Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Онкология борборун оңдоо иштери аяктап калды


Онкология жана гематология борборунун кире бериши
Онкология жана гематология борборунун кире бериши

Улуттук онкология борборунун оңдоп-куруу иштери 95% аяктап калды. Бул тууралуу бүгүн мекеменин жетекчиси Эрнис Тилеков билдиргенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Мындан ары Онкология жана гематология борбору деп атала турган оорукананын алты негизги жана алты кошумча имараты инфраструктурасы менен кошо толугу бойдон оңдолду, балдар ооруканасынын жети кабат бөлүмүнүн курулушу башталды жана жаңы жабдыктар сатылып алынды. Мекеме 450 бейтапка эсептелген.

Курулушта жалпысынан 400дөй жумушчу иштеди.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери быйыл 30-июнда, оорукананын бардык имараттарында тең бир маалда башталган. Бул аралыкта дарыланып, операция жасалган бейтаптар жана аларды караган жакындары шарттын жоктугунан ыңгайсыздыкка дуушар болгонун айтышкан.

Министр Талантбек Батыралиев бул үчүн кечирим сурады жана аларды дарылоону жакшыртып, тездетүү үчүн чоң кадам жасалганын айтты.

Алгач ондолгон имараттарды 31-август, Эгемендик күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалган болчу.

Жаңыланган оорукананын ачылышы 14-октябрда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен өтөрү айтылууда. Июнь айында ал тиешелүү мекеме жетекчилери менен жыйын куруп, рак илдетине чалдыккандарды дарылоо шартын тез арада жакшыртууну талап кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG