Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Тиги дүйнөдө деги Жайсаң барбы? Үн катпай жатат...


Манасчылык салтын Кытайда кеңири жайылткан залкар жомокчу Жусуп Мамайдын мурасына арналган II эл аралык илимий жыйында. Нарын, 29.5.2015.
Манасчылык салтын Кытайда кеңири жайылткан залкар жомокчу Жусуп Мамайдын мурасына арналган II эл аралык илимий жыйында. Нарын, 29.5.2015.

Кыргызстанда Майрамбүбү Сармалдакованын (Бүбү Майрамдын) “вариантындагы” “Манас” дастаны боюнча талкуу Жумгалдагы сот жүрүмүнөн улам кайра күчөдү. Деги, анын варианты чын эле аркы дүйнөдө жүргөн, бирок берки дүйнөнүн VII кылымында жашап кеткени жайсаңчылар тарабынан жоромолдонгон кишиден келип жатабы?

Оболу - Майрамкүл Сармалдакованын шектүү булагы жөнүндө

“Манас” дастанын бурмалап, андан тышкары “ушул вариант катары мындан мыкты өрнөктү таппайсың!” дегендер “Жайсаңдыкы” делген тири шумдук “вариантты” Кыргызстандагы окуу китептерге расмий киргизүү талабын көтөргөндө гана кыргыз айдыңдары түйшөлдү окшойт.

Деги бул “дастандык варианттын” ээси ким?

Майда-чүйдө нерселерден оболу маалыматтын булагы ким экенине тарыхчы катары дароо кызыктым. Бул – адистик “оорум”.

“Супер жаңы” дастан катары айрымдар тарабынан көкөлөтүп макталып жаткан варианттын автору - тиги...

тиги...

тиги дүйнөдө экен, көрсө!

Баса десең! Көрсө ал – аркы дүйнөдө кол-жолу бош жыргап жатып алып, биздеги ачылыштарды жана ачылыш эместерди чала орто билимге ээ кишинин деңгээлинде дилетанттык менен окуган Жайсаң деген пенде экен.

Анан ал вариант Жайсаңдан бизге кантип түшүп жатат?

Азырынча факс, интернет, телефон, сыналгы, үналгы дегендерди колдонгондордун эч бири, ал түгүл НАСА менен Роскосмосто деле, Го Чиа Хаң Тйен Чү (Guó Jiā Háng Tiān Jú) деп аталган Кытай космостук изилдөө мекемеси деле, баары жоктун баарын интернет торунда “шыбыраган” Гуугл же Википедия деле, аркы дүйнө менен берки дүйнөнүн ортосунда таптакыр байланыш түзө элек кез эмеспи...

Тээ 2011-2012-жылдары эле мен “эч кандай Жайсаңдын арбагы жок!” деп угуза- угуза-а айттым эле, андан бери бул Жайсаңың шыбырап да өз пикирин же аянын мага билдирген жок. Зекип да аян бербеди. Жулмалап, кытыгылап да кетпеди. Атаганат, өзүнүн бар экендигин мага саал-паал ынандырып алса, анда эле анын вариантын аш кылат элем го...

http://members.vb.kg/2012/06/15/mifotv/1.html

Бул таң калардык жагдай, тактап айтканда тиги дүйнөдөгү бир ишенимдүү булакка шилтеме кылып жар салып коюу, демек, айрым “сайентологдор”, тиги дүйнөдөн маалымат алынышы ыктымал, деген нерсеге үзүлүп түшүп, эч текшербей ишенип алчулар, азыркынын чала-моңол камдары (бакшылары) үчүн жетиштүүнүн жетиштүүсү көрүнөт.

Азыр мен аларга “тиги дүйнөдө жүргөн сатириктер Марк Твен, Бернард Шоу, Мидин Алыбаев, Азиз Несин, Хосроу Шахани менен жаңы эле баарлаштым”, - дей турган болсом, “кыргызча го билесиң, а тигилер менен англис, түрк, фарсы тилдеринде баарлаштыңбы?” – деп сурай турган кишилер деле бардыр, бирок “кантип эле?” деген суроону узатпастан, “Ура-а! Дагы бир контакт болду!” – деп интернет торунда жарыялап чыга тургандар деле толтура окшойт.

Майрамбүбү эже аркы дүйнө менен кантип байланышат экен?

Бул суроого, Теңир өзү күбө, “тиги дүйнө менен кат-кабар алышууга эч мүмкүн эмес” деп бекем санаган мен өзүм деле кызыктым. Туурасын айтканда, бул түкшүмөлдөнгөн иш-аракетти кантип түшүндүрүп беришээр экен деп кызыктым.

Улуу-Чат шаарындагы Манастын айкели. Кызыл-Суу, Кытай. 08.7.2014.
Улуу-Чат шаарындагы Манастын айкели. Кызыл-Суу, Кытай. 08.7.2014.

Кудай жалгап, “жайсаңчылар” Майрамбүбү Сармалдакова эжени коргош үчүн Бишкектеги Дипломатиялык академиянын жыйынканасында (орунду тапканын карасаңыз!) бир жыйын уюштуруп, мени да чакырышты. Алар эңсеп-ойлогондон тескери сүйлөгөнүм эсимде, бирок, эң башкысы, Майрамбүбү эже менен бетме-бет жолуктум. Ал өзү жыйын аяктаганда астейдил маанай менен жакындап келип таанышты.

Көрсө, Майрамкүл Сармалдакова эже – Жумгалдан экен. “Бүбү Мариям” деген атты кийин гана алыптыр. Ал кээ бир учурда талмасы кармаганда, же экстазга батканда, ар кайсы нерселер көрүнөт экен, анын ичинде шыпылдап өзүн Жайсаң деп тааныштыра калган бирөө чыга калып, бирдемкелерди эле айтат экен.

Бул айтылгандар көп узабай тири шумдуктай чийме болуп Майрамкүл эже тарабынан кагазга түшүрүлөт экен.

Бул чиймеге, тамгага эч окшобогон бирдемкелерди алгачкы жолу көргөн ыраматылык Шакин Эсенкулов сүйүнүп кетип, “бул маалымат – аркы дүйнөдөгү Жайсаңдыкы”, деген интерпретациясын берип, ал түгүл китеп кылып жарыялап жибергени маалым.

Мен Майрамкүл эже чиймелеген апакай кардын үстүндө карга жорголоп кеткендей “издерди” эжеден дептерлерин сурап алып, карап көрдүм. Жыттап да көрдүм. Ары-бери жарыкка да карадым. Электр агымы колума таасир этээр бекен деп да сынап көрдүм. Фотосун да алдым.

Эмнегедир режиссер Эрнест Абдыжапаров, басма ээси Жумадин Кадыров, “Манас жаңырыгы” сыналгы компаниясынын ээси Темирбек Токтогазиев, тарыхчы Өскөн Осмонов сыяктуу Майрамкүл эженин колдоочулары өзгөчө шыктанып-толкундангандай сезим менде эч пайда болбоду. Эмнегедир эски шамандарга окшоп, Майрамкүл эжени ээрчип, ар башка дубандардагы тоо-ташты кыдырып, “ыйык” делген таштарга кулдук уруп кетким келген жок.

Мен үчүн бул чиймелер бүгүнкү шарлатандык купуя схеманын бир маанилүү бөлүгүндөй күдүк гана жаратты.

Ал эми “жайсаңчыларга” бул баш-аламан белгилер ЧОҢ СЫР сезилди.

Жайсаңчылар да жиктелишкен.

Майрамкүл эже “Жайсаңдын атынан” көп томдук кылып жарыялаган бул китептин алгачкы томдугун Шакин Эсенкулов башкача аталыш менен чыгарганын, анан Майрамкүл эжеге шыбышташып, муну тиги дүйнөдөгү автордуку кылсаңыз утасыз? дегендерден улам ал “Жайсаңдын варианты” деп атап, Шакин агай менен кыйла убакытка соттошконун, бирок сотко алар тиги дүйнөдөн Жайсаң түгүл, анын караанын да чакыра албай эси эки болгондо, эптеп Шакин агайды жеңиш үчүн чынын айтканын, б.а. бул – Майрамкүл эженин өзүнүн эле варианты болгонун билдирип, жайсаңчылар мурдагы сотто жеңип чыкканын маалымат каражаттары аркылуу мүлдө кыргыз билет.

Берки “жайсаңчылар” үчүн бул жыйынтык күтүлгөн же күтүлбөгөн даңаза алып келиши керек болчу. Эң оболу, Кыргызстандагы окуу китептерине ушул вариант киргизилиши керек, анткени ушул вариант гана “Манас” дастанынын чыныгы варианты, себеби ал “түп нускадан” – тиги дүйнөдөгү Жайсаң деген манасчыдан алынды, - деп алгачкы кадамды жасашты. Бул чуулгандуу окуяга Кыргыз-Орус Славян университети да илине калды шекилдүү (ал кезде К.Иманалиев ошол жакта проректор болчу).

Бул жагдайды андан ары тереңдетүү үчүн КР УИАсынын мүчө кабарчысы, профессор Өскөн Осмонов 2012-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин эн белгиси (гриф) менен чыккан жана университеттер үчүн арналган (!) “Кыргызстан тарыхы” окуу китебинде жайсаңчылар айткан “Манас өзү 670-жылы августта туулду” деген пикир “чындыкка жакын” экенин жазып чыкты.

Мен сыйлаган Өскөн агайдан “мунуңуз эмне жорук?” деп сурап да көрдүм. Чынында, мүчө кабарчы, профессор түгүл, тарыхчы студент да “тиги дүйнөдөгү булактан алынды” деген кабарды булак катары эч качан карабайт. Албетте, катуу кетсе “өз уламышына өзү ишенип алган кишинин чыгармасындагы чындыкка төп келбей турган идея” катары фольклордук булакты изилдөөчүнүн көзү менен карап муну шарттуу иликтеши ыктымал.

Жайсаңдын вариантын чоң тасма кылып жаратуу керек. Бул – феномен! Кыргыздар аны аңдабай жатасыңар! дегендер да чыкты.

Дагы бирөөлөрү капкаяктан каражат таап, Майрамкүл эженин вариантын орусча жана англисче которто башташты. Академиядагылар Сагымбай, Саякбайдын вариантын англисче, кытайча ж.б. илимий которууга акча издеп жүрүшөт, бул эргулдар халтураны котортуу үчүн оңой эле каржы булагын табышты.

Анан алар кээ бир айдыңдарды өз тарабына тартуу үчүн алпурушту. Аларды тоо-таштарга чогуу барып сыйынууга, элет жеринде козу этин чогуу жешке катыштырып да көрүштү.

Менин түшүнгөнүмө караганда, өтө жөнөкөй Майрамкүл эженин өзү мунун бирин да уюштура алмак эмес. Тек гана анын кагазындагы сырдуу белгилер жана анын “вариантынын” улам жаңы бөлүгүндө бул жаңы “жайсаңчыларды” аркы дүйнөдөгү Жайсаңдын “нагыз өзүнүн атынан” далыга таптап мактап жазып коюулары анын таасирдүү жана акчалуу жандоочуларынын төбөсүн көккө жеткирген окшойт.

Же булар түйүлдүгүндө жаралып жаткан болочокку кубаттуу “сектанын” кишилериби? Антип деле ойлобос элем. Же буларды тымызын каржылаган “шайтандуу булак” барбы? Антип деле ойлоо кыйын. Бирок “Жайсаңдыкы” делген вариантты алардын кээ бирлери Майрамкүл эжеге караганда көбүрөөк колдоп жатканы кызык...

Режиссер Эрнест иним Фейсбукта “Бул – Манасты тарыхый инсан жана кыргыз маданиятындагы идеялардын генератору катары баалагандар үчүн Манастын рухунун кайра жаралышы” деп шойкомдуу вариантты мактаса, Жумадин “бул чыгарманы кыргыздар ондогон жылдардан кийин гана аңдай алат” деп чыкты. Башка жолдоочулары да VIII кылымда өлгөн манасчы чын эле тигил дүйнөдөн сырдуу белги аркылуу ушу дастанды айтып жатат, деп ишенип алышыптыр.

Эми ошол тиги дүйнөдөгү манасчыны мен да мактап көрөйүнчү.

Чын эле Жайсаңбы, жокпу, бир кудай билет, айтор, VII-VIII кылымдарда жашаган делген ошол манасчы көп тилди (анын ичинде б.з.ч. II миңинчи жылдыктын соңунда өлүү тилге айлангандарды да) билет экен да, көп жерди көрбөй туруп космостон байкагандай айкын сыпаттайт экен.

Тыныбек Жапый уулу манасчы билбеген нерсени VIII кылымдагы “манасчы Жайсаң” билип, Чукотка менен Алясканы бириктирген Беринг кысыгын кып-кыргызча “Моюнча” деп атаганына “ичиң элжиреп кетет”.

Менин чоң атам Чоро - ажы болгон экен, Мекеге барыптыр. Бирок ал деле Хетт падышалыгы болгонун билген эмес. Хетт (аны түрктөр “хитит” дешет) тили б.з.ч. X кылымда эле өлүү тилге айланган, байыркы хетт тилиндеги жазманы алгачкы жолу 1915-жылы гана чех ассириологу Бедржих Грозный (Bedřich Hrozný, башка ысымы - Фридрих Грозный, Friedrich Hrozny; 1879 - 1952) чечмелеген. Моюнга ала кетсек, азыркы тапта да хетт тилин өздөштүргөн бир дагы кыргыз илимпозу жок. Чоң атамдын неберелери да хетт тилин ныпымга билбейт.

Бөксөбүздү толтуруп, тигил дүйнөдөгү Жайсаң (Майрамкүл эженин дептеринин карга жоргологондой белгилери аркылуу) көөнө Хетт падышалыгы жөнүндө айтып жатпайбы!

8-томду карап, көзүм ого бетер чакчайды: анда байыркы гректердин Артемидасы жана Геростраты жөнүндө да сөз кылынып жатат!

Ой тообо! Айтылуу Көкөтөй хан, көрсө, Кассандраны да билген экен! (Менимче, анын сыры жөп-жөнөкөй: ошондо тигил дүйнө менен байланышуудан оболу Майрамкүл эже жаздыгынын алдына коюп окуган чыгармалардын арасында Чыңгыз Айтматовдун космос жана руханий жардылык тууралуу айтылуу «Кассандранын эн тамгасы» романы болсо керек…)

Опе-ей, Манастын туулган тагыраак датасы жүрөт ко?

Майрамкүл эженин тиги дүйнөдөгү булагы «сенсациялык» маалымат берет. Көрсө, хан Манас 670-жылы август айында Алтай жергесинде дүйнөгө келиптир.

«Азыркы жылнаама эсеби» деп тигил дүйнөдөгү жетинчи кылымды «окуясынан» кеп салып жаткан Жайсаң орто кылымдардын этек жагында христиандар киргизген григориандык жыл санак менен Майрамкүл эжеге маалымат бергенин окуп, Жайсаңга бир чети ыраазы болдум.

Эгерде саат басып ал хижра жылы же байыркы кыргыздардын он эки жаныбардын аттарына негизделген жыл санагы менен айтып алган болсо, анда анысын азыркы датага оодарып чечмелей албай, азыркы жайсаңчылар катуу жүдөшмөк экен!

Каратып туруп калп айттыбы, ким билсин, айтор, тиги дүйнөдөгү Жайсаң бул дүйнөдөгү Майрамкүл эженин чиймелеген сүрөттөрүн чечмелөө аркылуу Манас болгону 55 жашта каза болгон, ал кезде Жайсаң орто жашта – 42де кези эле, - деген «өтө баалуу» тарыхый делген маалыматты бизге жеткирет.

Тарыхчылар, эми эс ала бергиле!

Манас 670-жылы туулуп, 725-жылы өлгөн экен. Бул доордон калган абдан көп жазма маалыматтар бар экендиги, алардын биринде да Манас менен Жайсаң тууралуу түздөн-түз кабар жоктугу силерди кейитпесин! Себеби маалымат – жогорку же төмөнкү жактан – айтор, тиги дүйнөдөн өтө ишенимдүү булактан өтө ишенимдүү эжекебиз аркылуу берилип жатпайбы!

Эмнегедир Өскөн агадан башка тарыхчылар кыймылдабай коюшту го?

Ай, тарыхчы атеисттер же ашкере исламчылар! VII кылымда кыргыздар ислам динин кабыл ала элек болчу дегиси келип жатышат ко. А биз дастанда Манасты татынакай эле мусулман кылып жатабыз го!

Мукамбет пайгамбар (571, Меке — 632, Медина) жашаган жыл бизге маалым. Ал “Курандын” сүрөөлөрүн 610-жылдан баштап айта баштаган. Ал эми жайсаңчылардын дагы бири “Куранда” дагы Манас тууралуу айтылган” деген жалганды чындай кылып 2012-жылы бапылдап чыкканы азыр да эсимде. Анда Манас туула элегинде эле “Куранда” ал жөнүндө айтылган болобу?

Тарыхты бурмалаган жоромолдор Жайсаңга таандыкпы?

Майрамкүл эжени ишендирип алган Жайсаңдын арбагынын айтымында, Манас баатыр ошол доордо эле Кытайды жеңген экен. Бул тууралуу Тан сулалесинин эч бир аксарай тарыхчысы, руна сымал жазмада кыйла эстелик калтырган чыгыш түрктөрдүн жана Энесай Кыргыз каганатынын эч бир битикчиси билбей калышканын кара!

Дагы бир кызыгы, Фергананын саясий тарыхы тууралуу Майрамкүл эже жазып, “Боханьна ишхиди” деген терминди киргизет жана бул өкүмдар Кытайдын тымызын жактоочусу болгонун жазат.

Чыныгы термирнге келсек, Боханьна деген эч жер болгон эмес. Самаркандда “ихшид” деген өкүмдар болгон, аны “падышалардын падышасы” деп айрым мусулман булактары чечмелейт. VIII кылымдын башында бул ихшиддин ээлигин кытайлар эмес, ислам динин кылыч менен таркатып келген араптар басып алган.

Орхон жазмаларында кыргыз каганы Барсбекке каршы турган Чыгыш Түрк каганатынын колбашчыларынын бири канзаада Күл Тегин (Көл Тегин; 685-731) тууралуу маалыматтар арбын. Ал чынында да 711-жылга караган кышта каармандык менен согушуп жатып өлгөн кыргыз каганы Барсбектин кас душманы болгон. Жайсаң (же Майрамкүл эже) болсо Күл Тегинди Манастын ишенимдүү чоролорунун бири кылып салыптыр!

Кайран Жайсаң, VII-VIII кылымдарда жашаганы менен чектелбестен, XII-XIII кылымдарда жашаган Темучин (Чыңгыз хан) жана анын урпагы Чагатай тууралуу да маалымат кыстара кетип жатпайбы! Тиги дүйнөдө жөн жатып албастан, тыягы байыркы Хетт жана Грекия, биягы орто кылымдардын ортоңку мезгилиндеги Моңгол дөөлөтү тууралуу маалымат берген энциклопедист арбакка медитация маалында учурап, Майрамкүл эже жакшы иш кылган окшобойбу?

Албетте, мунун бардыгы – дилетанттардын укмуштуудай калптары деп аларга эч карабай койсок деле болмок. Бирок заманбап айрым окуу китептерден бери алардын жарабаган ойлору кирип кеткен соң, ачык жазбай коюуга эч болбоду.

Кыргыз тилинен чарчаганда...

Кээде Жайсаңдын маалыматын кыргызча айтуудан чарчап кетеби, Майрамкүл эже анда санда: “Чтобы передать мой восторг, лучше напишу на русском языке. Каждая из медитаций поразительна только ей свойственными видениями...” («Менин кубанычтан шаттануумду жакшылап чагылдыруум үчүн андан көрө орус тилинде жаза калайынчы. Бул медитациялардын ар бири анын өзүнө гана таандык көрүнүмдөрү менен аң-таң калууну жаратат»), - деп каадаланып калат. Кайран гана мамлекеттик тил! Кайран гана "Манас" дастанын сактаган байыркы тил! Ушул медитациянын учурундагы балкыган сезимди чагылдырууда да мококтук кылып жатканын карачы!

Кээ бир депутаттар өз эне тилин жакшы билбестигин мойнуна алгысы келбестен: «Кыргыз тилинин лексикалык кору жарды болуп атканына байланыштуу, оюмду орусча эле түшүндүрөйүнчү» деп каадалана түшкөн учурлар да аргасыздан эске келди.

Манакемин дейин десем, сакалым канаке?

Кыргыздын азил, шакаба катылган мурасында уктап жатканда сакалын кыркып коюшкан апенди чалыш Манаке тууралуу айтылат эмеспи. Анын өзү ойгонуп алып таң калып: «Мен го - Манаке, а Манакемин дейин десем, сакалым канаке? Манаке эмесмин дейин десем, кызыл өгүзүм мынаке!» деген тура.

«Жайсаңдык» делген жана он томдук кагаз түткөн вариантта, бир жагынан, Майрамбүбү эжекенин медитацияга чыгып, тоолорго барганы, аны жардап башка жайсаңчылардын өргүп жүргөнү, аларды кимдер коноктогону, аларга Жайсаңдан кандай жылуу сөз же ачуу сын пикир айтылганы тууралуу жобураган кептерди бүт алып салсаңыз, «дастан» дегениңиздин текстинин өзү чар-жайыт, тузу жок шорподой супсак, деги эле ырааттуу окуялар өнүкпөгөндүгү, салттык «Манастагы» окуялар тизимине эч коошпогондугу жана бүтүн бир канвасы бар дастан кебетеси жок экендиги айгинеленет.

Ал эми «дастан» деген жагын алып салсаңыз, алиги «жорого баргандай» болуп шынаарлап жүргөндөрү, Майрамкүл эженин турмуштук түйшүктөрү, ыраматылык Шакин агай менен кайчы пикири тууралуу жана башка көрбай-жербай айтылган кептери – тим эле дасторкнондогу аякка шорпо ордуна куюлган шылдыр суудай эле сезилет.

Атаганат, «дастан эмес жагы мынаке, ал эми эпос жагы канаке?» - деп ийин куушуруп айтаардан башка чараң жок.

Айдыңдык жана азыркы диплом тууралуу азыноолак ой толгоом.

Мен автордугу Жайсаңга шилтелген бул көп томдук китепти толук карап чыктым. Окубай эле ал жөнүндө оюн айткан пенде болуп жаткан жокмун.

VII - VIII кылымдарда жашап, анан арбак болуп алып, XX кылымдын акыркы он жылдыгынан тартып бечара Майрамкүл эжени кыйнап, болбогон нерселерди медитация аркылуу маалымат берди деп мен Жайсаңды деле күнөөлөбөйм. Себеби андай Жайсаң – жок нерсе. Андай кубулуш жок. Андай арбак жок. VII – VIII кылымдарда ханзу (кытай) тилиндеги “цзайсаң” сөзүнүн өзү да кыргызга чоочун болчу. Андай антропоним (киши аты) да ал кезде кыргыздын түшүнө кире элек болчу.

Өзүм азыр сынга алган көп “жайсаңчылардын тарапкерлери” делген кишилерди башка эмгектери үчүн сыйлайм. Азыр дагы алар менен кол алышып эле баарлашам. Аларга да «эмнеге жайсаңчы болуп кеттиңер?» деп таарынбайм. Тек гана күйгөнүм – ошолордун ички чөнтөгүндө аялуу сакталган университеттик дипломдордун чыныгы наркы.

Же, балким, мен ЖОЖдорду бүтүргөндөрдү жөн гана олуя көрүп өзүм жаңылышып жаткандырмын?

Суроого жооп жана кыска тыянак.

“Фабула” гезитинин кабарчысы Мирлан Алымбаев теке (июль) айынын 21инде мага суроо узатты (“...Жумгал райондук соту Бүбү Мариям Муса кызынын "Айкөл Манас" китебин экстремисттик чыгарма катары баалап, китептин таралышына тыюу салды, китеп улуттук баалуулуктарды кемсинтет жана эпосту бурмалайт деп тапты. Ага пикириңиз?”).

Ага кыска-нуска жообум мындайча болду:

“Негизи, китепке тыйуу салуу жакшы жөрөлгө эмес. Бизде цензура болбошу керек. Бирок жайсаңчылар шыкактаган Майрамкүл эженин халтуралык чыгармасын манасчылык өнөргө каршы жана Манасты шылдың кылуу далаалаты катары өзүм да коомчулукка кошулуп кескин сындаганмын. Окуу китептерге бул фалсификацияны эч жолотпоо керек. Тарыхчы Өскөн Осмоновго элдин көзүнчө Улуттук академияда сын айтканмын. Сиз Бүбү Майрамдын Манас 670-жылы августта туулган, аны аркы дүйнөдөн түз маалыматты Жайсаңдан алып тактадым деген тири шумдук жоромолун 2012-жылы ЖОЖдор үчүн жарыялаган окуу китебиңизге кайсы дитиңиз барып жаздыңыз? дедим. Окумуштуулар буга күбө. Буларды ашкерелөөнү интеллектуалдык жол менен улантуу керек. Бүгүн Гитлердин “Майн кампф” эмгеги деле Германияда жарык көрдү. Тыйуу салуу - сталиндик ыкма”.

Ушул кыска жоопту узатып, анан ойлонуп калдым.

Майрамкүл эжеге тиги дүйнөдөн маалымат жиберген кишинин арбагы өзүн “Ырамандын Ырчы уулу – менмин” дебегенине эми тобо кылдым! Кудай өзү бизди мындай чоң алааматтан сактап калыптыр! Анткени айрым жайсаңчылардын сынчыларынын жаасынын жебесинин учу ушул жүйөөгө эле майтарылып калмак. “Ырамандын Ырчы уулу деле тигил дүйнөдөн кагазга тамгага окшош сүрөт түшүртүп кабар жөнөтө алмак эмес, бурадарым!” дегенди да укпай эстери ооп калышмак.

Салттык манасчылык өнөрүн сактообуз керек, өзүн өнөрпоз катары тастыктаган манасчыларга Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусундагыдан да көбүрөөк кылып маяна төлөшүбүз керек. Колдогу дастандык варианттарды чет-четинен жарыялап жаткан КР УИАсына “эми ошолорду интернет торуна бекер жайгаштыргыла” деп өтүнүч кылып, мындан да чоң каржылык көмөктү ырааттуу көрсөтүү керек. Манас таануучуларды түрколог жана чыгыш таануучу катары да тарбиялоо керек. Иш – Манакенин кырыла электеги сакалынын талдарынан да көп.

Адатта, биз чоң окуя болуп кеткен соң гана ийинди ныгырган көйгөйдү ойлонобуз. Глушич ишкананы көчүрүп кеткен соң, этегибизди кагабыз. Сакалчан жоочулар Баткенге жойлоп келген соң, аскерди чыңдап киребиз. Шайлоодо өзүбүз арамдарга алданып калып, анан гана “кетсин!” деп чыгабыз. Максим акчаны уурдап кеткен соң, анын шойкомдуу банктарын жабабыз. Шылуундарга алдатып ийип, Кум-Төрдө шоңшоюп отуруп калабыз. Деги койчу!..

Ушул тапта, балким, салттык “Манасты” сактап калууда өз учурунда кыймылга келгендей кейпибиз бар. Бул иш-аракетти айдыңдык жана мыйзамдуу жол менен жасоо үчүн аракет кылуу – сталинчил буйрукчул жана келегей ыкмадан алда канча майнаптуу жана түбөлүктүү экенин аңдасак гана болду.

XS
SM
MD
LG