Линктер

шейшемби, 18-июнь, 2019 Бишкек убактысы 15:53

Музей: Тарыхый чындык чыркырабаса экен!..


Билге каганга (683-734) багышталган руна сымал жазма эстелик Орхондогу Хөшөө-Цайдам жергесинде табылган.

Дүйнөлөшүү жүрүмүнүн шартында өлкөбүздөгү ажайыпканалар тарых чындыгын жаңыча чагылдырышы керек.  Кыргызстандын борборундагы Мамлекеттик тарых музейинин көйгөйлөрүнө байланыштуу тарыхчынын пикири.

Деги тарых музейи керекпи?

Ушундай суроонун өзү, балким, түркөйлүккө жатышы керек. Албетте, музейсиз (ажайыпканасыз) азыркы цивилизация төрүндөгү эч бир коомду элестете албайбыз.

Тарыхый мурасты ойрондогон окуялардын мисалдары арбын. Кылым башынан берки көз жаздымда калбай турчу терс окуялардын арасында исламды жамынган, бирок динди ката аңдаган түркөй жоочулардын топторунун Ооганстандын Бамиян аймагында Будданын эң бийик айкелин атайылап жардырганы, айрым ирактык жоочулардын Эки дарыя аралыгындагы бул цивилизация башаты болгон өлкөдөгү музейлерди талап-тоногону, ошондой эле тынч мезгилде Кыргызстандын Маданият министрлигинин “батасын” алып, айрым жергиликтүү түркөйлөр Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейиндеги мумияны Баткенге алып барып көмдүргөндүгү сыяктуу жосунсуз жоруктар бар.

Жакында мурдагы президент Роза Отунбаева өлкөдөгү музейлерди түп-тамырынан кайра жаңыртуу, заманбап деңгээлге көтөрүү зарылдыгы жөнүндө маселени козгоду. Өзгөчө омоктуу ойлор айтылды. Анын сунуштарын кош колдоп жактайбыз.

Шилтеме: http://mnenie.akipress.org/unews/un_post:13855

Ал эми дипломат жана публицист Мирбек Эшалиев болсо Мамлекеттик тарых музейинин далай окурмандарга белгисиз көйгөйлөрүн калыс тизмектеп жазып чыгыптыр.

Шилтеме: http://mnenie.akipress.org/unews/un_post:13994

Кыргызстандын президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын 2012-жылдан берки мүчөсү катары да биз айрым прагматикалык сунуштарды далай коомдук талкуулар учурунда ортого салганбыз.

Азыр да бүдөмүктөнүп унутта калтырылбай турган жагдайлар бар.

Оболу, мумия жаатында кеп козгойлук. Мамлекеттик тарых музейинен “шаман-бакшылардын көмөгү” менен чыгарылып кетти делген жана Баткенде мыйзамсыз жерге берилген мумия (ислам дооруна чейинки аялдын катырылган сөөгү) кайрадан заманбап музейге кайтарылышы керек, аны мындан ары сактоонун бардык технологиялык аргалары жасалышы керек. Эгерде азырынча мумиянын ДНКсын жана башка баалуу заттык элементтерин изилдөө үчүн Кыргызстандын илимий мекемелери жакыр болуп жатса, ал эми он чакты жылда акыбал өзгөрүшү мүмкүн. Эл аралык долбоор аркылуу деле мумияны изилдөө иши башталышы зарыл.

Бирок санааркаткан жагдай: ошол Баткенде көмүлгөн сөөк чын эле биз сөз кылып жаткан мумияныкыбы, же аны эчак эле ойрон кылып алып, “шамандарга” таянуу менен башка эле сөөктү көөмп салыштыбы?

Мунун аныгына жетүү үчүн эми өлкөнүн Маданият министрлигинин гана эмес, Кыргыз өкмөтүнүн алкагында, прокуратуранын жана башка тергөө амалдарын жүзөгө ашырган тараптардын, ошондой эле тиешелүү археолог, антрополог, краниолог, биохимик, музей таануучу адистердин, медиа каражаттарынын кеңири катышуусу менен кадыр-барктуу комиссия түзүлүп, мумия делген сөөктү толук ачык-айкын шартта Баткен жергесинде кайра казып алуу жана андан ары консервациялап, музейдин атайын жайына жеткирүү иш-аракетин жүргүзүү зарыл.

“Карышкырга кой кайтарткандай” болбостон, бул иш-аракеттер соңуна чыкканга чейин ошол шектүү маалда жетекчиликте болгондор азыркы тапта музейдеги жана Маданият министрлигинин тиешелүү тармагындагы жетекчи же көзөмөлдөөчү кызматтардан, ошондой эле сунушталган комиссиядан четтетилиши ылайык деп ойлойм.

