Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:13

Тарых музейине кеткен "табышмактуу" чыгым


Тарых музейине коюлган инсталляциялар.

Башкы прокуратура Кыргыз улуттук тарых музейин оңдоодогу каражаттын мыйзамсыз сарпталышы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай - жарандык курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлеринин жана музейди оңдогон СМУ-3 компаниясынын айынан мамлекет 120 миллион сомго жакын чыгым тартканын Башкы прокуратура эсептеп чыкты.

Ушул жылдын май айында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы музейди оңдоого мамлекеттен бөлүнгөн каражат сарамжалсыз пайдаланылганын билдирген. Анда айрым буюм-тайымдардын баасы ачыкка чыккан жана бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Бул чуулуу жагдайда мурунку өкмөт башчы, ушул тушта камакта отурган Сапар Исаковдун да аты аталган. Ал дооматтардын баарын четке каккан.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу", "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Өлкө кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу", "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган органдын басма сөз өкүлү Жаркынай Азиеванын маалыматы боюнча, тергеп-иликтөөдө мамлекет миллиондогон сом зыянга учураганы аныкталды:

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен бирге текшерүү жүргүздү. Анда кыргыз өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай - жарандык курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлери мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзамды бузганы аныкталды. Тактап айтканда, алар сынак өткөрбөй туруп "С" аттуу компания менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча баасы 690 миллион 500 миң сомдук келишим түзгөн. Музейге жабдуу алыш үчүн алар кошумча келишим менен дагы 869 миллион 114 миң сом которуп беришкен.

Тарых музейин оңдоп-түзөөгө байланыштуу батыл иш-аракеттер 2013-жылы эле башталган. Анда атайын жумушчу топ түзүлгөн, концепция жазылган, музейди жаңыртуу боюнча макет даярдалган. Ошол учурдагы маданият жана маалымат министри Султан Раев бул аракеттин баары текке кеткенин айтып берди:

Султан Раев.
Султан Раев.

- Азыр таптакыр эле башкача болуп калыптыр. Биздин жумушчу топто музейди курган архитекторлор бар болчу. Биз мазмун жагынан эле иштегенбиз. Архитекторлор оңдоп-түзөө боюнча сунуш киргизишкен. Анан биз акча сураганда өкмөт "жок" деп койгон. Кийин үч жылдан кийин баштап жатышпайбы.

2014-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Анкарага барганда тарых музейин оңдоого акча таап келген. Тактап айтканда, түрк өкмөтүнүн Кызматташтык жана координация агенттиги, башкача айтканда ТИКА уюму каражаттан каралашаары маалым болгон. Башында музейди баштан-аяк оңдоп-түзөөгө 250 миллион сом жумшала тургандыгы айтылган.

Эки тараптуу келишимге ылайык, ТИКА 15 миллион долларды үч жыл ичинде бөлүп бермек болгон, бирок бул акчанын төрт миллиону гана келген жана ага музейдин жака-бели, сырты эле оңдоло баштаган.

2017-жылдын башында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков музейдин ичин оңдоого мамлекеттен 1,5 миллиард сомдон ашык акча бөлгөн. Өкмөттүн токтомуна ылайык, мекеме аралык комиссия түзүлгөн жана конкурстун негизинде беш компаниянын ичинен курулуш иштерин жүргүзүүгө СМУ-3 деген ишкана тандалып алынганы маалым болгон.

Тарых музейине жабдуу, эмерек жана башка буюм-тайымды Германиядагы "Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясы алып келген. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, СМУ-3 менен "Vitrinen und Glasbau REIER" музейге жабдуу, эмерек алып келүү тууралуу келишим жок кезде жана каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алына электе эле баасы тогуз миллион еврого жакын эмерек-жабдык алып келүү тууралуу макулдашып алган. Кандай жабдуу, эмерек, экспонат алынарын германиялык компания өзү чечкен.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын эсебинде, натыйжада музейдин концепциясында такыр каралбаган, баасы 56 миллиондой сомдук жабдуу алынган. Бул акчанын теңи тарых музейинин ичиндеги ачылган кафенин жасалгасына, жабдуусуна кеткен.

Маселен, кофе кайната турган аппараттын баасы 195 миң сомдон ашкан, 60 отургучтун ар бири 110 миң сомдон алынган. Желимден жасалган эки аттын макети 3,5 миллион сомдон ашкан.

Башкы прокуратуранын маалыматында Кыргызстанда бар айрым курулуш материалдары Германиядан өтө кымбат баага алынып келгени айтылат. Андан сырткары СМУ-3 менен германиялык "Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясы түзгөн келишимдеги баалар чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөндүктөн, евро кымбаттап кеткенден кийин акчанын курсундагы айырма 42 миллион сомду түзгөн.

"Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясы азыркыга чейин мындай дооматтарга үн ката элек.

Эсеп палатасынын актысына ылайык, СМУ-3 жасаганын жумушун өз баасынан 20 миллион сомдон ашыра көрсөткөн. Аталган компаниянын жетекчиси Айдар Мендеев бул дооматтарды көз каранды эмес эксперттер иликтеши керек деп эсептейт:

- "Мыйзамсыз которулду" деген акчага Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай -жарандык курулуш департаменти жооп бериши керек. Биз аткаруучубуз. Буюртма берген тараптын тапшырмасын, берген жумушун аткарып беришибиз керек. Биз ошол жумуштарды аткарганбыз. Башкы прокуратура сураган кагаздардын баарын бергенбиз. "Кылмыш иши козголду" дегенден бери кагаздарды тактап, жоопторду жазып жатабыз. Анын баарын суракка чакырганда алып барып беребиз. Биз койгон бааларды "туура эмес койгонсуңар" деп жатышат. Биз буга каршыбыз. Эгер биздин жүйөлөрүбүздү эске албаса, анда көз каранды эмес комиссия түзүүгө чакырабыз. Курулуш экспертизасы деген бар. Эгер эки тарап тең бири-бириникин туура эмес деп эсептесе, талашты үчүнчү тарап карап бериши керек. Биз ошондо гана "туура эмес" деп чыкса макул болобуз.

Ушул тушта камакта отурган мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков Тарых музейин оңдоп-түзөөнү баштан-аяк өзү көзөмөлдөгөнүн бышыктаган. Бирок кеткен каражатка байланыштуу дооматтарды четке каккан:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Казакстанды алалы, башка мамлекеттерди алалы, ар бир өзүн сыйлаган мамлекетте заңгыраган тарых музейи бар. Кыргызстандын тарыхы жөнүндө билгиси келгендер, Кыргызстанга келген коноктор ушул музейге киришет. Анан мурда музейде Ленин атабыздан башка эч нерсе жок болчу. Эми мына, азыр музейге киргенде суктана тургандай, "Кыргызстандын тарыхы бай экен" деген ойго келе турган болуп калды. Музейди оңдоо биздин демилгебиз болчу. Алмаз Шаршенович президент болуп турганда биздин алдыбызга ушул максатты коюп, “тарых музейин бүтүрүшүбүз керек, музей чыныгы сыймыктана турган жер болушу керек” деп айткан. Алмаз Шаршенович Атамбаевдин тапшырмасы менен, мен тиешелүү процесстерди көзөмөлдөп турдум. Анан азыр эми “тигил буюм мынча турат экен, бул буюм мынча турат экен, мындай кымбат болбошу керек” деп айтып жатышат. Эгер ошондой шек болсо - анда сөзсүз түрдө изилденип, текшерилиши керек. Бирок биз жасаган иш Кыргызстанга пайда алып келе турган иштердин бири болду деп ойлойм. Тарых музейин оңдоого менин да тиешем бар экенине сыймыктанам.

Музейди оңдоп-түзөөнү президенттик аппараттын улуттук жана диний саясат боюнча бөлүм башчысы Мира Карыбаева көзөмөлдөгөнү да маалым болгон. Карыбаева "Азаттыкка" берген комментарийинде германиялык компаниянын тандалышына, каражат маселелерине аралашканын мойнуна алган эмес.

Мира Карыбаева.
Мира Карыбаева.

- Ал маселелерди билбейм. Ал чечимге кийлишкен эмесмин. Бир да сүйлөшүүгө мени чакырышкан эмес. Өзү эле чечилип калды, азыр анын баарын иликтеп отурганга убактым да жок. Менин бир гана айтарым - муну ЖЭБге байлабаш керек. ЖЭБ деген ЖЭБ, кыргыздын тарыхы деген кыргыздын тарыхы. Коңшу өлкөлөрдө керек болсо тарыхтан эч качан акча аябайт. Акчаны эле чукуп отуруп алсак жакшы иш болбойт го? Анан калса эл аралык бааны да караш керек. Сүрөтчүлөр, биздин деле музей боюнча эксперттер бар го. Эл аралык тажрыйбада ушул музейдин дизайнынын чарчы метри 500 евродон арзан болбойт. Менин укканыма караганда биздин немис өнөктөштөрүбүздүкү 300 евродон болуп жатат. Мага музей эксперттери булар дизайнердик ишти арзан эле жасап бергенин айтышты, - деген эле Мира Карыбаева.

Анткен менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, курулушчу Ишенбай Кадырбеков музейдин дизайны германиялык компанияга берилгенин сынга алды:

- Бул тарых музейи болгондон кийин дизайнын тарыхты түшүнгөн, тарых канына сиңген адамдар жасашы керек. Бизде адистер көп, дүйнөлүк деңгээлге жеткен сүрөтчүлөр бар. Дүйнөлүк сынактан жеңип жүргөн архитекторлор бар. Адистер, кесипкөй адамдар бар. Аларга бербей, немистерге беришти, алардын жасаганын көрдүк. Тарых музейине кирген адам аттаганда эле кыргыздын рухун сезиши керек. Биздики болсо киргенде эле Европаны көрүп жатышат.

Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, тарых музейин оңдоодогу жагдай мамлекеттен бөлүнгөн каражатка көзөмөл болбогонунан кабар берет:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Жогорку Кеңештин эң негизги милдети - бюджетти бекитүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө. Бюдет тууралуу мыйзам - эң орчундуу мыйзам. Бюджеттин акчасын максатсыз пайдалануу - кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган маселе. Башкы прокуратура ушул жагдай боюнча иш козгобой жатат. Финансы министрлиги бюджетте каралбаган акча менен каржылап жаткандан кийин алар да жоопко тартылышы керек да. Аларга тийбей жатканы таң калыштуу болуп жатат. Жогорку Кеңештеги Бюджет комитетин оппозициялык азчылыктагы фракциялар башкарат. Бул жагдайды алар да көзөмөлдөбөгөнү таң калтырат.

Парламенттеги Бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басары, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов бул маселеде өкмөттүн жоопкерчилигине токтолду:

- Өкмөт тарых музейине же дагы башкага деп каражат бөлүп жатканда эсеп-кысабы жакшы алынышы керек эле. "Чынында эле ошончо акча кетеби же азыраак сарпталабы?" деп баары такталышы керек эле. Бизде ушундай система мурдатан бери эле калыптанып калган. Мисалы, "тарых музейине ушунча акча керек" десе, "ушунча керек бекен" деп туруп эле буйрук чыгарып, бөлүп берип коет. Азыркы келген өкмөт, андан кийинкилери, эми биз бул жолдон башка жол менен кетишибиз керек.

Тарых музейин оңдоонун оош-кыйышына байланышкан маселени Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы көтөрүп чыккан. Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов козголгон кылмыш ишинин алкагында айрым мурунку жана азыркы аткаминерлердин аттары аталышы керек деп эсептейт:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Кылмыш иши факты боюнча козголгондон кийин тергөө убагында бул ишке кимдер катышкан, аралашкан, кимдин буйругун кимдер аткарган - ошонун баары чыгат. "Музейди оңдогон СМУ-3 ишканасы Чолпон-Атадагы ипподромду салган, Ош дирекциясына катышкан" дейт, бардык мамлекеттик заказды аткара берген экен. Бирок мамлекетте СМУ-3 компаниясынан кыйындары да бар. Эгерде реалдуу сынак, реалдуу тендер болсо СМУ-3 кечке эле ута бербейт эле да. Демек булардын бир айла-амалы болушу мүмкүн экени айдан ачык болуп калды. Тергөө маалында мунун баары чыгат. Анткени мунун баарын эми коомчулуктан жашыра албайт, резонанс жараткан иш болуп калды.

Кийинки убакта тарых музейине байланышкан бир катар чуулгандуу окуялар катталды. 2016-жылы жайында музейди өрт чалып, бир катар баалуу экспонаттар күйүп кетти. Андан кийин кымбат баалуу жүздөгөн тарыхый буюм-тайым уурдалып кеткени ачыкка чыкты. Былтыр күзүндө 1970-жылдардан бери сакталып турган белгисиз кыздын мумиясы чуулгандуу жагдайда кайра көмүлгөнү талаш-талкууга кабылды.

"Азаттыктын" архивиндеги Тарых музейи тууралуу материал:
Музейдеги миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG