Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:44

Тарых музейинен жоголгон баалуу таштар


Улуттук тарых музейи.

Баш калаадагы Улуттук тарых музейинин оңдолушуна байланыштуу дагы бир жаңы жагдайлар ачыкка чыкты.

Аны оңдоо учурунда сыйрылып алынган кымбат баалуу мрамор жана гранит плиталардын жарымынан көбү дайынсыз жоголгону айтылууда.

Алардын айрымдары таасирдүү адамдардын турак жайын кооздогонго жумшалганы, кайсы бир бөлүгү жең ичинен сатылганы тууралуу расмий түрдө такталбаган маалыматтар бар.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги музейдин ичиндеги плиткалар үчүн гана жооптуу экенин билдирип, сыртынан сыйрылган мрамор менен граниттин кайда экенинен кабары жок болуп чыкты.

"Гранит менен мрамордун жарымы кайда жоголгону белгисиз"

Бишкектин борбордук аянтында жайгашкан Улуттук тарых музейинин курулушу өткөн кылымдын сексенинчи жылдарына таандык.

Бул долбоор Кыргыз ССРинин ошол кездеги жетекчиси Турдакун Усубалиевдин жеке демилгеси болгондуктан, архитекторлор тарых музейинин имаратын каптоого жана айланасына төшөгөнгө эң мыкты үлгүдөгү, эң кымбат мрамор жана гранит таштары колдонулганын белгилешти.

Мрамор менен гранит соккуга туруштук берип, ысык-суукка чыдамдуу болгондуктан ошол кезде курулган мамлекеттик ири маанидеги имараттардын көпчүлүгүнө колдонулган экен.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмилбек Токтошев музейди жаңылоо учурунда андагы эски гранит жана мрамор плиталардын жоголгону тууралуу маалыматтар түшүп жатканын билдирди:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

- "Тарых музейинин сыртынан чыгарылган гранит жана мрамор таштар уурдалып, сатылып кеткен" деп угуп жатабыз. Анан биздин фракция музейди оңдоодогу коррупциялык иштерди карап, бул боюнча суроолорду жазып өкмөткө кат жөнөткөнбүз. Анда "Бул жерде кайсы компания иштеген? Келишимдин шарттары кандай болгон? Эмнеси бар, эмнеси жок?" деген сыяктуу суроолорго жооп алууну көздөгөнбүз. Бирок ал жактан жооп кечеңдеп, анан биз жайкы эс алууга чыгып кеттик. Эми сентябрь айынан баштап биз бул маселеге кайра кайрылып, музейден чыгарылган гранит, мрамор кайда жоголгонун, андагы эмеректердин баасын жана чыгымдардын сметасын талап кылып, өкмөттөн ошол музейди оңдоого байланыштуу бардык маалыматтарды сурайбыз. Музейдин сыртынан сыйрылган гранит менен мрамор эскирип, баасын жоготпойт. Ал канча иштетсе да тура берет. Аны башка мамлекеттик же социалдык объектилерге кайра колдонсок болмок. Андыктан бул боюнча ачык-айкын иликтөө жүрүшү керек.

Бишкектеги Улуттук тарых музейи Маданият министрлигинин карамагында турат. Аны жаңылоого байланыштуу жумуштарга көзөмөл жүргүзүү Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлгөнү айтылган.

Бул долбоорду ишке ашырууга башында түрк өкмөтү 15 миллион доллар грант бөлүп, бирок белгисиз себептер менен курулуш иштери кечеңдеп келген. Ошого байланыштуу кыргыз өкмөтү имараттын сыртын оңдоону жана музейдин айланасын көрктөндүрүүнү Түркиянын кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгына (ТИКА) калтырып, анын ичиндеги жумуштарды аткарууну Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттигине тапшырган.

Тарых музейинин ички көрүнүшү оңдолгондон кийин.
Тарых музейинин ички көрүнүшү оңдолгондон кийин.

Бул агенттик өз кезегинде СМУ-3 деген курулуш компаниясын курулуш иштерине жалдаган. ТИКА болсо музейдин сыртына капталган мрамордун жана тепкичтер менен айланага төшөлгөн граниттин канча бөлүгүн сыйрыганы белгисиз. Документтер боюнча анын ордуна 19 миң чарчы метрге чукул плита имаратка капталганы жана анын айланасындагы жерге төшөлгөнү гана көрсөтүлгөн.

ТИКА эски мрамор менен гранит плиталарды Архитектура жана курулуш агенттигине өткөргөнүн жергиликтүү медиага билдирген.

Бирок Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев муну жокко чыгарып, ал жетектеген мекеме "имараттын сыртынан алынган плиталар үчүн жооптуу болгон эмес" деп билдирди:

- Музейдин сыртындагы, тепкичтердеги жана анын айланасындагы гранит, мрамор таштар үчүн ТИКА жана мэрия жооптуу. Биз болсо музейдин ичин реконструкциялоо үчүн жооп беребиз. Анткени башында эле ТИКА деген уюм музейдин сыртынан ишти баштап, бирок бүткөрө албагандыктан сырткы бөлүк жана музейдин айланасындагы иштер анын карамагына калтырылып, биз болсо музейдин ичиндеги иштерге кирип кеткенбиз. Ага биздин Архитектура жана курулуш агенттиги киришкен эмес. Ошондуктан биз музейдин ичинен чыгарылган мрамор жана гранит плиталар үчүн гана жооптуу болуп, анын баарын топтоп, коюп койгонбуз. Ошондуктан сыртынан чыгарылган гранит менен мрамор таштарды мэриядан жана ТИКАнын өзүнөн сураш керек.

Ал эми Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы музейди оңдоо иштерине тиешеси жок экенин билдирип, жоопкерчиликти толугу менен кайра Архитектура жана курулуш агенттигинин өзүнө оодарды. Анда музейдин имаратынын сыртынан, анын тепкичтеринен жана айланасынан сыйрылган гранит жана мрамор плиткалар кайда жоголду? Бул тууралуу ТИКАнын жергиликтүү өкүлчүлүгүнөн, Улуттук тарых музейинин жетекчилиги менен Маданият министрлигинен да маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Таштардын табышмактуу таржымалы

Анткен менен саясий чөйрөдөгү айрым адамдарда "Улуттук тарых музейинен алынган эски гранит жана мрамор плиткалар 2016-2017-жылдары кайсы бир таасирдүү адамдардын жеке курулуштары үчүн колдонулган" деген такталбаган маалыматтар бар.

Ошол эле кезде "алардын айрым бир бөлүгү чогултулуп, таңгакталып, жең ичинен сатылып, сыртка чыгарылып кеткен болушу мүмкүн" деген версия дагы айтылууда. Бирок бул эки версиянын экөө тең терең иликтөөнүн алкагында расмий түрдө текшерүүнү талап кылат.

Депутат Эмилбек Токтошев парламент комитетинин жакынкы жыйынына бул маселе боюнча курулушчулар менен аткаминерлер чакыртыла турганын айтты:

- Бул жерде "музейдин гранит жана мрамор плиталарын алмаштырыш керек" деп башында долбоорго кирип калган. Түркиянын өкмөтү бөлгөн 15 миллион доллар гранттын эсебинен музейди жаңылоо иштери жүргүзүлө турган болгон. Анан ага ошончо акча чынында эле кеттиби же жокпу - аны да такташ керек. Бул жерде маселе ошол музейден чыгарылган материалдар каякка жөнөтүлгөнүн аныктоодо турат. Мрамор менен гранит таштардын каякка уурдалганын же сатылганын таап чыгыш керек. Биз муну териштирүүдө ТИКАнын өкүлдөрүн чакырып, гранит менен мрамор кайда кеткенин сурайбыз. Бул жерде мүмкүн алар гранттын эсебинен бекер жасап берип жаткандыктан, "Аларды өзүңөргө "алып калабыз" деп сүйлөшкөнсүңөрбү?" деп да сурайбыз. Бул жерде келишимдин шарттары кандай болгонун карап чыгышыбыз зарыл. Анткени буга чейин бизге "музейдин ремонтуна киришпегиле, ал грантка жасалды, аны териштиргенге силердин акыңар жок" деген да сөздөр болгон.

Ошол эле кезде Эмилбек Токтошев музейдин кымбат баалуу мрамор жана гранит таштарынын жарымынан көбү кайда жоголгону боюнча материалдар музейди жаңылоо долбоорун иликтөө боюнча быйыл май айында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга өткөрүлүп бериле турганын белгиледи.