Музейде 2016-жылы 22-июлда өрттөнүп кеткендиги же андан мурда бир нече жыл ичинде жоголуп кеткендиги тууралуу айың кептер жүргөн артефакттардын нагыз тизмеси барбы? Аларды да тарыхый акыйкаттык үчүн басма сөздө жана Интернетте ачык жарыялоо абзел.

Азыркы тапта Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейин реформалоо жаатында бир катар алгылыктуу сунуштар жана талаш-тартыштуу суроолор жарыяланып келет.

Мамлекеттик тарых музейинин коноктору үчүн, албетте, мурдагыдай кыдырып жөн чыгып кетпегендей, ойлонгондой, талдагандай кылып интерактивдүү усулдар иштелип чыгышы абзел жана бул иш аткарылып жатат деп ишенем (келген коноктор, өзгөчө тестиер жана өспүрүм балдар-кыздар, ар кыл доорлордогу окуяларды, кубулуштарды, этнографиялык жана башка түшүнүктөрдү өздөштүрүү үчүн өздөрү да музей каражаттары менен “ойногон”, баарлашкан, уздар менен усталардын колунан чыккан буюм-тайымдарды ченеп кийип, сүрөткө түшүп, же өздөрү да айрым аспаптарды кармалап, кээ бир иш-аракетти жасай алган, тарыхый доор тууралуу ар кыл суроолорго туура жооп берип, белек-бечкек алган, доорго байланыштуу көркөм чыгармаларга кызыгуусу арттырылган, тарыхый доорду Интернет аркылуу өз алдынча үйрөнүүгө багыттама алган ж.у.с. миллиондогон усулдар бар эмеспи).

Бирок эң башкы суроо – музейдин жалпы мазмуну. Мамлекеттик тарых музейи – жөн гана Кыргызстандын аймагында табылган археологиялык табылгалардын жыйындысыбы же ушул музей усулу аркылуу Евразия мейкиндигинде кылымдар карытып байырлаган кыргыз улутунун ар кыл топторунун тарыхын башка тарыхый коңшулаш элдердин, Улуу Жибек жолу сыяктуу эл аралык данакер тарыхый кубулуштардын тарыхы менен ширелтип түшүндүргөн атайын агартуу жайыбы?

Мира Карыбаева "Өмүр көчү - 100" жүрүшүнүн катышуучуларын куттуктоодо. 05.8.2016.
Мира Карыбаева "Өмүр көчү - 100" жүрүшүнүн катышуучуларын куттуктоодо. 05.8.2016.

Менин угушумча, Кыргызстандын президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын дал ушул музейдин мазмундук жагын жакшыртуу жаатындагы иш-аракетин багыттагандардын бири – мурдагы Ак үйдүн орчун кызматкери Мира Карыбаева жөнү жок жерден сурактан суракка чакырылып жатат дешет.

Мира айымдын кызмат орду ага музейдин контенти (мазмундук жактан шөкөттөлүшү) жаатында гана иш алып барууга укук берчү. Муну азыркы президенттик аппараттагы ал ээлегендей кызматтарды аркалап жаткандар деле ачык тастыкташат.

Музейдеги жыгач аттар. У.Эгизбаев тарткан сүрөт. 24.05.2018.
Музейдеги жыгач аттар. У.Эгизбаев тарткан сүрөт. 24.05.2018.

Төбө чачты тик тургузган өтө баалуу “музейлик аттарды”, “таяктарды” ж.б. сатып алууга жана башка шойкомдуу сатыктарга уруксат берүү жана аралашуу – Миранын ыйгарым укугуна эч тиешеси жок, демек, башка уюм-мекемелер аркылуу жүзөгө ашырылган иш-аракет болду. Демек, чуулгандуу окуяга анын тиешеси жок деп ишеничтүү айта алабыз.

Бул, техника доорундагы салыштыруу менен айтылганда, автоунаанын дизайнынын мазмундук жааты боюнча адистен “эмнеге автоунаа ээси начар сорттогу бензинди сатып алганына жол бердиңиз?” дегендей эле артыкбаш кине.

Эми Мира Карыбаеванын тиешеси түздөн-түз бар жагдайга келсек. Бул – музейдин болочок контентин жакшыртуу маселеси.

2017-жылдын соңунда Мира Карыбаева айым төбө чач тик тургузулган бир окуядан улам бир катар белдүү тарыхчыларга шашылыш кайрылган. Ал тарыхчылардын арасында Кыргызстандын президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү комиссиясына мүчө болгон жана окуу китептер, тарыхка жаңыча көз караштагы монографияларды жазып жүргөн авторлор бар.

Маселенин төркүнү – Мамлекеттик тарых музейинин жамааты жана аларга көмөктөш болгон айрым авторлор (аларга калем акы деле төлөнүп берилген дешет) музейдин мазмунун эскиче жазып салгандыгында экен! Мурдагыдай эле кыргыз тарыхын Кыргызстандын ичинен гана издеп чектелмек экенбиз!

Албетте, музейде сакталган артефакттар Кыргызстандын ар кыл дубанынан алынып келингендиги – мыйзам ченемдүү. Бирок мындан 2220 жыл илгерки окуяларга байланыштуу этностук аталышы байыркы кытай жылнаамаларында эскерилип жазылып калган элибиздин тарыхын толук чагылдыруу үчүн Кыргызстандын аймагы тар экендиги бешиктен бели чыккан балага деле түшүнүктүү!

Музейдин мазмунунун алгачкы вариантында байыркы кыргыздар, алардын болжолдуу журту (бир вариантта – Чыгыш Теңир-Тоодогу азыркы Боро-Хоро тоолору, Манас дарыясы менен байланыштуу аймак) тууралуу эч сөз жок болчу.

Музейдин алгачкы мазмундук сыпаттамасында Хун мамлекети тууралуу да эч сөз жок эле. Ал эми б.з.ч. 201-жылы кыргыз мамлекетин каратып алган кубаттуу мамлекет – түрк тилдүү хундардын көчмөн мамлекети – Евразиядагы көчмөндөр цивилизациясын түзгөн кубаттуу мамлекеттердин бири болгон. Ошондуктан хундарды музейде өзгөчө чагылдырбастан кантип кыргыз жана башка түрк калктарынын байыркы тарыхын элестетебиз?

Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. 18.4.2017.
Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. 18.4.2017.

Совет доорунда, 1983-84-жж., Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын партократтар Т.Усубалиев, А.Карыпкуловдун көрсөтмөсү менен Кыргыз ССР ИАсынын расмий тарых китебинен чыгарып салышкан. Буга жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Кеңеш Жусупов, тарыхчылар Өмүркул Караев, Юлий Худяков, Виктор Бутанаев ж.б. каршы болуп, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы – жалпы кыргыз тарыхынын ажырагыс бөлүгү экенин жазып чыгышкан.

Кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да ушул жобону колдошуп, Энесай кыргыздары да бабаларыбыздын тарыхы экенин жазышкан.

Ал эми музейдин алгачкы контенттик долбоорунда Энесай Кыргыз каганаты көңүл сыртында калтырылыптыр (анын артефакты Ала-Тоодо жок имиш). Дал ошондо Мира Карыбаева сындаган башка тарыхчыларды жандуу колдоп, атайын Барсбек кагандын ысымы жазылган руна сымал жазманын көчүрмөсүн алып келип тургузуу сунушун киргизген. Айтмакчы, М.А.Карыбаевага кол кабыш кылып оперативдүү пикирлер жазып, иш алып барган, мазмунду түзөтүүгө огожо болгон тарыхчы адистер ыктыярдуу, акысыз көмөк кылышкан.

Демек, Мира Карыбаеваны сындап, суракка алгысы келгендер анын музейдин болочок мазмунун жакшыртууга кошкон нагыз жетекчилик салымын үйрөнүп алышы керек. Албетте, Мира айым археолог, булак таануучу, этнограф, тарыхчы адистерге таянып иш аткарып жатты. Этнографиялык айрым жагдайларды ал заманбап уздар, дизайнерлер менен акылдашып, аларга таянып жүргүздү. Ушул жагдайларды таамай түшүндүрүүгө, өзүнө чейинки чийки жана чалагайым мазмундук (контенттик) вариантты коомчулукка ачыктоого илим кандидаты Мира Карыбаеванын өзүнүн деле кудурети жетет деп ишенем.

Секешфехервар шаарындагы Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 60-отуруму. М.Карыбаева, С.Алымкулова жана К.Молдокасымов. 31.8.2017.
Секешфехервар шаарындагы Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 60-отуруму. М.Карыбаева, С.Алымкулова жана К.Молдокасымов. 31.8.2017.

Менин чочулаганым – Мира Карыбаева иштен четтетилгенден кийин музейдин жаңы мазмуну эски таз кейпине көчпөдү бекен?

Заманбап музейдин мазмуну жалпы Евразиядагы кыргыз тарыхын калыс, фактыга таянып, кээде сырткаркы өлкөлөрдөгү артефакттардын көчүрмөлөрүн суратуу аркылуу толукталышы абзел. Ушул жаатта иш аткарылып жатабы?

Кээ бир коңшу өлкөлөрдөгү эстеликтерсиз жалпы Борбордук Азия жана Шибер (Сибирь) тарыхынын өнүгүш баскычтарын элестете албайбыз.

Изниктеги кыргыз жоокеринин күмбөзү жана айкели. Түркия. Т.Чоротегиндин сүрөтү. 04.5.2013.
Изниктеги кыргыз жоокеринин күмбөзү жана айкели. Түркия. Т.Чоротегиндин сүрөтү. 04.5.2013.

Өзбекстандагы Тешик-Таштан табылган сөөк (аны антропологдор жаңыча изилдеп, таптакыр башка тыянак чыгарышты), Казакстандагы сак дооруна таандык Эшик (казакча Есик, орусча Иссык) коргонундагы алтын киши, Алтайда жаңы табылган мумиялардын сүрөттөрү (же кебинин көчүрмөсү), Хакасиядагы Алтын-Көлдөгү Барсбекке арналган эстелик таштын, Монголиянын Сужийн-Даван жергесиндеги кыргыз колбашчысынын руна сымал жазмасынын сүрөтү, Түркиядагы Изник шаарындагы Селжук доорундагы кыргыз жоокерлерине арналган күмбөздүн макети, Кырым, Эдил, Уралдагы кыргыз урууларынан калган жер-суу аталыштары, мусулман жана кытай картографиясындагы кыргыздардын эскерилиши, Улуу Жибек жолунун Кыргыз бутагынын болгондугу, ж.у.с. фактылар да заманбап музейчиликтин каражаттары менен сөзсүз чагылдырылышы абзел.

Азыр “таптаза кыргызды” издеп машакаттанып, ашкере улутчул сымак болгондор жок эмес. Аларга бери дегенде 2220 жылды камтыган тарыхый жазмаларга түшкөн бай жана узак тарых ичинде кыргыздар нечендеген калктардын өкүлдөрүн жуурулткан заманбап улут болуп саналарын, азыр да Кыргызстан көп этностуу мамлекет экенин, илгери Хун мамлекети, Усун мамлекети, Түрк, Түргөш, Кыргыз каганаттары деле, исламды кабыл алган Карахандар каганаты деле көп этностуу болгондугун, кыргыздар мекендеген журттарда диндер аралык, руханий, илимий, соода-экономикалык карым-катнаш чордондору орун алгандыгын музей каражаттарынын тили менен чагылдырылышы абзел. Көп түрдүүлүк – биздин маданиятыбыздын орчун жана орток байлыгы.

Кыргыз тарыхынын мурастарын чет мамлекеттерде деле кастарлашат.

Маселен, Орусиянын Минусинск, Абакан, Кызыл ж.б. шаарларында, Монголиянын бир катар аймактарында кыргыздарга жана түрктөргө таандык эстеликтер жалпы адамзат тарыхынын байлыгы катары кастарланып сакталып келүүдө. Анын сыңарындай, биздин өлкөбүздө кыргыздардан башка этностордун мурастары да музейлерибизде жана архивдерибизде ошондой эле кастарланып, көз карегиндей сакталышы абзел.

Музейдин мазмунун туура чагылдыруу иши Кыргызстандын тарыхындагы пост-коммунисттик жаңыча түшүнүктөрдү да камтууга тийиш.

Профессор Ташманбет Кененсариев.
Профессор Ташманбет Кененсариев.

Маселен, эми Кокон хандыгы – Борбордук Азиядагы боордош мамлекеттердин орток мамлекети болгондугу тарыхчы Ташманбет Кененсариевдин доктордук диссертациясынан жана заманбап окуу китептерден маалым. Бирок ал музейде жаңыча чагылдырылып жатабы? Совет доорунун концепциясынан арылбаган айрым эски музей кызматкерлери мындай жаңы жоболорду жерип, четке кагып жаткан жокпу?

Музейде “Түндүк Кыргызстан Орусияга каратылган” делбестен, дагы эле Т.Усубалиевдин 1963-жылы баяндаганындай түндүк кыргыздары “Орусияга ыктыярдуу кошулган” деген бурмалаган түшүнүктү таңуулап жатышабы?

1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш боюнча жаңы архивдик табылгалардын фотолору музейде орун алдыбы?

1916-жылдагы элдик көтөрүлүштүн лидери Канаат хан Ыбыке уулу 1917-жылы 16-февралда Алматы (Верный) абагында өлгөнү тууралуу архивдик документти К.Молдокасымов тапты. 2016.
1916-жылдагы элдик көтөрүлүштүн лидери Канаат хан Ыбыке уулу 1917-жылы 16-февралда Алматы (Верный) абагында өлгөнү тууралуу архивдик документти К.Молдокасымов тапты. 2016.

Мурда жазыксыз кодуланган тарыхый инсандардын өмүр таржымакалдары жаңыча берилип жатышабы?

Түркстан автономиясы, Алаш-Ордо, басмачылык кыймылы сыяктуу окуяларга, 1920–50-жж. сталинчил жазалоолорго, КГБнын, КПССтин ролуна карата жаңыча баа музейде камтылдыбы?

“Ашар” кыймылы, КДК уюму, XXI кылымдын башындагы элдик ыңкылаптар тарыхы кандайча чагылдырылды?

Кыргыз диаспорасы жаатында мултимедиялык маалыматтар барбы?

Атаганат, “жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап” деген сөз аргасыздан эске түшпөй койбойт экен. Эми музейдин жаңы ачылышы эски мазмунга ширелип, калпыс жүзөгө ашырылса, айрым фолк-хистори өкүлдөрүнүн, жайсаңчылардын фактыга негизделбеген жоромолдору да (маселен, кыргыз этноними б.з.ч. VII–VI кылымдарда, б.з.ч. 525-жылы эле катталган имиш; Атилланын кыргызча ак калпакчан сүрөтү Ватикан музейинде сакталган имиш; Манастын сүрөтү Кытайдын эски жазмасында тартылган имиш; ал эми Чыңгыз хан өзү кыргыз болгон имиш; тиги дүйнөдөн бир нагыз манасчы айылдык бакшыга сайентологдук ыкма менен улам-улам сигнал берип жатат имиш; азыркы тапта Тибетте жашыруун жүргөн, тили буруу кыргыз уруусу бар имиш; деген сыяктуу тири укмуштай жалган кептер менен жомоктордун бир даары) “байкоостон” заманбап музейлик мазмунга киргизилип кетчү болсо, анда орто жолдо кыргыз тарыхына жана жалпы Борбордук, Ички Азия, Шибер тарыхына жаңыча, объективдүү сересеп салып изилдеген тарыхчылар жана илимге калыс талдап караган башка замандаштарыбыз дагы бир жолу бармак тиштеп калбас бекен?

Ошондуктан, алешемдиктен качуу максатында музейди кайрадан ачуунун ирегесинде дагы бир ирет анын концепциясын жана мазмундук турпатын адистик таразадан чукул арада өткөрүү абзел.

Бир катар тарыхчы кесиптештерибиз биз менен маегинде Кыргызстандын президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия азыркы музей көйгөйлөрүнөн тышкары жалпы эле Кыргызстандагы музей таануу жана археологиялык ж.б. мурастарды сактоо маселелерин өзгөчө талкуулап, тиешелүү мекемелер аралык иш-аракет программасын иштеп чыгуусу зарыл деген өз ойлору менен бөлүштү. (Арасында археологдор Кубатбек Табалдыев, Ороз Солтобаев, тарыхчылар Кыяс Молдокасымов, Токторбек Өмүрбеков, Ташманбет Кененсариев, Муратбек Кожобеков, Чолпон Турдалиева, этнограф Абылабек Асанканов ж.б. бар).

Шөнбрунн аксарайы музейинин көрүүчүлөрү тарыхый кийимдерди кийип алып сүрөткө түшүүдө. Вена, Австрия. 23.10.2010.
Шөнбрунн аксарайы музейинин көрүүчүлөрү тарыхый кийимдерди кийип алып сүрөткө түшүүдө. Вена, Австрия. 23.10.2010.

Ушул саптардын ээси Австрия, АКШ, Германия, Казакстан, Кытай, Мажарстан (Венгрия), Монголия, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Улуу Британия, Франция, Чехия, Швейцария сыяктуу мамлекеттердеги бир катар заманбап ажайыпканаларды кыдырып чыккан адис катары айрым сунуштарын айтып жана жазып келет. Демек, сыртта кайдыгер карап отурбастан, жок дегенде электрондук кат аркылуу болсо да музейлерди реформалоо жаатында өз сунуштарын айтууга ал дагы даяр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG