Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Исаков: Мен эч качан коррупцияга малынган эмесмин (видео)


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук тарых музейи, Чолпон-Атадагы ипподром жана ЖЭБдеги маселелер боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу комментарий берип, бул иштерде мыйзам бузуу болбогонун айтты. Бул тууралуу ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак бериш үчүн келген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Исаков муну өзүн жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жалпы командасын каралоо менен байланыштырды:

- Бүгүн маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда мени жана Алмазбек Шаршеновичти системалуу түрдө каралаган процесс кетип атат. Тим эле жаман сөздөрдү айтып, "чыккынчылар", тиги-бу деп жазып жатышат. "Исаков Кыргызстандан качып кетиптир, Орусияда Новосибирскиден кармалыптыр" деп жазып жиберишиптир. Мен эч качан Кыргызстандан кетпейм. Мен өз өлкөмдү жакшы көрөм. Мен эч качан коррупцияга малынган эмесмин, мен абдан таза иштегем. Ошондуктан мен эч нерседен коркпойм, - деди Сапар Исаков.

Ал УКМКга бүгүн сурак бериш үчүн үчүнчү чакырылган. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 14-майда жана 26-апрелде УКМКга сурак берип чыккан.

17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу тийиштүү аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Аталган токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар. (ErN\BkA)

XS
SM
MD
LG