Архитектура жана курулуш агенттигинин директору Бактыбек Абдиев чынында эле курулушка колдонулган баалуу таштардын уурдалганы аныктала турган болсо, ага жооптуу тараптар жазасыз калбай турганын билдирди:

- Эгерде ошолор чоңдордун үйлөрүнө кеткен болсо анда бул үчүн Жарандык турак жай курулуш департаменти жана СМУ-3 фирмасы жооптуу болуп эсептелет. Биз аларга ошолордун бүт бардыгын алып туруп, "ремонт иштери бүткөндөн кийин аларды толугу менен Маданият министрлигине өткөрүп бересиңер" дегенбиз. СМУ-3 болсо плиталарды жооптуу сактоого койгон. Бирок гранит плиталардын бир бөлүгүн Улуттук онкология борборуна бергенбиз. Ал гранит таштар андагы имараттардын пайдубалын каптаганга жумшалган. Анан мындан сырткары "Үркүн", "Ата-Бейит" мемориалдык комлпексиндеги курулуш иштери үчүн да ошол гранит жана мрамор плиталардын кайсы бир бөлүгү берилген. Калганы толугу менен СМУ-3 компаниясынын кампасында сакталып турат.

Ошол эле кезде музейдин ичинде оңдоо иштерин жүргүзгөн СМУ-3 курулуш компаниясынын өкүлдөрү бул маселе боюнча ачык маалымат берүүнү туура көрүшпөдү.

Буга чейин музейдин ичинен сыйрып алынган гранит жана мрамор плиталар айрым бир мамлекеттик мекеме-уюмдарга бөлүштүрүлүп, таратылып берилгени боюнча маалыматтар чыккан.

Бирок жалпысынан чынында эле канча өлчөмдө плита сыйрылганы, кайсы мекеме-уюмдарга жана канча өлчөмдө таратылганы жөнүндө так маалыматтарды алууга мүмкүн болгон жок. Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттигинин маалыматы боюнча музейдин ичин оңдогон СМУ-3 компаниясы берген актыга ылайык, 8 миң чарчы метрден ашуун таш плита сыйрылган. Анын 4479 чарчы метри мрамор, 2768 чарчы метри гранит жана 820 чарчы метрге чукулу сары таш болгон. Анын ичинен плиталарды алуу учурунда 1800 чарчы метрге чукулу сынып, жарактан чыкканы актыда көрсөтүлгөн. Бирок анда ошол сынган мрамор жана гранит таштардын кайда жеткирилгени көрсөтүлгөн эмес.

СМУ-3 компаниясынын актысы боюнча 1164 чарчы метр мрамор жана 1652 чарчы метр гранит улуттук онкология борборуна берилген. 1705 чарчы метр мрамор "Кыргызтелеком" ишканасына берилсе, миң чарчы метрден ашуун музейдин өзүнө кайра колдонулган.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексин оңдоого берилди" деген таш плиталардын көлөмү жазылган эмес. Ошентип, 762 чарчы метр гранит менен мрамор гана СМУ-3 компаниясынын кампасында сакталып турганы актыда көрсөтүлгөн.

Парламенттин "Бир Бол" фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов жагдайды иликтеп, ага укуктук баа берүү абзел деп эсептейт:

Дүйшөн Төрөкулов.
Дүйшөн Төрөкулов.

- Музейге байланыштуу иштерди дагы бир сыйра карап чыгыш керек болуп калды. Анткени бул маселе коомчулукта абдан чуулгандуу окуя катары кабыл алынды. "Эми ошол гранит жана мрамор плиталарды кимдер, эмнеге жана кандай жолдор менен алды?" деген суроолорго жооп издешибиз керек. Эгерде чынында эле алардын уурдалганы аныкталса, анда бул боюнча катуу чара көрүлүшү кажет. Мунун акырына чыгыш керек. Себеби мындай чуулгандуу иштер үчүн акыры кимдир бирөө жооп бериши керек да?

Курулуштун автору жумушка тартылбай калганда...

Ошол эле кезде оңдоо иштери учурунда сыйрылган Улуттук тарых музейинин сыртына, тепкичтерине капталган жана анын айланасына төшөлгөн мрамор менен гранит таштардын өлчөмү кандай болгону белгисиз. Сыйрылып алынган табигый гранит плиталардын ордуна жасалма курулуш материалдары төшөлүп, тепкичтерге жана балкондордун капталына гретон деген материал капталган.

Союз учурундагы тарых музейин куруу долбоорунун автору архитектор Советбек Абышев болгон. Ал музей жаңылана турганын угуп, башында аны курулуштун автору катары бул ишке чакырат деген ишенимде болгон экен. Ошондуктан ал табигый гранит жанан мрамор таштарды бузбай, сактап калып, имаратты жаңылоо мүмкүнчүлүгү боюнча өз долбоорун иштеп чыккан. Бирок аны бул жумушка жакындатышкан эмес.

Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин долбоордук сүрөтү.
Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин долбоордук сүрөтү.

Архитектор Советбек Абышев музейдеги баалуу гранит менен мраморду сактоо менен реконструкция жүргүзүлсө болмок деген ойдо:

- Эң кымбат таш - бул гранит. Андан кийин мрамор. Гранит деген бул кылымдарды карыта турган катуу таш. Ошого жараша курулушта анын баасы да бир топ кымбат. Анан эми ошолордун баарын алып салып, жасалма курулуш материалдары менен каптап жатышпайбы. Ошол кантип болсун? Музейдин эскирген, оңдой турган жерлерин жасабай, анан оңдобой турган жерлерин алмаштырып салышканына таңмын. Демек, бирөөлөргө ошондой кылыш керек болгон го? Мени менен автор катары эч кимиси келип, макулдашкан да жок. Болбосо ошол гранит менен мрамор таштарды алып, оңдой турганын оңдоп, тазалап туруп, кайра эле ошол мрамор плиталар менен имараттын өзүн каптап, тепкичтерин жана айланасына ошол эле өзүнүн гранитин төшөп чыкканга болот эле. Анда тигилерге анча иш болбой кала тургандай көрүндү окшойт да... Ошол үчүн ушундай туура эмес жолго барышты.

Архитектор Абышев гранит менен мрамор таштар калың сомдолгондуктан алар сыйрып алуу учурунда жабыркамак эмес, жабыркаган учурда да аларды сомдоп алып, кайрадан имаратка каптап же болбосо жерге төшөп, иштете берүүгө жарамак деген оюн ортого салды.

Бирок мындай адистик пикирге Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиев макул эмес. Бактыбек Абдиев муну эски көз караш катары кабыл алып, бирок "Долбоор боюнча эмне үчүн баалуу табигый таштарды сактап калуу менен реконструкция жүргүзүлгөн эмес?" деген суроону жоопсуз калтырды:

- Буга чейин Тарых музейи Советтер Союзу маалынан калган революциянын мавзолейиндей болчу. Ичи караңгы, терезелери жок. Ички каптамалары болсо кызыл граниттен эле. Ошондон улам анын ичи күңүрт түстө болчу. Азыр барып көрсөңөр, анын ичи ачык түстө болуп, ошол эски нерселердин баары алмашылды. Ал жерде өткөн кыргыз тарыхы чагылдырылып турат. Мурда ал жакта Октябрь революциясынын жана Советтик Кыргызстандын тарыхына байланыштуу гана жасалгалар турчу. Бул жерде жаңы технология боюнча чыккан курулуш материалдарын колдондук.

Бишкектин курулуш базарында заманбап өндүрүштөгү гранит таштардын чарчы метринин наркы, калыңдыгына жараша 80 долларга чейин бааланары белгилүү. Ал эми мрамордун чарчы метринин баасы андан саал азыраак. Ошондон улам адис-архитекторлор азыр Улуттук тарых музейинен дайынсыз жоголуп жаткан, аны сыртына капталган мрамор плиталардын, тепкичтерине жана айланасына төшөлгөн граниттин баасы кеминде бир миллион доллардан кем эмес экенин айтышууда.

Буга чейин музейди жаңылоодо анын жасалгалары ашкере кымбат баада көрсөтүлгөнү боюнча маалыматтар "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйынында каралган. Ошондон улам бюджеттик каражатты туура эмес пайдаланууга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок анын жыйынтыгы боюнча кимдер жоопко тартылып жатканы жарыялана элек.

"Азаттыктын" архиви: Музейдеги миллиондор. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG