындагы замандаштары кыргызча гана эмес, көчмөн өзбек, көчмөн кыпчак, отурукташкан сарт, тажик, каракалпак, казак, уйгур жана башка тилдерде да сүйлөшкөнүн, Куран окуп, орток түркий (чагатайча) жана фарсыча жаза алышканын эске алып, көп этностуу маданиятты да калыс чагылдыруу талап кылынат.

Демек, Алымкулдун доорунун мисалында эле тарыхчылар гана эмес, мүлдө калайык, анын ичинде бардык айдыңдар тарыхты дурус билүүгө тийиштигин баса белгилеп айта алабыз.

Тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков атабыздын сөзүн кеңейтип айтсак: “жүрөгүндө оту бар улан-кыздардын бардыгы тарыхты үйрөнүүсү шарт”.

Ал эми ар бир атуулда жүрөк согуп турат эмеспи!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG