Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 20:35

Алымбек датканын тукумдары кабылган кысым


Курманжан датка Эмил Маннергейм (оңдо) менен түшкөн сүрөт.

Алымбек датканын неберелери Кадырбек Камчыбеков менен Жамшитбек Карабеков Кыргызстанда социализмдин орун-очок алышына жан аябай кызмат кылып, 1937-жылы атылып кеткен.

«Мен хан болдум таажысыз да тактысыз»

Алымбек датканын алты уул, эки кызы болгон. Кокон хандыгындагы таасирдүү инсандын тагдыры кайгылуу аяктап, ордодогу тымызын бийлик талаштан ич ара ынтымагы жок дымактуу инсандар өмүр менен кош айтышкан.

Биринчи болуп миңбашы Нүзүптүн, андан соң кандай жерге келип отуруп калганын жакшы аңдай албаган Шералы хандын, артынан тоолук кыргыздар арасында таасири ченемсиз бийик Алымбек датканын башы кетип, ар кандай амал-айлага жакын Мусулманкул да бу канабайрамдан четте калбай, армандуу ажалга туш келген.

Батыш өлкөлөрү жапырт жаңы дүйнөнү басып алып, колония чегин кеңейтип атканда орто кылымдык караңгылыктын сормо сазында калган Кокон хандыгын орус бийлиги оңой эле жок кылып, ага караштуу элдер менен жерлерге катаал бийлигин орноткон. Аны да биринчилерден болуп Алымбек менен Курманжан датканын үй-бүлөсү жон териси менен сезген. Чек арадагы чатакка байланыштуу орус бийлиги Камчыбек менен Акбалбанды дарга аскан.

Алымбек датка Кокон хандыгындагы таасирдүү адам болгон, ал үч ирет бийликти алмаштыруу ишине катышып, башкы вазирлик даражага чейин жеткен. Төртүнчү аракети оңунан чыкпай, оор жазага тартылган. Анын отуз жылдык бийлик тарыхы тоолук элдин Кокон хандыгы менен мамилеси кандай болгонун кашкайтып көрсөтүп турат. Кийин бул милдет анын жары Курманжан даткага өткөн.

Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин ыр менен жазылган «Курманжан датка» романында «Мен хан болдум таажысыз да тактысыз, Мен жан болдум бактылуу да, бактысыз» деген саптар бар.

«Сырттан куунап, ичтен куурап жүдөгөн» улуу инсандын жаңы бийликтеги орду чектелип, колониялык бийликтин катаал жазасы эң алгач Курманжан датканын үй-бүлөсүнөн башталган. Душманга багынгысы келбеген Абдылдабек ооган жеринде каза болсо, «чек ара көзөмөлчүсүн жок кылды» деген күнөө менен 1895-жылдын 2-мартында Камчыбек Алымбеков менен Акбалбан Бакыбаев дарга асылган.

1898-жылкы Анжыян көтөрүлүшүнүн капшабынан Курманжан датканын Баатырбеги менен Мамытбеги, небереси Мырзапаяз - баары болуп ондон ашуун киши Сибирге сүргүнгө айдалган. Калгандары абакка камалган. Сибирге айдалгандардын арасында 12 жаштагы небереси Арстанбек, Мырзапаяз, ошо кезде Гүлчө болуштугун башкарып турган Мамытбек да бар болчу.

Мындай катаал жазага макул болбогон Курманжан датка арызданып жүрүп эки жылдан кийин балдарын сүргүндөн бошотууга жетишкен. Анткен менен бийликтеги таасирдүү адамдын үй-бүлөсүн баласынан чоңуна карабай катаал жазага кириптер кылуу Алымбек датканын укум-тукумунун эси-көөнүнөн кеткис кайгылуу окуя болгон.

Ошондуктан Курманжан датканын укум-тукумунун жаңы совет бийлигин жактыруу менен кабыл алышын, эки небереси Кадырбек менен Жамшитбек анын жайылышына аянбай кызмат кылышын түшүнсө болот.

Кадырбек Камчыбеков 1917-жылдан бери совет бийлигине кызмат кылып, алгач Гүлчө болуштугун жетектеп, кийин басмачылык кыймыл күчөп кеткенде ага каршы колуна курал алып күрөшкөн ыктыярдуу кыргыз милициясынын жетекчиси болгон.

Ал эми Жамшитбек Карабеков Казандагы университетти бүтүп келгенден кийин Оштун жанындагы Мады кыштагында орус-тузем мектебинде мугалим болуп иштеген. Билимдүү жаштардын кызматы керек болгондо жаңы бийлик аны «эл бийлеген датканын небереси, социалдык жат элементтин өкүлү» дебей жооптуу кызматтарга дайындаган.

Жамшитбек Ош үйөздүк билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп, жер-жерлерде жаңы мектеп ачуу, билим берүү системасын жайылтуу жаатында аянбай кызмат өтөгөн.

«Кызыл командирдин» трагедиясы

Кадырбек Камчыбеков 1919-жылы большевиктер партиясына мүчөлүккө өтүп, Орусия компартиясынын Ош үйөздүк комитетинин Гүлчө болуштугунун аткаруу бюросунун мүчөсү, Мады айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Кадырбек Камчыбеков совет бийлигине каршы чыккандар менен күрөшкө жыйырма жылдан ашуун өмүрүн арнаган. Ал Ош, Ноокат, Өзгөн тараптагы басмачыларга каршы күрөштө таанылган. 1920-жылы Түркстан фронтунун басмачыларга каршы эмгекчилер арасынан ыктыярдуу отряддарды түзүү жөнүндө буйругу чыккан. Кадырбек Камчыбековдун отряды ошол кезде түзүлүп, совет бийлигине каршы чыгып карапайым калктын үшүн алган басмачылык топторду жок кылууга катышкан. Эмгеги эске алынып, 1922-жылы күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Айтмакчы, мына ушул басмачылар менен күрөш жаңыдан башталып жаткан чакта Кадырбек Чырмыш Жусупбаев деген басмачылар отрядына колго түшүп калган. Ошондо баргы, тооке, сабай, какал урууларынын аксакалдары ортого түшүп, басмачыларга элден чогулган эки мүшөк акча алып барып берип, бошотуп чыгышканын изилдөөчүлөр белгилеп жүрүшөт.

Кадырбек Камчыбековдун өмүр жолу жалаң уруш-күрөш менен өткөн. Анын Мойдун бекти кантип колго түшүргөнү эл арасында кыйла жылдардан бери айтылып, аңыз кеп катары жайылып кеткен.

Мойдун бек бир топ жыл бою колго түшпөй, советтик активисттерди өлтүрүп, кыз-келиндерди кордоп, баарынын көкөйүнө көк таштай тийген кезде аны совет бийлиги менен жарашууга чакырышкан экен. Кызыл-Кыянын жанындагы бир кыштакта айтылуу корбашы кызылдардын жетекчиси менен кездешет. Эт бышып калган маалда кызылдар документ даярдамыш болуп бейкам отурган корбашыны кармашат. Анын зөөкүрдүгүнөн тажаганбы же капыс болгон ишке буямасы келбей калганбы, иши кылып корбашынын жан жигиттери каршылык көрсөтүшпөптүр. Мойдунбекти кандай да болсо жок кылуу жөнүндө тапшырма 1922-жылы Түркстан фронтунун атайын буйругунда белгиленген. Айтылуу корбашыны Кадырбек колго түшүргөн.

Анын Калкожо паңсаттын колун кантип жок кылганы да айтып отурса узун кеп. Түрмөдөн качып кеткен Калкожо паңсат Мадаминбектин колуна кошулуп, көптөгөн бүлгүнчүлүк иштерди кылган. Кадырбектин ыктыярдуу милициясы Алайдын Бий-Мулла деген жайлоосунда Юлдаш палвандын басмачыларын жок кылган. Басмачылар менен күрөш 1927-жылга чейин созулган. Алардын негизгилери жок кылынып, кийинки жашоо-турмуш тынч нукта уланышы керек эле. Бирок да Кыргызстандын түштүгүндө совет бийлигинин орношу минтип куралдуу каршылыкка туш келгенде жанын аябай күрөшкөн Алымбек датканын укум-тукумунун асманында да кара булут айланып, «тап душмандарын» кодулоо, сүргүнгө айдоо, жер оодарып ийүү, улутчулдарды, революция душмандарын издөө аракети күчөй баштаган.

«1929-жылы кулактарды тап катары жоюу саясатын жүзөгө ашырып жатканда, «чоң атаң менен чоң энең даткалар болушкан экен, сен биздин тап душманыбыз экенсиң» деп камакка алып, анан атып жок кылышкан… 1955-жылы гана «ал ак жерден сталиндик репрессияга дуушар болгон экен» деп актап, бала-чакаларына компенсация төлөшкөн. Мына, тагдырдын шылдыңы… большевиктердин «акыйкаты», - деп жазган Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов «Алымбек датка» деген тарыхый баянында.

Кокон кандыгынын тушунда бийликтин эң бийик тепкичине - вазирликке чейин көтөрүлгөн Алымбек датка 63 жашында капыс өлүмгө туш келген. Чыгыштык жексур режим жок кылынганы менен, анын ордун баскан Орусиянын колониялык бийлигинин кандуу кылычы Алымбек датканын урпактарынан кетпей, асылып, сүргүнгө айдалып, куугун-сүргүндөн кутулушкан эмес.

Жамы журттун максат-мүдөөсүн баарынан жогору койгон кадырлуу датканын балдары 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшүнүн капшабы менен Сибирге сүргүнгө айдалып, абакка отургузулган. Бирок куугун-сүргүндүн, басым-кысымдын эң ооруна Алымбек датканын урпактары совет бийлиги кезинде туш келишти.

«Баш көтөргөндүн баарын жок кылышты»

Жаңы бийликке айтылуу династиянын бир тобу чын дилден кызмат кылган, кийин алар репрессияга кабылып, «Алымбек датканын урпагымын» деп ачык айта албай, дайым басым-кысымдын, кодулоонун алдында жүрүштү. Баарынан да совет бийлигин коргош үчүн колуна курал алып, басмачыларга каршы күрөшкөн кызыл командир Кадырбек Камчыбеков менен билим берүү тармагына опол тоодой эмгек кылган Жамшитбек Карабековдун социалдык жат элементтер катары атылып кетишин айтпайсызбы!

Карапайым калктын таламын баарынан бийик койгон нукура мамлекетчил династиянын үч доор, айырмалуу саясий системанын тушунда кез келген кыйынчылыгы, азап-тозоктору көп айтылып, арбын жазылгандай таасир калтырары бышык. Мурда Алымбек датканын урпактары тууралуу айтуу мүмкүн болбосо, азыркы кезде карама-каршылыктуу доордогу катаал окуяларды билгендердин катары суюлуп баратат. Сталиндик репрессия тууралуу маалыматтар деле аз.

Белгилүү санжырачы Сыргак Сооронкулов көп жыл бою Алай жергесинде иштеп, Алымбек датканын айрым урпактары менен ынак мамиледе болуп, эл арасында айтылып келаткан тарыхый кеп-сөздү жакшы билет.

- Подполковник болуп жүргөн, Мойдундан атасынын өчүн алды. Мойдунду кармаганы аябай кызык. Мен Мойдун менен жанаша отуруп кандай кылып кармашканын уккам. Бапа деген алайлык киши эле, ошол киши жанында болгон. Кадырбекти күнөөсү жок эле кармап жок кылып коюшпадыбы. Уругунун бардыгын жок кылышкан. Камчыбектин балдарын жок кылышты. Абдылдабектин балдарын куугунтукташып, андан анча-мынча эле калды. Калгандарынын баарын алып кетишти. Баатырбектин балдарын да алып кетип жок кылышты. Аз эле калды. Баш көтөргөндүн баарын камап коюшту. Абдылдабектен балдар калды, - дейт Сыргак Сооронкулов.

Алымбек датканын демилгеси, каржысы менен Ошто «Ак медресе» деген Чыгыш архитектурасындагы мыкты имарат салынган. ХХ кылымда большевиктер заманында мына ошол тарыхый эстелик жок кылынган. Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов Ак медресени калыбына келтирүү тууралуу өтүнүчүн үнү жеткен жердин баарына айтып, колу жеткен жердин баарына жазып жүрүп бу жалгандан өтүп кетти. Улуу жазуучу Алымбек датка тууралуу тарыхый баянында анын кандай иштерди жасап, алдына койгон милдеттерин кантип жүзөгө ашырганын кенен-кесир баяндап берген.

Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев ыр менен жазган «Курманжан датка» романын окурмандарга тартуулады. Белгилүү режиссер Садык Шер-Нияз «Курманжан датка» фильмин тартты.

Айтылуу династиянын мүчөлөрүнүн башына түшкөн мүшкүл, алардын тагдыры кыргыз элинин Кокон кандыгындагы, орус колониясындагы, совет мезгилиндеги карама-каршылыктуу тарыхы менен үндөш. Кийинки эки кылымдагы кыргыз тарыхы Алымбек датканын урпактарында жашап, мезгилдин эн белгисин өзүндө камтып турат. Аны азыркы мезгил бийиктигинен туруп көркөм ачып, аңдап алуу - кийинки муундун милдети.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG